25.02.2014

35 FÂTIR SÛRESİ

        35- сүрө «Фаатир[1]»
          Меккеде түшүрүлгөн. Кырк беш айаттан турат.
         Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын  аты менен!
1.                 Асмандар менен жердин Жаратуучусу жана эки, үч, төрт канаттуу периштелерди элчи кылган[2] Аллага мактоолор! Ал жаратууда каалаганын көбөйтөт. Чындыгында, Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү!
2.                 Алла адамдарга ырайымын[3] ачса, аны тосуучу жок[4]. Кимден мээримин тосуп койсо, андан кийин аны жиберүүчү да жок. Ал – Ызааттуу, Даанышман!
3.                 Эй, адамдар! Алла силерге берген жакшылыгын эстегиле: Силерге асмандардан, жерден  ырыскы бере турган башка Жаратуучу барбы?! Андан башка Кудай жок! Кайда адашып бара жатасыңар?
4.                 (Эй, Мухаммед!) Алар сени жалганчыга чыгарса[5], чындыгында, сенден мурунку элчилер да жалганга чыгарылган. Бардык иштер Аллага кайтып барат.
5.                 Эй, адамдар! Алланын убадасы – акыйкат[6]. Ошондуктан бул дүйнө тиричилиги[7] силерди эч качан азгырбасын. Ошондой эле катуу азгыруучу[8] да силерди Алла тууралуу азгырбасын[9].
6.                 Чындыгында, силерге шайтан душман. Ошондуктан силер да аны душман деп билгиле.  Акыйкатта, шайтан өз тобун[10] тозок ээлеринен болууга чакырат.
7.                 (Аллага) каршы чыккандарга[11] катуу азап бар. Ал эми ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга болсо кечирим жана чоң сыйлык берилет.
8.                 Жаман  жорук өзүнө кооз  көрсөтүлүп, аны жактырып калган бир адам (жакшы адам менен кантип тең болсун?). Акыйкатта, Алла каалаганын адаштырып, каалаганын туура жолго салат. Ошондуктан аларга[12] кайгырып, өзүңдү жок кылып жибербе. Чындыгында, Алла алардын кылган иштерин  толук Билүүчү.
9.                 Алла  шамалдарды жиберип, булуттарды козгоп, аны өлүп жаткан шаарга айдап келебиз. Жана жамгыр аркылуу жансыз калган жерлерди кайра жандандырабыз. Өлүктүн тирилиши да ушул сыйактуу.
10.            Ким мартабалуу болууну кааласа...,  бардык урмат-сый Аллага гана таандык. Жакшы Сөз[13] Ага көтөрүлөт. Жакшы амал[14] аны көтөрөт.  Ал эми жамандык кылуу үчүн айла-амал жасагандарга катуу азап бар. Алардын айла-амалы кыйроого учурайт.
11.            Алла силерди (эң оболу) топурактан, анан уруктан[15] жаратып, анан силерди жуп-жуп кылып койду. Эч бир ургаачы Алланын билиминен тышкары жүктүү боло албайт[16], аны койо да албайт[17]. Алланын Китебинде жазылган өмүр узартылбайт да, кыскартылбайт. Албетте, бул Аллага оңой.
12.            Эки деңиз тең эмес[18]:  Мунусу абдан таттуу,  ичүүгө жагымдуу. А тигиниси өтө туздуу. (Бирок, экөөсүнөн тең жаңы эт (балык алып) жейсиңер жана тагына турган[19] кооздуктарды чыгарасыңар. Ошондуктан Алланын  жакшылыгынан ырыскы издөө үчүн кеменин сууну жарып бара жатканын көрөсүң. Балким, шүгүр кылаарсыңар.
13.            Алла түндү күндүзгө киргизип, күндүздү түнгө киргизет. Ошентип, ай менен күндү багындырды. (Алардын[20]) баары белгилүү бир мөөнөткө чейин гана жүрүп турат. Ушулардын баары – Эгеңер Алланыкы! Ээлик кылуу[21] – Ага гана таандык. Андан башка сыйынгандарыңар – бир данектин кабыгына да Ээ эмес!
14.            Эгер аларга[22] жалбарсаңар, алар үнүңөрдү да укпайт. Кокус укса деле силерге жооп кайтара албайт. Кыйамат күнү силердин (Мага) кошкон шериктериңер[23] (силерди)  танышат. (Баарынан) толук кабар берүүчү Алладай сага эч ким кабар бере албайт.
15.            Эй, адамдар! Силер Аллага муктажсыңар! Алла болсо эч нерсеге Муктаж эмес, Макталуучу!
16.            Кааласа силерди жок кылат да, жаңы эл алып келе алат[24].
17.            Бул Аллага кыйын эмес.
18.            Эч бир күнөөкөр, башканын күнөөсүн көтөрбөйт[25]. Күнөөсү оор болгон бирөө көтөрүүгө чакырса, эгер жакыны болсо да, ага эч нерсе жүктөлбөйт[26]. (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, Эгелерин көрбөй туруп корккондорду, намазды аткаргандарды гана эскерте аласың. Ал эми ким күнөөдөн тазарса, ал өзү үчүн тазарат[27]. Ошондой эле, (баарынын) бараар жагы – Алла тарап!
19.            Сокур менен көрүүчү тең эмес[28].
20.            Караңгылык менен жарык тең эмес[29].
21.            Көлөкө менен күнөс да тең эмес[30].
22.            Тирүүлөр менен өлүктөр да тең эмес! Чындыгында, Алла кимди кааласа, уга турган кылып койот. (Эй, Мухаммед!) Сен мүрзөлөрдөгү адамдарга  угуза[31] албайсың[32].
23.            Сен бир эскертүүчү ганасың.
24.            Акыйкатта, сени чындык менен кубантуучу, эскертүүчү кылып жибердик. Ырасында, эскертүүчү болбогон бир да коом жок.
25.            Эгер сени жалганчыга чыгарышса, чындыгында, алар кереметтер, барактар жана нурлантуучу Китептерди (Менден) алып келген пайгамбарларды да жалганчыга чыгарышкан.
26.            Андан соң, (Мага) каршы чыккандарды алдым[33]. Мына, Менин каарым кандай (катуу)!
27.            Чындыгында, Алланын асмандан  жамгыр жаадырганын көрбөйсүңөрбү? Аны менен түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордогу ак, кызыл, капкара жана түрдүү-түмөн чыйырларды[34] көрбөй турасыңбы[35]?
28.            Адамдардан, курт-кумурскалардан жана ири жандыктардан түрдүү түстөгүлөрү да ушундай эле (бир мисал эмес бекен?). Чындыгында, пенделеримдин билимдүүлөрү Алладан коркушат. Ырасында, Алла – Ызааттуу, Кечиримдүү!
29.            Чындыгында, Алланын Китебин окуп, намазды толук аткаргандар жана өздөрүнө (Биз) берген ырыскылардан көрүнөө, жашыруун түрдө тиешелүү жерлерге сарптагандар эч качан зыйанга учурабай турган сооданы (соопту) үмүт кыла алышат.
30.            Алла алардын сыйлыктарын толук берип, анан да Өз жакшылыктарын көбөйтүп койотн. Албетте, Ал – Кечиримдүү, Шүгүр ээси!
31.            (Эй, Мухаммед!)  Сага Биз кабарлаган Куран – акыйкат! Мурдагыларды[36] тастыктоочу. Чындыгында, Алла – пенделеринен Кабардар, Көрүүчү!
32.            Анан ал Китепти пенделерибиздин арасынан Өзүбүз тандаган адамдарга[37] бердик.  Алардын арасынан кээ бирөөлөрү өзүнө зулумдук[38] кылат да, кээси орточо  (жакшылык) кылат. Ал эми дагы бирөөлөрү Алланын буйругуна ылайык жакшылыктарда[39] алга озуучулардан болушат[40]. Мына ушул [41]– улуу ырайым.
33.            Ошолор “Адн[42]” бактарына киришет. Анда[43] алтын жана бермет билериктерди тагынышат. Анда[44] алардын кийимдери жибектен болот.
34.            Алар: “Бардык мактоо – бизден кайгыны жок кылган Аллага (болсун)! Чындыгында, Эгебиз – Кечиримдүү, Шүгүр ээси!
35.            Ал Өз жакшылыгы менен бизди туруктуу жайга жайгаштырды. Бизди бул жерде чарчоо да, чаалыгуу да албайт”,–дешет.
36.            Ал эми (Алланын Куранына) каршы чыккандар үчүн Тозок оту бар. Аларга “өлөмүн!”, – дешсе да өлүм өкүмү берилбейт. Алардан азап да  жеңилдетилбейт. Баардык каршы чыгуучуларды ушинтип жазалайбыз.
37.            Алар Тозокто: “Бизди Тозоктон (кайра  дүйнөгө) чыгар. Биз  мурда жасаган иштерибизден башка жакшы амалдарды жасайлы”,– деп жалбарышат.  (Ошондо аларга): “Силерге, үгүт кылган адамдан үгүт алууга жете тургандай (узак) өмүр бербедикпи?  Анын үстүнө силерге эскертүүчү да келген болчу. Эми (азап даамын) таткыла. Заалымдар үчүн эч колдоочу болбойт! (–деп айтылат).
38.            Ырасында, Алла асмандар менен жердеги кайыпты билип турат. Чындыгында, ал көөдөндөгүлөрдү да Билүүчү!
39.            Алла силерди жер жүзүндө орун басары кылып койду. Кимдир бирөө каапырлык кылса, анда каапырлыгынын күнөөсү өзүнө[45].  Каапырлардын каршылыгы Эгелеринин алдында Анын ачуусун гана арттырат. Анын үстүнө, каапырлардын каршылыгы (алардын) өздөрүнүн зыйандарын гана көбөйтөт.
40.            (Эй, Мухаммед!) “Алладан башкага сыйынганыңарды көрдүңөрбү? Кана Мага да көрсөткүлөчү! Алар деги жер үстүндө бир нерсе жарата алыштыбы?! Же алардын асмандарда[46] тиешеси барбы? Же Биз  аларга Китеп берип, алар бир далил үстүндөбү[47]? Жок! Андай эмес!  Заалымдар[48] бирин-бири алдоону гана убада кылышат[49]”,– деп айткын.
41.            Чындыгында, Алла асмандар менен жерди жок кылып жибербей кармап турат. Кокус экөө ордуларынан жылып кете  турган болсо, аны Алладан башка эч ким кармап кала албайт.  Ал – Жумшак, Кечиримдүү!
42.            Алар өздөрүнө эскертүүчү келсе, башка коомдорго караганда дагы да адилтеттүүрөөк болуу тууралуу Аллага алдарынын жетишинче ант беришкен. Бирок аларга эскертүүчү келген кезде ал алардын алыстоосун гана күчөттү.
43.            Алар жер бетинде текеберленишти жана жаман айла-амалдарды жасашты. Айлакерликтин кесири (айлакерликтин) ээсине гана тийет. Алар мурункулардын жолун [50]күтүп жатышабы? Алланын жолунан эч бир өзгөрүш таба да албайсың, Алланын жолунун бурулушун[51] да таппайсың.
44.            Алар жер жүзүн кыдырышып жүрүшпөйбү?[52] Ошондо[53] алар өздөрүнөн мурункулардын акыбети эмне болгонун көрүшмөк. Чындыгында алардын күчү булардыкынан да көп эле[54]. Асмандар менен жердеги нерселер Алланы  алсырата албайт. Ал – Билүүчү, Кудуреттүү!
45.            Эгер Алла адамдарды кылмыштары себептүү жазалай турган болсо, анда жер бетинде бир да жандык калтырбас эле. Бирок аларды белгилүү[55] бир мөөнөткө чейин кечиктирет[56]. Качан алардын мөөнөтү (ажалы) келсе, анда...[57]. Алла – Өзүнүн пенделерин Көрүп туруучу!



[1] Фаатир - Жаратуучу
[2] Пайгамбарларга кабар ташуучу катары жиберип турган
[3] жакшылыгын
[4] Тосуп калууга кудуреттүү жан жок
[5] Кайгырба, анткени…
[6] Сөзсүз аткарылат
[7] Анын азгырма кооздуктары, жалган сулуулуктары
[8] Шайтан
[9] «Алла кечиримдүү» , – деп алдап, күнөөлөрүңөрдү башыңардан ашырып жибербесин. Шайтан Тозокко баштайт.
[10] Алла тууралуу жаман, ылайыксыз нерселерди айттырып, акыры
[11] каапырларга
[12] каапырларга
[13] Куран, ыйман, Ислам дини
[14] Жакшы амал –  Аллага сыйынуунун бардык түрлөрү
[15] Ата-эненин уругунан
[16] Алланын каалоосунан тышкары бойуна бүтпөйт...
[17] Төрөй да албайт
[18] Кеп туздуу жана тузсуз (ичилиүүчү) суулар тууралуу болууда
[19] Анжир, жаржан....
[20] Планеталардын, галлактикалардын, метеориттердин...
[21] Чыныгы Кожойундук
[22] Буд-сөлөкөттөргө
[23] Өздөрүнүн “куйдайлыгын”
[24] жаратат
[25] Башканын күнөөсү үчүн жооп бербейт.
[26] Кыйамат күнү ар бир адам жеке өзү үчүн жооп берет жана өз кылган иштеринин гана азабын тартат.
[27] Анын тазарганынан Аллага кымындай пайда да, зыйан да жок!
[28] Ошол сыйактуу, каапыр менен мусулман да тең болбойт.
[29] Ошол сыйактуу илим  менен наадандык, жалган менен чындык да тең боло албайт!
[30] Ошол сыйактуу Бейиш менен Тозок тең болбойт!
[31] эмнени гана айтпа
[32] Бул айатта каапырлар өлүктөр менен салыштырылып жатат.
[33] кыйраттым
[34] жолдорду
[35] Кызыл, ак, жашыл, сары жана башка толгон-токой түстүү гүлдөрү жол бойун бербей жайнаган, жыпар жыттуу, тоо койнундагы, жашыл жайлоолордогу чыйырларды...
[36] Тоорат, Забур, Инжилди ж.б.
[37] Сахабалар, аларды ээрчигендер, кыйаматка чейин келүүчү  ислам дининин такыба аалымдарына
[38] Куранды билип туруп ага амал кылбайт, адамдарды жакшылкка чакырбайт, жамандыктан кайтарбайт.
[39] Аллага сыйынуу, ибадат кылуу, табынуу иштеринде
[40] Куранда айтылган бардык парздарды жана сүннөттөрдү так аткаруу бойунча абдан айырмаланган такыба аалым болот
[41] Жакшылктарда озуу, баарынан озуп кетүү
[42] Бейиштин аты
[43] Бейиште
[44] Бейиште
[45] Зыйан алып келет
[46] “Асмандардагы планеталарды, жылдыздарды Мени менен кошулуп жаратууга кандайдыр-бир кымындай болсо да катыштыгы, тиешеси барбы?!” деген мааниде
[47]  Алардын кудай экендигине жок дегенде тырмакка илинээрлик болсо да далили барбы?
[48] Каапырлар, мунафыктар, мушриктер...
[49] Бирин-бири алдоо, азгыруу менен гана алек болушат...
[50] Мурункулардын башына келген азаптуу жазалардын келишин
[51] Кемчиликтерин… Анткени Анын жолунда кынтык жок!
[52] Каапырлар үчүн Алла  Таала бул дүйнөнү жыргалдуу кылып, байлыкты да кенен-кесир бергендиктен, алар учактар, кемелер менен сайакаттап, ааламдагы аба ырайы жагымдуу деңиз жээктериндеги атактуу дем алуучу жайларга тандап барышып, кыдырып, шаң-салтанат менен өмүр кечирип көп жүрүшөт, бирок бир да жолу Алланын кереметтери, жакшылыктары, жазалары, кудурети жана Анын эскертүүлөрү тууралуу ойлоп койушпайт. Кеп ушул тууралуу болууда
[53] Эгер Жаратуучу тууралуу жакшылап ой жүгүрткөн болсо
[54] Өздөрүнө каршы иштеп жаткан  аскердик техникаларды  эске алганда деле мурдакы каапыр өлкөлөр мусулман өлкөлөрүнө салыштырмалуу азыркы каапыр өлкөлөрдөн да күчтүү болушкан
[55] Лавхул Махфузда белгиленип койулган
[56] Жашатат, жашоо, өмүр берет
[57] Алла Таала бир  да мүнөт кечиктирбестен алып кетет

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder