25.02.2014

27 NEML SÛRESİ

Он тогузунчу бөлүм
27-сүрө  “Намл[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Токсон үч аяттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     То, син[2]. Бул Курандын жана ачык Китептин[3] аяттары.
2.     (Бул) момундар үчүн жол көргөзүүчү жана кубанычтуу кабар.
3.     Алар намаз окушат, зекет беришет жана акыретке ишенет.
4.     Акыретке ишенбегендердин амалдарын Биз көркөмдүү көргөзүп койдук, алар айран-таң болушат.
5.     Алар үчүн күчтүү жаза бар жана акыретте катуу зыянга учурашат.
6.     Сен Даанышман, Билүүчү тараптан Куранды аласың.
7.     (Ошол кезде) Муса аялына: “Мен отту көрдүм.[4] Ал жактан силерге кабар же жылынууңар үчүн шамана алып келем” – деди.
8.     Ал ага жакындаганда: “Оттун жанындагыга[5] жана анын айланасындагыларга кут даарысын. Ааламдардын Эгеси Аллага аруулук!” – деген үн угулду.
9.     Эй Муса! Акыйкатта, Мен – Улуу, Даанышман Алламын.  
10.       “Таягыңды ташта!” Ал таягы жыландай сойлогонун көргөн кезде, артын карабай жөнөдү. “Эй Муса! Коркпогун! Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.”
11.       А бирок ким заалымдык кылса, анан жамандыгын жакшылык менен алмаштырса, Мен анда Кечиримдүү, Боорукермин.
12.       Колуңду койнуңа сал! Ал эч оорусуз эле[6] аппак болуп чыгат, Фараонго жана анын коомуна тогуз белгинин[7] (бири). Анткени алар бузулган-күнөөкөр коом.
13.       Аларга көз көрүнөө белгилерибиз[8] келгенде: “Бул анык сыйкыр” – дешти.  
14.      Алар акыйкат экендигине ичтеринен ынанып турушса да, бой көтөрүүчүлүк, адилетсиздик менен аларды четке кагышты.[9] Бузукулардын акыбети кандай болгонун карап көрчү![10]
15.      Биз Дауд менен Сулайманга илим бердик, алар: “Бизге көптөгөн ыймандуу момун пенделеринин арасынан артыкчылык берген Аллага мактоо!” – дешти.
16.      Сулайман Даудга мураскор болду. Ал[11]: “Эй адамдар! Бизге куштардын тилин билүү жана бардык жакшылыктар берилди. Акыйкатта, бул нагыз артыкчылык” – деди.
17.      Сулаймандын жиндерден, адамдардан жана куштардан болгон аскерлери жыйналып, жана алар токтотулушту[12].
18.      Алар кумурскалуу өрөөнгө жеткен кезде бир кумурска: “Эй кумурскалар! Уяңарга киргиле. Сулайман жана анын аскерлери силерди байкабастан майкандап кетпесин” – деди.
19.      Ал анын сөзүн угуп жылмайып күлдү да, мындай деди: “Эгем, мен Сага жагаарлык жакшылык иштерди кылуум үчүн Сенин мага жана ата-энеме көргөзгөн мээримдүүлүктөрүңө шүгүр кылуучулардан кыл жана мени Өз мээримиңе алып, Өзүңдүн жакшы иштерди жасоочу пенделериңдин катарына кошо көр.”
20.      Ал куштарды түгөлдөдү да анан мындай деди: Эмнеликтен үпүптү көрбөй жатам? Же ал жоголуучулардан болдубу?
21.      Мен аны катуу жазалайм же аны союп таштаймын, же ал мага ачык далилдер менен келсин”.
22.      Ал[13] көп турбай эле келди да: “Мен сен билбегенди билдим. Мен сага анык кабар менен Сабадан[14] келдим” – деди.
23.      Мен бир аялды[15] таптым, ал алардын өкүмдары экен жана ага бардык нерселер берилген. Анын зор тактысы бар экен.
24.      Мен ал жана анын эли Алланын ордуна Күнгө сыйынаарын көрдүм жана шайтан алардын жоругун аларга көркөмдүү кылып көргөзүп, түз жолдон адаштырыптыр. Алар туура жол менен барышпайт.
25.      (Шайтан аларды) асмандардагы жана жердеги жашыруундарды ачыкка чыгарган, силер жашырганды да, ачык кылгандарды да билген Аллага сежде[16] кылбастыгы үчүн (адаштырган).
26.      Алла, Андан башка кудай жок! Ал Улуу Арштын Ээси.
27.      (Сулайман): “Сен чын айттыңбы же жалганчылардан болдуңбу? Байкап көрөбүз” – деди.
28.      “Менин бул китебимди[17] алып баргын да аларга ташта. Анан алар эмне дешээр экен, карап тур.”
29.      Ал (падыша аял): “Эй төбөлдөрүм! Мага ардактуу китеп[18] келди.
30.      Ал Сулаймандан экен. Анда: “Мээримдүү, Боорукер Алланын аты менен” деп жазылган.
31.      “Силер менин алдымда бой көтөрбөшүңөр үчүн, баш ийген абалда мага келгиле!” (- делинген).
32.      Ал (аял): “Эй төбөлдөрүм! Бул иш боюнча мага кеңеш бергиле. Силер келип кеңешиңерди бергенге чейин мен бул ишти кесе чече албаймын” - деди.
33.      Алар: “Биз чоң кубатка жана күчкө ээбиз. Өкүм кылуу өзүңө таандык. Кандай буйрук кыласың, карап көр” – дешти.
34.      (Падыша аял) айтты: “Падышалар (башка) өлкөгө киришсе, аны талкалашып, элинин урматтууларын кор кылышат. Алар (баары) ушундай кылышат.
35.      Мен аларга бир белек жиберип, элчилер эмне менен кайтаарын күтө турайын.”    
36.      (Элчилер) Сулайманга келген кезде: “Силер мени дүйнө-мүлк менен (алдамакчысыңарбы)? Алланын мага бергендери силерге бергендеринен артык эмеспи. Сыйлыктарыңарга өзүңөр гана кубанасыңар,      
37.      аларга кайтып бар, биз аларга аскер менен барабыз. Алар ага каршы тура алышпайт. Аларды басынган жана кор болгон абалда ал жерден чыгарабыз” – деди.
38.      “Эй төбөлдөр! Силердин араңардан ким ал (аял) мага баш ийген абалда келгенден мурун анын тактысын алып келе алат?” – деди[19].
39.      Жиндердин ичинен Ифрит: “Мен аны сага сен ордуңдан турганга чейин келтирем. Менин буга ишеничтүү күчүм жетет” – деди.
40.      Китептен илими болгон бирөө туруп: “Мен аны сага көзүңдү ачып-жумганча келтиремин” – деди[20]. Өзүнүн жанында тактынын турганын көргөндө (Сулайман): “Бул Эгемдин ырайымдуулугунан, мен ага шүгүр келтиремби же жокпу, ошону сыноо үчүн болду. Ким шүгүр келтирсе, ал өз жаны үчүн шүгүр келтиргени. А ким шүгүр кылбаса, Эгем – Бай, Кең пейил” – деди. 
41.      Ал: “Анын тактысын өзгөрткүлө[21]. Ал өз тактысын тааныр бекен же тааныбайбы, карап көрөбүз” – деди.
42.      Качан ал[22] келген кезде: “Сенин тактың ушундай беле?” – деп сурашты. Ал: “Бул ошол өңдүү” – деди. Ал[23]: “Бизге илим андан мурун берилген жана биз Аллага берилгендерденбиз” – деди.
43.      Аны[24] Алладан башкага табынып жүргөндүгү тоскон[25] (эле). Анткени, ал каапыр коомдон болуучу.
44.      Ага (Билкыска): “Сарайга кир!” – деп айтылды. Качан ал аны көргөндө, суунун ирими экен деп ойлоп, шыйрагын ачты[26]. Ал (Сулайман): “Бул сарай айнектен салынган” – деди. Ал (Билкыс): “Эгем, мен өз жаныма өзүм заалымдык кылгам. Мен эми Сулайман менен бирге ааламдардын Эгеси болгон Аллага моюн сундум” – деди.  
45.      Биз Самудка[27] алардын тууганы Салихти жөнөттүк: “Аллага табынгыла” (– деди ал).  Бирок алар бир-бирине каршы душман болгон эки топко бөлүнүп кетти.
46.      Ал: “Эй элим! Силер эмне үчүн жакшылыктын ордуна жамандыка шашыласыңар? Силер эмнеге Алладан кечирим суранбайсыңар?  Мүмкүн силерге ырайым кылынаар” – деди.
47.      Алар: “Биз сенден жана сени менен бирге жакшы эмес жышаандарды[28] көрүп жатабыз” - дешти. Ал: “Силердин жышаандар Аллага көз каранды. Ооба, силер сыноодогу элсиңер” – деди.
48.      Калаада жер үстүнө жакшылыкты эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.
49.      Алар: “Алланын аты менен бир-бириңерге ант бергиле. Түн ичинде аны үй-бүлөсү[29] менен бирге өлтүрүп, анан анын жакынына: “Биз алардын өлгөнүн көрбөдүк. Биз чынын айтуучуларбыз дейли” – дешти.
50.      Алар айла-амал кылышты. Биз да айла-амал жасадык. А алар муну сезишпеди.
51.      Алардын айла-амалдарынын арты кандай болгонун карап көрчү. Биз аларды жана алардын коомун бүтүндөй жок кылдык.
52.      Мына бул ойрон болгон алардын үйлөрү - алардын заалымдыктары үчүн болгон. Акыйкатта, мында акыл калчагандар үчүн үлгүлөр бар.
53.      Биз ыймандууларды жана такыбаларды куткардык.
54.      Лут өз коомуна: “Чын эле силер бузукулук[30] кыласыңарбы? Силер аны[31] көрүп турасыңар го.
55.      Чын эле силер аялдардын ордуна эркектерди каалайсыңарбы? Ооба, силер акылдан азган коомсуңар” – деди.

Жыйырманчы бөлүм
56.      Анын коому мындай жооп беришти: “Лутту үй-бүлө, жакындары менен биздин айылдан чыгарып салгыла, анткени булар тазасынган кишилер.”
57.      Биз аны жана анын үй-бүлөсүн аялынан башкаларын куткардык. Ага (аялга) Биз калгандардын арасында[32] болууну алдын-ала белгилегенбиз.
58.      Биз аларга жаан[33] төктүрдүк. Бул жаан эскертилгендер үчүн өтө катуу кыйраткыч эле.
59.      Аллага мактоо! Анын тандаган пенделерине салам! Алла жакшыбы же Ага шерик кылынып жаткандар[34] жакшыбы?
60.      Же асмандар менен жерди жараткан жана силерге асмандан жаан жаадырып берген[35] (жакшыбы)? Силер аны өстүрүүгө күчүңөр жетпегенде көркөмдүү бактарыңарды өстүрүп бербедиби? Алла менен бирге башка кудай барбы? Ооба, алар жолдон чыккан коом эле.
61.      Ал жерди катуу кылып, ал аркылуу дарыяларды алып өтүп, анын үстүнө тоолорду орнотуп жана эки деңиздин аралыгына тосмо кылган. Алла менен бирге башка кудай барбы? Балким, алардын көпчүлүгү акыл калчабайт.
62.      Же Ага кайрылганда запкы чеккенге жооп берген, жамандыкты кетирген жана силерди жер үстүнө орун басар кылып жараткан[36] (жакшыбы)?  Алла менен бирге башка кудай барбы? Силер аз эскересиңер.
63.      Же силерди караңгылыкта кургактык жана деңиздер аркылуу алып өткөн, өз мээримдүүлүгүнүн кубанычтуу кабары кылып шамалдарды жөнөткөн[37] (жакшыбы)?  Алла менен бирге башка кудай барбы? Алла Аны менен бирге табынып жаткандардан бийик[38].
64.      Же биринчи ирет жаратууну баштап, андан кийин аны кайталаган, силерге асмандан жаан жаадырып берген (жакшыбы)? Алла менен бирге башка кудай барбы? “Эгер силер туура айтып жатсаңар, далилдериңерди келтиргиле” – дегин.
65.      “Асмандарда жана жерде болгон жашыруунду Алладан башка эч ким билбейт. Алар качан тириле тургандыгын да туйушпайт” – дегин.
66.      Алар акыреттеги жашоонун маанисин түшүнүшпөйбү? Жок! Алар ал[39] тууралуу өтө шектенүүдө. Ооба, алар сокурлар.
67.      Каапыр болгондор: “Чын эле биз жана биздин аталарыбыз топурак болуп кеткен соң, кайрадан (тирилип) чыгарылабызбы?” – дешет.
68.      “Бул бизге жана биздин ата-бабаларыбызга мурунтан эле убада кылынып келген нерсе. Бул мурункулардын жомогу гана.”
69.      “Жер үстүндө жүрүп, күнөөлүүлөрдүн арты кандай болгондугун карап көргүлөчү” – дегин.
70.      Алар тууралуу кайгырбагының жана алардын кылып жаткан айла-амалдарынан кысынбагын!
71.      “Эгер чынчыл болсоңор, бул убада качан (аткарылат)?” – дешет.
72.      “Силер шаштырганыңардын кээ бири мүмкүн силерге жакын калды” – дегин.
73.      Акыйкатта, Эгең адамдарга карата ырайымдуулук ээси. Бирок, алардын көбү шүгүр кылышпайт.
74.      Акыйкатта, Эгең алардын көкүрөгүндө эмне катылгандарын жана эмне ачыкка чыгарылгандарын жакшы билет.
75.      Асмандарда жана жерде ачык китепке[40] жазылбай калган эч бир жашыруун нерсе жок.
76.      Акыйкатта, бул Куран Исраил урпактарынын эмне жөнүндө талашкан нерселеринин[41] көп бөлүгүн баян кылат.
77.      Акыйкатта ал момундар үчүн туура жол жана мээримдүүлүк.
78.      Албетте, Эгең алардын араларында Өзү адилеттүүлүк менен өкүм кылат. Ал Ызааттуу, Билүүчү.
79.      Аллага гана тобокел кыл. Анткени сен, ачык-айкын акыйкаттын үстүндөсүң.[42]
80.      Акыйкатта, сен өлүктөргө да, дүлөйлөргө да алар артка кетип баратышканда чакырыгыңды угуза албайсың.
81.      Сен сокурларды алардын адашуусунан туура жолго чыгара албайсың. Сен Биздин аяттарыбызга ишенгендерге гана угуза аласың. Мына ошолор мойун сунгандар.
82.      Биз аларга жазалай турган мезгил жеткенде жер алдынан бир жаныбар[43] чыгарабыз, ал аларга Биздин аяттарыбызга ишенбеген адамдар жөнүндө айтып берет.
83.      Ошол күнү Биз ар бир элден аяттарыбызды жалган деп эсептегендердин топторун чогултабыз. Аларды бөлүштүрөбүз.
84.      Алар келишкенде Ал[44]: “Билимиңер жетпей туруп эле, чын эле силер Менин аяттарымды жалганга чыгардыңар беле? Кана, силер эмне кылгансыңар?” – дейт.
85.      Алар заалым болгондуктары үчүн алардын үстүнө өкүм түшөт. Алар түк сүйлөй алышпайт.
86.      Чын эле алар Биз түндү эс алуу үчүн кылганыбызды, а күндүздү жарык кылуу үчүн кылганыбызды көрүшпөйбү? Акыйкатта, мында ыймандуулар үчүн белгилер бар.
87.      Сурнай тартылган мына ошол күндө асмандар менен жердеги Алла каалагандардан башкалары катуу коркушуп, Аллага кор болгон абалда келишет.
88.      Ошондо сен кыймылсыз деп эсептеп келген тоолор баардыгын мыкты кылып орундаган Алланын аракети менен булут өңдүү жылып келе жаткандыгын  көрөсүң. Ал силердин кылып жатканыңар тууралуу толук кабардар.
89.      Кимде-ким жакшылык менен келсе, ага андан да мыктысы[45] берилет. Алар Кыямат күнүндө толук коопсуздукта болушат.
90.      А ким жаман менен келсе, алар жүздөрү менен отко ташталат: “Ырас эле силерге кылган ишиңерге жараша (жаза) берилген жокпу?” (- делинет).
91.      “Мага бул шаардын Эгесине сыйынууга буйрук кылынган. Ал аны[46] (күнөө иштерге) арам кылган. Ага баары таандык жана моюн сунуучулардан[47] болуу мага буйрук кылынган,
92.      жана Куран окууга”. А ким туура жол менен барса өзүнүн гана жанынын пайдасына, а ким адашса, ага: “Мен эскертүүчүлөрдөн ганамын” - деп айт.
93.      “Аллага мактоо! Ал силерге Өзүнүн белгилерин[48] көргөзөт, а силер аны көрөсүңөр. Силердин Эгеңер эмне кылып жатканыңарды билип турат!” – деп айт.      
                                                                                 



[1] Намл – кумурска.
[2] Мааниси бир Аллага маалым.
[3] Куран.
[4] Мадйандан Египетке бараткан жолдо.
[5] Мусага.
[6] Эч кандай оору себептүү эмес эле, Алланын кудурети менен.
[7] Кереметтин.
[8] Кереметтерибиз.
[9] Алланын буйругу менен Муса көргөзгөн тогуз кереметтерди.
[10] Ошолорго ишенгендей түр көргөзүп барып эле кайра ишенбей койгондуктары үчүн, сууга чөктүрүлүп өлтүрүлдү. 
[11] Сулайман (а.с.).
[12] Алдындагылар артындагыларды күтүп жатты.
[13] /пүп.
[14] Саба – Йемендеги чоң аталарынын аты менен аталган бир уруунун аты. Тафсир Ал-Жалалайн  
[15] Билкыс аттуу падыша аял.
[16] Бул аят “сежде аяты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[17] Катымды.
[18] Кат.
[19] Сулайман (а.с.).
[20] Деди да тактыны көз ачып-жумганча келтирди.
[21] Ал көргөндө тааныбай турган кылып койгула.
[22] Билкыс.
[23] Сулайман.
[24] Билкысты
[25] Илимден, Аллага ишенип, ыйман келтирүүдөн тоскон эле.
[26] Суу тийбесин деп, көйнөгүнүн этегин өйдө көтөрүп.
[27] Самуд элине.
[28] Анткени, узак убакыт жаан болбой, ачарчылыкты баштарынан өткөрүп жатышкан.
[29] Анын пайгамбар экенине ыйман келтиргендер.
[30] Эркек менен эркетин жыныстык катнаш кылуусу (гомосексуализм) күчөп кеткен эле.
[31] Мунун баарысынын бузукулук экендигин.
[32] Луттун аялынын көңүлү ошол бузулган коом менен бирге болгон. Ошолордун кылык-жоруктарын туура көргөн.
[33] Асмандан күл менен таш жаап, шаарды толугу менен басып калган.
[34] Сөлөкөттөр (идолдор, жалган кудайлар).
[35] Алла.
[36] Алла.
[37] Алла.
[38] Алар теңеген нерселерден бийик турат.
[39] Тигил дүйнөдөгү жашоого.
[40] Лавху Махфууз – тагдыр жазылган китеп.
[41] Алар ажырашып, бири-бирине наалат айтып, каргаганга чейин барышкан.
[42] Ак диндесиң.
[43] Бул жаныбар хадисте айтылгандай: узундугуалтымыш зираа (1 зираа = 0,66 м), төрт буттуу, талап кылган жетпейт, качкан кутулбайт. Бул жаныбар акыр заманда адамдар бузулуп, Алланын буйруктарын аткарбай, ак динди бузук динге алмаштырган кезде Алла Таала чыгарат. Меккеден чыгат деп айтылат. Акыр замандын чоң белгилери он. Бул жаныбардын чыгышы ошол он белгинин бири. Тафсир Ибну Касир.
[44] Алла.
[45] Сыйлыктар.
[46] Ыйык Мекке шаары. Ал жерде бирөөнүн канын төгүү ж.б.у.с. күнөөлөр катуу арам кылынган.
[47] Мусулман болуу.
[48] Кереметтерин.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder