25.02.2014

80 ABESE SÛRESİ

80-сүрө “Абаса[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Кырк эки айаттан турат
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.

1.            Ал[2] кабагын бүркөп ары бурулду,
2.            Сокур киши келип калганы үчүн.[3]
3.            Ал мүмкүн (күнөөдөн) тазаланууну каалаганын сен кайдан билээр элең?
4.            Анан ошол эскерме ага пайда берээр.
5.            Ал эми (өз байлыгы менен маашырлана) текеберденген адам,
6.            Сен ага (көңүл буруп) кабылдайсың.
7.            (Анын) тазаланбоосу[4] сага зыйаны жок.
8.            Ал сага (чын ыклас менен) умтулуп келгенге
9.            Ал (Алладан) коркуп турат.
10.        А сен ага көңүл бурбай алаксыйсың.
11.        О жок! Акыйкатта, ал[5] эскертме.
12.        Ким кааласа эстейт аны.
13.        (Ал) ыйык барактарда,
14.        Көтөрүлгөн жана таптаза
15.        Элчи (периштелердин) колунда,
16.        (Алар) ардактуу (жана) такыба.
17.        Инсан каргышка калсын. Оо, каапырлыгы шумдуктай.
18.        Ал (Алла) аны кандай нерседен жаратты?
19.        Аны тамчы уруктан жараткан, анан келбет берип, (дене мүчөлөрүн) ченеп койгон.
20.        Анан анын (чыгуу) жолун жеңил кылган.
21.        Анан аны өлтүрүп, мүрзөгө көмөт.[6]
22.        Андан соң Өзү каалаган учурда аны тирилтет.
23.        Чынында, ал[7] болсо Анын буйруган нерселерин аткарбады.
24.        Инсан өзүнүн жеп жаткан тамагына карап көрсүнчү?!
25.        Биз нөшөрлөгөн жаан куйабыз.
26.        Анан жерди көптүрүп, жарабыз.
27.        Анан анын үстүнө уруктарды өстүрөбүз,
28.        жүзүмдөрдү жана жашылча жемиштерди
29.        жана зайтун менен курма дарагын,
30.        жыш бактарды,
31.        жемиштерди жана жайыттарды,
32.        Силер жана силердин малыңар пайдалансын үчүн.
33.        Кулак жарган[8] үнү угулуп, жаңырганда.
34.        Мына ошол Күнү инсан өз бир тууганынан (таштап) качат.
35.        Өз энесинен жана өз атасынан (качат).
36.        Өзүнүн жарынан жана балдарынан (качат).
37.        Бул күнү алардын ар биринин өз түйшүгү жетиштүү болот.
38.        Ал Күнү жүздөр албырып тамылжыйт,
39.         күлө багып, кубанышкан.
40.        Ошол күнү бир жүздөрдү чаң баскан.
41.        (Түнөрүп) оройт аны караңгылык.
42.        Алар бузуку - каапырлар[9].




[1] Абаса – кабагын чытыды.
[2] пайгамбар
[3] Абдулла ибн Умм Мактум.      
[4] насаат укпай койуусу
[5] Куран
[6] Өлгөн соң мүрзөгө койулат.                                                  
[7] инсан
[8] сурнайдын
[9] Жүзүн чаң басып, караргандар.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder