25.02.2014

93 DUHÂ SÛRESİ

93-сүрөЗуха[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.      Шашке маалына ант!
2.      Койуланган түнгө ант!
3.      Сенин Эгең сени таштаган да, сага ачууланган да жок.[2]
4.      Анткени сага Акырет жашоосу дүйнө жашоосунан жакшыраак.
5.      Эгең сага сен ыраазы болгонуңдай (жакшылыктарды) берет.
6.      (Ал) сени жетим кезиңде таап, сага баш баанек жасабады беле?!
7.      Жана да сени (Ал) адашкан абалда таап, туура жолго салбады беле?
8.      (Ал) сени жакыр кезиңде таап, сени байытпады беле.
9.      Демек, сен жетимге каарданба! 
10.         Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!
11.         Жана да Эгеңдин жакшылыгын кабарла![3]





[1] Зуха – шашке маалы.
[2] Жараткандын айаны Мухаммед (а.с.)га он беш күн келбей, кечиккенде мушриктер: “Мухаммедге Эгеси ачууланып, таштап салды”, – дегенде түшкөн (Тафсир Ал-Жалалайн).      
[3] Сага берген жакшылыктарын. Мисалы: Пайгамбарлык ж.б.у.с.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder