25.02.2014

71 NÛH SÛRESİ

71-сүрө «Нух»
Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.           Нухту коомуна: «Сен элиңе оорутуучу азап келе электе эскерткин!», – деп жибердик.
2.           Ал элине мындай деди: «Оо элим, мен силерге ачык эскертүүчүмүн.
3.           Аллага гана ибадат кылгыла, анан Андан корккула, жана мага баш ийгиле».
4.           «[1]Ал силердин күнөөңөрдү кечирет да өмүрүңөрдү[2] белгиүү мөөнөткө чейин улантат. Эгерде силер билсеңер: Алланын мөөнөтү[3] келген кезде ал артка кечиктирилбейт. О, эгерде силер ушуну билгениңердеби!»
5.           [4]Айтты: «О менин Эгем, мен элимди түнү-күнү Сага чакырдым»
6.           «Бирок менин чакырыгым аларды ого бетер алыстатты[5]».
7.           «Чындыгында Сен алардын күнөөсүн кечирүүң үчүн, аларды чакырганымда[6] ар бир учурда алар кулактарын манжалары менен тосушуп, кийимдери менен чүмкөнүшүп,  көгөрүп, текеберленишти».
8.           «Анан мен ачык-айкын[7] чакырдым».
9.           «Андан кийин мен аларды ачык да, жашыруун да  чакырдым[8]».
10.      Мен айттым: «Эгеңерден кечирим сурагыла. Анткени Ал – Кечиримдүү».
11.      «Ал силерге асмандан нөшөрлөгөн[9] жамгыр жиберет».
12.      «Ал силерди мал-дүйнө, балдар менен кубаттуу кылат. Жана да силер үчүн бакчаларды[10] жана дарыйаларды[11] жаратат».
13.      «Эмне үчүн силер Алланы улуктоону ойлонбойсуңар?»
14.      «Чындыгында Ал – силерди ар түрдүү баскычтарда[12] жараткан – Алла».
15.      «Алла жети кабат асманды кантип  кабат-кабат (кылып) жаратканын көрбөй жатасыңарбы?»
16.      «Айды алардын[13] ичинен нур чачуучу, күндү жарык берүүчү кылып койду».
17.      «Алла силерди жерден өсүмдүктөй өстүрдү[14]».
18.      «Андан соң кайра ага[15] кайтарып, кийин кайра  чыгарат[16]».
19.      «Алла Жерди силер үчүн килем кылып төшөп койду»,
20.      «силердин кенен жолдор менен басып жүрүүңөр үчүн».
21.      Нух айтты: «Оо, менин Эгем! Алар мага каршы чыгып, байлыктарын жана балдарын ээрчүүдө зыйандарын гана арттырды».
22.      «Алар абдан чоң куулук кылышты».
23.      Жана алар: «Өз кудайларыңарды: Вадды[17], Суваны[18], Йагусту[19], Йаукту[20] жана Насрды[21] таштабагыла!»   дешти.
24.      «Алар көп адамдарды туура жолдон адаштырышты. Ал заалымдарга адашууну гана арттыргын».
25.      Алар[22] өз күнөөлөрү үчүн[23] чөктүрүлүп, Тозокко ыргытылды. Алар Алладан башка жардамчы табышкан жок.
26.      Жана Нух мындай деди: «Эгем, жер жүзүндө бир да каапыр калтырба!
27.      Анткени, эгер Сен аларды калтырсаң, Сенин кулдарыңды адаштырып, алардан бузукулар жана каапырлар гана туулат.
28.      Эгем! Мени, ата-энемди, менин үйүмө ыйманы менен киргендерди, момун эркектер менен момун айалдарды кечире көр. Заалымдарга[24] жалаң жок болууну арттыргын».




[1] Ошондо
[2] Белгилүү мөөнөткө чейин
[3] Белгилеп койгон ажалы
[4] Нух (а.с.) айтты
[5] Сенден дегени
[6] Алланын динине
[7] Ашкере
[8] динге
[9] берекелүү
[10] Бейиш багын
[11] Бейиштеги дарыйаны
[12] алгач бир тамчы суу, анан уйуган кан ж.б.у.с.
[13] Жети кабат асмандардын ичинен
[14] Б.а. Адам Атаны топурактан жаратты
[15] Топуракка
[16] Кыйаматта
[17] Мухаммед (а.с.) пайгамбарыбызга чейинки  карангы доордо достуктун кудайы деп эсептелген сөлөкөт.
[18] карангы доордо сулуулуктун кудайы деп эсептелген сөлөкөт.
[19] карангы доордо күчтүн кудайы  деп эсептелген сөлөкөт.
[20] карангы доордо ылдамдыктын кудай деп эсептелген сөлөкөт.
[21] карангы доордо көрөгөчтүктүн кудай деп эсептелген сөлөкөт.
[22] Нухтун эли
[23] Топон суу астында
[24] Ыймансыздарга

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder