25.02.2014

96 ALÂK SÛRESİ

96-сүрө “`Алак[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен,
2.     Инсанды Ал уйуган кандан жараткан.
3.     Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу.
4.     Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн.
5.     (Ал) инсанга анын билбеген нерселерин үйрөткөн.
6.     Оо, жок, аныгы – инсан катуу адашат, чектен ашат.
7.     (Анын чектен ашышы) өзүнүн байыганын көргөн кезде (болот).
8.     Акыйкатта, (эй, инсан) өз Эгеңе кайтып баруу (бар).
9.     Көрбөйсүңбү?! Тыйуу салган кишини. 
10.   (Тыйды ал) намаз окуган пендени[2].
11.   Көрдүңбү? Ал[3] туура жолдо болуп атса,
12.   Же (ал) такыбалыкка[4] буйруп жатса.
13.   Көрбөйсүңбү?! Тигил[5] (тыйуу салуучу) жалганчы деп жатса, жана (ыймандан) баш тартып жатса.
14.   Алла көрүп турганын билбедиби?[6]
15.   Оо, жок! Ант болсун, ал эгерде токтолбосо биз аны көкүлүнөн апчып, сүйрөйбүз. 
16.   Жалганчы жана күнөөкөр көкүлдү.[7]
17.   Ошондо мейли ал[8] өзүнүн тобун чакырсын.
18.   Биз күч-кубаттуу, айбаттуу сакчыларды чакырабыз.
19.   Жок! Ага[9] мойун сунба! (Аллага) сежде кылып[10], (Аллага) жакында.



[1] Алак – уйуган кан.
[2] Мухаммедди.
[3] Мухаммед.
[4] Жараткандан коркууга.
[5] Абу Жахл.
[6] Эми ошонун баарын.
[7] Чапчып сүйрөйбүз.
[8] Каапыр
[9] Каапырга.
[10] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси –  он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder