26.02.2014

99 ZİLZÂL SÛRESİ

99-сүрөЗалзала[1]
Мединада түшүрүлгөн. Сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Жер силкинип титиреген кезде,
2.     Жер өз ичине камтыган (дүнүйө-мүлк жана өлүктөрдү) сыртка чыгарып салган кезде,
3.     «Буга[2] эмне болду?»  – деп инсан айткан кезде,
4.     Дал ошол Күнү Жер (өзүнүн үстүндө эмне окуйалар болгонун) кабар берип сүйлөйт.
5.     Анткени бул сенин Эгеңдин ага[3] берген буйругу.
6.     Мына ошол Күнү адамдар өздөрүнүн[4] амалдары көргөзүлүп, топ-топ болуп чыга келишет.
7.     Демек, кимде-ким кыпындай жакшы иш кылган болсо аны көрөт,
8.     Кимде-ким кыпындай жаман иш кылган болсо аны да көрөт.





[1] Залзала – Жер титирөө.
[2] Жерге.
[3] Жерге.
[4] Жаман-жакшы

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder