25.02.2014

51 ZÂRİYÂT SÛRESİ

51- сүрө «Заарийат[1]»

Меккеде түшүрүлгөн. Алтымыш айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Уйулгутуучуга[2] ант! 
2.    Жүктү көтөргөндөргө[3] ант!
3.    Жеңил сүзүп бараткан кемелерге ант!
4.    Ишти бөлүштүрүүчүгө[4] ант!
5.    Силерге убада кылынгандар[5] – албетте чындык.
6.    Акыйкатта, Кыйамат Күн болоору анык.
7.    Жолдордун[6] ээси болгон асманга ант!
8.    Албетте силер түрдүү сөздөрдүн ичиндесиңер.
9.    Андан[7] кайтарылган адам гана кайтат.
10.     Жалганчыларга өлүм болсун!
11.     Алар наадандык, адашуу ириминде (айлампасында) агышат.
12.     (Алар): “Кыйамат Күн качан болот?” – деп сурашат.
13.     Алар (качан) отто азапталганда (болот).
14.     “Таткыла азабыңарды! Бул силер тезинен жетүүнү каалаган –шаштырган нерсе (болучу).”
15.     Акыйкатта, такыбалар булактарда жана бактарда болот.
16.     Алар мурунку жакшы иштери үчүн өз Эгесинен сыйлык алышат. Анткени алар мындан мурда жакшы иштерди жасоочу болушкан.
17.     Алар түндө  аз убакыт гана укташкан.[8]
18.     Таң эрте менен (Алладан) кечирим сурашкан.
19.     (Алардын) байлыгында тилемчилерге жана (андан) кур калгандарга[9] акы болгон.[10]
20.     Айкын ишенгендер үчүн Жер үстүндө белгилер бар.
21.     Жана силердин өзүңөрдө[11] да бар, аны карап көрбөйсүңөрбү?
22.     Асманда силердин ырыскыңар[12] жана силерге убада кылынып жаткан нерсе бар.
23.     Андыктан Асман менен Жердин Эгесине ант; акыйкат – ал силер сүйлөшүп жатканыңардай чын.
24.     Ибрахимдин[13] сыйлуу коноктору жөнүндө[14] сага кабар келдиби?
25.     Алар Ибрахимге киришкенде: “Тынчтык болсун!”[15] – дешти.  Ал (Ибрахим да): “Чоочун элге тынчтык болсун”, – деди.
26.     Ал айалына чыкты да, музоонун бышырылган этин алып келди.
27.     Аларга жакын койуп: “Жебейсиңерби?” – деди[16]
28.     жана алардан чоочуркап турду. “Коркпогун!” – дешти алар жана ага илимдүү уулдуу болорун сүйүнчүлөштү.
29.     Ошондо анын айалы кыйкырып өз бетине уруп: “Мен төрөбөс карыган айалмын”, – деди.
30.     Алар (периштелер): “Сенин Эгең ушундай деди”, – дешти. Акыйкатта, Ал Даанышман, Билүүчү.

Жыйырма жетинчи бөлүм
31.     Ибрахим: “Силердин келген максатыңар эмне, эй, элчилер?” – деп сурады.
32.     “Биз бузулган коомго[17] анык жөнөтүлгөнбүз”, – дешти алар,
33.     “чоподон болгон таштарды аларга жөнөтүүбүз үчүн”,
34.     “(ал таштар) чектен чыккандарды жазалоо үчүн белгиленген[18]”,
35.     Анан Биз ал жерде[19] болгон ыймандуулардын баарын чыгарып жибердик.
36.     Бирок, Биз ал жерден[20], мусулмандардан, бир үйдөн башка үй таппадык[21]
37.     жана Биз ал жерге Кудайдын катуу азабынан коркуучулар үчүн белгилерди таштадык.[22]
38.     Мусада да; Качан Биз аны Фараонго[23] ачык далил менен жөнөткөнүбүздө...
39.     Ал (Фараон) аскери менен кошо баш тартты (жүз үйүрдү). Анан “Сыйкырчы, же жинди”, – деди[24].
40.     Ошондо Биз анын өзү менен аскерлерин алдык да, деңиздин[25] түбүнө таштадык. Жана ал жемеленүүгө ылайыктуу.
41.     Аад (коомун жок кылууда) да. Качан Биз кыйраткыч бороонду жөнөткөнүбүздө,
42.     ал өзү өткөн жерлерде чириген күлдөн башка эч нерсе калтырбады.[26]
43.     Самуд (коомунда) да аларга: “Белгилүү убакытка чейин жыргай тургула”, – делинди.[27]
44.     Бирок алар Өз Эгесинин буйругуна текеберденишти. Ошентип, аларды карап турган мезгилде катуу чагылган алды (урду).
45.     Алар тура албай калышты[28] жана жардамчы да таба албады.
46.     Аларга чейин Биз Нухтун коомун жок кылдык. Анткени алар бузулган коом эле.[29]
47.     Биз Асманды өзүбүздүн кубатыбыз менен көтөрдүк[30] жана Биз аны кеңейтүүчүбүз[31]
48.     жана Биз Жерди төшөп койдук. (Биз) төшөгөнүбүз кандай сонун!
49.     Бардык нерселерди Биз жуп кылып жараттык.[32] Мүмкүн силер эскерме (насаат) – аларсыңар.
50.     Аллага гана шашылгыла. Анткени мен силер үчүн Андан (келген) тек гана ачык эскертүүчүмүн.
51.     Алла менен бирге башка бир да “кудайга” табынбагыла. Мен Андан силер үчүн ачык эскертүүчүмүн.
52.     Алардан мурунку өткөндөргө да (коомдорго) пайгамбар келсе, аны: “Сыйкырчы, же жинди”, – дешкен.[33]
53.     Алар аны[34] бири-бирине насаат кылышканбы? Жок, алар чектен чыгышкан коом.
54.     Алардан жүз үйрү! Сен алар үчүн жемеге алынбайсың.[35]
55.     Бирок эскерте бергин. Анткени, эскертүү ыймандууларга пайда берет.
56.     Мен жин жана адамдарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым.[36]
57.     Мен алардан (эч кандай) ырыскы да каалабаймын жана алар Мени азыктандыруусун да каалабаймын.[37]
58.     Аныгында Алла – ырыскы Берүүчү жана Ал Күч-кубаттын Ээси.
59.     Акыйкатта заалымдар үчүн өздөрүнүн досторунун азап үлүшүндөй эле азаптан үлүш бар. Алар шашылбай турушсун![38]
60.     Каапыр болгондорго убада кылынып жаткан күнү азап болсун!





[1] Уйулгутуучулар
[2] Шамал; катуу шамал.
[3] Нымдуу, жаандуу булуттар.
[4] Периштелер, шамалдарды айдап, жамгыр жаадыруучу периштелер.
[5] Кыйамат, тирилүү, сыйлык, жаза – Бейиш, Тозок.
[6] Жылдыздардын, планеталардын жана кометалардын орбиталары. Асмандагы бардык нерселердин жолдору бар.
[7] Акыйкаттан, динден.
[8] Түндө туруп сыйынышкан.
[9] Тартынып, уйалып, же башка бир себептер менен сурабаган муктаж адамдар.
[10] Жогоруда аталган муктаж адамдарга соопчулук жардам ьүберишкен.
[11] Адам жаны; тирүүлүк; тирүү жандын өзү керемет айат.
[12] Алланын жаан чачыны жана алардын жер бетиндегилерди өстүрүүсү.
[13] Байыркы пайгамбар, Алланын досу. Өз колу менен сөлөкөттөрдү (идолдорду) талкалаган.
[14] Адам түспөлүндө келген периштелер.
[15] Салам.
[16] Тигилердин жебегенин көргөндөн кийин ушинтти; анткени периштелер жеп-ичпейт.
[17] Луттун коомуна. Ал коомдо бачабаздар жана ыймансыздар болушкан.
[18] - деп айтты периштелер.
[19] Өлүк деңиз өрөөнүндөгү Содом жана Гоморра шаары.
[20] Содом, Гоморрадан.
[21] Луттун үй-бүлөсүн (айалынан башкасын).
[22] Содом менен Гоморраны толук талкалап.
[23] Египеттин падышасына.
[24] Муса жөнүндү ошентти.
[25] Кызыл деңиздин.
[26] Толук кыйратып, жер менен жексен кылды.
[27] Муну, алар кыйроонун алдында аларга Салих пайгамбар айтып эскертти.
[28] Жыгылып, кыйраган бойдон турбай калышты.
[29] Ал коом суу каптоо менен чөктүрүлүп жок кылынган.
[30] Бүткүл аалам мейкиндиги, галактикалар, жылдыздар, планеталар ж. б.
[31] Б.а.: “Ааламды кеңейтүүчүбүз”. Ааламдын токтоосуз түрдө ар дайым жана ар тарапка кеңейип баратканын азыркы илимдер ачык-айкын далилдеди.
[32] Ааламдагы бардык жаратылган нерселердин жуптары бар, ак кара, эркек ургаачы гана эмес, бул электр энергийасы жана атом, анын бөлүкчөлөрүнө да тиешелүү.
[33] Б.а. келген пайгамбарларды ошондой сөздөр менен жамандашкан.
[34] Жинди, жалганчы деп айтууну.
[35] Тилин албай койгон бузулган коом үчүн пайгамбарлар күнөөлүү эмес.
[36] Алла жин жана адамдарды Өзүнө сыйынуу үчүн гана жараткан.
[37] Б.а. Алла эч нерсеге муктаж эмес.
[38] Б.а. “тозокко ансыз да барасыңар”, - деген мааниде.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder