25.02.2014

86 TÂRIK SÛRESİ

86-сүрөТаарик[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он жети айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.      Асманга жана анда жылган таңкы жылдызга ант!
2.      Бул жарык жылдызды сен кайдан билесиң?!
3.      Ал балбылдаган жарык жылдыз.
4.      Жанында (жазып туруучу) көзөмөлдөөчү[2] болбогон бир да жан жок.
5.      Инсан өзүнүн эмнеден жаралганына карап көрсүнчү!
6.      Ал атырылган суудан жаратылган.
7.      Бел жана көкүрөк арасынан чыккан.
8.      Акыйкатта Ал аны[3] өзүнө кайтарып тирилтүүгө кудуреттүү.
9.      Бардык сырлар ачылып сыналган күнү.
10.  Анда[4] күч-кубат да, жардамчы да болбой калганда!
11.  Жаан төккөн асманга ант!
12.  Көөп-жарылган жерге ант!
13.  Акыйкатта, бул ажыратуучу сөз.
14.  Ал эч кандай азил сөз эмес!
15.  Алар амалкөйлүк, куулук кылышат.
16.  Мен да аларга амалкөйлүк көргөзөм.
17.  Каапырларга бир аз мөөнөт бер.[5]





[1] Тарик – таңкы жылдыз.
[2] Периштелер.
[3] Инсанды.
[4] Инсанда.
[5] Күтө тур.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder