25.02.2014

23 MÜ'MİNÛN SÛRESİ

Он сегизинчи бөлүм
23-сүрө,  “Му-минуун”[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жүз он сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.      Чындыгында, момундар – ийгиликке жетишти.
2.     Алар намаздарында коркуу[2] менен (окушат).
3.     Маанисиз иштерден (сөздөрдөн) жүз үйрүшөт,
4.     алар зекетин да беришет,
5.     уйаттуу жерлерин сакташат,[3]
6.     жубайлары менен күңдөрүнөн башкалардан; булар үчүн алар жемеге алынбайт;[4]
7.     ким мындан артыкты издесе, алар чектен чыккандар;
8.     Алар аманатын сакташат жана убадаларын аткарышат;
9.     намаздарын дайыма окушат.[5] 
10.       Ошолор мураскорлор болушат.
11.       Алар Бейишке мураскор болушат да, анда түбөлүккө калышат.
12.       Биз инсанды тандалма чоподон жараттык.
13.       Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга  жайгаштырдык.
14.       Андан соң тамчыдан уйуган кан жараттык, уйуган кандан бир үзүм (бир чайнам) этти (жасап), бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыктысы Алла улук болду!
15.       Андан соң силердин өлөөрүңөр анык.
16.       Андан соң Кыйамат күнүндө тирилтилесиңер.
17.       Силердин үстүңөргө жети асманды жараттык. Жаратууда Биз бейкапар болбодук.   
18.      Биз асмандан өлчөм менен жаан жаадырып, аны жерге жайгаштырабыз. Биз аны токтотуп да койо алабыз.
19.      Биз аны менен силердин курма, жүзүм багыңарды өстүрөбүз, буларда силер үчүн көптөгөн жемиштер бар, андан жейсиңер.
20.      Тур тоосуна дарак[6] өстүрдүк. Андан жегендер үчүн май жана татымал[7] өсөт.
21.      Акыйкатта, малдарда силер үчүн үлгүлөр бар. Алардын ичиндегини[8] ичиребиз. Аларда силер үчүн көп пайда[9] бар, алардан азыктанасыңар. 
22.      Аларда жана кемелерде жүрөсүңөр.
23.      Биз Нухту анын коомуна жөнөттүк. Ал: “Эй, элим! Аллага сыйынгыла, андан башка кудай жок. Эми коркпойсуңарбы?” – деди.
24.      Анын коомунун жетекчилери болгон каапырлар: “Бул силерге эле окшогон киши. Ал силердин үстүңөрдөн үстөмдүккө жетүүнү каалоодо. Эгер Алла кааласа, периштелерди жөнөтөөр эле. Бул өңдүүнү биз[10] ата-бабаларыбыздан уккан жок элек. 
25.      Бул акылы айный түшкөн бир киши. Бир аз убакытка чейин күтө тургула”, – дешти.
26.      Ал: “Эгем! Мага жардам кыл! Алар мени жалганга чыгарышты” – деди.
27.      Ага Биз кабар бердик: “Биздин көзөмөлүбүз жана кабарлообуз менен кеме жаса. Биздин буйругубуз келип, тандыр кайнап, суу атылганда, ар бир жыныстагы (айбандардан) жуптарды жана үй-бүлөңдү, өздөрүнө каршы буйрук[11] өткөндөрдөн башкаларды алып, кемеге түш. Жана Менден заалым болгондор үчүн (кечирүүнү) суранба, анткени алар сууга чөктүрүлөт.”   
28.      Сен жана сени менен бирге болгондор кемеге жайгашкан кезде: Аллага мактоо! Ал Бизди заалым коомдон куткарды” – деп айт.
29.      “Эгем! Мени кут даарыган – жакшы жайга[12] түшүр, сен жай берүүчүлөрдүн эң мыктысысың!” – дегин.
30.      Акыйкатта, мында белгилер бар. Чындыгында, Биз сынаган элек[13] (Нухтун коомун).      
31.      Алардан соң Биз башка бир коомду жараттык.
32.      Аларга өздөрүнөн пайгамбар жөнөттүк: “Аллага сыйынгыла! Силерге Андан башка кудай жок. Эми сактанбайсыңарбы?”
33.      Акыретти жалганга чыгарышкан, Биз аларга бул дүйнө менен ырахаттана турууну берген, каапырлардан болгон коомдун ичиндеги башчылары айтышты: “Бул жөн эле силерге окшогон киши, ал силер жегениңерди жейт, ичкениңерди ичет;
34.      эгер силер өзүңөргө окшогон кишиге баш ийсеңер, албетте зыйан тартасыңар;
35.      ал силер өлүп топурак менен сөөк болгондон кийин (кайра тирилип) чыгарыңарды чын эле убада кылабы?
36.      Силерге убада кылынгандар узаак, узаак!
37.      Бул дүйнө гана бар. Биз өлөбүз жана жашайбыз, бирок биз кайрадан тирилбейбиз.
38.      Ал жөн эле киши. Ал Аллага жалган жалаа жаап жатат, биз ага ишенбейбиз”.
39.      Ал[14]: “Эгем! Мага жардам кыл. Алар мени жалганчы кылышты”, – деди.
40.      Ал[15]: “Жакын арада алар өкүнүүчүлөрдөн болушат”, – деди.  
41.      Аларга акыйкаттык менен[16] катуу чыккан үн жетти. Аларды таштандыдай кылдык. Заалым коомго кыйроо жетсин!
42.      Андан соң Биз башка муунду жараттык.
43.      Эч бир коом белгиленген мөөнөттөн ашып да же андан кечигип да калбайт.
44.      Андан соң пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жөнөттүк. Ал коомго алардын пайгамбарлары ар жолу келген сайын, аларды жалганга чыгарышты. Биз биринин артынан башкасын ойрондоп, аларга үлгү-насаат кылдык. Ишенбеген коомго узактык[17] болсун! 
45.      Андан соң Биз Мусаны, анын бир тууганы Харунду Биздин айкын далилдерибиз менен жөнөттүк.
46.      Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө, алар текеберленишти. Алар бой көтөргөн коом эле.
47.      Алар: “Эли бизге кул болгон, өзүбүзгө окшогон эки кишиге чын эле баш ийебизби?
48.      Алар ал экөөнү жалганга чыгарышты жана кыйрагандардан болушту.
49.      Биз Мусага Китеп бердик. “Мүмкүн алар туура жолго түшөөр”,
50.      Биз Марйамдын уулун жана анын[18] энесин белги кылдык жана аларга тегиз дөңсөөдөн булактуу жай бердик.
51.      Эй, элчилер! Адалдарды гана ичип-жегиле жана жакшылык иштерди кылгыла! Акыйкатта, Мен силердин эмне кылганыңарды жакшы билүүчүмүн.
52.      Чындыгында, силердин үммөтүңөр бир эле эл[19]. Мен силердин Эгеңермин. Менден корккула!
53.      Алар өздөрүнүн бир динин түрдүү топторго ажыратып алышты. Ар бир топ өздөрүндөгүгө гана кубанууда.
54.      Аларды өздөрүнүн адашуусунда бир нече мөөнөт калтыра тур.
55.      Ырас эле алар ойлошобу: Аларды Биз байлык жана уулдар менен колдоп,
56.      жакшылыктар менен сыйлаганы жатыптырбызбы? (Жок!) Балким алар сезишпейт.
57.      Акыйкатта, Эгесинин алдында коркунучтан калтырагандар,
58.      алар Эгесинин айаттарына ишенишет,
59.      алар Эгесине шерик кошушпайт,
60.      алар берилүүгө тийишин[20] беришет. Эгесине кайтып баруудан жүрөктөрү калтырайт,
61.      алар жакшылыктарга умтулууда башкалардан озуп кетүүнү каалашат.
62.      Биз инсанга анын алы жеткенди гана жүктөйбүз, Бизде акыйкатты гана сүйлөгөн Китеп[21] бар жана аларга адилетсиздик  кылынбайт.        
63.      Бул[22] тууралуу алардын жүрөктөрү караңгылыкта[23]. Алардын мындан башка да жасап жаткан (күнөөлүү) иштери бар.
64.      Биз алардын байларын жазага тартсак, алар жардам сурап зарлашат.
65.      Бүгүн зарлабагыла. Чындыгында силерге Бизден жардам жок.
66.      Менин айаттарым силерге жеткирилген. А силер кетенчиктеп,
67.      менменсинип, түнү бойу (сандырактап) сүйлөшкөн абалда таштап койосуңар[24].
68.      Алар бул сөзгө (Куранга) ой чаптырышпайбы? Же аларга оболку ата-бабаларына келбеген нерсе келдиби?
69.      Же алар өз пайгамбарын тааныбай, аны артка кайтара башташтыбы?
70.      Же алар: “Аны жинди” – дешеби? (Жок!) Ал чындык менен келген, бирок алардын көбү чындыкты жек көрүшөт.
71.      Эгерде чындык алардын каалоолоруна ээрчисе, албетте, асмандар менен жерлер жана алардагылар бузулуп кетээр эле. (Жок!) Аларга Биз эскертме[25] бердик. Бирок алар андан баш тартышууда.
72.      Сен алардан акы сурадыңбы? Эгеңдин акысы мыкты. Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы.
73.      Албетте, сен аларды туура жолго чакырасың.
74.      Акыйкатта, каапырлар акырет жашоосуна ишенбей, жолдон тайууда.
75.      Эгерде Биз аларга ырайымдуулук кылып, аларды кырсыктан куткарсак, алар өз адашууларын улантып, сокур түрдө кете беришээр эле.
76.      Биз аларды жазаладык. Бирок алар өздөрүнүн Эгесине баш ийишпеди жана Андан суранышпады.
77.      Биз аларга катуу азаптын эшигин ачканыбызда, алар үмүтсүздүккө кабылышты.
78.      Ал силер үчүн кулак, көз жана жүрөктү жараткан. Силер аз шүгүр кыласыңар!
79.      Ал силерди жер жүзүнө тараткан жана силер Ага карай чогуласыңар.
80.      Ал тирилтет жана өлтүрөт, түндүн жана күндүздүн алмашуусу Ага таандык. Эмнеликтен акыл калчабайсыңар?
81.      Балким, алар[26] мурунку элдер айтканды эле айтышат.
82.      Алар айтышат: “Биз өлүп, топурак жана сөөк болгонубузда, чын эле кайта тирилебизби?
83.      Бизге жана биздин ата-бабаларыбызга бул небак убада кылынган. Бул байыркылардын гана жомогу”.
84.      “Эгер силер билсеңер, Жер менен анын үстүндөгүлөр кимге таандык?” – дегин.
85.      Алар: “Аллага”, – дешет.  “Анда эмнеге эстебейсиңер?” – дегин.
86.      “Жети асмандын жана Улуу Арштын Эгеси ким?” – деп сура.
87.      Алар: “Алла”, – дешет. “Анда да коркпойсуңарбы?” – дегин.
88.      “Эгер силер билсеңер, бардык нерселердин үстүнөн бийлик кимде? Ал өзү коргоочу болуп, ага эч ким коргоочу боло албаган ким?” – дегин.
89.      Алар: “Алла”, – дешет. “Анда эмнеге алдандыңар?” – дегин.   
90.      Ооба, Биз аларга чындыкты алып келдик. А алар болсо жалганга чыгарышууда.
91.      Алла Өзүнө уул алган эмес.[27] Аны менен бирге (башка) кудай болгон эмес. Эгер андай болбосо, ар бир кудай өз жараткандарын алып кетээр эле жана бир-биринин үстүнөн чоңдук кылат эле. Алла алар сыпаттап жаткан нерселерден аруу, таза.
92.      (Ал) кайыпты да, ачыкты да билип турат. Ал алар шерик кошуп жаткан шериктерден бийик.
93.      “Эгем! Эгер зарыл болсо, Сен аларга убада кылынгандарды мага көргөзсөң,” – дегин.  
94.      Оо Эгем! Мени заалым коомдун арасында калтыра көрбө!
95.      Акыйкатта, Биз сага, аларга убада кылынгандарды көргөзүүгө кудуреттүүбүз.
96.      Жамандыкты жакшылык менен артка кайтар. Алардын Биз сыпаттап  жаткан нерселерин жакшы билебиз.
97.      “Эгем! Шайтандардын азгырыктарынан коргоону биз Сенден издейбиз”, – дегин.
98.      Алардын мени ороп калуусунан, Эгем өзүң менен сактанам.
99.      Алардын бирине өлүм келген кезде, ал: “Оо, Эгем! Мени артка кайтара көр!” – деп айтат.
100.       “Мүмкүн, мен калтырган дүйнөдө жакшылыктарды иштермин”. Жок! Бул өзү айтып келген эле сөз. Алардын артында алар тирилчү күнгө чейин тосмо бар.
101.       Качан сурнай үнү жаңырган күнү, алардын ортосунда тууганчылыктар унутулат[28] жана бир-биринен сурай алышпайт.
102.       Кимдин таразасы оор болсо,[29]  алар ийгиликке жетүүчүлөр.
103.       Кимдин таразасы жеңил болсо,[30] алар өздөрүнө өздөрү зыйан кылгандар. Алар тозокто түбөлүккө калышат.
104.       От алардын беттерин күйгүзөт жана анда эриндери түрүлүп (кейпи кетет).  
105.       “Менин айаттарым окулганда силер аны жалганга чыгарбадыңар беле?” (делинет).
106.       Алар айтышат: “Эгебиз! Биздин бактысыздыгыбыз үстөмдүк кылып, адашкан эл болдук.
107.       Эгебиз! Бизди бул жерден чыгар. Эгер биз кайрадан күнөө кылсак, анда биз заалымдардан болобуз”.
108.       Ал: Ошол жакта[31] алыс болгула! Мага сүйлөбөгүлө!
109.       Менин пенделеримдин бир бөлүгү: “Эгебиз! Биз ишенебиз, биздин күнөөлөрдү кечир! Бизди мээримиңе бөлө. Сен мээримге бөлөөчүлөрдүн эң мыктысысың”, – дегендер эле.
110.       Силер аларды шылдыңга алдыңар. А түгүл аныңар[32] Мени эстөөнү такыр унуттурду.
111.       Бүгүн Мен аларды сабыр кылганы үчүн сыйладым, алар ийгиликке жеткендерден болушту.
112.       Алла: “Силер жерде канча убакыт болдуңар?”[33] – деп сурайт.
113.       Алар: “Биз бир күн, же жарым күндөй эле болдук. Бирок, эсептеп жүргөндөрдөн сурагыла”, – дешет.
114.       Ал айтат: “Эгер билсеңер, силер аз эле убакыт болдуңар,
115.       Биз силерди жөн эле (ойноп) жаратып, силер Бизге кайра кайтпайбыз”, – деп ойлодуңарбы?
116.       Алла бардык нерселерден жогору турган Акыйкат, Өкүмдар. Андан башка кудай жок. Ал Улуу Арштын Эгеси!
117.       Ким эч кандай далили жок кудайларга Алла менен бирге табынса, анын эсеп-кысабы Эгесинин алдында. Каапырлар ийгиликке жете алышпайт.
118.       “Эгем! Мени кечир жана ырайымыңа бөлө! Сен мээримдүүлөрдүн эң жакшысысың”, – дегин.    



[1] Му-минуун – момундар, Аллага чын ыкластан берилген пенделер, анык мусулмандар.
[2] Алладан.
[3] Күнөөлүү ишке жумшабайт.
[4] Бул күнөө эмес.
[5] Намаздар өз убагында жана кунт койуп, чын ниеттен окулуусун билдирет.
[6] Инжир.
[7] Зайтун майы ар түрдүү татымалдарга, тамактарга кошулуу үчүн, сыйпоочу майларды дайардоо үчүн колдонулат.
[8] Сүттү.
[9] Эти, майы, териси, жүнү, мүйүзү.
[10] Мурдакы.
[11] Алардын жок болушу буйрукта болгон.
[12] Кемени алып барып токтотуп жана жайгаша турган жакшы жер.
[13] Нухтун коомун, Алла Таала сынап, аларга пайгамбар жиберип, туура жолго чакырткан. Алар Нухка ишенбей, шылдыңдашкан.
[14] Худ (а.с.).
[15] Алла.
[16] Мурун Алла Таала тарабынан пайгамбар аркылуу убада кылынгандай.
[17] Алланын ырайымынан узак болсун.
[18] Иса (а.с.)дын энесин.
[19] Бир бүтүн эл.
[20] Садака, зекет.
[21] Жакшы-жаман, сооп-күнөө иштери жазылган амал китеби.
[22] Куран.
[23] Сабатсыздыкта.
[24] Куранга маани бербей таштап койосуңар.
[25] Куран.
[26] Меккенин мушриктери – сөлөкөттөргө сыйынгандар.
[27] Баласы жок.
[28] Сыймыктана алышпайт.
[29] Сооп амалдары көп болсо.
[30] Сооп амалдарды аз болсо.
[31] Тозокто.
[32] Шылдың.
[33] Алла пенделеринен сурайт. Пенделер бул дүйнөдө жүрүп, бүткүл өмүрү ушунчалык тез өткөнүн билбей калышат.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder