25.02.2014

52 TÛR SÛRESİ

52- сүрө «Тур[1]»

Меккеде түшүрүлгөн. Кырк тогуз айаттан турат.

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.  Тур тоосуна ант!
2.  Жана жазылган Китепке ант!
3.  Териге жазылганга[2] ант!
4.  Тургузулган үйгө[3] ант!
5.  Көтөрүлгөн шыпка[4] ант!.
6.  Жагылган деңизге[5] ант!
7.  Чындыгында Эгеңдин азабы орундалат.
8.   Аны токтотуучу (күч) жок!
9.   Ал Күнү[6] асман катуу силкинет.
10.       Тоолор ордунан жылат[7].
11.       Акыйкатты жалган дегендерге[8] ал Күнү азап (болсун)!
12.       Алар бузуктукка чумкуп, ойун[9] кылышкан.
13.       Ал Күнү алар Тозокко айдалышат
14.       “Мына, силер жалган деген От!” (деп айтылат).
15.       Бул силерге сыйкырбы, же көрбөйсүңөрбү[10]?
16.       Тозокко күйгүлө! Чыдасаңар да, чыдабасаңар да – силерге баары бир (эмеспи). Албетте, жасаган иш-амалыңардын жазасын гана тартасыңар!
17.       Чындыгында, такыбалар бакчаларда[11] жана ырахатта (болушат).
18.       (Алар) Эгеси берген жакшылыктын даамын татышат. Аларды Эгеси Тозок отунан сактайт.
19.       Жасаган жакшы амалдарыңар[12] себептүү: «Жегиле жана ичкиле, (тамагыңар) татуу болсун!»
20.       Тизилген мамыктарда жөлөнгөн абалда (олтуруп)». Биз аларды кара көз үр кыздарга  үйлөндүрөбүз.
21.       Ыйман келтиргендердин урпактары да ыйман келтирип, аларды ээрчишсе, аларды ошол урпактарына кошобуз. Биз алардын амалдарын[13] кымындай да азайтпайбыз. Ар ким өзү жасаган иш үчүн күрөөгө койулган.
22.       Биз аларга өздөрү каалагандай жемиш менен этти мол беребиз.
23.       Алар бири-бирине суусундуктарды сунушат. Ал жерде[14] пайдасыз жана күнөөлүү сөз сүйлөнбөйт.
24.       Аларга тизилген бермет сыйактуу жигиттер айланып, кызмат кылышат.
25.       Алар бетме-бет (олтуруп) бири-биринен сурашат:
26.       «Чындыгында, биз мурда үй бүлөлөрүбүз менен чогуу коркчу элек[15],
27.       Ошондуктан Алла бизди ийгиликке жеткирип, заардуу азаптан сактады.
28.       Биз мурда ага жалбарчу элек. Анткени Ал[16] – Жакшылык кылуучу, Ырайымдуу» .
29.       Ошондуктан эскерт[17]. (Анткени) сен[18], Алланын жакшылыгы менен көзү ачык да, жинди да эмессиң[19].
30.       Же алар: «Ал – бир акын. Ошондуктан ага жаман учурдун келишин күтө туралы[20]!» - дешет.
31.       Айткын: «Күтө бергиле! Мен да силер менен бирге күтөмүн!»
32.       Аларды акылы ушул нерсеге буйруп жатабы, же алар чектен ашкан коомбу?
33.       Же алар: «Аны[21] өзү ойлоп тапкан» – дешеби? Жок! Алар[22]  ишенишпейт[23]!
34.       Эгер алар чындыкты айтып жатышса, ушуга окшош Сөз[24] жаратышсын[25]!
35.       Алар[26] Жаратуучусуз[27] жаралышканбы, же өздөрү Жаратуучубу?!
36.       Асмандар менен жерди эмне, алар жаратышканбы?! Жок! Алар[28]  ишенишпейт[29]!
37.       Же Эгеңдин казыналары алардын карамагындабы? Же  алар өкүмдарбы?!
38.       Же аларда чыгып тыңшоочу[30] шатылары барбы? Андай болсо, алардын тыңшоочулары анык[31] далил келтиришсин!
39.       Же кыздар Аныкы[32], уулдар – силердикиби[33]?
40.       Же алардан сен акы сурап жатасыңбы? Анан аларга акы төлөө оор келдиби?!
41.       Же алардын кайыптан маалыматы бар болуп, алар ошону жазып жатышабы?
42.       Же алар митайым-куулук кылууну каалашабы? Каапырлар өздөрү – алданып калуучулар.
43.       Же алардын Алладан башка кудайы барбы?! Алла алар ойлоп тапкан шериктерден Аруу, Таза.
44.       Эгер асмандын бир бөлүгүнүн кулап баратканын көрүшкөн болсо: «Бул – булуттардын үймөгү» , – деп айтышмак.
45.       Алар өздөрү кыйрай турган Кыйамат Күнүнө жолукканга чейин жөн жайына кой.
46.       Кыйамат Күнү аларга куулугу эч кандай жардам да бербейт. Аларга жардам да берилбейт.
47.       Зулумдук кылгандарга[34] мындан да башка азап (бар). Бирок алардын көбү билишпейт[35].
48.       Эгеңдин өкүмүнө сабыр кыл. Анткени сен Биздин көз алдыбыздасың. Турган[36] учуруңда Эгеңди мактоо менен аруула!
49.       Аны[37] түндүн бир бөлүгүндө жана жылдыздардын артынан[38] да аруула!




[1] Тур – Тур тоосу
[2] Куранга, Тооратка
[3] Асмандагы  Кааба
[4] асманга
[5] Таквиир сүрөсүнүн 6-айатын караңыз
[6] Кыйамат Күнү
[7] козголот
[8] каапырларга
[9] Ыйык Китепти – Куранды өздөрү түшүнбөй туруп, түшүнгөндөй түр менен, билип-билбей сөз б.а. эрмек кылышат.
[10] болуп жаткан окуйанын түпкү маңызын
[11] Бейиште
[12] Дүйнөдөгү
[13] соопторун
[14] Бейиште
[15] күнөө кылуудан
[16] Алла
[17] Эй, Мухаммед! Адамдардын баарына, Бейиш, Тозок тууралуу айт, эскерт, түшүндүр, жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар!
[18] Эй, Мухаммед!
[19] Айрым каапыр жана мушрик курайшиттер пайгамбарыбызды (а.с) «көзү ачык», «жинди» деп шылдыңдашкан. Бул айат болсо ошол караңгы каапыр-мушриктерге Алланын жообу.
[20] Каапырлар: «Акыры бир күн пайгамбардын акындыгы билинип, уйат болот» , – деп арам ойго алдырышкан.
[21] Куранды
[22] каапырлар
[23] Аллага, Куранга, пайгамбарга ыйман келтире алышпайт. Анткени Биз алардын жүрөгүнө мөөр басып койгонбуз.
[24] Куранга теңдеш келе турган Китеп тууралуу  сөз болууда
[25] алып келип көрсөтүшсүн
[26] каапырлар
[27] өзүнөн-өзү эле, Жаратуучусу жок эле
[28] каапырлар
[29] Аллага, Куранга, пайгамбарга ыйман келтире алышпайт. Анткени Биз алардын жүрөгүнө мөөр басып койгонбуз.
[30] Алланын алдындагы сырларды
[31] Куран сыйактуу
[32] Алланын
[33] Мушрик арабдар: «Кудайдын кыздары» , - деп периштелерди аташкан
[34] Каапырларга, мушриктерге, мунафыктарга …
[35] алдыда азап күтүп турганын
[36] Бул сөз эки мааниге ээ: 1) уйкудан турган кезде, 2) намазга турган учурда
[37] Алла Тааланы
[38] жылдыздар тарай баштаган тахажжут намазы учурунда (намаз, Куран, зикр аркылуу)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder