25.02.2014

30 RÛM SÛRESİ

       30-сүрө «Рум[1]»
     Меккеде түшкөн. Алтымыш айаттан турат.
     Мээримдүү, Ырайымдуу, Алланын аты менен!
1.     Алиф, лам, мим[2].
2.     Рум жеңилди[3].
3.     Эң жакын жерде алар жеңилгенден кийин кайра жеңишет.
4.     Бир нече жылдын ичинде[4]. Иш[5] мурун да, кийин да Алланын эркинде (болот). Ошол күнү момундар кубанышат[6].
5.     Алланын жардамы менен. Ал Өзү кимге кааласа жардам берет. Ал – Ызааттуу, Мээримдүү.
6.     Бул – Алланын убадасы. Алла убадасынан кайтпайт. Бирок адамдардын көбү (аны) түшүнбөйт.
7.     Алар бул дүйнө тиричилигинде көрүнүп турган нерселерди гана билишет да, акыреттен бейкапар (жүрүшөт).
8.     Алла асмандар менен жерди жана ал экөөсүнүн ортосундагыларды чындык менен белгилүү бир мөөнөткө (чейин өмүр сүрүүлөрү) үчүн жаратты. (Адамдар жок дегенде) өздөрү тууралуу ой жүгүртүшпөйбү? Чындыгында, адамдардын көпчүлүгү Эгесине жолугууга каршы чыгышат.
9.     Алар жер жүзүн кыдырып, өздөрүнөн мурункулардын акыбетинин кандай болгонун көрүшпөйбү? Чындыгында, алар[7] булардан[8] күчтүүрөөк болчу. Алар буларга караганда жерлерди да көбүрөөк айдашып, көбүрөөк дан себишчү. Аларга ачык далилдер менен элчилер да келген. Алла аларга зулумдук кылган эмес. Бирок, алар өздөрүнө зулумдук кылышкан.
10.            Ошондуктан жамандык кылгандардын акыбети – Алланын айаттарын жалганга чыгарып, аны келекелегендер үчүн жаман болот!
11.           Алгачкы жараткан да Алла, кийин Өзүнө кайтара турган да Ал Өзү. Ага кайтарыласыңар.
12.           Кыйамат болгон күнү күнөөкөрлөр (Бейиштен) күдөр үзүшөт.
13.           Аларга, Аллага кошкон шериктеринин жардамы тийбей, алар өздөрү (Аллага кошкон) ошол шериктерине каршы чыгышат.
14.           Кыйамат күнү – ошол күнү  (каапырлар менен момундар) ажыратылат.
15.           Ал эми (Аллага) ыйман келтирип, жакшылык кылгандар (Бейиш) бактарда сайрандашат.
16.           Каапыр болуп, Менин айаттарымды жана акыретте Мага жолугууну жалганга чыгаргандар, мына ошолор – Тозокко дайардалгандар.
17.           Ошондуктан, кеч киргизип, таң атырган убагыңарда[9]  жана таң атаарда[10] Алланы аруулагыла!
18.           Асмандар менен жерде, кечке маал жана түшкү тыныгууңарда да[11] бардык мактоо – Аллага гана!
19.           Ал өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат да, жерди ал өлгөндөн кийин кайра жандандырат. Ошол сыйактуу эле, силер (кабырлардан) кайра чыгарыласыңар[12].
20.           Анын белгилеринин бири – силерди топурактан жаратышы. Кийин силер адам болуп (жер бетине) таркатылдыңар.
21.           Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да – Анын белгилеринен. Чындыгында, ой жүгүрткөн эл үчүн ушуларда белгилер бар.
22.            Асмандар менен жердин жаратылышы, силердин тилиңердин, түсүңөрдүн ар түрдүүлүгү да – Анын белгилеринен. Акыйкатта, буларда билимдүүлөр үчүн белгилер бар.
23.           Кече-күндүз  укташыңар, Алланын жакшылыктарын издешиңер да – Анын белгилеринен. Ырасында, кулак салган коом үчүн мында  да белгилер бар.
24.           Силерге коркуу жана үмүттөнүү түрүндө чагылганды көрсөтүп, асмандан жамгыр жаадырып, аны менен өлгөн жерди тирилтүүсү да – Анын белгилеринен. Чындыгында, мында да акыл жүгүрткөн эл үчүн үлгүлөр бар.
25.           Асмандар менен жердин Анын буйругу менен  турушу да – Анын белигилеринен. Ошондуктан, чакыруучу силерге үн салган кезде, силер дароо чыга келесиңер.
26.           Асмандар менен жердеги бардык нерсе – Аныкы! Баары Ага баш ийет.
27.            Ал жоктон бар кылып, анан кайра жаратат. Бул Ага оңой. Асмандар менен жердеги эң бийик мисалдар – Ага гана таандык. Ал – Ызааттуу, Даанышман!
28.           Ал силерге өзүңөрдөн  мындай мисал келтирет: Силерге Биз берип жаткан ырыскыларга, кол алдыңардагы кулдар да, силер менен тең шерик[13] болсо, алардан өзүңөрдөн сестенгендей жазганаар белеңер[14]? Айаттарыбызды мына ушинтип акыл жүгүрткөн элге ачык байан кылабыз.
29.           Албетте, заалымдар  (жакшылап) билбей туруп эле, каалоолорун ээрчип кете беришет. Алла адаштырган адамга ким туура жолду көрсөтө алмак? Аларга эч бир жардамчы жок.
30.           (Эй, Мухаммед!)  (Аллага) берилген, таза абалда жүзүңдү динге түздө. Алла адамдарды ошого[15] арнап жараткан. Алланын жараткан нерселеринде өзгөрүү болбойт. Ушу (Ислам дини) – туура, түз дин . Бирок, адамдардын көбү билишпейт.
31.            Аллага мойун сунган түрдө Андан коркуп туруп намаздарды аткаргыла. Эч качан Ага шерик кошуучулардан болбогула!
32.           Алар[16] өз диндерин бөлүп-жарып, топ-топ болуп  (бөлүнүп) алышкан.  Ар бири өз (кол) алдындагыларга гана кубангандар.
33.           Качан адамдарга бир балээ келсе, ошондо алар Эгесине кайрылышкан абалда жалбарышат. Эгер аларга Алла Өзүнүн мээримин таттырса, ошондо алардын кай бирлери Эгелерине[17] шерик кошушат[18].
34.           Муну Биз аларга берген ырыскыларыбызга шүгүрсүздүк кылуу үчүн жасашат. Мейли, (Биздин ырыскылардан убактылуу) пайдаланып тургула! Анан билесиңер!
35.           Же Аллага шерик келтирүүнү аларга айтып бере турган далил түшүрдүкпү?!
36.           Качан адамдарга бир ырайым таттырсак, ошондо алар ага абдан кубанат. А эгер өздөрү колдору менен жасагандарынын жазасы (кайгысы) келсе, алар (Алладан) үмүт үзүшөт.
37.           Чындыгында, Алла Өзү каалаган пендесине ырыскыны кеңейтип, же тарытып жатканын көрүшпөйбү? Чындыгында, ыйман келтирген коом үчүн ушунда да белгилер бар.
38.           Ошондуктан жакындарыңарга, бей-бечараларга, жолоочуларга акысын бергиле[19]. Алланын ыраазылыгын самагандар үчүн ушул жакшы. Мына ошолор – (Тозок азабынан) кутулуучулар.
39.           Силер адамдардын мал-мүлкүнө (өз байлыгыңарды) көбөйтүү үчүн кошконуңар – Алланын алдында көбөйбөйт.  Алланын ыраазылыгы үчүн берген зекеттериңер – мына ушулар эселенип көбөйүүчүлөр. Акырында, мына ошолор артыкча соопторго ээ болушат.
40.           Алла силерди жаратып, анан ырыскы берет. Андан кийин өлтүрөт да, анан кайра тирилтет. Силердин Аллага кошкон шериктериңердин арасынан ким силерге мына ушулардын[20] бир нерсесин жасай алат? Алла – алардын кошкон шериктеринен Аруу да, Бийик!
41.           Адамдар өз колдору менен жасагандарынын кай биринин[21] жазасын тарттыруу үчүн кургактыкта жана деңизде бузукулук ачыкка чыкты. Балким, алар кайра тартышаар.
42.           (Эй, Мухаммед!) «Жер жүзүн кыдырып, мурункулардын акыбети кандай болгонун көргүлө», дегин. Алардын көбү Аллага шерик кошуучулар болчу.
43.           Алладан  кайтарылбай турган күн келүүдөн мурун жүзүңдү туура, түз динге[22] түздө! Ал күнү алар[23] ажыратылат.
44.           Ким каапыр болсо, каапырлыгы өзүнө! Ал эми ким жакшы амал жасаса, анда ал өзү үчүн  (жыргалдуу) орун дайардайт.
45.           Ошентип, Алла ыйман келтирип, жакшылык кылгандарга Өз жакшылыктарынан  сыйлык берет. Чындыгында, Ал[24] –  каапырларды жакшы көрбөйт.
46.            Силерге жакшылык даамын таттыруу үчүн кубандыруучу шамалдарды жиберип, Өз берешендигинен ырыскы издөөлөрүңөр үчүн Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүп койгону – Анын белгилеринен. Балким, (Аллага) шүгүр кылаарсыңар.
47.           Чындыгында, сенден мурун да алардын коомуна элчилерди жибергенбиз. Ошентип (элчилерибиз) аларга далилдер менен келишкен. Ошондо алардын күнөөкөрлөрүнөн өч алдык (жок кылдык). Анткени, момундарга жардам берүү – Биздин милдет.
48.           Алла  шамалдарды жиберет да, булуттарды жылдырып, аны Өз каалоосу бойунча асманга жайат. Булуттарды кыймылга келтирип турат. Ошондо алардын ортолорунан жамгырдын  чыкканын көрөсүң. Ал жамгырды пенделеринен каалаганына жеткирет. Ошол убакта алар кубанычка ээ болот.
49.           Чындыгында, алар  өздөрүнө жамгыр келүүдөн алда канча мурун эле күдөр үзгөн болчу.
50.           Алланын ырайымынын издерине кара:  Жер жүзү өлгөндөн кийин аны кандай жандандырды! Акыйкатта, Ал – өлүктөрдү тирилтет. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!
51.           Албетте,  эгер (Биз) шамал жиберсек, алар эгиндеринин саргайганын көрсө да…, андан кийин да каапырлык кылышат[25].
52.           (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, сен өлүктөргө уктура албайсың. Ошондой эле, жүз буруп, кетип бараткан дүлөйлөргө да чакырыкты угуза албайсың.
53.           Сокурду да адашкан багытынан туура жолго сала албайсың.  Айаттарыбызга ыйман келтирип, мойун сунган адамдарга гана уктура аласың.
54.            Алла – силерди алсыз суудан жаратып, анан алсыздыктан кийин күч берет. Анан күчтөн кийин кайра алсыратып, картайтат[26]. Ал Өзү каалгандай жаратат. Анткени, Ал – Кабардар, Кудуреттүү!
55.           Кыйамат күнү күнөөкөрлөр (кабырда) бир «саатан көп турганыбыз жок» деп ант ичишет. Алар дүйнө жашоосунда да ошентип адашкан болчу.
56.           Ал эми билимдүүлөр менен ыйман келтиргендер: «Чындыгында, Алланын алдындагы тириле турган күнгө чейин турдуңар. Тириле турган күн ушул. Бирок, силер билбейт элеңер»,–дешет.
57.           Ошол күнү зулумдук кылгандардын шылтоолору пайда бербейт.  Алар жемелөөгө да алынбайт[27].
58.            Чындыгында, бул Куранда адам баласы үчүн ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Аларга бир белги келтирсең да, каапырлар: «Силер бузуку ганасыңар», – дешет.
59.            Ошентип, Алла билбегендердин[28] жүрөктөрүн мөөрлөп[29] салат.
60.           (Эй, Мухаммед!) Эми сабыр кыл. Анын убадасы акыйкат! Ишенбегендер сени жеңил санашпасын![30].



[1]  «Рум» – Чыгыш Рим империйасы, Византийа аталган мамлекеттин араб тилинде аталышы
[2] Мааниси бир Аллага маалым
[3]  Чыгыш Римдиктер  Китеп ээлери эле. Аларды Перси империйасы басып алган учур болгон.     А перстер китеп ээлери эмес болчу, будпарастар болушкан. Ошондо Меккелик каапырлар кубанычка бөлөнүп,  мусулмандарга кайрылып: «Перстер Византийалыктарды басып алгандай,  биз да силерди жеңип алабыз» , – дешкен (Тафсир Ал-Жалалайн)
[4]  3төн 9га чейинки жылдар аралыгы
[5] Окуйалардын кандай нукта өнүгүшү
[6] Византийа жеңилгенден туура жети жыл өткөн соң кайра персилерди жеңип алышкан. Ошондо мусулмандар кубанышты. Меккелик каапырлар будпарастарга жан тарткандай эле, мусулмандар да китеп ээлерине жан тартышкан. Кызыгы: Бул окуйаны Куран жети жыл мурун кабарлаган. Курандын ушул сүрөсүнүн 4-айатында «фии биз-и синиин» деп кабардалган.                            Араб тилинде «биз-у»  3төн 9га чейинки сандардын аралыгын туйундурат. Куран - Жараткандын Сөзү экенине мына бул далил эмей эмине?
[7]  Мурда өткөн муундар: Аад, Самуд сыйактуу элдери
[8] Азыр жашап жаткан Рим, Перс империйалары жана алардын кийин өкүм жүргүзгөн башка каапыр мамлекетер сыйактуулар
[9] Шам жана куптан маалдары
[10] багымдат намазында
[11] Бешим жана дигер маалдары
[12] мүрзөлөрдөн
[13] Тең укуктуу болуп, теңтайлаша өкүм жүргүзсө
[14] Силер өзүңөрдүн насибиңерге, кул-күңдөрүңөрдү  шерик кылбайсыңар. Анан кантип Алланын кулдарын Ага шерик кылып жатасыңар?
[15] Ислам динине
[16] мушриктер
[17] Алла Таалага
[18] “Биз бул ийгиликке өз акылыбыз менен жеттик”, – дешет
[19] Жакшылык кылгыла, садака бергиле, сыйлагыла…
[20] Азыр эле саналып өткөндөрдүн
[21] Өздөрү жасаган жамандыктарды алар да  башкалардан тартып көрсүн деп жер бетиндеги жана деңиздердеги адмдардын каракчылыктарын азырынча токтотконубуз жок
[22] Исламга
[23] Каапыррлар менен момундар
[24] Алла Таала
[25] Апаатка сабыр кылбайт
[26] Адам наристе кезинде абдан алсыз болуп, эр жеткенде жалтанбаган күчкө толуп, картайган кезде кайра алсырайт.
[27] Сестендирүүчү эскертүүлөр да жасалбайт. Анткени  анын ага баары бир пайдасы жок болот. Аларды жаза гана күтүп турган болот
[28] Алланын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билүүнү каалабагандардын
[29] Куранды түшүнбөй турган кылып, кулпулап, бекитип...
[30] Чыныгы тамашаны Кыйамат Күнү көрүшөт!

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder