25.02.2014

46 AHKÂF SÛRESİ

Жыйырма алтынчы бөлүм

46-сүрө «Ахкаф[1]»

Меккеде түшүрүлгөн. Отуз беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Хаа-Мим[2].
2.     Китептин түшүүсү – Ызаттуу Даанышман Алладан.
3.     Биз Асмандар менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды чындык, белгиленген мөөнөт менен жараттык. А каапырлар болсо өздөрүнө эскертилген нерселерден жүз буруучулар.
4.     (Аларга) айт: “Алладан башка табынып жатканыңардын[3] кандай экенинен кабар бергилечи. Алар (кудайыңар) жер үстүндө эмнелерди жараткандыгын, же болбосо аларда асмандарды жаратууда үлүшү барбы, көргөзгүлөчү. Эгер силер чындыкты айтып жатсаңар, анда мындан[4] мурунку китепти, же эң жок дегенде – илимдин[5] кичинекей бир бөлүкчөсүн келтиргилечи!”
5.     Кыйамат Күнү кабыл алынбай турган нерселерге Алланы таштап сыйынган адамдардан да көбүрөөк адашкан адам барбы? Алар[6] сыйынгандардын дубасынан кабарсыз.
6.     А качан элдер чогулган кезде[7] алар[8] сыйынгандарга душман болуп чыга келет. Алардын сыйынууларын танышат.
7.     Качан аларга Биздин анык айаттарыбыз окулган кезде, каапырлар өздөрүнө келген акыйкат тууралуу: “Бул анык сыйкыр!” – дешет.
8.     Же: “Ал аны[9] ойлоп чыгарган” - дешет. (Аларга) айт: “Эгер мен аны ойлоп чыгарган болсом, анда силер мени Алланын азабынын азыраак нерсесин да коргой албас элеңер. Ал силер сүйлөп жаткан нерсе[10] тууралуу жакшы билет. Ал[11] мени менен силердин ортобузда жетиштүү күбө. Ал – Кечиримдүү, Боорукер”.
9.     Айт: “Мен биринчи келген пайгамбарлардан болгон эмесмин жана өзүмө эмне болорун да, силерге эмне болорун да билбейм. Мен өзүмө кабарланган нерсени гана ээрчиймин жана мен болгону ачык эскертүүчүмүн”.
10.       Айт: “Силер Куран Алла тарабынан түшүрүлгөнүнө ишенбей жатсаңар, ал эми Исраил урпактарынын ичинен чыккан бирөө буга ишенип жатса эмне болоорун[12] айткылачы. Ал ага ишенди, а силер текебердене четке кагасыңар. Акыйкатта, Алла адашкан коомду туура жолго салбайт”.
11.      Каапырлар ыймандууларга мындай дешет: “Эгер ал[13] жакшы болгондо, анда алар[14] бизден мурда озмок эмес”.[15]  Өздөрү туура жол таба албай жатышып: “Бул бир эски жалган”, – дешет.
12.      Ага[16] чейин да жол башчы жана мээримдүүлүк катары Мусага китеп түшүрүлгөн эле. А араб тилиндеги тастыктоочу бул Китеп (Куран) заалымдарга[17] эскертүү жана жакшылык иш кылгандарга сүйүнүчтүү кабарды жеткирүү үчүн (түшүрүлгөн).
13.      “Биздин Эгебиз Алла гана”, – деп айтып, кийин бекем турушкандар, аларга каралык да болбойт, кайгыруу да болбойт.
14.      Алар кылган жакшы иштеринин сыйлыгы үчүн Бейишке киришет, анда түбөлүккө калышат.
15.      Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну насаат кылдык[18]. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрөт жана кыйналып төрөйт. Аны (баланы) курсагында көтөрүп жүрүү жана эмчектен чыгаруу отуз айга созулат. Ал качан баралына жетип, кырк жашка келген кезде ал: “Эгем! Өзүң мага жана менин ата-энеме көргөзгөн жакшылыгың үчүн мени Өзүңө шүгүр келтирүүчү кыл. Сени ыраазы кыла турган жакшы иштерге кубат бер. Менин жана урпактарымдын абалын[19] жакшырт. Өзүңө тообо кылдым.  Мен мусулмандарданмын” – деди.
16.      Мындай адамдардан Биз алар жасаган иштеринин эң жакшыларын гана кабыл кылабыз жана алардын күнөөлөрүн бейиш ээлери катары кечиребиз. Бул аларга берилген чындык убада.
17.      Өз ата-энесине айтты: “Уф! Экөөңө, менден мурда канчалаган кылымдар өтүп кетсе деле, менин тирилип кайра чыгуума убада берип жатасыңарбы?!”  Ал экөө тең: “Оо куурагыр, Кудайга ишен! Анткени Алланын айткандарынын бардыгы чындык!” – деп кайрылышат. (Анда) ал: “Бул илгеркилердин эле жомогу!” – дейт.
18.      Аларга чейинки өткөн жиндер менен адамдардан болгон элдерге карата алардын үстүнөн (болгон азап) сөзү чын. Акыйкатта, алар зыйанга учуроочулар.
19.      Ар бир кишинин жасаган ишине ылайык  берилүүчү даражалар болот. Ал алардын (амалдардын) энчисин берет. Аларга эч зулум[20] кылынбайт.
20.      Кыйамат Күнүндө каапырлар отко алынып келинген кезде: “Силер дүйнөдөгү жашооңордо өз жакшы нерселериңерди[21] кетирдиңер жана андан пайдаландыңар. А бүгүн жерде текебердене басып, бузукулук кылганыңар үчүн кордоочу азап менен азапталасыңар”, – (делинет).
21.      Аад коомунун бир тууганын[22] эсте! Ал кумдуу дөбөдөгү өзүнүн элине эскертти; а андан мурун да, андан кийин да пайгамбарлар: “Алладан башка эч кимге табынбагыла, мен силерге Улуу Күнү[23] боло турган азаптан коркомун”, – деп эскертип, насаат кылышкан.
22.      Алар: “Чын эле сен бизге, табынган кудайларыбыздан бизди кайтаруу үчүн келдиңби? Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге убада кылып жатканыңды алып келчи”, – дешти.
23.      Ал айтты: “Илим Аллада гана, мен болгону эмнеге[24] жөнөтүлгөн болсом, ошону гана жеткирем. Бирок, мен силердин сабатсыз эл экениңерди көрүп турамын”.
24.      Алар өз өрөөндөрүн көздөй жылып келе жаткан булуттарды[25] көрүшкөндө: “Бул булуттардан бизге жамгыр жаайт”, – дешти. “Жок, ал силер шаштырып жаткан нерсе – бороондуу шамал, анда катуу азап бар!”[26], – (деди).
25.      “Ал[27] Алланын буйругу боюнча баарын кыйратат”. Ошентип, эртең менен алардын (кыйраган) үй-жайларынан башка эч нерсе калган[28] жок. Биз күнөөлүү коомду ушинтип жазалайбыз.
26.      Биз аларга, силерге[29] бербеген бийликти бердик. Аларга угуу, көрүү жана жүрөк бердик. Бирок кулагы да, көзү да, жүрөгү да аларга эч бир пайда келтирбеди. Анткени алар Алланын айаттарын чанышкан[30] эле.  Анан алардын үстүнө өздөрү шылдыңдап жаткан нерсе түштү.
27.      Биз силердин айланаңардагы калааларды кыйратып жок  кылганбыз; алар (Аллага) кайрылсын үчүн көптөгөн айат-белгилерибизди түшүрдүк.
28.      Алладан башканы Аллага жакын кылат деп алышкан кудайлары жардам бербедиби? Балким, алар жок болушту[31]. Бул – алардын жалаасы жана жалган сөздөрү.
29.      Качан Биз сага Куранды угуу үчүн бир нече жинди жөнөткөнүбүздө, алар анын[32] жанында турушуп: “Уккула!” – дешти. Качан окуу айактаган кезде алар өз элине (насаат-кабар менен) кайтып барышты.[33]
30.      Алар[34] мындай дешти: “Эй коомубуз! Биз Мусадан кийинки келген, ага[35] берилгендердин чындык экендигин тастыктаган Китепти уктук. Ал чындыкка жана туура жолго алып барат.
31.      Эй, коомубуз! Аллага чакырып жатканды уккула жана ага моюн сунгула! Ал силердин күнөөлөрүңөрдү кечирет жана оорутуучу азаптан куткарат.
32.      А ким Аллага чакырып жатканды укпаса, анда ал жер үстүндө кутулбайт.[36] Ага Алладан башка коргоочулар жок[37]. Мындайлар анык адашууда.
33.      Ырас эле алар Алла асмандар менен жерди жараткандыгын жана жаратууда алсыз болбогондугун, өлгөндөрдү кайрадан тирилте ала тургандыгын көрүшпөдүбү? Акыйкатта, Ал бардык нерселерге Кудурети жетүүчү.
34.      Кыйамат Күнүндө каапырлар оттун алдына коюлат. “Бул чындык эмеспи?” (деп алардан суралат). “Ооба, Эгебизге ант беребиз! (Бул чындык экен дешет). “Каапыр болгонуңар үчүн азабыңарды тарткыла!” – дейт.
35.      Пайгамбарлардын арасынан туруктуулук ээлери[38] сабырдуу болгондой, сабырдуу болгун жана каапырларга шашылба![39] Убада кылынган күндү[40] көрүшкөндө, күндүзү эле бир аз убакыт турушкансышат[41]. Кабар угузулган.[42] Бузулган эл гана жок болуп кетет.[43]                                    



[1] Ахкаф - Кум дөбөлөр
[2] Маанилери бир Аллага маалым.
[3] Ойдон чыккан, жасалма кудайыңардын, сөлөкөттөрүңөрдүн.
[4] Курандан.
[5] Силерге далил боло ала турган.
[6] Сыйынып жаткан жасалма кудайлары, сөлөкөттөр.
[7] Кыйамат Күндө.
[8] Жасалма кудайлар.
[9] Куранды.
[10] Куран.
[11] Алла.
[12] Эмне болоруңарды ойлодуңарбы?
[13] Куран.
[14] Мусулмандар.
[15] Биринчи биз кабыл алмакпыз.
[16] Куранга.
[17] Каапырларга.
[18] Буйрук бердик.
[19] Туура жолго сал.
[20] Адилетсиздик.
[21] Ырахатыңарды түгөттүңөр.
[22] Худ (а.с.).
[23] Кыйамат.
[24] Эмне тапшырма менен.
[25] Аларды талкалоо үчүн жиберилген кырсыктуу булуттар.
[26] Бул Худ пайгамбардын сөздөрү.
[27] Бороон.
[28] Жашоочулары бүт өлүмгө учурады.
[29] Мекке эли.
[30] Четке кагышкан.
[31] Жардам бермек түгүл.
[32] Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) дын.
[33] Жиндер Пайгамбарыбыздын учурунда бир нече ирет келип, динди үйрөнүп кетишкен.
[34] Жиндер.
[35] Муса(а.с.) га.
[36] Алланы алсыз кыла албайт.
[37] Анын акыреттеги жазасынан.
[38] Сабыр ээлери.
[39] “Жаза качан болот” деп шашылба.
[40] Кыйамат.
[41] Кыйамат коркунучунан.
[42] Дин жөнүндө толук кабар жеткен.
[43] Кырсыкка кабылып, тозокко түшөт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder