25.02.2014

97 KADR SÛRESİ


97-сүрө “Кадр[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Беш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Акыйкатта, Биз аны[2] ыйык түндө түшүрдүк.
2.     Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби?
3.     Кадыр түн миң айдан да артыгыраак.[3]
4.     (Ал түндө) Алланын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух[4] жер үстүнө түшүшөт. 
5.     Ал[5]  таң атканча тынчтык – амандык.





[1] Кадр – Кадыр.
[2] Куранды. Алла Таала Куранды толугу менен дүйнөнүн (биз жашап жаткан дүйнөнүн) асманына “кадыр түндө” түшүргөн. Бул түндө жылдык өкүм чыгарылат (Тафсир Ал-Табарий).
[3] Тафсир (Курандын маанисин чечмелөө илиминин) аалымдарынын айтуусу бойунча: Кадыр түнү жок миң айга караганда  Кадыр түндө жасалган сооптуу амал тиги миң айдан артык (Сафват-Ал-Тафаасир).
[4] Жебреил (а.с.).
[5] Кадыр түн.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder