25.02.2014

74 MÜDDESSİR SÛRESİ

74-сүрө «Муддассир[1]»  

Меккеде түшүрүлгөн. Элүү эки айаттан турат.
Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын аты менен!
1.     Эй, кийимине оронуп алган!
2.     Тур да, эскерткин[2]!
3.      Жараткан Эгеңди даңкта!
4.     Кийимиңди таза тут!
5.     Ыпластыктан кач[3]!
6.     Кылган жакшылыгыңды көп деп эсептебе[4].
7.     Эгең үчүн сабырдуу бол!
8.     Кайсыл Күнү сурнай тартылса,
9.     Ал абдан оор Күн[5] (болот)!
10.           Каапырлар үчүн оор Күн.
11.           Кимди Мен жалгыз кылып жараткан болсом[6], аны жалгыз Мага кой.
12.           Ага Мен кенен байлык бергем
13.           жана күбө болуучу балдарды (бердим).
14.           Турмуштагы жолун шыдыр кылып койдум.
15.           Ал дагы көбүрөөк берүүмдү үмүттөнөт[7].
16.           Жок! Ал Биздин айаттарга өтө каршы.
17.           Мен аны машакатка дуушар кылам[8]!
18.           Анткени ал ойлонду да, өзүнчө таразалады.
19.            Ал, жок болгур, кандай  өлчөө жасады!
20.           Ал, жок болгур, дагы кандай өлчөө жасады!
21.           Анан карады[9].
22.           Анан кабагын түйүп, кашын үйрүдү.
23.           Анан тескери бурулуп, текеберленди.
24.           Анан айтты: «Бул[10]– жазылып калган бир сыйкырчылык;
25.           Бул – болгону адамзаттын сөзү», –деп.
26.           Сакарда[11] мен аны өрттөп салам!
27.           Сен «Сакар» эмне экенин билесиңби?
28.           Ал калтырбайт, таштап да салбайт[12].
29.           Ал адам терисин куйкалап салат.
30.           Анын үстүндө он тогуз күзөтчү[13] (бар).
31.           Биз Тозокту башкарууга периштелерди гана койгонбуз жана ыймансыз каапырларды сыноо, китеп ээлерин[14] ынандыруу, ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн ал жерге ээлик кылган периштелердин санын так аныктап[15] койдук. Андан[16] китеп ээлери да, ыймандуулар да шек санабасы, жүрөгүндө ооруу барлар жана ыймансыздар «Алла муну менен бизге эмнени каалайт?» – деши үчүн (ушинттик). Алла кимди кааласа ошентип жаңылыш жолго салып, кимди кааласа түз жолго багыттайт. Эгеңдин аскерлерин[17] бир гана Өзү билет. Бул, Тозок оту – адамдар үчүн эскертүү.
32.           Албетте, Айга ант!
33.           Өтүп бараткан түнгө ант!
34.           Агарып келе жаткан таңга ант!
35.           Бул – эң чоң балээлеримдин[18] бири.
36.           Адамзат үчүн эскертме катары:
37.           Силерден ким жакшылыкка умтулса  ага да, ким артта калса ага да эскертүү.
38.           Ар бир жан өзү кылган иштин[19] барымтасында калат.
39.           Оң кол ээлеринен башкалары,
40.           Бейиште бири-биринен сурашат.
41.           Күнөөкөрлөр жөнүндө:
42.           «Силерди (бул) Сакарга эмне[20] алып келди?» (–дешет).
43.           Алар жооп беришет: «Биз намаз окугандардан эмес элек»,
44.           «Бей-бечараларга да тамак бербедик».
45.           «Биз пайдасыз бузукулукка баткандар менен бирге баткан элек»,
46.           «Кыйамат Күнүн жалган дегенбиз»
47.           «бизге өлүм келгенге чейин», – (деп айтышат).
48.           Бул жерде аларга колдоочуларынын колдоосу да жардам бербейт.
49.           Аларга эмне болгон: Эскертүүдөн жүз бурушат.
50.           Алар жапайы эшектер сымал,
51.   арстандан качкан…
52.   Чындыгында, алардын ар бири өздөрүнө гана баракча[21] түшүшүн каалашат.
53.   Жок! Алар Акыреттен[22] коркушпайт.
54.   Ооба! Бул[23] чындыгында эле эскертүү.
55.   Ким укса андан насаат алсын.
56.   Бирок Алла каалабаса, алардын[24] бири да насаат ала албайт. Алла гана коркууга[25] жана кечирим берүүгө татыктуу.




[1] Муддассир – Чүмкөнүп алган(Адам)
[2] Адамдарга
[3] Буттардан алыс бол!
[4] Пайда көрүү максатында[4] митайымдык менен жакшылык кылба.

[5] Кыйамат
[6] Куранды шылдыңдап, Тозоктун кайтаруучулары тууралуу шылдыңдуу сөгүнгөн Валид ибн ал-Мугийра тууралуу болууда
[7] Сараңдык кылат
[8] азапка салам
[9] Айланасын
[10] Куран
[11] Сакар – Тозоктун аты
[12] Тозоктогу өлүп калууга да, жашоого да мүмкүн болбогон азаптуу абал тууралуу сөз болууда
[13] Күзөтчү периште
[14] Иудейлер жана христиандар
[15] Куранга чейин түшкөн китептерде да Тозокту кайтарган периштелердин саны  19 экени кабарланган.
[16] Курандан жана Мухаммед пайгамбардан
[17] Алланын согуш периштелеринин санын
[18] айандарымдын
[19] Күнөөнүн
[20] Кайсыл күнөө
[21] Алланын китеби
[22] Акыреттеги акыркы жашоодо Тозокко түшүп калуудан
[23] Куран
[24] каапырлардын
[25] Күнөө жасап койуудан сактанууга

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder