25.02.2014

57 HADÎD SÛRESİ

57-сүрө «Хадиид[1]»

Мединада түшүрүлгөн. Жыйырма тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Асмандагылар менен жердегилер Алланы  аруулашат[2].               Ал – Ызааттуу жана Даанышман.
2.    Асмандар менен жердин ээлиги Аллага гана таандык. (Ал) тирилтет жана өлтүрөт.  Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
3.    Ал – Оболку жана  Акыркы.  Ал – Сырткы жана Ички.                  Ал – баардык нерсени Билүүчү.
4.    Ал – асмандар менен жерди алты күндө жаратты. Андан кийин Ал Аршка барабарланды[3]. Жерге киргенди, андан чыкканды, асмандан түшкөндү, асманга көтөрүлгөндү (баарын) билет. Ал – кайда болсоңор да силер менен бирге. Алла силердин жасап жаткан ишиңерди[4] Көрүүчү.
5.    Асмандар менен жердин ээлиги Ага таандык. Аллага иштер кайтат.
6.    Түндү күндүзгө аламаштырат, күндүздү түнгө айлантат. Ал – көкүрөктөрдө[5] сакталгандарды Билүүчү. 
7.    Алла менен Анын элчисине ишенгиле жана силерди ээ кылган нерселерден сарптагыла[6]. Силерден ишенгендерге жана сарптагандарга чоң сыйлык (бар).
8.    Силерге эмне болду: Аллага ишенбейсиңер[7]?  Элчи[8] болсо силерди Эгеңерге ыйман келтирүүңөргө үгүттөйт. Албетте силердин убадаңарды алып койгон[9].
9.    Ал силерди караңгылыктан жарыкка чыгаруу үчүн Өз пендесине ачык айаттарды түшүрөт.  Чындыгында Алла силерге Мээримдүү жана Боорукер.
10.      Силерге эмне болду. Алла жолунда сарптабайсыңар[10]? Асмандар менен жердин мураскорулугу  Аллага[11]. Силердин араңардан жеңиштен мурда сарптаган, согушкандар улуу даражага ээ жана алар (жеңиштен) кийин сарптагандар жана согушкандар менен барабар эмес. Баарына Алла жакшылыкты убада кылды, Алла – жасаган амалыңардан Кабардар.
11.     Ким Аллага жакшы[12] карыз берсе, ошого Алла көбөйтөт да, ага улуу сыйлык (берет).
12.     Ал Күнү ыймандуу эркек менен ыймандуу айалдардын нурлары колдорунун алды жактарынан жана оң тараптарынан чуркаганын көрөсүң. Астынан дарыйалар агып турган Бейиштер – силердин бүгүнкү сүйүнчүңөр. Силер анда түбөлүккө (каласыңар). Бул – чоң ийгилик!
13.     Ал күнү эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү айалдар ыйман келтиргендерге: «Бизге карагыла, нуруңардан пайдаланалы», – дешет.  Аларга: «Артыңарга кайткыла, (ошол жактан) нуруңарды издегиле», деп айтылат.  Алардын ортосуна ички тарабы ырайымдуулук, сырткы тарабы азаптан болгон эшиги бар дубал тургузулат.
14.     Тигилер[13]: «Биз силер менен чогуу болчубуз го?»–дешет. Алар[14]: «Ооба, бирок силер өзүңөрдү азапка салдыңар, кетенчиктедиңер, [15]күмөн санадыңар, кыйалдарыңар силерди алдап койду, Алланын буйругу келгенге чейин силерди (куру) үмүттөрүңөр алдады,  Алла тууралуу[16] азгыруучу[17] алдады.
15.     Мына бүгүн силерден жана каапырлардан төлөм[18] алынбайт. Силердин ордуңар – Тозок. Ал – силерге гана ылайык. (Бул) кандай жаман кайгылуу орун!
16.     Ыйман келтиргендердин жүрөктөрү Алланын эскертмеси[19] (үчүн) түшкөн акыйкатына  жибий турган учур келбедиби! Силерден мурдагы китеп берилгендерге  окшобогула. Убакыттын көп өтүүсү менен алардын жүрөктөрү катып калган жана алардын көбү бузукулар.
17.     Билип койгула: Алла жерди, ал[20] өлгөндөн кийин[21] (кайра) тирилтет[22]. Силер акылыңарга келүүңөр үчүн Биз силерге  айаттарыбызды байандадык[23].
18.     Кайыр-садака берүүчү эркектер менен айалдарга, ошондой эле Аллага жакшы карыз[24] бергендерге, алардын сыйлыктары[25] көбөйтүлүп берилет жана аларга улуу сыйлык (бар).
19.     Алла менен Анын элчисине ыйман келтиргендер[26], алар – чынчылдар жана шейиттер Эгесинин алдында, алардын  сыйлыктары жана нурлары (бирге болот). Ал эми каапырлар менен Биздин айаттарды жалганга чыгаргандар, алар – Тозок ээлери.
20.     Билгиле: Чындыгында (бул) дүйнө – ойун, азгырык, кооздук[27] жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү[28], бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыйактуу. Ал[29] кези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүң, андан кийин кайра топуракка айланат. Акыретте[30] катуу азап  (бузукулар үчүн), ал эми Алланын кечирими жана ыраазылыгы – (момундар үчүн). (Бул) дүйнө жашоосу –  алдамчы ырахат.
21.     Эгеңердин кечиримине жана асман менен жер мейкиндигиндей кеңдиктеги Бейиш үчүн атаандашкыла[31]. (Ал) – Алла менен Анын элчисине  ыйман келтиргендерге  дайардалган. Бул – Алланын каалаганына берүүчү ырайымы. Алла – Улуу Ырайымдын Ээси!
22.     Китепте[32] алдын ала жазылып койулгандай жерге да, силердин жаныңарга да, кайгы Биз белгилеп койгондон мурда келбейт. Чындыгында бул – Аллага жеңил.
23.     Өткөндөргө кайгырбагыла жана келгендерге сүйүнбөгүлө![33] Алла – бардык текебер, мактанчаактарды жакшы көрбөйт.
24.     Өздөрү сараңдык кылышат жана башкаларды да  сараңдыкка буйрушат. Ал эми кимде-ким баш тартса[34]… Чындыгында Алла Бай жана Макталуучу.
25.     Акыйкатта, элчилерибизди  ачык айандар менен жибердик. Адамдар адилеттиктен чыгып кетпеши үчүн алар[35] менен кошо Китеп жана мыйзамды[36] түшүрдүк.  Ошондой эле Биз  темирди түшүрдүк. Анда адамдар үчүн мыкты күч жана пайда бар. Алла ким Ага жана Анын элчисине жардам бергендерди кайыптан билүү үчүн…(ушинтти). Чындыгында Алла – Күчтүү  жана Мартабалуу.
26.     Акыйкатта, Нухту, Ибрахимди жөнөттүк жана анын урпактарына пайгамбарлык, Китеп бердик. Алардын айрымдары түз жолдо (жүрүштү). Ал эми алардын көпчүлүгү бузукулар.
27.     Кийин алардын артынан элчилерди жибердик: Марийамдын уулу Исаны жиберип, ага Инжилди бердик. Анын (Исанын) артынан ээрчигендердин жүрөктөрүнө жумшактык, мээримдүүлүк салып койдук. Бирок дүйнөдөн безүүнү[37] Биз жазбасак деле, Алланын ыраазылыгына жетүү үчүн алар өздөрү ойлоп табышты. Бирок аны да жакшылап аткарышкан жок. Ошондой эле Биз ыйман келтиргендерине сыйлык бердик. Бирок алардын көбү бузукулар.
28.     Эй, ыймандуулар! Алладан корккула жана Анын элчисине[38] ишенгиле! Ал[39] мээримин силерге эки эселеп чачат жана жүрүшүңөр үчүн нур берет. Алла – Кечиримдүү, Боорукер.
29.     Китеп ээлери Алланын ырайымынан эч нерсеге татыктуу эмес экендигин билүүсү үчүн[40]… Албетте, ырайымдуулук Алланын колунда, аны каалаганына[41] берет. Алла – Улуу Мээримдин Ээси!




[1] Хадиид – Темир
[2] Тасбих айтышат
[3] Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тафсир Ал-Жалалайн). Ээлик кылды (Тафсир Ал-Насафий). Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…(Тайсиир Ал-Карим Ал-Рахман фии тафсиири Калам Ал-Маннаан). Өзүнө (Алланын) улуктугуна ылайык болгон абалда…эч бир окшоштуруусуз Жана салыштыруусуз (Сафват-Тафаасиир)
[4] амалыңарды
[5] Дилдеги сырларды
[6] кайрымдуулук, садака, ж.б.у.с. жумшагыла
[7] Иман келтирбейсиңер
[8] Мухаммед (а.с.)
[9] Алмустакта
[10] байлыгыңарды сооп үчүн жумшабайсыңар
[11] таандык
[12] Алла жолунда мал-мүлкүн айанбастан, шектенбестен, берешендик менен сарптоо.
[13] мунафыктар
[14] момундар
[15] кыйаматтан
[16] жалган түшүнүктөр менен
[17] Т.а. Шайтан
[18] Төлөм – орусчадагы «выкуп»  маанисинде.Б.а. азаптан бир нерсе берип куткарып алуу
[19] Куранда
[20] жер
[21] какырап куурап калгандан кийин
[22] жапжашыл кылат
[23] … айандардын мааниси тууралуу кеңири түшүнүк бердик
[24]  Алла жолунда мал-мүлкүн айанбастан, шектенбестен, берешендик менен сарптоо.
[25] Эки эсе кылып
[26] Ишенгендер
[27] убактылуу
[28] Материалдык байлыктын артынан сайа түшүп кубалоо
[29] Өсүмдүктөр
[30] каапырларга
[31] жарышкыла
[32] Лавхул Махфузда
[33] муну силерге ачык байан кылып жатабыз
[34] Алла алардын ыйманына да, кайрымдуулугуна да муктаж эмес!
[35] пайгамбарлар менен кошо
[36] Кудайдын мыйзамы, же б.а. ар нерсенин өлчөмү 
[37] кечилдик, кечил болуу
[38] Мухаммед (а.с.)га
[39] Алла
[40] Ушундай байан кылды
[41] Өзү гана

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder