25.02.2014

31 LOKMÂN SÛRESİ

31-сүрө  “Лукман[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Отуз төрт айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Алиф, Лам, Мим[2].
2.     Бул даанышман Китептин[3] айаттары,
3.     жакшылык кылгандарга – туура жол жана ырайым (катары),
4.     Алар намаз окушат, зекет беришет жана акыретке ишенет.
5.     Мына ушулар Эгеси тарабынан туура жолдо. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр![4]
6.     Адамдардын арасында эч илимсиз эле, Алланын түз жолунан чыгаруу жана мыскыл-тамаша кылуу үчүн негизсиз сөздөрдү[5] жайгандар бар. Алар үчүн кор кылуучу азап (бар!)
7.     Ага Биздин айаттарыбыз окулганда, ал аны укпаган өңдүү, же кулагы оор[6] сыйактуу кекирейе терс бурулат. Ага катуу жазаны “сүйүнчүлө”!
8.     Акыйкатта, ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандарга жыргалдуу Бейиш бар,
9.     Алар анда түбөлүккө калышат. Алланын убадасы чындык. Ал – Ызааттуу, Даанышман.
10.       (Ал) асмандарды[7] тирөөсүз жараткан жана сен аларды көрүп турасың. Силер менен бирге ал термелбесин үчүн жер үстүнө бекем тоолорду кадаган,[8] (жерде) түрдүү жан-жаныбарларды тараткан. Биз асмандан жаан жаадырып, анын үстүндөгү өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрөбүз.
11.       Бул Алланын жараткандары. Силер Андан башканын жараткандарын Мага көргөзгүлөчү. Балким, заалымдар анык адашууда.  
12.      Биз акыйкатта Лукманга акылмандыкты ыроолодук: “Аллага шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса – ал өз жаны үчүн шүгүр кылат, а эгер шүгүр кылбаса, Алла муктаж эмес, мактоого татыктуу.”
13.      Лукман өз уулуна насаат кылып: “Эй, уулум! Аллага ширк[9] кылбагын! Акыйкатта, ширк кылуу өтө чоң заалымдык”, – деди.
14.      Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт. Аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. Биз буйруганбыз: “Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл. Кайтуу Мага.”
15.      А эгер алар сени ал тууралуу билбеген нерселерди Мага шерик кошууга үндөй башташса, анда аларга баш ийбе. Аларга мээримдүү бол жана Мага мойун сунгандардын жолу менен бол. Андан соң кайтууңар Мага. Мен силердин эмне кылгандарыңар тууралуу кабар берем.
16.      “Уулум! Эгер бул аскада, асманда, же жерде сары кычынын данындай салмактагы жамандык болсо дагы, Алла аны келтирет. Акыйкатта, Алла Жумшак, Кабардар.
17.      Уулум! Намаз оку. Жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар. Сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл, анткени бул иштердеги милдеттүүлүк[10].
18.      Адамдарга кекирейбе жана жер үстүндө текеберлене баспа. Акыйкатта, Алла бардык мактанчаактар менен кекирейгендерди сүйбөйт.
19.      Жүрүшүңдү орточо кыл, үнүңдү басаңдат. Анткени үндөрдүн эң жаманы эшектердин үнү.”
20.       Чын эле силер асмандар менен жердегилерди баш ийдиргендигин жана силерге жашыруун да, ачык да өз жакшылыктарын толук кылып бергенин билбедиңерби? Адамдардын арасында ал тууралуу илими жана жол көргөзгөнү, нурдуу[11] китеби жок болуп туруп Алла тууралуу талашкандар бар.  
21.       Аларга: “Алла силерге түшүргөндүн артынан ээрчигиле” – дегенде, алар: “Жок, биз биздин аталарыбыз тапкандардын артынан ээрчийбиз”, – дешет. Ал түгүл шайтан аларды тозок азабына чакырса деле (ээрчий береби)?
22.       А ким жүзүн Аллага буруп, жакшылык иштерди кылса, ал ишенимдүү бекем тутканы[12] карманганы. (Бардык) иштердин жыйынтыгы Аллага таандык.
23.       А ким ишенбесе, анын каапырлыгы сени кайгыртпасын. Алардын  кайтып келүүсү Бизге гана. Биз аларга эмне кылгандыгы тууралуу кабар беребиз. Акыйкатта, Алла көкүрөктөгү нерселерди билет.
24.       Биз аларды бир азыраак пайдаландырып, андан соң оор азапка аргасыз кылабыз.
25.      А эгер сен алардан: “Асмандар менен жерди ким жараткан?” – деп сурасаң, алар албетте - “Алла”, - дешет. “Аллага мактоо!” – дегин. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт. 
26.       Аллага асмандар менен жердегилер таандык. Акыйкатта, Алла – Бай, Даңазалуу.
27.       Эгерде жер үстүндөгү дарактардын баарысы калем болуп, а деңиз, ага кошулуп жети деңиз да сыйа болсо, Алланын сөздөрү түгөнбөйт. Акыйкатта, Алла – Ызааттуу, Даанышман.
28.       Силердин жаралууңар жана кайра тирилүүңөр бир жанды тирилткен сыйактуу эле. Акыйкатта, Алла – Угуучу, Көрүүчү.
29.      Алла түндү күндүзгө киргизгенин жана күндүздү түнгө киргизгенин, күн менен айды баш ийдиргенин, ар бири белгиленген убакытка карай бара жатышкандыгын жана силер эмне кылып жаткандыгыңар тууралуу Алла кабардар экендигин билбейсиңерби? 
30.      Анткени Алла акыйкат, ал эми алар Андан башкага сыйынып жаткандар жалган. Ошондой эле Алла – Бийик, Улуу.
31.      Чын эле сен Анын белгилерин силерге көргөзүү үчүн, Алла өз жакшылыгы менен кемени деңиз аркылуу жүргүзөөрүн көрбөдүңбү? Акыйкатта, мында бардык сабыр, шүгүр кылуучулар үчүн белгилер бар.
32.      Качан аларды тоодой толкундар ургулай баштаган кезде, алар чын ыкластан Аллага гана жалынышат. Ал аларды куткарып, кургакка алып чыкканда, алардын арасынан кээ бирлери ишеним жана каапырлыктын ортосунда олку-солку болушат. Бирок, Биздин белгилерибизди кыйанатчыл каапырлар гана чанат.
33.      Эй адамдар! Эгеңерден жана атасы баласына эч жардам бере албай турган, баласы атасына эч төлөп куткара албай турган күндөн корккула. Акыйкатта, Алланын убадасы чындык. Силерди бул дүйнө жашоосу азгырбасын жана силерди шайтан Аллага каршы кылып алдабасын.
34.      Акыйкатта, Кыйамат күнүнүн мөөнөтүн Алла гана билет. Ал жаан жаадырат жана курсактагыны билет. Бир дагы жан эртең эмне болорун жана кайсы жерде өлөрүн билбейт. Акыйкатта, Алла – Билүүчү, Кабардар.




[1] Лукман – улукман, даанышман.
[2] Мааниси бир Аллага маалым.
[3] Куран.
[4] Алардын сыйлыгы Бейиш болот.
[5] Имиштерди
[6] Дүлөй.
[7] Асмандардын катмары жетөө экендиги азыркы илим тарабынан небак далилденген.
[8] Азыркы учурда илимий изилдөөлөр тоолор кагылган казык сыйактуу милдеттерди аткарып, жерди тынымсыз термелип, чайпала берүүдөн сактап тургандыгын далилдеди.
[9] Алладан башкага табынуу.
[10] Сабырдуулук кылынбаган иш  шариатта жарамсыз деп табылып, ээси айыпталат. Демек ар бир пенде сабырдуу болуусу милдет.
[11] Жол көрсөтүүчү.
[12] Бекем кармоочтуу.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder