25.02.2014

54 KAMER SÛRESİ

54-сүрө «Камар[1]»
   Меккеде түшүрүлгөн. Элүү беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Убакыт[2] жакындады  да, Ай жарылды.[3]
2.     Алар белгини[4] көрүшүп, тескериленип: «(Бул) үзгүлүтүксүз сыйкырчылык!»  – дешет.
3.     жалганга чыгарып, наспилерин ээрчишти. (Анткен менен) ар нерсенин өз орду бар.
4.     Чындыгында, аларга аларды тыйа турган кабар келген эле,
5.     анда жеткиликтүү даанышмандык (бар). Бул эскертүү да пайда берген жок[5].
6.     [6]Алардан  жүз үйрү! Чакыруучу[7] бейтааныш нерсеге чакырган Күнү[8].
7.     Алар көздөрү[9] корккон абалда мүрзөлөрдөн жайылган чегирткелер сыйактуу болуп чыга келишет.
8.     Чакыруучу[10] тарапка умтулуп, каапырлар: «Бул – оор Күн!»  – дешет.
9.     Алардан мурда да Нухтун коому жалганга[11] чыгарышкан: Пендебизди[12] «жалганчы», «жинди», деп айтышкан жана ал тыйылып калган[13].
10.Ал Эгесине: «Мен,  акыйкатта, жеңилдим[14]. Жардам бер»  – деп жалбарды.
11.Асман эшиктерин  нөшөрлөгөн жамгыр менен ачтык[15].
12.Жерди жарып булактарды (чыгардык). Ошондо суулар мурда эле аныкталган[16] буйрук бойунча биригишти[17].
13.Аны[18] тактайлуу жана мыктуунун үстүндө[19]  алып жүрдүк.
14.Биздин көз алдыбызда тыйылганга[20] сыйлык болуп сүзүп баратты[21].
15.Чындыгында, Биз аны эскертүү катары[22] калтырдык. Андан сабак алуучу барбы?
16.Азабым жана эскертүүм кандай болду!?
17.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
18.Аад эли[23] жалганга чыгарышты[24]. Менин азабым менен эскертүүм кандай болду!?
19.Биз аларга бактысыз күндө үзгүлтүксүз, заар үндүү бороон жибердик.
20.(Ал бороон) адамдарды[25] тамыры менен кошо омкорулган курма дарагынын сөңгөгүндөй  кылып жулуп кетет.
21.Азабым менен эскертүүм кандай болду?!
22.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
23.Самуд эли да эскертүүнү[26] четке кагышкан:
24.Алар: «Арабыздагы бир адамды[27] ээрчийбизби? Андай болсо биз адашууда жана акылсыздык абалында (болобуз).
25.Биздин арабыздан эскертүү[28] бир гана ага түшүрүлдүбү!? Балким ал – жалганчы, текебер»  – дешти.
26.Алар жакында ким жалганчы текебер экенин билишет!
27.Албетте, Биз төөнү аларга сыноо үчүн жибердик[29]. Анда сен аларга байкоо салып, [30]сабыр кыл.
28.Суу[31] – алардын ортосунда бөлүштүрүлүшү керектиги тууралуу кабар жеткир. Ар бир суу ичүүчү[32] өз кезегинде[33] келсин!
29.Ошондо алар[34] жолдошун[35] чакырышты. Ал (болсо) кылычын алып, төөнү өлтүрдү.
30.Азабым менен эскертүүм кандай болгон?!
31.Биз аларга катуу добуш жибердик эле, алар чарбактын чөп-чарындай болуп сулап калышты[36].
32.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
33.Луттун эли да эскертүүнү[37] четке кагышкан.
34.Биз аларга бороондуу таш жаадырдык.  Бирок Луттун үйбүлөсүн эрте таңда[38] сактап калдык.
35.Биз тараптан жакшылык ушул сыйактуу эле ким (Мага) шүгүр кылса, сыйлайбыз.
36.Чындыгында (Лут) аларга келүүчү апаат тууралуу эскерткен болчу. Бирок эскертүүнү жалганга чыгарышты.
37.Чындыгында алар[39] (Луттун) конокторун[40] бузууну[41] ниет кылды. Ошондуктан алардын көздөрүн сокур кылып салдык: (Мына эми) азабымдын жана эскертүүмдүн даамын таткыла!!!
38.Таң эрте менен алар түбөлүктүү азапка кабылышты.
39.(Мына эми) азабым менен эскертүүмдүн даамын таткыла!!!
40.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
41.Чындыгында фараондун үй бүлөсүнө эскертүү келди.
42.Кереметтерибиздин баарысын алар (фараондор) жалганга чыгарышты. Ошондо аларды абдан катуу кармоо менен[42] кармадык.
43.Тигилердин каапырларына[43] караганда силердин каапырларыңар жакшыбы, же силер үчүн китептериңерде[44] тосмо[45] барбы?
44.Же алар: «Биз жеңүүчү жамаатпыз жана жеңишке[46] жетебиз», –дешеби?
45.Алардын тобу кыйроого учурайт жана артын көздөй качышат.
46.Жок! Анткени, Кыйамат – аларга убада кылынган (азап). Кыйамат – мындан да оор жана ачуу!
47.Чындыгында, ыймансыздар адашууда жана жалындуу Отто (болушат).
48.Кыйамат Күнү жүздөрү менен Тозокко ташталып: «Тозоктун даамын таткыла!»  – (деп айтылат).
49.Чындыгында биз баарын өлчөм менен[47] жараттык.
50.Биздин буйругубуз бир көз ирмемдик сыйактуу[48].
51.Чындыгында, силерге окшогондорду жок кылдык. Андан үлгү алуучу  барбы?
52.Алар жасаган ар нерсе китепте[49]  (бар).
53.Ар бир чоң жана майда иштер[50] (жазылган).
54.Чындыгында такыбалар Бейиштерде жана өзөн жакаларында,
55.Кудуреттүү Падышанын[51] алдындагы чыныгы орундарда (болушат).




[1] Камар – Ай
[2] Кыйамат
[3] Экиге бөлүндү (Айдын экиге бөлүнүшү бул – Кыйамат кайымдын башталышынын белгиси)
[4] Алланын кереметин көрсө
[5] каапырларга
[6] Эй Мухаммед!
[7] Кыйамат Күнү адамдарды суракка чакыруучу периште
[8] Кыйамат Күнү
[9] адамдар
[10] периште
[11] Кыйаматтын болоорун
[12] Нухту
[13] үгүтүн жүргүзө албай калган
[14] каапрылардан
[15] нөшөрлөтүп жамгыр төктүк
[16] Лавхул Махфузда жазылган
[17] Биригип, Улуу Топон сууга айланды
[18] Нухту (а.с.)
[19] кеменин үстүндө
[20] Нухка (а.с.)
[21] Нухтун (а.с.) кемеси
[22] келечек муундарга
[23] Худ (а.с,)дын эли
[24] Алланын жалгыздыгын, Кыйаматтын болорун жана Худдун пайгамбарлыгын,
[25] ошол шамал
[26] Алланын жалгыздыгы, кыйамат жана Салихтин пайгамбарлыгы тууралуу чындыкты
[27] «пайгамбар эмес, катардагы эле жөнөкөй бир адамды»  – дешкени
[28] айан
[29] жараттык
[30] алардын жамандыктарына
[31] Самуд эли менен ошол төө бир кудуктан кезектешип суу ичиши, адамдар сууну кызганып төөнү өлтүрбөшү керектиги Алла Таала тарабынан эскертилген
[32] төө жана адамдар
[33] Кудуктан суу ичүү үчүн
[34] Самуд эли
[35] дагы бир «баатырын»  чакырып
[36] Катуу үндөн жүрөктөрү жарылып, ар кимси турган жерлеринде дароо жан беришти
[37] Алланын жалгыздыгы, кыйамат жана Луттун пайгамбарлыгы тууралуу чындыкты
[38] Луттун үй бүлө мүчөлөрүнүн ыйман келтиргендери шаардан чыгып кетишкен соң, шаарда таш  учурган катуу бороон болгон
[39] каапырлар
[40] периштелерди
[41] каапырлардын колуна өткөрүп берүүнү
[42] б.а. жаза менен жазаладык
[43] Мурда аталып өткөн коомдордун каапырларына
[44] Забурда
[45] амандык убада кылынганбы
[46] сөзсүз
[47] ашык-кеми жок, кынтыксыз кылып
[48] тездикте ишке ашат.
[49] Амал китебинде
[50] Амал китебинде
[51] Алланын

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder