25.02.2014

25 FURKÂN SÛRESİ

 бөлүм
25-сүрө,  “Фуркан[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жетимиш жети айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.      Ааламдарга эскертүү болсун үчүн Өзүнүн пендесине[2] Фурканды[3] жөнөткөн[4] – улук болду.   
2.     Асмандар менен жердин мүлкү Ага гана таандык, Ал өзүнө бала алган жок жана Анын бийлигинде шериктер да болгон эмес. Ал бардык нерселерди жараткан жана белгилеп-өлчөп  койгон.*
3.     Алар эч нерсени жарата албаган, өздөрү жаратылган кудайларды Анын ордуна кудай кылып алышкан. Алар[5] өздөрү үчүн зыйан да, пайда да келтире алышпайт жана алар өлүмгө да, жашоого да жана өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө да эч ээлик кыла алышпайт.
4.     Каапырлар: “Бул өзү ойлоп тапкан гана жалган. Ага башка кишилердин тобу да жардамдашты” - дешет. Албетте, (булар ушинтип) зулум[6] жана жалганга кабылышты.
5.     Алар: “Оболкулардын гана жомогу[7]. Ал аларды өзү үчүн жазууну суранган жана аларды эртең менен жана кечинде окуйт” - дешти.
6.     “Аны асмандардын жана жердин сырларын Билүүчү түшүргөн. Ал чындыгында Кечирүүчү, Мээрбан” - дегин.
7.     Алар: “Бул эмне деген пайгамбар? Ал тамак жейт жана базарда жүрөт. Ага[8] аны менен бирге насаат кыла турган периште жиберилбеди бекен?!.
8.     Же ага бир кенч жөнөтүлсөчү? Же анда (өзү гана) жей турган бак болсочу?”[9] – дешет. Адашкандар: “Силер болгону сыйкырланган кишини гана ээрчийсиңер” – деп айтышат.
9.     Карап көрчү! Алар сен жөнүндө кандай гана мисалдарды келтиришпеди. Алар жолдон адашты. Жолго чамалары да жетпейт.
10.       Ага улуктук болсун! Эгер кааласа сага андан да мыктыны: алдынан өзөн-дарыйалар агып турган бактарды жана сарайларды жасаар эле.
11.       Балким, алар Кыйамат күнүн жалганга чыгарышат. А Биз Кыйаматка ишенбегендерге отту дайардап койдук.
12.       Алар аны[10] алыс жайдан көрүшкөндө албууттанганын жана катуу үндү угушат.
13.      Алар кишенделген абалда андагы тар жайга ташталганда (өздөрүнө) өлүмдү тиленишет.
14.      “Бүгүн силер өзүңөргө кыйроону бир эле эмес, көп ирет чакыргыла” (- делинет).
15.      Силерге ушул жакшыбы же такыбаларга убада кылынган түбөлүк бейиш жакшыбы? (Бейиш) аларга сыйлык жана кайтуучу жай болот.
16.      Алар үчүн анда[11] түбөлүктүүлүк, алар эмнени кааласа баары бар. Бул Эгеңден суралган убада эле.
17.      Ал аларды жана алардын Алланын ордуна табынгандарынын  баарын чогулткан күнү: “Менин бул пенделеримди силер адаштырдыңарбы же алар өздөрү жолдон чыгыштыбы?” – дейт.
18.      Алар: “Сени аруулайбыз! Сенден башканы биз коргоочу кылып албайбыз. Бирок Сен аларга жана аталарына ырахаттана турууга мөөнөт бердиң, ушундан улам алар эскертүүнү унутуп, кыйроого учуроочу коом болду” – дешет.
19.      Алар[12] силер айтып жаткандар жөнүндө силерди жалганга чыгарышты. Силер аны[13] артка кайтара албайсыңар жана тосо да албайсыңар. Силердин араңардагы заалымдарга Биз улуу жазаны беребиз.
20.      Биз сага чейин да пайгамбарларды жөнөткөнбүз, алар тамак жебей жана базарда жүрбөй калган эмес. Биз силердин кээ бириңерди башкалар үчүн сыноо кылдык. Сабыр кыласыңарбы? Эгеңер (баарын) көрүп турат.
Он тогузунчу бөлүм
21.      Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөр: “Эмнеге бизге периштелер жөнөтүлбөдү же биз Эгебизди көрсөк” – дешет. Алар өздөрүн өтө бийик санашты жана чоң чектерден чыгышты[14].
22.      Алар периштелерди көргөн күнү, күнөөкөрлөр үчүн кубанычтуу күн болбойт. Периштелер аларга: “Чечкиндүү тыюу салынган!” – дешет.
23.      Биз алар кылган иштерине киришип, аларды тозоңдой кылып текке кетиребиз.
24.      Ал күнү Бейиш ээлеринин турар жайлары жакшы, эс алчу жайлары да сонун болот.  
25.      Ал күндө асман, булуттар жарылып, периштелер катарлаша түшөт.
26.      Ал күндө бардык бийлик Мээримдүү үчүн гана болот. Ал күн каапырлар үчүн оор күн.
27.      Ал күндө заалым бармактарын тиштеп минтет: “О аттиң! Мен Пайгамбардын артынан ээрчисемчи?  
28.      О мен куруп калайын! Мен баланчаны дос кылбасамчы...
29.      Ал мага келгенде мени Алланы эскерүүдөн тосту.” Албетте, шайтан инсанды жарамсыз таштап кетет.
30.      Жана пайгамбар айтты: О Эгем! Менин элим Куранды таштап койду”.
31.      Ар бир пайгамбарга Биз күнөөкөрлөрдүн ичинен душманды кылдык. Эгеңдин жетекчилиги жана жардамы сага жетиштүү.
32.      Каапырлар: “Эмне үчүн Куран бир эле жолу (толук) түшүрүлбөдү?” – дешет. Муну ушинтип, сенин жүрөгүңдө бекемдөө үчүн Биз аны[15] бөлүп түшүрдүк.
33.      Алар сага кайсы бир мисалды келтиришсе, Биз сага (ага карата) чындыкты жана эң жакшы чечмелөөнү келтиребиз.
34.      Тозокко жүзү менен ташталгандар – мына ушулар орундары жаман, жолдон адашкандар.
35.      Биз Мусага Китеп бердик, аны менен бирге анын бир тууганы Харунду вазир[16] кылдык.
36.      Биз: “Биздин айаттарыбызды жалганга чыгарган коомго баргыла” – дедик жана аларды Биз жок кылдык.
37.      Нухтун коому пайгамбарларды жалганга чыгарганда, Биз аларды чөктүрдүк жана аларды адамдар үчүн үлгү кылдык. Заалымдар үчүн оорутуучу азапты дайардадык.
38.      Аад, Самуд (коомдору) жана кудук ээлери жана алардын аралыгында өткөн көптөгөн муундар, 
39.      Биз алардын баарына мисалдарды келтирдик жана алардын баарына толук кыргын салдык.
40.      Алар[17] жамандыктын жааны[18] жаадырылган калаанын[19] жанынан өтүштү[20]. Чынында алар аны көрүшпөдүбү? Жок, алар кайра тирилүүнү күтүшпөдү.
41.      “Ушуну Алла пайгамбар кылып жөнөтүптүрбү?” – деп, алар сени көргөндө шылдың гана кылышат.
42.      “Эгерде биз ага чыдап (бекем) туруп койбогонубузда бизди кудайларыбыздан кайтарып сала жаздады.” Алар азапты көргөн кезде, ким жолдон көбүрөөк тайганын билишет. 
43.      Сен өзүнүн кумарданууларын кудай кылып алганды көрдүңбү? Сен аларга көзөмөлчү боло аласыңбы?
44.      Же алардын көбү угушат же ойлонушат деп ойлойсуңбу? Алар айбандар сыйактуу. Балким, алар андан да катуураак жолдон адашкандар.
45.      Эгең көлөкөнү кантип узартканын көрбөдүңбү? Эгер ал кааласа аны өзгөртүүсүз кылып коймок. Андан соң биз Күндү анын көрсөткүчү[21] кылып койдук.
46.      Андан соң Биз аны өзүбүзгө акырындык менен жыйабыз.[22]
47.      Ал силер үчүн түндү - кийим, уйкуну – тынчтык жана күндүздү - жашоого кайтуу кылып койду.
48.      Ал Өз Мээриминин[23] алдынан шамалды кубанычтуу кабар менен жөнөтөт жана асмандан жаан жаадырдык,
49.      өлүк жерди тирилтүүбүз жана аны менен Биз жараткан малдарды жана көптөгөн адамдарды суугаруубуз үчүн.
50.      Биз булардын баарын алар эскерүүлөрү үчүн түшүндүрдүк. Бирок адамдардын көбү каапырлыктан бөлөктөн баш тартышат.
51.      Эгер Биз кааласак, ар бир айылга эскертүүчү (элчи) жөнөтөөр элек.
52.      Капырларга баш ийбе жана анын[24] жардамы менен аларга чоң күрөш жүргүз!
53.      Ал эки деңизди катар койду: бири тузсуз таза суу, экинчиси – туздуу, ачуу; алардын араларына бузулгус парда - тосмо[25] койду.
54.      Ал инсанды суудан[26] жараткан жана ага бир туугандарды жана жек-жааттарды берген. Эгең Кудуреттүү.
55.      Алар Алладан башка аларга жардам да, зыйан да кыла албагандарга табынышат. Каапыр өзүнүн Эгесине каршы (шайтанга) жардамдашат.
56.      Биз сени кабар берүүчү жана эскертүүчү кылып жөнөттүк.
57.      “Каалагандар өз Эгесинин жолунда болуусунан башка,[27] бул үчүн мен эч кандай акы сурабаймын” - дегин.
58.      Эч өлбөй турган, түбөлүк Тирүүгө[28] тобокел кыл жана Аны мактоо менен аруула! Өз пенделеринин күнөөлөрү тууралуу Ал толук кабардар.
59.      Ал асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды алты күндө жараткан. Андан соң Аршка ээлик кылды.[29]  Ал Мээримдүү, ал жөнүндө билүүчүлөрдөн сурагын.
60.      Аларга: “Мээримдүүгө сежде кылгыла[30]” делгенде, алар: “А Мээримдүү деген эмне? Сен буйруган нерсеге биз сежде кылмак белек?” – дешет жана бул алардын баш тартуусун күчөтөт.
61.      Асманда топ жылдыздарды жасап, анда чыракты (күндү) жана жарык берүүчү айды Жараткан улук болду!
62.      Ал түндү жана күндүздү - эскерип, шүгүр кылуучулар үчүн кезектештирип койду.
63.      Мээримдүүнүн пенделери жер үстүндө тынч абалда жүрүшөт жана аларга наадандар тил тийгизсе: “Тынчтык (каалайм)!” – дешет.
64.      Алар Эгесинин алдында сежде кылып жана тике туруп[31] түндү өткөрүшөт.
65.      Алар: “Эгебиз! Бизден тозоктун азабын кайтар! Чындыгында, анын азабы сөзсүз болуучу” – дешет.
66.      Акыйкатта, ал – өтө жаман орун жана жай.
67.      Алар сарп кылганда ысырап кылышпайт жана сараңданышпай, орточо сарпташат.    
68.      Алар – Аллага кошуп, башка кудайларга табынбагандар, Алла өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз[32] өлтүрбөгөндөр жана айагы суйуктук[33] кылбагандар. Кимде-ким муну[34] жасаса, ал жазага тартылат.
69.      Кыйамат күнүндө алардын жазасы эки эсе болот жана ал[35] анда түбөлүккө кор кылынат.
70.      Ал эми, ким өкүнүп тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, анда Алла алардын жаман иштерин жакшы менен алмаштырып койот[36]. Акыйкатта, Алла – Кечиримдүү, Мээрбан.
71.      А ким тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, акыйкатта ал Аллага чын ыклас менен тообо кылып кайрылат.
72.      Алар жалганга күбө болушпайт жана пайдасыз сөздөрдү сүйлөп жаткандардын жанынан наркы[37] менен өтүп кетишет.
73.      Аларга Эгесинин айаттары  эскертилип жатканда алар дүлөй жана сокур болуп, ийилишпейт[38].
74.      Алар: “Оо Эгебиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзүбүзгө кубаныч тартуула жана бизди такыбалар үчүн үлгү кыл!” – дешет.
75.      Алар сабырдуулуктары үчүн эң жогорку орунга[39] ээ болушат да, анда саламдашуу жана тынчтык менен кезигишет.
76.      Анда түбөлүк болушат; эң сонун орун жана туруучу жай!
77.      “Эгер силер кайрылбасаңар, Эгем силер тууралуу эмнеге кам көрсүн? Силер жалганга чыгардыңар жана силер үчүн жакында жаза бар” – дегин.



[1] Фуркан – жамандык менен жакшылыкты ажыратуучу.
[2] Мухаммед (а.с.)га.
[3] Куран.
[4] Аллага.
[5] Сөлөкөттөр.
[6] Каапырлык.
[7] Каапырлар Курандын аяттары тууралуу айтып жатышат.
[8] Мухаммедге (а.с.).
[9] Башка жактан жебей...
[10] Тозокту.
[11] Бейиште
[12] Жалган кудайлар, сөлөкөттөр.
[13] Азапты.
[14] Чектен чыга зор күнөөгө батышты.
[15] Куранды, Курандын аяттарын.
[16] Жардамчы.
[17] Меккеден чыккан Курейштер.
[18] Кырсык-балеелер жөнөтүлгөн.
[19] Өлүк Деңиздин аяк жагындагы Содом жана Гоморра шаарлары жөнүндө сөз болууда.
[20] Соода-сатык кылып Сирияга баратышканда.
[21] Эгерде Күн болбогондо, ал көлөкөнү билмек да эмес.
[22] Күн канчалык жогору көтөрүлгөн сайын, көлөкө ошончолук кыскарат.
[23] Жамгырдан мурда.
[24] Куран.
[25] Дүйнөдөгү деңиздерде айрым жерлеринде суусун кадимкидей ичүүгө жарай турган тузсуз аймактар кездешет. Жер Ортолук Деңизи менен Атлантика океанынын кошулган жеринде да ушундай.
[26] Уруктан.
[27] Алланын ыраазылыгы үчүн бей-бечараларга кайрымдуулук жасаса, ага да каршы эмесмин... (бирок, өзүм албайм).
[28] Аллага.
[29] “Истиваа” сөзү өзүнө бир нече маанини камтыйт. Андыктан бул сөздү терең изилдөө шариатта максатсыз. Демек, бул сөздөн Алла эмнени кааласа, ошого ыйман келтирүүгө милдеттүүбүз. Ар кандай чечмелөөлөрдү айтып, талашып-тартышууга тийиш эмеспиз. Ошентсе да, айрым маанилерди айта кетүү максатка ылайык: а) орун алуу; б) жайлануу; в) көтөрүлүү; г) камынуу; д) багыт алуу; ж) максат кылуу. 
[30] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[31] Түн ичинде туруп, ыктыярдуу түрдө окула турган намаздарды окушат.
[32] Киши өлтүргөнгө соттун (муфтийдин, казынын) өкүмү менен жаза белгиленет. Ал боюнча: 1) же өлтүрүлөт; 2) эгер өлүк ээлери кааласа, жүз төөнүн болжолдуу баасында кун (айып) төлөтүлүп берүүгө милдеттендирилет;  3) же өлүк ээлери кечип жиберүүнү кааласа, өлтүрүлбөй да, кун да төлөнбөй куткарылат.
[33] Никесиз жыныстык катнаш; эринин же аялынын көзүнө чөп салуу.
[34] Жогоруда айтылган үчөөнүн бирөөн эле жасаса.
[35] Аллага шерик кошуп өткөндөр.
[36] Алла өтө кечиримдүү жана мээримдүү болгондуктан зор күнөөкөр пендеге да өкүнүп, тообо кылуу эч убакта кеч болбойт.
[37] Өзүн билип, шариятка ылайык маданийат менен.
[38] Аллага сежде кылышпайт.
[39] Бейишке.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder