25.02.2014

56 VÂKI'A SÛRESİ

56-сүрө «Вакиа[1]»

Меккеде түшүрүлгөн. Токсон алты айаттан турат.
           Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.        Болуучу[2] болгон кезде,…
2.        Анын болуусун эч бир жалганга чыгаруучу жок[3].
3.        Ал[4] ылдыйлатат[5] жана жогорулатат[6].
4.        Жер катуу силкинген кезде...
5.        Тоолор да талкаланып,
6.        Учкан тозоң болгон кезде...
7.        Ошондо силер үч топко бөлүнөсүңөр.
8.        Оң кол ээлери... «Оң кол ээлери[7]»  болуу кандай жакшы?
9.        Сол кол ээлери... «Сол кол ээлери[8]»  болуу кандай жаман?
10.       Озгондор – Озуучулар.
11.       Алар –жакын [9]болгондор.
12.       Сыйлуу бакчаларда[10]
13.       Оболкулардан[11] көбүрөөк.
14.       Кийинкилерден[12] азыраак.
15.       (Алар) жасалгаланган мамыктардын
16.       үстүндө жөлөнгөн абалда бетме бет олтурушат.
17.       Түбөлүк жаш уландар аларды айланышат[13],
18.       агып турган булактан[14] (толтурулган) чөйчөк, кумура жана чыны менен.
19.       Ал мас да кылбайт, баш да оорутпайт.
20.       Каалашкан жемиши (болот),
21.       Табити тарткан куштардын этин[15].
22.       Ботокөз[16] үр кыздар (бар),
23.       сакталган бермет сыйактуу.
24.       Жасашкан иштеринин[17] сыйлыгы үчүн.
25.       Алар ал жерде бузуку, күнөө (болуучу) сөз угушпайт.
26.       Бирок «Тынчтык!», «Тынчтык[18] деген сөздү гана (угушат).
27.        Оң кол ээлери. «Оң кол ээлери»  болуу кандай жакшы?
28.       Тикенсиз дарактардын арасында[19].
29.       [20]жемиштери үстү-үстүнө үйүлгөн банан дарагы.
30.       (Алар) кенен жайылган көлөкө астында,
31.       Дайыма агып турган суусу (бар),
32.       [21] мол жемиштер...
33.       (Алар) түгөнгүс жана тыйуу салынбаган…[22]
34.       Өйдө көтөрүлгөн төшөктөрдө  (олтурушат).
35.       Биз аларды[23] жаңыдан[24] жараттык.
36.       Биз аларды [25]кыз абалында калтырдык[26]
37.       күйөөсүн чындап сүйгөн[27] жана жаш курактары бирдей…
38.       [28]оң тарап ээлери үчүн.
39.        Оболкулардан бир топ[29],
40.       Кийинкилерден  да бир топ.
41.       Сол кол ээлери... «Сол кол ээлери»  болуу кандай жаман?
42.       (Алар) Тозоктун ысык шамалында, кайнак суунун ичинде (калышат),
43.       Карарган түтүн көлөкөдө (олтурушат),
44.       [30]салкын да эмес, жагымдуу да эмес.
45.       Акыйкатта алар мындан мурда ырахатта болушкан эле.
46.       Көктүк кылып, чоң күнөөгө батышкан.
47.       Алар: «Эгер биз өлүп, топуракка жана сөөккө айланган соң, кайра тирилебизби?»  деп айтышкан.
48.       Мурдагы[31] аталарыбыз дагыбы[32]?» (–дешкен).
49.       Айткын[33]: «Чындыгында, мурункулар да, кийинкилер да
50.       маалым болгон Күндө[34] белгилүү орунга[35] сөзсүз чогулушат.
51.       Анан албетте силер: «Эй, адашкан жалганчылар,
52.       сөзсүз, Заккум аттуу дарактан[36] жейсиңер.
53.       Аны менен курсагыңарды толтурасыңар.
54.       Анын үстүнөн кайнак суу ичесиңер.
55.       Абдан суусаган төөлөрдөй ичесиңер.
56.       Бул – Кыйамат Күнүндөгү алардын орду.
57.       Биз силерди жараттык: Эмне үчүн (Акыйкатты) мойунуңарга албайсыңар?
58.       Силер өзүңөрдөн куйганыңарды[37] эле карабайсыңарбы?!
59.       Аны силер жаратасыңарбы, же Жаратуучу Бизбизби?!
60.       Биз силердин араңарга өлүмдү аныктап[38] койдук, Бизден эч ким озо албайт!
61.       Силерди окшошторуңар менен алмаштырып,  силер билбегенди жарата алабыз!
62.       Чындыгында оболку[39] жаратууну билесиңер. Эскертүү албайсыңарбы?
63.       Эмнени эгип атканыңарды көрүп атасыңарбы?
64.       Аны силер өстүрөсүңөрбү, же Өстүрүүчү Бизби?
65.       Эгер Биз кааласак ал өсүмдүктөрдү кууратып коймокпуз. Күндүз туруп алып, таңданмаксыңар[40].
66.       «Чындыгында биз зыйанга учурадык!»
67.       Балким, куру калдык.
68.       Ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү?
69.       Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү, же Түшүрүүчү Бизби?!
70.       Эгер кааласак аны ачуу кылып коймокпуз. Эмне,  шүгүр кылбайсыңарбы?
71.       Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү?
72.       Анын дарагын силер жараттыңарбы, же Жаратуучу Бизби?!
73.       Аны Биз эскертүү жана Жолоочуга пайдалуу кылдык.
74.       Улуу Эгеңдин ысмын аруула!
75.       Жылдыздардын ордуларына ант!
76.       Эгер билсеңер, бул, чындыгында – Улуу ант!
77.       Албетте, бул – Ыйык Куран.
78.       (Ал[41]) – Китепте[42] сакталган.
79.       Аны[43] тазалар[44] гана кармайт.
80.       (Ал) Ааламдардын Эгесинен түшкөн[45].
81.       Силер ушул Сөздү[46] кордоп, жалганга чыгарасыңарбы?!
82.       Ырыскыңар[47] үчүн шүгүр кылуунун ордуна, аны[48] чанып жатасыңарбы?
83.       Жан алкымга жеткенде,
84.       ал учурда силер карап турасыңар.
85.       Биз силерге караганда ага[49] жакыныраакпыз. Бирок силер көрбөйсүңөр.
86.       Эгер жазаланбай турган болсоңор,
87.       айтканыңар чын болсо, аны[50] кайтарып бергилечи!
88.       Эгер ал[51] жакындардан[52] болсо,
89.       ага – ырахаттуу жыргал, жакшы даам жана сыйлуу бакчалар[53] (дайар).
90.       Ал эми оң тарап ээлеринен болсо,
91.       Оң тарап ээлерине: «Тынчтык!»  (деп айтылат).
92.       Ал эми, ал жалганга чыгаруучулардан[54], адашкандардан болсо,
93.       Анын сыйы – кайнак суу,
94.       (ал) Тозокко  ташталат.
95.       Албетте, бул[55] – шексиз Чындык!
96.       Улуу Эгеңдин ысмы менен аруула!




[1] Вакиа – Болуучу
[2] Кыйамат Күнү
[3] Кыйамат кайым болгондо аны эч ким жалган дей албайт.
[4] Кыйамат
[5] кааапырларды Тозокко киргизет
[6] мусулмандарды Бейишке киргизет
[7] Эсеп китеби оң колунан берилгендер
[8] Эсеп китеби сол колунан берилгендер
[9] Аллага
[10] ошолор болушат.
[11] Мухаммед (а.с.)дан мурдакы пайгамбарлардын үммөттөрү
[12] Алардан кийинки мусулмандардан
[13] Кызмат кылышат
[14] суусундук булактан
[15] ташышат
[16] Алар үчүн
[17] ибадаттарынын
[18] болсун
[19] эс алышат
[20] Ал дарактардын
[21] Бейиштин
[22] адал, акысыз
[23] үр кыздар
[24] үр кыздар ата-энеден төрөлүшпөйт, Алланын керемети менен башкача жаратылат
[25]  эркек көрө элек, таза, кыз бойунча
[26] үрлөрдү
[27] жан-дили менен берилип сүйгөн
[28] Мунун баары
[29] Оң тарап ээлери
[30] Ал жер
[31] Байыркы, эзелки…
[32] Алар да тирилишеби?
[33] Эй Мухаммед!
[34] Кыйаматта
[35] Махшар майданына
[36] Тозок дарагы
[37] Айалдарыңардын жатынына куйган урук жөнүндө ойлонбойсуңарбы?!
[38] өмүр, өлүм мөөнөтүн так белгилеп, чектеп
[39] Топурактан жаратылганыңарды
[40] Кайгырмаксыңар
[41] Куран
[42] Лавхул Мазфуз - тагдыр жазылган тактай
[43] Куранды
[44] Даараты барлар
[45] Куран
[46] Куранды
[47] Алла берип аткан
[48] Куранды
[49] адамдын денесинен чыгып бараткан жанга, рухка
[50] жанды, рухту
[51] жаны чыккан адам
[52] Аллага жакын, жакшы адам
[53] Бейиш
[54] Куранды жана Кыйаматты
[55] Сүрөдө айтылгандар

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder