25.02.2014

26 ŞU'ARÂ SÛRESİ

26-сүрө, «Шуара»
Меккеде түшүрүлгөн. Эки жүз жыйырма жети айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.           Та, Син, Мим[1].
2.           Бул айкын Курандын айаттары.
3.            «Алар[2] ыйман келтиришкен жок», – деп, өзүңдү өзүң жок кыла жаздадың.
4.           Эгер (Биз) кааласак асмандан бир керемет түшүрүп, аларды ага мойун сунуучуларга (дароо) айлантмакпыз.
5.           Аларга Мээримдүүдөн бир насыйат келсе, андан жүз үйрүшөт.
6.           Алардын жалганга чыгарып, мазактаган нерселеринин түшүнүгү өздөрүнө жармаштырылат[3].
7.           Алар жер жүзүнө карашпайбы?  Анда ар түрлүү  көркөм өсүмдүктөрдү өстүрүп койдук.
8.           Чындыгында  мында[4] белгилер[5]    болгону менен, алардын көбү ыйман келтиришпейт.
9.           Чындыгында, Эгең – Ызааттуу, Ырайымдуу!
10.      Ошол[6] убакта[7] Эгең Мусага: «Заалым элге[8] бар»,– деп буйруду:
11.       – «Фараондун элине. Алар коркпойт бекен (көрөлү)?»
12.       – Оо, Эгем! чындыгында, мени алар жалганчыга чыгарышынан корком.
13.       Көөдөнүм кысылуу[9], тилим байлануу[10]. Ошондуктан (бир тууганым) Харунга да пайгамбарлык бер.
14.       Мен аларга күнөөкөрмүн[11].  Ошондуктан, алардын мени өлтүрүп салуусунан корком
15.      (Алла Таала): «Эч качан андай болбойт! Экөөң тең (Биз берген) кереметтер менен баргыла. Чындыгында, Биз силер менен бирге (болуп), баарын угуп турабыз.
16.       Дароо экөөң Фараонго барып: «Биз бүткүл ааламдардын Эгесинин[12] элчилерибиз.
17.       Исраил урпактарын биз менен бирге койо бергиле»  – деп айт.
18.      [13]Фараон: «Сени биз бала кылып асырабадык беле? Өмүр бойу канча жыл арабызда жүрдүң.
19.      Сен кыларыңды кылдың. Сен жакшылыкка жамандык жасадың», –деди.
20.      (Муса): «Мен ал ишти жасаган кезде адашкандардан болчумун.
21.      Ошондуктан силерден коркуп, качып кеткем. Акыры Эгем мага даанышмандык берип, пайгамбарлардан кылды.
22.      Сен Исраил урпактарын кул кылдың, мага милдет кылган жакшылыгың ошол»,– деди.
23.      (Фараон): «Ааламдардын Эгеси дегениң эмне?»,–деди.
24.      (Муса): «Эгер чындан [14]ишене турган болсоңор, анда, Ал[15] – асмандар менен жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Эгеси».
25.      (Фараон) тегеректеп тургандарга[16]: «Укпай жатасыңарбы?» – деди.
26.      (Муса): «Ал – силердин Эгеңер, (силерден) мурда өткөн ата-балаларыңардын да Эгеси», – деди.
27.       (Фараон): «Так ушул силерге жиберилген пайгамбар[17] анык жинди», – деди.
28.      (Муса): «Эгер акыл калчай турган болсоңор, Ал – Чыгыштын да, Батыштын да жана ал экөөнүн ортосундагылардын да Эгеси».
29.      (Фараон): «Эгер менден башканы кудай тутуна турган болсоң, албетте, сени зынданга саламын»,–деди.
30.      (Муса): «Эгер сага анык далил келтирсем дагыбы?» деди.
31.      (Фараон): «Эгер чын айтуучулардан болсоң – келтир», –деди.
32.      Ошондо ал тайагын таштады эле, ал даана жыланга айланды.
33.      Анан колун (чөнтөгүнөн) чыгарды. Ал (колу) карап тургандарга аппак болуп көрүндү.
34.      (Фараон) айлансындагы төбөлдөргө: «Чындыгында, мына бул абдан билерман сыйкырчы экен.
35.      Ал сыйкыр менен силерди журтуңардын чыгаргысы келүүдө. Эми буга эмне (жаза) буйрасыңар?», деди.
36.       Алар: «Муну[18] да, мунун бир тууганын[19] да токтото туруп, калааларга жыйноочуларды[20] жибер.
37.      Бардык билерман сыйкырчыларды сага жыйнап келишсин», дешти.
38.      Ошондо белгилүү күнгү бир жерге[21] сыйкырчылар жыйналышты.
39.      Адамдарга да: «Силер жыйналдыңарбы?» – делип суралды[22].
40.      (Эл): «Эгер жеңишке жетсе, албетте, сыйкырчыларды ээрчийбиз» , – (дешти).
41.      Сыйкырчылар (белгиленген жерге) келишип Фараонго: «Эгер биз жеңсек, албетте, бизге сыйлык бар да?», дешти.
42.      (Фараон): «Ооба, чындыгында, андай болсо силер мага жакындардан[23] болуп каласыңар», деди.
43.      Муса сыйкырчыларга: «Эмне таштасаңар, кана таштагыла!»,–деди.
44.      Ошондо алар аркандары менен тайактарын ташташып: «Фараондун абройу үчүн биз жеңишке жетебиз»,–дешти.
45.      Ошондо Муса да тайагын таштады. Дароо ал[24] алардын[25] жасалма нерселерин[26] жалмап кирди.
46.      Ошондо сыйкырчылар сеждеге жыгылышты[27] да:
47.      «Ааламдардын Эгесине  ыйман келтирдик,
48.      Муса менен Харундун Эгесине», дешти.
49.      (Фараон) аларга: «Мен силерге уруксат берүүдөн мурун ага[28] ыйман келтирдиңерби? Чындыгында, ал – силерге сыйкырчылыкты үйрөткөн чоңуңар экен. Эми  (менден) көрөсүңөр:  колу-бутуңарды кайчылаштыра кесип, баарыңарды (дарга) астырамын»,–деди.
50.      (Сыйкырчылар): «Анын кайгысы жок! Чындыгында[29], Эгебизге кайтабыз.
51.       Чындыгында, биз (Аллага) ыйман келтиргендердин алдынкыларынанбыз. Эгебизден биздин күнөөлөрдүн кечирилишин үмүт кылабыз»,– дешти.
52.      Мусага: «Пенделеримди[30] түн катырып алып кет[31]. Албетте куугунтукка учурайсыңар», – деп вахи-кабар жибердик.
53.      Ошондо Фараон шаарларга (аскер) жыйноочуларды жиберди да:
54.      «Чындыгында,  булар[32] аз топ.
55.      Ошентсе да алар бизди ачууландырууда.
56.      Чындыгында биз күчтүү тайпабыз»,–деди.
57.      Ошентип, (Фараон тарапты) бакчаларынан, булактарынан чыгардык[33].
58.      (Аларды) казыналарынан да, салтанаттуу мекендеринен да[34] (кууп чыктык).
59.      Аларга Исраил урпактарын мураскор кылдык.
60.      Ошондо алар[35] Исраил урпактарын күн чыккан кезде кууп жөнөштү.
61.      Эки топ бири-бирин көргөн кезде, Мусанын жолдоштору: “Колго түшөөрүбүз шексиз”, – дешти.
62.      (Муса): “Эч качан! Чындыгында, Эгебиз биз менен бирге. Ал мага жол көрсөтөт”, – деди.
63.      (Биз) Мусага: “Тайагың менен деңизди чап!” – дедик. Ошондо деңиз (экиге тең бөлүнө) жарылып, ар бир бөлүгү аскар тоодой болду.
64.      Арткыларды[36] да ошол жерге жакындаттык.
65.      Мусаны жана аны менен чогуу болгон адамдардын баарын куткардык[37].
66.      Анан башкалардын баарын  сууга чөктүрүп жибердик.
67.      Албетте, мында белги-эскертүү бар. (Бирок) ошондо да алардын көбү ишенген жок.
68.      Акыйкатта, Эгең – Өкүмдар, Мээримдүү!
69.      Аларга[38] Ибрахимдин байанын айтып бер:
70.      Ошондо ал атасына жана элине: “Эмнеге сыйынып жатасыңар?”,–деди.
71.      Алар: “Буддарга чокунабыз жана аларга тынбастан сыйына беребиз”,–дешти.
72.      (Ибрахим): “Алар[39] чакырсаңар угуп жатабы?
73.      Же болбосо алар силерге пайда, зыйан келтире алабы?”, – деди.
74.      Алар: “Жок. Ата-бабаларыбыз ушундай кылганын көргөнбүз”, – дешти.
75.      (Ибрахим): “Эмнеге сыйынып жатканыңарды көрбөй жатасыңарбы?”,– деди.
76.      Силер да, мурунку ата-бабаларыңар да (адашкандар).
77.      Ааламдардын Эгесинен башка (кудай жок). Алар[40] менин душмандарым.
78.      Ал[41] мени жараткан, мага туура жол көрсөтөт.
79.      Ал мени жедирет[42], ичирет[43].
80.      Мен оорусам, мага шыпаа берет.
81.       Ал мени өлтүрөт, анан[44] тирилтет.
82.      Ал ошондой (абдан ырайымдуу) Кудай! Кыйамат күнү күнөөлөрүмдүн кечирилишин Андан үмүт кылам.
83.      Оо, Эгем, мага дааналык (илим) берип, мени жакшыларга[45] кошо көр!
84.      Мени кийинки жаратылуучу адамдардын тилинде[46] да чыныгы үлгү кыла көр.
85.      Мени берекелүү Бейиштин мураскорлорунан кыл.
86.      Атамды[47] кечир. Анткени ал адашуучулардан[48].
87.      Кабырдан[49] турган күнү мени кайгыга сала көрбө.
88.      Ал Күнү мал-мүлк да, бала-чака да эч пайда бербейт.
89.      Бирок, ким Аллага таза жүрөгү менен[50] келсе гана (ошол пайда берет) ”, – деди.
90.      Кудайдан корккондорго[51] Бейиш жакындатылат.
91.      Адашкандарга Тозок көрсөтүлөт.
92.      (Ошондо) аларга: “Сыйынгандарыңар кайда?.
93.      Алладан башкалар силерге жардам бере алабы? Же (жок дегенде) өздөрүнө жердам бере алышабы?­” – делинет.
94.      (Анан Алладан башка нерселерге) сыйынгандар да, адашкандар да Тозокко үстөмөн кылынып[52] ыргытылат.
95.      Ибилистин аскерлеринин[53] баары толугу менен (Тозокко ташталат).
96.      Алар анда (Тозокто)  мындай деп талашышат:
97.      Алланын ысмы менен ант болсун: “Адашканыбыз ак экен го!”
98.      –   “Силерди ааламдардын Эгесине теңечү элек.
99.      –   “Бизди күнөөкөрлөр адаштырган экен.
100. – “Эми биздин эч бир ортомчулук кылаарыбыз[54] жок”.
101. –  “Жан күйөөр досубуз да жок”.
102. – “Аттиң! (Эгер дүйнө жашоосуна кайра) кайтарыла турган болсокчу, ыйман келтиргендерден болоор элек”.
103. Чындыгында, ушунда да[55]  белгилер бар. Бирок, алардын[56] көбү ыйман келтиришпейт.
104. Акыйкатта, Эгең – Улуу Өкүмдар, Ырайымдуу!
105. Нухтун эли да пайгамбарларды жалганчыга чыгарышкан.
106.  Ошондо алардын туугандары Нух: “(Алланын каарынан) коркпойсуңарбы?
107. Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.
108. Эми Алладан коркуп, мага мойун сунгула.
109. Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.
110. Алладан коркуп, мага мойун сунгула”,– деди.
111. Алар: “Сага кор болгон адамдар баш ийишти деп мойун суналыбы?”,–дешти.
112. Нух: “Алардын эмне иштегенин билбеймин.
113. Эгер түшүнсөңөр, алардын эсептери[57] Аллага таандык.
114. (Аллага) ыйман келтиргендерди кубалабаймын.
115. Анткени мен болгону эскертүүчү[58] ганамын”,– деди.
116. Алар: “Эй, Нух! Эгер тыйылбасаң, албетте, таш бараңга алынуучулардан болосуң”,– дешти.
117. (Нух): “О Эгем! Чындыгында, элим мени жалганчыга чыгарууда.
118. Эми алар менен менин ортомдо акыйкат бир өкүм чыгар[59] да, мени жана мени менен бирге момундарды куткар”,– деди.
119. Ошондо (Биз) аны да, аны менен бирге болгондорду[60] да куткардык[61].
120. Анан, калгандарды (топон) суу алдына чөктүрдүк.
121. Чындыгында, ушунда да (адамдарга сабак болуучу) белгилер бар.  Ошондо деле алардын көбү ишенишпейт.
122. Акыйкатта, Эгең – Ызааттуу, Мээримдүү!
123. Аад эли да элчилерди[62]  жалганчыга чыгарышты.
124. Ошондо аларга туугандары Худ: “(Алладан) коркпойсуңарбы?!
125. Чындыгында, мен силер үчүн ишенимдүү элчимин.
126. Алладан коркуп, мага мойун сунгула.
127. Бул үчүн мен силерден акы сурабаймын. Акым – ааламдардын Эгесине таандык.
128. Ар кайсыл дөбөгө эле пайдасыз буд-сөлөкөттөрдү ойноп жасай бересиңерби?
129.  Же бул дүйнөдө түбөлүк калуу үмүтү менен  кооз хансарайларды кура бересиңерби?[63].
130. Кармасаңар таш боордук менен катуу кармайсыңар[64].
131. Эми Алладан[65] коркуп, мага мойун сунгула.
132. Силерди өзүңөр билген нерселериңер[66] менен камсыз кылып жаткан Алладан корккула.
133. Ал силерге мал-мүлк, бала-чака берди.
134. (Ал) силерге бакчаларды, булактарды берди[67].
135. Мен силерге келүүчү Улуу Күндүн азабынан коркомун”, – деди.
136. Алар: “Сен бизге эскертесиңби, же эскертпейсиңби – баары бир.
137. Бул – мурункулардын гана адаты.
138. Биз азапка дуушар болбойбуз[68]”, – дешип,
139. алар аны жалганчыга айландырышкандыктан, Биз аларды кыйратып жок кылдык. Мына ушунда да[69] үлгү бар. Бирок алардын[70] көпчүлүгү (Аллага) ишенишкен эмес.
140. Албетте[71], Эгең – Ызааттуу, Ырайымдуу!
141. Самуд эли да элчилерди жалганчыга чыгарышкан.
142. Ошондо алардын тууганы Салих: “(Алланын каарынан) коркпойсуңарбы?
143. Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.
144. Эми Алладан коркуп, мага мойун сунгула.
145. Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.
146. Силер деги[72] ушул жерде түбөлүк кала аласыңарбы?
147. Бакчаларда, булактарда,
148. эгиндерде, жумшак кабыктуу курма дарактарында (Алланын) улуу белгилери турганын көрбөй жатасыңарбы?!
149. Ошондуктан кыйынсынуу менен тоолорду ойуп үй кура бересиңерби?
150. Алладан коркуп, мага мойун сунгула.
151. Чектен чыгуучулардын буйругуна багынбагыла.
152. Алар жер бетинде бузукулукту таратып, жакшы иштерди жасашпайт”, –деди.
153. Алар Салихке: “Чындыгында, сен акылдан азгандардансың.
154. Сен биз сыйактуу эле бир адамсың. Эгер[73] чын айтып жаткан болсоң, кана бир керемет көрсөтчү”,– дешти.
155. (Салих): “Мына, силерге керемет – ушул боз инген[74]. Суу (алуу, же ичүү) кезеги – бир (күн) аныкы, белгилүү бир (күн) силердики[75].
156. Ага (ингенге) кара ниеттенип жамандык кылбагыла. Андай кылсаңар, [76]анда силерди улуу күндүн азабы алып кетет.
157.  Алар аны өлтүрүп ташташты да,  кайгыга кабылышты.
158. Ошондо аларды (Алла жиберген) апаат алып кетти. Чындыгында, мында[77] үлгү  бар. Алардын көбү (Аллага) ишенбегендер эле.
159. Чындыгында, Алла – Ызааттуу, Мээримдүү!
160. Лут эли да элчилерди жалганчыга айландырышты.
161. Ошондо алардын тууганы Лут: “(Алланын каарынан) коркпойсуңарбы?
162. Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.
163. Алладан коркуп, мага мойун сунгула.
164. Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.
165. Дүйнөдө (көптөгөн айалдар туруп) эркектер менен кошуласыңарбы?
166. Эгеңер силер үчүн жараткан айалдарыңарды карабай койосуңарбы? Силер бузуку элсиңер.
167. Алар: “Эй, Лут! Эгер[78] тыйылбасаң, албетте, журтуңдан куулуп кетесиң”,–дешти.
168. Лут: “Албетте, мен силердин кылыктарыңардан жийиркенемин.
169. “Оо, Эгем! Мени жана менин үй бүлөмдү булардын кылыктарынан куткар”,– деди.
170. Ошондо биз аны – үй бүлөсү менен толук куткардык.
171. Жок боло тургандардын ичиндеги кемпирден башкаларын.
172. Анан, калгандарын[79] да кыйратып жок кылдык:
173. Аларга жамгыр жаадырдык. Эскертүү берилгендердин[80] жамгыры кандай жаман!
174. Ырасында, мында да бир үлгү[81]  бар.
175. Эгең, чындыгында, Ызааттуу, Мээримдүү!
176. Айка эли да элчилерди жалганчыга чыгарышты.
177. Ошол убакта аларга Шуайп: “(Алланын каарынан) коркпойсуңарбы?
178. Ырасында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин.
179. Эми Аллдан коркуп, мага мойун сунгула.
180. Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык.
181. Өлчөөнү толук кылгыла да, кемитүүчүлөрдөн болбогула.
182. Туура тараза менен тарткыла.
183. Адамдардын нерселерин[82] кемитпегиле да, жер бетинде бузукулук кылбагыла[83].
184.   Силерди жана силерден мурдакы элдерди жараткан Алладан корккула”,– деди.
185. Алар: “Сен, албетте, акылдан азгандардансың.
186. Сен биз кейиптүү эле бир адамсың. Анын үстүнө биз сени жалганчы деп ойлойбуз.
187. Эгер чын айтуучулардан болсоң, кана анда үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн таштап жиберчи”, – дешти.
188. (Шуайп): “Эгем силердин эмне кылып жатканыңарды жакшы билет!”,–деди.
189. Ошентип, алар аны (Шуайпты) жалганчыга чыгарышты да, аларды ошол түнү апаат алып кетти. Ырасында, ал оор күндүн апааты болчу.
190. Чындыгында, мында да[84] бир үлгү бар. Бирок, алардын көпчүлүгү (Аллага) ишенбегендерден эле.
191. Эгең[85], чындыгында, Ызааттуу, Мээримдүү!
192. Акыйкатта, бул Куран, албетте,  ааламдардын Эгесинен түшүрүлдү.
193. Аны ишенимдүү Рух (Жебреил жерге) алып түштү.
194. (Ал[86]) Эскертүүчүлөрдөн болушуң үчүн (Куранды) жүрөгүңө жайгаштырды,
195. ачык-айкын араб тилинде.
196. Чындыгында, ал[87] мурункулардын[88] китептеринде да бар болчу.
197. Исраил урпактарынын аалымдары муну[89] билиши – алар үчүн бир далил эмес бекен?!
198. Эгер Куранды арабдардан башка бир элге түшүрсөк жана
199. муну аларга (иудейлерге, христиандарга)  ал окуп берсе деле (баары бир) ишенишмек эмес.
200. Куранды каапырлардын жүрөктөрүнө[90] ушундай түрдө киргиздик.
201. Оорутуучу азапты көргөнгө чейин алар[91] ишенишпейт.
202. Азап алар туйбаган жактан, капилеттен келет.
203. Ошондо алар: “Бизге бир мөөнөт берилээр бекен”, –дешет.
204. Анан акырында алар: “Азабыбыздын тездетилишин тилейлиби?”,–дешет.
205. Көрдүңбү: Аларды нечендеген жылдар бойу жыргал турмушта жашатып койсок да, (Аллага ыраазы болушпайт).
206. Анан аларга сөзсүз убада кылынган апаат келген кезде,
207. алардын пайдаланган нерселери коргоп кала албайт.
208. Эгер Биз кайсыл-бир шаарды жок кылган болсок, албетте, (жок кылуудан мурда) аларга эскертүүчү жибергенбиз.
209. (Аларга) эскертүүлөрүбүз (толук) жеткирилген. Биз зулумдук кылуучу эмеспиз.
210. Бул Куранды шайтандар түшүргөн жок[92].
211. Бул аларга ылайык иш эмес, колдорунан да келбейт!
212. Чындыгында, алар (тымызын) тыңшоодон толук куулду[93].
213. Аллага шерик кошпо! Андай кылсаң сен азапка учуроочулардан болуп каласың.
214. Жакын туугандарыңа да эскерт[94].
215. Момундардан сени ээрчигендерге канатыңды жай[95].
216. Анан эгер алар  сага каршы чыкса, анда: “Мен силердин кылганыңардан жүз бурдум!”,–дегин.
217. Ызааттуу, Мээримдүү Аллага гана тобокел кыл[96].
218. Ал сени, сен тике турган учуруңда көрүп турат.
219. Сежде кылуучулардын арасында айланып турганыңды да, түнкү (тахажжут намаздары) учурунда да көрүп турат.
220. Чындыгында, Алла – бардык нерсени Угуучу, Билүүчү!
221. Шайтандар кимге түшөрүн силерди маалымдар кылайынбы?
222. Алар ар бир жалганчыга жана күнөөкөрлөргө түшөт.
223. Алар[97] (ага[98]) кулак салышат. Анткени алардын көбү жалганчылар.
224. Акындарды адашкандар (гана) ээрчишет.
225. Чындыгында алардын өрөөндөрдө каңгып жүргөндөрүн көрбөдүңбү?
226. Чындыгында, алар өздөрү жасабаган иштери (жасагандай кылып көркөмдөп жалган) айтышат.
227. Бирок, ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар, Алланы көп эстегендер, зулумдукка кабылганы үчүн, кийин кегин алгандардан башкалар[99] (тууралу сөз башка). Ал эми зулумдук кылгандар[100] кандай (оор) абалга кабыларын жакында билишет.



[1] Шуара - Акындар
[2] Алла Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
[3] Өздөрү жалганчыга айланып, шерменде болушат да, отко ыргытылат
[4] Ошол өсүмдүктөрдө
[5] Алланын Жалгыздыгын жана Түбөлүктүүлүгүн тастыктап турган
[6] [6] Алла Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
[7] Мусанын доорунда
[8] Көп кудайга сыйынган Мисирлик каапырларга
[9] Илимим жок
[10] Сөзгө да чечен эмесмин
[11] Мисирде жүргөн кезимде жердеш-уруулашыма  жардам деп жатып бир гректи өлтүрүп койгом.
[12] Алла Тааланын
[13] Муса (а.с.) менен Харун (а.с.) Фараонго келген кезде
[14] Аллага
[15] Алла Таала
[16] жандоочуларына
[17] Мусаны (а.с.) айтып жатат
[18] Мусаны
[19] Харунда
[20] Сыйкырчыларды чакыруучу чабармандарды
[21]  Фараон менен Муса келишим кылганда белгиленген жерге жана белгиленген күнү
[22] Фараон тарабынан
[23] Хансарай кызматчыларынан
[24] Мусанын ажыдаарга айланган  тайагы
[25] сыйкырчылардын
[26] Сыйкырчылардын жыланга айланган тайактарын жана аркандарын
[27] Алага тообо кылышты
[28] Мусага
[29] Асып өлтүрсөң да, кесип өлтүрсөң да, баары бир эртедир-кечтир Алла Тааланын алдына барабыз
[30] Исраил урпактарын
[31]  Аллага тобокел кылып, Мисирден алып чыгып кет
[32] Исраил урпактары
[33] Мекенсиз калтырдык
[34] Деңизге чөктүрүп жок кылдык
[35] Фараондун күчтүү куралданган аскерлери артынан түштү. Анткени  Муса а.с.  Исраил урпактарын ээрчитип, түн жамынып Мисир шаарынан чыгып, Палестина тарапка бет алып, Кызыл Деңизге жетээрине аз калган болчу
[36] Фараондун аскерлерин
[37] Деңиздин толкундарынын алдында калып, кырылып калуусунан аман алып чыктык
[38] Алла Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
[39] сөлөкөттөр
[40] сөлөкөттөр
[41] Алла Таала
[42] Азыктандырат, тамактандырат, ырыскы берет
[43] Суусасам суусунумду кандырат
[44] Кыйамат Күнү кайра
[45] такыбаларга
[46] Адамдар ар дайым такыбалыгымды сөз кылган  момундардан кыл
[47] Атамдын мушриктик күнөөлөрүн
[48] Ибрахимдин (а.с.) атасы сөлөкөт-эстелик жасаган усталардан болгон жана ошол адатынан, буддарга сыйынуудан баш тартпай койгон
[49] мүрзөдөн, гөрдөн, көрүстөндөн
[50] Ыйманы менен
[51] такыбаларга
[52] Бети ылдый каратылып, сүйрөлүп барып
[53] Шайтандардын баары
[54] шаатчыбыз
[55] Адам баласына сабак болуучу
[56] адамдардын
[57] Сооптору, сыйлыктарын Алла гана берет…
[58] Тозок менен Бейиш тууралуу
[59] Тигилерге менин жалганчы эмес экенимди бир кереметиң менен көрсөтүп койчу
[60] Момундарды
[61] Бүткүл дүйнөлүк Топон суудан
[62] Алланын элчилерин –пайгамбарларды
[63] Сарайларыңар баары бир түбөлүктүү эмес, эртең эле урап калат, андан көрө ыйман аркылуу өз рухуңарды оттон сактап калууга ашыкпайсыңарбы?
[64] “Башка  коомдорго, же адамдарга кол салсаңар, аңоосуз, таш боордук менен мамиле кыласыңар”, - деген мааниде
[65] Алланын жазасынан
[66] түрлүү-түрлүү ырыскылар
[67] Силер үчүн Ал жер үстүндөгү не деген гана таттуу ырыскыларды жаратып койду
[68] “Бизден мурдакыларга да ушунтип айтышкан. Бирок дагы эле Кыйамат Кайым болгон жери жок”, - деп текеберленишкен
[69] Адамзатка сабак болчу
[70] адамдардын
[71] Алла Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
[72] “Өлүмдү, Кыйаматты эстегиле. Бул жерде түбөлүк жашап калуу  эч качан болбостугун унутпагыла. Түбөлүктүү жашоонун – акыреттин камын жегиле”  деген мааниде
[73] Пайгамбармын деп
[74] Ботолуу каймал төө
[75] Булактан сууну кезектешип аласыңар, ичесиңер. Сууну кызганып төөнү өлтүрбөйсүңөр.
[76] Алла Таала силерге Өз керемети катары жок жерден дароо жаратып берген касиеттүү инген төөнү өлтүрсөңөр, анда Алланын каарына калып, жер бетинен жок кылынып, кыйратыласыңар
[77] Адамзатка сабак болуучу
[78] Бизди туура жолго чакыруудан
[79] Луттун бузулган коомун толугу менен
[80] Алла тараптан эскертүү берилгенден кийин жаза катары кылмышкер коомго жиберилген жамгыр
[81] Жалпы адамзатка сабак боло турган
[82] Соода-сатык кылган учуруңарда таразадан, же башка өлчөмдөрдөн өз пайдаңарга кымтып, бирөөнүн акысын жеп, оңой байууну көздөбөгүлө. Антип тапкан байлыгыңар баары бир силерге насип кылбай, же өрттөнүп кетет, же өзүңөр кайгыга учурайсыңар. Адамдарды алдоо болгону менен ар дайым көрүп, угуп турган Алланы алдоо эч качан мүмкүн эмес!
[83] Мындай бузукулуктан тыйылгыла
[84] Бардык адамдарды ой жүгүртүүгө түртүп турган улуу
[85] Алла Таала Өз элчиси Мухаммедге (а.с.) кайрылууда
[86] Алла Таала
[87] Ыйык Куранда айтылган айрым байандар, эскертүүлөр, насааттар...
[88] Иудейлерге жана христиандарга түшүрүлгөн Забыр,  Тоорат, Инжилдерде да
[89] Курандын жана Мухаммед (а.с.) пайгамбардын келиши тууралуу алар өз китептери аркылуу билишкени...
[90] Аларды ыймандан алыстатуучу кылып
[91] Аллага да, Куранга да, Мухаммед алейхи саламга да, кыйамат күнүнүн болоруна да....
[92] Куран жаңы түшүрүлгөн кезде, айрым  каапырлар: “Муну ага шайтандар үйрөтүп жатса керек», - деген кара ниеттүү ойлорду эл ичинде таратып, бузукулук кылууга чейин жетишкен. Мында улуу Китепти, Улуу Жаратуучу Алла гана жарата алат! Шайтандардын колунан бузукулуктан, адаштыруудан башка эч нерсе келбейт. Алар өздөрү жаратылган макулуктар.
[93] Шайтандар мурдакы Курандан китептерди тымызын тыңшап, билип алышып, ошол уурдап алган билими менен адамдар арасында бузукулук кылышкан. Курандын түшүрүлүшү менен алардын андай кылуусуна Алла тарабынан бөгөт койулган
[94] Аллага шерик кошушпасын
[95] Калкала, корго, кам көр, аларга күй
[96] тайан
[97] каапырлар
[98] шайтанга
[99] Маселен, оболу таш боор адамдардын катаал мамилесине кабылып, кийин алар тууралу сатираларды жазып, Бирок чектен ашпай, аны токтоткон акындардан абалы башка.…Ушулар Алла жолунда. Аларга Алланын алдында сый бар. Андай акындар:  Абдулла ибн Раваха, Хасан ибн Сабит, Кахаб ибн Захир, Кахаб ибн Малик ж.б.у.с.
[100] Алла Таала, Куран, пайгамбарлар тууралуу жалган ырларды чыгарып, өзүнө өзү зулумдук кылгандар

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder