25.02.2014

20 TÂHÂ SÛRESİ

                20- сүрө “То ха[1]
     Меккеде түшкөн.  Жүз отуз беш айаттан турат
              Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.                 Тоо, ха[2].
2.                 Сага Куранды машакат тартууң үчүн түшүргөнүбүз жок.
3.                 Бирок (Алладан) корккон адамга насаат үчүн түшүрдүк.
4.                 (Курандын) түшүрүлүүсү – жер менен бийик асмандардын Жаратуучусунан.
5.                 Ал – Мээримдүү, Аршка ээлик кылды[3].
6.                 Асмандар менен жердеги жана бул экөөсүнүн ортосундагы нерселер менен топурактын астындагы нерселер – Ага[4] гана таандык.
7.                 Сөзүңдү ашкере[5] кылсаң…, чындыгында, Ал –  сырды да, өтө жашыруунду да Билүүчү!
8.                 Ал – Алла! Андан башка Кудай жок. Эң жакшы ысымдар – Ага таандык.
9.                 [6]Сага Мусанын байаны жеттиби[7]?
10.            Ошондо ал бир от көрүп, үй бүлөсүнө: «Туруп тургула. Бир от көрдүм. Балким силерге шамана[8] алып келермин, болбосо ошол от  тараптан бир жол көрсөтүүчү табармын», – деди.
11.            Ал отко жеткен кезде: «Эй, Муса!», – деген үн чыкты:
12.            «Чындыгында, Мен сенин Эгеңмин. Бут кийимиңди чеч. Анткени, сен касиеттүү Туваа өрөөнүндөсүң.
13.             Сени тандадым. Эми, түшүрүлүүчү (айан) кабарларды тыңда.
14.            Чындыгында, Мен – Алламын. Менден башка кудай жок! Ошондуктан Мага сыйын. Ошентип Мени эстөө үчүн намазды толук аткар!
15.            Ар ким иштегенин акысын алуу үчүн Мен (болоор) мезгилин купуйа сактап келе жаткан Кыйамат анык келет.
16.            Ошондуктан, Кыйаматка ишенбей, өз каалоолорун ээрчигендер сени (ыймандан) тоспосун. Анда жок болосуң[9]!».
17.            «Эй, Муса! Оң колуңдагы эмне?»
18.            Муса айтты: «Бул – тайагым. Ага тайанамын. Аны менен койлорума жалбырак кагып беремин жана анын мындан башка да пайдалары бар».
19.            «Эй, Муса! Аны ташта!»
20.            (Муса) аны таштады. Ошондо ал жылан болуп сойлоп жөнөдү.
21.            «Аны  карма. Коркпо! Оболку абалына кайтарабыз!»  – деди.
22.            Ал айтты: «Колуңду койнуңа кат. Оорусуз, аппак болуп башка[10] керемет болуп чыксын»
23.            Бул сага чоң кереметтерибизди көрсөтүү үчүн (жасалды).
24.            «Фараонго бар! Ал чектен ашкан (бузуку)», – дедик.
25.            «Эгем! Көөдөнүмдү ача көр[11]!
26.            Ишимди жеңил кыл.
27.            Тилимдин түйүнүн чеч,
28.            алар сөзүмдү түшүнүүсү үчүн.
29.            Менин үй бүлөмдөн бирөөнү мага жардамчы кыл,
30.            бир тууганым Харунду.
31.            Ал аркылуу мени кубатту кыл.
32.            Аны иштериме шериктеш кыл,
33.            биз Сени ар дайым аруулашыбыз үчүн;
34.            Сени көп эстөөбүз үчүн[12].
35.            Чындыгында, Сен бизди Көрүүчүсүң»,– деди.
36.            (Алла): «Эй, Муса! Тилегиң сага берилди!
37.            Чындыгында, сага мурда да бир жакшылык кылганбыз (жана ал мындайча болгон):
38.            Ошондо сенин апаңдын дилине (тиешелүү) нерсени[13] салган элек.
39.            Аны[14] сандыкка салып, дарыйага ташта. Дарыйа аны кургакка чыгарсын. Аны ага да, мага да душман болгон бирөө таап алсын»,– дегенбиз[15]. (Алла): «Эй, Муса! Сага Биздин көз алдыбызда торолушуң үчүн Өзүм тараптан сүйкүмдүүлүк тартууладым[16].
40.            Ошондо эжең (сени таап алган Фараонго)  барып: «Силерге ага кепил боло турган бирөөнү көрсөтөйүнбү?» деди. Ошондо апаңдын көзүн кубантуу[17] жана аны кайгыртпоо үчүн сени апаңа кайтардык. Андан кийин бир адам өлтүрдүң[18]. Ал кайгыдан да куткарып, сыноолор менен сынаган элек. Ошентип узак жылдар Мадйан элинде жашадың[19]. Анан илимдүү болуп кайтып келдиң, эй, Муса!
41.            Мен сени Өзүм тандап алдым[20].
42.            Сен бир тууганың Харун экөөң, кереметтеримди алгыла (да Фараонго жөнөгүлө). Мени эстөөдө кемчилик кетирбегиле.
43.             Экөөң Фараонго баргыла, анткени ал чектен чыккан.
44.            Ага жумшак сүйлөгүлө. Балким ал насаатты угаар же (тозоктон) коркоор[21].
45.            (Муса менен Харун): «О Эгебиз! Анын бизге жамандык кылуусунан жана чектен чыгуусунан коркобуз»,–дешти.
46.            (Алла): «Коркпогула! Мен силер менен биргемин. Угуп да, көрүп да турамын»,–деди.
47.            «Экөөң барып: Биз Эгебиз сага жиберген элчибиз. Эми Исраил урпактарын биз менен чогуу жибер[22]. Эми аларды кыйнаба. Сага Эгеңдин кереметтери менен келдик. Тынчтык-амандык – Туура Жолдогуларга (буйрулган).
48.            Бизди жалганчыга чыгарып, жүз үйрүгөндөргө азап боло турганы кабар кылынды»,– дегиле.
49.            (Фараон): «Эй, Муса! Силердин Эгеңер ким?», – деди.
50.            «Эгебиз – бардык заттарга келбет-турпат берип, анан аларды туура жолго салган», деди.
51.            «Андай болсо, мурунку доордогулардын жагдайы кандай (болгон)?»
52.            «Алар тууралуу маалыматтар Эгемдин алдындагы Китепте[23] бар. Эгем жаңылбайт да, унутпайт», деди.
53.            Алла – жерди силер үчүн бешик кылып, анда силер үчүн жолдорду пайда кылып, асмандан жамгыр жаадырат. Ал[24] суу аркылуу түрдүү өсүмдүктөрдөн жуп-жубу менен чыгарды.
54.              Жегиле жана малдарыңарды жайгыла. Чындыгында, акыл ээлери үчүн мында өрнөк бар.
55.              Андан (топурактан) силерди жараттык. Ага  кайтарабыз да, экинчи ирет андан кайра чыгарабыз.
56.             Чындыгында, Фараонго бардык белгилерди[25] көрсөттүк. Бирок ал жалганга чыгарып,  баш тартты.
57.            (Ал): «Эй Муса, сыйкырың менен бизди жерибизден чыгаруу үчүн келдиңби?
58.            Чындыгында биз да сеникиндей сыйкырларды көрсөтө алабыз. Ошондуктан ортобузда бир жерди убада кыл. Биз да, сен да айныбай турган ортодогу (ыңгайлуу) бир орун болсун»,–деди.
59.            (Муса): «Убадалашкан учурубуз – майрам күнү эл жыйналган шашке убактысы болсун», деди.
60.            Ошондо Фараон кайтып кетти да, (белгиленген майрам күнү) өз сыйкырчыларын жыйнап келди.
61.            (Муса) аларга: «Азапка түшкүрлөр! Аллага жалган жалаа жаппагыла. Болбосо силерди азап менен жок кылат. Чындыгында, ким жалаа жапса, ал толук зыйанга учурайт»,–деди.
62.            Алар[26] өз ара тартышып, жашыруун кеңешишти.
63.            Алар: «Бул экөөсү[27] – сыйкырчылар.  Сыйкырлары аркылуу силерди журтуңардан чыгарат, ыйык диниңерди жок кылууну каалашат»,–дешти.
64.            (Фараон): «Ошондуктан бардык сыйкырларыңарды жыйнап, катарыңар менен келгиле. Чындыгында, бүгүн ким үстөм болсо, ошол ийгиликке жетет!», деди.
65.            Алар: «Эй, Муса!  Тайагыңды (жерге) ташта, болбосо оболу биз таштайлы», – дешти.
66.            (Муса): “Жок, силер таштагыла!”,–деди. Ошол замат алар таштаган жиптери менен тайактары сыйкырлангандыктан, Мусага карай (сойлоп) келе жаткан жылан болуп элестеди.
67.            Ошондо Муса көөдөнүндө бир кооптонууну сезди.
68.            (Биз): “Коркпо! Сен үстөмдүк кыласың!”,–дедик.
69.            “Оң колуңдагыны (тайакты) ташта! Алардын жасагандарын жутуп алат. Алардын жасаганы, чындыгында, сыйкырчынын гана айла-амалдары.  А сыйкырчы кайака барбасын (Алладан) кутула албайт!”, – дедик.
70.            Ошондо бардык сыйкырчылар сеждеге жыгылышып: “Муса менен Харундун Эгесине ыйман келтирдик”,–дешти.
71.            (Фараон сыйкырчыларга): “Мен силерге уруксат берүүдөн мурун (Аллага) ыйман келтирдиңерби?! Чындыгында, ал (Муса)– силерге сыйкыр үйрөткөн чоңуңар экен. Эми, албетте, колуңарды да, буттарыңарды да кайчылаштыра кесемин. Анан силерди курма дарактарынын бутактарына асамын. Ошондо кимибиздин азабыбыз катуу да, туруктуу да экенин билесиңер”,–деди.
72.            Алар: “Бизге келген далилдерден (кереметтерден) улам бизди Жаратуучудан[28] сени артык көрө албайбыз. Эмне өкүм бере турган болсоң, дароо бер. Албетте, сен ушул (убактылуу) дүйнөдө гана өкүм жүргүзө аласың.
73.            Чындыгында, биз кетирген каталарыбызды жана сен бизди жасоого зордогон сыйкырларыбызды кечирүүсү үчүн Эгебизге[29] ыйман келтирдик. Анткени, Алла – Эң Мыкты, Кечиримдүү!
74.            Ким Эгебизге күнөөкөр абалда келсе, албетте, ал үчүн Тозок бар. Ал жерде ал жашай да, өлө да албайт.
75.            Ким Ага ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган[30] абалда келген болсо,  мына ошолорго жогорку даражалар бар:
76.            Алдынан дарыйалар агып турган Адн[31] бактары (ошолор үчүн). Алар ал жерде түбөлүккө калышат. Бул – тазалангандын сыйлыгы.
77.             (Биз Мусага): “Пенделеримди[32]  түндөсү алып чыгып кет. Аларга деңизден кургак жол жаса. Алардын[33] кууп жетишинен (жана чөгүп кетүүдөн да) коркпо!”,–деген кабар жибердик.
78.            Ошондо аларды кууган Фараон менен анын аскерлерин деңиз каптады (чөктүрдү).
79.            Фараон өз элин адаштырып, туура жолго салбаган эле.
80.            Эй, Исраил урпактары! Силерди душмандарыңардан куткарып, Тур тоосунун оң жагын силерге убада кылдык. [34]Силерге ”манна[35]”, “салваа[36]” аттуу тамактарды (асмандан) түшүргөнбүз.
81.            Биз силерге берген таза ырыскыдан (гана) жегиле. Мында чектен чыкпагыла. (Антсеңер) силерге каарым жетет. Кимге каарым жетсе, албетте, ал тозокко түшөт.
82.            Анткени, мен ким тообо кылып, ыйман келтирип, туура жолдо[37] жүрсө, албетте, аны кечиремин.
83.            [38] “Эй, Муса! Сени коомуңдан эмне шаштырды?[39]”,– дедик.
84.            “Оо Эгем, алар менин артымдан (сайа түшкөндүктөн),  сенин ыраазылыгың үчүн Сага шашылдым”, – деди[40].
85.            (Алла): “Чындыгында, Биз, сенден кийин[41] элиңди сынадык. Ошентип, аларды Саамирий жолдон чыгарды”, – деди.
86.            Ошондо Муса ачууланып, кейиген абалда элине кайтты да: “Эй, элим! Эгеңер[42]  силерге жакшы[43] убада кылбады беле? Силерге убада узак сезилдиби[44]?  Же силерге Эгеңердин каарынын келишин каалап, мага берген убададан айныдыңарбы?”,–деди.
87.            Алар: “Убададан өз эркибиз менен эле айнып кеткен жокпуз. Бизге ал элдин[45] сандыктары[46] артылган болчу[47]. Ошолордуотко салдык[48]. Саамирий да отко салды[49]”,–дешти.
88.            Ошондо Саамирийй  [50]мөөрөй алган  музоонун денесин жасап, алар[51] болсо: “Силердин да, Мусанын да кудайы ушул болчу. Ал (аны) унутуп калган”,– дешти.
89.            Алар өздөрүнө анын жооп кайтара албагандыгын, ошондой эле аларга пайда да, зыйан да алып келүүгө кудуретсиз экенин көрүшпөйбү?
90.            Ырасында мурун Харун да аларга: “Эй, элим!  Чындыгында силер ушул (музоо) аркылуу сыналдыңар[52]. Албетте, Эгеңер Ырайымдуу. Ошондуктан мени ээрчип, буйругума баш ийгиле” – деген болчу.
91.            Алар: “Муса бизге кайтканга чейин, буга[53] сыйынууну токтотпойбуз”, –дешти.
92.            (Муса): “Эй, Харун! Булардын адашканын көргөндө артымдан келүүңдөн (сени) тоскон эмне?
93.            Же менин буйругума  каршы чыктыңбы?”,–деди.
94.            (Харун): “Эй, энемдин уулу!  Булар менин сакалым менен чачымдан кармап калышты[54]. Исраил урпактарынын мамилесин ыдыраттың,  сөзүмдү сактабадың[55]”,– дешиңден корктум”,–деди.
95.            (Муса): “Эй, Саамирий! Же бул сенин кылганыңбы?[56]”,–деди.
96.            (Саамирий): “(Мен) алар көрбөгөн бир нерсени көрдүм[57]. Элчинин[58] изинен бир ууч топурак алып, (музоонун) ичине салдым. Аны мага өз каалоом жагымдуу кылып көрсөттү”,–деди.
97.            (Муса): “Эми сен өмүр бойу: “Кеткиле. Мага жолобогула!”– деп жүрүп өтөсүң. Сага мындан тышкары да эч качан өзгөртүлбөй турган дагы бир жаза бар. Сенин берилип сыйынган кудайыңды карачы[59]. Аны биз өрттөп,   (күлүн) дарыйага ыргытып жиберебиз.
98.            Кудайыңар – бир гана  Алла! Андан башка кудай[60] жок! Анын илими бардык нерсени камтыйт”,–деди.
99.            [61]Ошентип, сага кээ бир болуп өткөн окуйаларды байан кылабыз. Сага Өз алдыбыздан эскертмени (Куранды) жибердик.
100.       Ким Курандан жүз үйрүсө, ал Кыйамат Күнү, албетте,  күнөөсүн өзү көтөрөт[62].
101.       Алар ал жерде түбөлүк калышат. Алар үчүн Кыйамат Күнү кандай оор жүк (бар).
102.       Сурнай тартылган Күнү көнөөкөрлөрдү (көздөрү) көгөргөн[63] абалда жыйнайбыз.
103.       Алар өз ара: “Дүйнөдө он эле күн жашадык”,–деп шыбырашат.
104.       Алардын айткандарын (Биз) жакшы билебиз. Алардын эң туура сүйлөгөндөрү: “Силер дүйнөдө бир гана күн жашадыңар”, – дейт.
105.       [64]Алар сенден тоолор тууралуу[65] сурашат. Ошондо аларга: “Эгем тоолорду тозоң кылып учуруп жиберет” – деп айткын.
106.       Аларды (тоолорду) жыпжылаңач[66], тептегиз жайыкка айлантабыз.
107.       Сен  ошондо эч бир ойдуң да,  дөңсөө да таппай каласың.
108.       Алар Кыйамат Күнү чакыруучуга эч бурулбастан ээрчишет.  Анткени Мээримдүүнүн[67] алдында үн чыкпай калат. Кадамдардын добушунан башка эч нерсе укпайсың.
109.       Ал күнү Мээримдүү уруксат берген жана Анын сөзүнө ыраазы болгондордон, жактыргандардан башкалардын колдоо көрсөтүүсү[68]  эч пайда бербейт.
110.       Анткени Алла алардын алдыларындагыны да, артындагыларды да билип турат! А алар болсо Аны[69] (эч качан) толук биле алышпайт.
111.       Бардык баштар Тирүү жана Түбөлүктүүнүн алдында ийилет. (Ошондуктан) ким зулумдук кылган болсо, ал[70] кор болот.
112.       Ал эми ким ыйман келтирген бойунча жакшы иштерди жасаган болсо, ошондо ал жамандыктарынын артышынан, жакшылыктарынын кемишинен коркпойт.
113.       Ошентип, Куранды араб тилинде түшүрүп, анын ичинде түрдүү эскертүүлөрдү байандадык. Мүмкүн алар такыба болушаар. Балким аларга[71] эскертүү пайда берээр.
114.       Чындыгында Чыныгы Падыша Алла – бардык нерседен жогору. Сага айтылган айан-кабардын бүтүшүнөн мурун Куранды окууга ашыкпай: “Оо, Эгем! Илимимди арттыр!”, – дегин.
115.       Чындыгында,  мурда Адамга да өкүм жиберген элек[72]. Бирок, ал (аны) унутту. Биз анын сабырдуулугун[73] таба албадык.
116.       Ошондо периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!”, – дедик. Алар сежде кылышты. Бирок Ибилис[74] сежде кылуудан баш тартты.
117.       Адамга: “Чындыгында, ушул (шайтан) сага да, жубайыңа да душман. Экөөңдү  Бейиштен чыгарып жибербесин. Андай болсо[75] бактысыз болуп каласыңар”,– дедик.
118.       Албетте, Бейиште ач-жылаңач калбайсыңар.
119.       Бул жерде суусоонун азабын тартпайсыңар жана  шашкедеги[76] күндүн ысыгы өтпөйт.
120.       Акыры аны шайтан азгырып: “Эй, Адам! Түбөлүктүүлүктүн дарагын жана түгөнбөй турган жыргалды[77] көрсөтөйүнбү?”,–деди.
121.       Ошондо алар экөө андан[78] жешти да, дароо уйаттуу жерлери көрүнүп калды. Ошондуктан экөө Бейиштин жалбырактарынан жамына башташты. Ошентип, Адам Эгесине күнөөкөр болуп, жолдон тайды.
122.       Андан кийин Эгеси аны Өзүнө жакындатып, тообосун кабыл кылып, Туура Жолго салды.
123.       Бир-бириңе душман болгон бойунча (Бейиштен) баарыңар түшкүлө. Эгер экөөңө[79]  Мен тараптан бир тууралык келип, ким туура жолума түшсө, ошондо ал адашпайт да, бактысыз да болбойт.
124.       Ал эми ким Менин эскертүүмдөн[80] баш тартса, анда, ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды[81] Кыйаматта сокур кейипте жыйнайбыз.
125.       Ал: “О Эгем! Мени эмнеге сокур кылып тирилттиң? Чындыгында, мен (дүйнөдө) көрчү эмес белем?”,–дейт.
126.       (Алла): “Мына ушундай. Анткени сага айаттарыбыз келген эле. Ошондо сен аларды[82] унуткансың[83]. Ошол сыйактуу, бүгүн сен да унутта каласың”,– деп айтат.
127.       Чектен чыгып, Эгеңдин [84]айаттарына ыйман келтирбеген адамды да ушундай жазалайбыз. Албетте, акырет азабы ары катуу, ары түбөлүктүү.
128.       Аларды өз журттарында мурда болуп өткөн өздөрүнөн мурункулардын (кайгылуу) өрнөктөрү Жолго салбадыбы? Чындыгында  эле мына ушуларда[85] акыл ээлери үчүн сабактар бар.
129.       Эгер Эгең тарабынан берилген убада, же белгиленген мөөнөт болбогондо, албетте, анда алардын иштери бүткөн болот эле[86].
130.       Ошондуктан алардын[87] айткандарына сабыр кыл. Күндүн чыгышынан жана Күндүн батышынан мурун Эгеңди макта, (Аны) аруула! Кечки убактарда жана  күндүздүн эки тарабында да[88] (Эгеңди) аруула. Балким, ыраазылыкка бөлөнөөрсүң.
131.       Биз алардын кээ бирөөнө сыноо үчүн берген жыргал дүйнө жашоосуна суктанба. Эгеңдин[89] берүүчү ырыскысы – эң мыкты, түбөлүктүү.
132.       /й-бүлөңдү намазга буйруп, ага[90] сабыр кыл. Биз сенден ырыскы сурабайбыз. Сага Биз ырыскы беребиз. Жакшы акыбет – такыбаларга.
133.       Алар: “Эгесинен бир керемет келтирбейби?”, – деп айтышат.  Аларга мурунку китептерде даана далилдер келбеди беле?
134.       Эгер биз аларды андан мурда бир азап менен ойрон кылсак, анда алар: “(Эгебиз) бизге бир элчи жиберген болсо, кор болуп жана шорго малынуудан мурун Анын айаттарына ээрчимекпиз”, – дешчү.
135.       ( Эй, Мухаммед!) Аларга: “Баарыбыз[91] айагын[92] күтөбүз. Силер да күткүлө.  Жакында[93] кимдер туура жолдун ээси экени, ким туура жолду тапкандыгын билесиңер”, – деп айткын.



[1] («То» ,«ха» – араб алфавитиндеги тамгалардан. Бул жерде алар кандай мааниге ээ экени бир гана Алла Тааланын өзүнө гана малым
[2] Мааниси бир гана Аллага малым
3  Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тафсир Ал-Жалалайн). Ээлик кылды (Тафсир Ал-Насафий). Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тайсиир Ал-Карим Ал-Рахман фии тафсиири Калам Ал-Маннаан). Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…эч бир окшоштуруусуз Жана салыштыруусуз (Сафват-Тафаасиир)

[4] Аллага
[5] Ачык айтып билдир
[6] Мухаммед (а.с.) кайрылуу
[7] Бул жерде Муса (а.с.) жубайы менен Мадйандан Мисирге - атасына жолугуу үчүн баратып, кыштын караңгы түнүндө Тур өрөөнүнө жеткенде бир жагынан айалы толготуп, экинчи жагынан жолдон адашып, бороондо койлору жоголуп кеткени тууралуу кеп болууда
[8] Кыска жыгачтын башына майлуу пахта оролуп, жарык кылуу үчүн жагылуучу шам
[9] Кыйаматтын болоруна ишенбесең, анда…
[10]  Экинчи
[11] Дилимди ыйманга
[12] Аруулайбыз, даңктайбыз…
[13] Сени Алла өлүмдөн сактап калаарын, коркпосон Алланы буйруктарын аткара берүүсүн
[14] Жаңы төрөлгөн Мусаны
[15] Мусаны жөөткөргө абдан өч Фараондун айалы таап алып, бала кылып багып алышат. Ошол тууралуу айтылууда.
[16] Алла Таала Мусаны наристе кезинде ушунчалык сүйкүмдүү кылып койгон,  жөөт наристелердин баарын өлтүрүүнү  буйруган Фараондун өзү да аны өлтүрүүгө көзү кыйган эмес.
[17] Апаңдын сени эстеп кайгырып,, ыйлай берип ысык жаштан шишиген көзүн ыйдан сактоо үчүн
[18] Муса жигит кезинде бир жердешин токмоктоп жаткан гректи тыйам деп атып, капилеттен өлтүрүп алат
[19] Адам өлтүрүп койгон соң, кугунтуктан качып  Мисирден чыгып кетип, Мадйан элинде Шуайп пайгамбардын малын багып, кызына үйлөнүп, ошол жакта сегиз жыл жашайт
[20] Пайгамбар кылууну чечтим
[21] Акыры ыйманга келээр
[22] Эркиндике чыгар
[23] Лавхул Махфуз
[24] Алла
[25] кереметтерди
[26] Фараондор
[27] Муса менен Харун
[28] Алладан
[29] Аллага
[30] жүрүп Анын алдына
[31] Бейиштин аты
[32] Исраил урпактарын
[33] Фараондун аскерлеринин
[34] Чөлдө калган кезиңерде
[35] Асмандан Алла тарабынан түшүрүлгөн тамак
[36] канаттуу
[37] Ислам дининин ичинде
[38] Муса өз коомунан 70 кишини шайлап алып, Тур тоосуна сапар тартканда түшкөн айат:
[39] Алардан озуп кетүүгө, шашылууга түрттү?
[40] Мусанын сөзү
[41] Сен Тур тоосунда 40 күн калган кезде
[42] Алла Таала
[43] Бейишти
[44] Бейишке алып баруучу жол
[45] Мисирлик гректердин
[46] Кооздук, зер буйумдары
[47] Алтын-күмүш салынган сандыктан алып  чыгып кеткен элек
[48] Алтын-күмүштөрдү отко ээритип, алардын куймасынан  буд-кудай жасоону чечтик
[49] Уста Самри ошол алтын торпокту жасап, бизге ага сыйынууну үйрөттү
[50] Шамалга тоссо жандуу сыйактуу
[51] Иудейлер (жөөттөр)
[52] Кээ бирөөңөр ыймандан ажырап калдыңар
[53] Жандуудай сезилген алтын-торпок буйумга
[54] Жибербей, койо бербей койушту
[55] аткарбадың
[56] «Деги сенин каалаганың (талабың)  эмне?» деген мааниде
[57] Жебреил периштенин изин көрүп калдым да
[58] Жебрейил (а.с.)дын
[59] Ушул жансыз торпок кантип кудай боло алсын?!
[60] кудай
[61] Мухаммед (а.с.) га кайрылуу
[62] күнөөсү өзүнө оор жүк болуп, үстүнөн басып, ныгырып турат
[63] жүздөрү түнөргөн, көздөрү  көгөргөн (жагымсыз)...
[64] Мухаммед (а.с.) га кайрылуу
[65] Кыйамат Күнү тоолордун эмне болорун
[66] Какырап, эч бир бир өсүмдүк өспөгөн
[67] Алла Тааланын
[68] Шапааты, ортомчулугу, арага түшүүсү
[69] Алланы, Анын сырларын, сыпат-касиеттерин ...
[70] Дүйнөдө да, акыретте да, Алланын алдында да
[71] Курандагы эскертүү-үгүттөр, насаат-нускалар...
[72] Насаат кылган элек
[73] этийаттуулугун
[74] Шайтандардын атасы
[75] Бейиштен кууп, жерде жашоо үчүн түшүрүп койсок, ал жерде абдан көп
[76] Тагыраагы чак түштөгү
[77] Байлыкты
[78] Алла жешке тыйуу салган дарактын жемишинен
[79] Адам Ата менен Обо Энеге
[80] Курандан
[81] Алланын сансыз жакшылыктарын көрбөгөн, көргүсү да келбеген, тескерисинче баарын чанып: “Мен бардык ийгиликтерге өзүмдүн акылдуулугумдан жетип жатам!” – деген каапырларды Кыйамат Күнү Махшар майданына
[82] Курандын айаттарын (б.а. аткарган эмессиң, амал кылган эмессиң...)
[83] Чангансың,
[84] Курандагы
[85] Ошол өткөн тарыхта
[86] Анда алардан сурагын Кыйаматка калтырбастан эле күнөө кылары менен дароо жок кылып, кыйратып турмакпыз
[87] Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин
[88] Күнү бойу: Түшкө чейин да, түштөн кийин да
[89] Бейиште
[90] Намазга
[91] Азыр, бул дүйнөдө кылып жаткан амалдарыбыздын
[92] натыйжасын
[93] Кыйамат Күнү

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder