25.02.2014

79 NÂZİ'ÂT SÛRESİ

79-сүрө “Наазиат [1]
Меккеде түшүрүлгөн. Кырк алты айаттан турат
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
  1. (Каапырлардын жанын) катуу сууруп алуучуларга[2] ант!
  2. (Момундардын жанын) жумшак алуучуларга[3] ант!
  3. Буйрукту тез аткарууга (түшкөн периштелерге) ант!
  4. (Момундардын жандарын бейишке) шашылыш алып баруучу (периштелерге) ант!
  5. (Дүйнө иштерин ) теске салуучу (периштелерге) ант!
  6. Тигил күнү силкинүүчү (жер) силкинет.[4]
  7. Аны эрчүүчү ээрчийт[5].
  8. Жүрөктөр ошол күнү коркушат.
  9. Көз караштары кейиштүү,
10.      Изибизге кайтар бекенбиз?! – деп айтышат.[6]
11.      Сөөктөрүбүз сөпөт болуп кетсе делеби?!
12.      Оо, андай болсо бул кайтуу зыйандуу го?! – дешкен.
13.      Албетте, ал[7] бир эле үн[8].
14.      Ошол эле замат алар[9] бозоргон жер бетинде (болуп калышат).
15.      Сага Муса[10] жөнүндө кабар жетти беле?
16.      Ыйык “Туваа” өрөөнүндө ага[11] Эгеси үн салды:
17.      “Фараонго жөнө! Албетте ал чектен ашты”.
18.      Анан да (ага): “Сага тазаланууңа үндөйүнбү?!”-деп айткын.
19.      Сени Эгең тарапка багыттайын. Анан сен коркоорсуң.
20.      Анан ага (пайгамбарлыктын) улуу белгисин көрсөттү.[12]
21.      Ошентип (Фараон Мусаны) жалганчы деп, (Аллага) күнөөкөр болду.
22.      Андан соң артына кетип, (бузуктук менен) жүрүш жасайт.
23.      (Сыйкырчыларын) жыйнап, жар салды.
24.      Анан айтты: “Мен силердин улук Эгеңермин”.
25.      Алла аны “акыркы” жана “биринчи” (айткан сөзү үчүн) жазалады[13].  
26.      Албетте мында (Алладан) корккондого үлгү бар.
27.      Силерди жаратуу кыйынбы, же куруп койгон асманбы?!
28.      Анын[14] шыбын бийик кылып, (кынтыксыз) тегиз кылды.
29.      Анын түнүн караңгы кылып, жарыгын да чыгарды.
30.      Тигинден кийин[15], анан жерди төшөдү.
31.      Жерден суусун жана жайытын пайда кылды,
32.      Тоолорду ага[16]  бекем орнотту,
33.      Силер жана силердин малдарыңар пайдалансын үчүн.
34.      Ошентип улук күн келгенде[17],
35.      Ошол күнү инсан өткөн жүрүшүн (кылган амалдарын) эсине салат.
36.      Көргөн адамга тозок оту ачык кылынат.
37.      Ошондо каапыр инсан,
38.      (Ал жалган) дүйнөнүн жашоосун тандаган эле.
39.      (Анын) бара турган жери – албетте тозок оту.
40.      Ал эми Эгесинин алдында туруудан коркуп, көңүлү каалаган нерселерден өзүн тыйган адам,
41.      (Анын) бара турган жери – албетте Бейиш.
42.      Сенден кыяматтын качан болушу жөнүндө сурашат.
43.      Аны эстөө сенден оолак болгон нерсени[18]
44.      Сенин Эгеңдин өзүнө гана тиешелүү нерсе (башка эч ким билбейт).
45.      Албетте, сен андан корккондорду гана эскертүүчүсүң.
46.      Алар аны[19]  көргөн күнү кечке жуук, же эрте менен (бир аз) турган сыйактанышат.




[1] Наазиат – жан алгыч периштелер.
[2] периштелерге
[3] периштелерге
[4] Кыйамат башталганда. 
[5] Сурнайдын экинчи тартылышы.
[6] Тиги дүйнөгө кайра кетер бекенбиз.
[7] ээрчүүчү
[8] айкырык
[9] жамы журт
[10] Алланын жиберген пайгамбары.         
[11] Мусага
[12] Фир`аунга жана анын элине 9 аян-му`жиза көрсөтүлгөн. Бул жерде Муса (а.с.) элчи болуп келгенин жана аларды көрсөткөнүн (чогулган эң мыкты сыйкырчы, көз боочуларды жеңгени, алар саждеге келгени) жалпы бир чоң керемет десек болот.
[13] Биринчи сөзү:”Касас сүрөсүнүн,38-айаты. Экинчи сөзү:”Мен силердин улук эгеңермин”(Тафсир Ал-Байзавий).
[14] асмандын
[15] Асмандан…
[16] жерге
[17] Сурнай экинчи жолу тартылып, Кыяматка чогулган кезде. 
[18] Кыйамат жөнүндөгү илим сенден оолак (сага белгисиз)
[19] Кыйаматты

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder