26.02.2014

102 TEKÂSÜR SÛRESİ

102-сүрө “Такаасур[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.  Сыймыктануу силерди алаксытат,
2.  ажал жетип, мүрзөлөргө койулганча.[2]
3.  Оо, жок, (андай эмес), жакында билесиңер.
4.  Оо, жок, андан соң (дагы кайталайм) жакында билесиңер.
5.  Чынында, силер айкын билсеңер,
6.  Албетте, сөзсүз тозокту көрөсүңөр.
7.  Андан соң (дагы бир жолу кайталайм) аны силер анык-даана көрөсүңөр!
8.  Мындан соң (силерге берилген жакшылыктардан) ошол күнү сөзсүз сураласыңар.[3]




[1] Такасур – сыймыктануу. 
[2] Инсан дүнүйө берилсе, Аллага сыйынууну унутат да, өлүмдүн келип калганын туйбай калат. Ошондуктан инсан мал-дүнүйөнүн кулу болуп калуудан сактанууга тийиш.   
[3] Анан силерге берилген жакшылыктардан.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder