25.02.2014

39 ZÜMER SÛRESİ

           39-сүрө «Зумар[1]»
  Меккеде түшүрүлгөн. Жетимиш беш айаттан турат.
      Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын аты менен!
1.     Бул Китептин[2] түшүрүлүшү – Ызааттуу[3], Даанышман Алладан.
2.     (Эй, Мухаммед!)  Акыйкатта, сага бул Китепти чындык менен түшүрдүк.  Эми динде[4]  Аллага гана берилип, ибадат кыл[5].
3.     Көңүл бөлгүлө!  Дин – Аллага гана таандык. Алладан башканы кудай туткандар: «Бизди Аллага жакындаштырсын деп гана аларга сыйынабыз», (дешет).Алардын ортолорунда талашкан нерселер тууралуу Алла албетте Өз өкүмүн чыгарат. Чындыгында, жалган айтуучуну[6], каапырлык кылганды Алла туура жолго салбайт.
4.     Эгер Алла балага ээ болууну кааласа, Өзү жараткандарынын ичинен каалаганын тандап алмак. Ал андан аруу! Алла – Жалгыз, Каардуу!
5.     (Алла) асмандарды, жерди чындык менен жаратты. Түндү күндүзгө айландырды, күндүздү түнгө айландырды жана күн менен айды Өзүнө багынтып койду. Баары белгилүү бир мөөнөткө чейин жүрүп турушат. Ал –  Ызааттуу, Кечиримдүү!
6.     Алла  силерди бир адамдан таратты. Андан[7] жубайын  жаратты. Силер үчүн малдардан сегиз жубун[8] түшүрдү. Ошондой эле, силерди энеңердин ичиндеги үч[9] караңгылыкта бир жаратыштан[10] кийин, дагы бир жаратышта жаратты[11]. Мына ушундай кылган – Эгеңер Алла. Өкүмдарлык – Ага гана таандык. Андан башка Кудай жок. Кайда бурулуп кетесиңер?!
7.      Эгер каапырлык кылсаңар, анда… Алла силерге эч муктаж эмес. (Ал) пенделеринин каапырлыгына ыраазы эмес. Эгер (Аллага) шүгүр кылсаңар, (Ал) силерге ыраазы болот. Эч бир күнөөкөр башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Кийин, кайтып келээр жагыңар – Эгеңер тарап. Ошондо силерге (бул дүйнөдө) жасаган иштериңерден кабар берет. Анткени, Алла – жүрөктөгүлөрдү Билүүчү.
8.     Инсанга кыйынчылык келсе, Эгесине кайткан абалда жалбарат.  Анан Алла ага жакшылык берсе, мурун Ага жалбарганын унутат да, (башкаларды) Анын жолунан адаштыруу үчүн Аллага шерик кошот[12]. (Эй, Мухаммед!) Ага[13]: «Каапырлыгың менен бир аз  ырахаттанып тура тур. Албетте, сен Тозок ээлериненсиң[14]»  – деп айт.
9.     Ал[15] –  (Аллага) моюн сунуп, түн ичинде сежде кылган жана тик турган абалда (намаз окуп), акыреттен[16] коркуп, Эгесинин ырайымынан үмүт кылган адам сыйактуу боло алмак беле? (Эй, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат.
10.      (Эй, Мухаммед!) «Менин ыйман келтирген пенделериме: «Эгеңерден корккула!  Бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга – жакшылык бар.  Алланын жери кенен. Чындыгында, сабыр кылуучуларга  сыйлыктары  эсепсиз (өлчөөсүз) берилет»,–деп айткын.
11.      (Эй, Мухаммед!) «Акыйкатта, мен динде бир гана Аллага берилип[17], ибадат кылууга буйрулганмын»,–дегин.
12.      «(Мен Аллага) моюн сунуучулардын[18] эң биринчиси болууга буйрулдум».
13.      «Чындыгында, мен Эгеме каршы чыксам… Улуу күндүн[19] азабынан коркомун»,–дегин.
14.      «Динимде бир гана Аллага берилип ибадат кылам[20]»,–дегин.
15.      «Силер болсо Алладан башка каалаганыңарга сыйына бергиле. Ырасында, зыйанга учурагандар[21] кыйамат күнү өздөрүн да, үй бүлөсүн да зыйанга учураткандар болушат. Мына ошол – анык зыйанга учуроо», – дегин.
16.      Алардын үстүлөрүнөн оттон (жасалган) жабуулар, астыларынан да оттон (жасалган) төшөнчүлөр болот. Мына, Алла пенделерин  ушул (от) аркылуу коркутат. Эй, пенделерим! Менден корккула!
17.      «Таагутка» сыйынуудан оолак болушуп, Аллага кайткандар үчүн кубаныч[22] бар, ошону менен пенделеримди сүйүнчүлө!
18.      (Алланын буйруктарына) сөсүз кулак салып, анын эң жакшысын[23] ээрчий тургандар, мына ошолор – Алла туура жолго салгандар. Дал мына ошолор – акыл ээлери.
19.      (Эй, Мухаммед!) азапталууга сөз бекемделип калган немени  куткара турган сенби?[24]
20.      Эгесинен корккондор үчүн алдыларынан дарыйалар агып туруучу кабат-кабат салынган бөлмөлөр бар. Бул – Алланын убадасы. Алла Өз убадасына каршы чыкпайт!
21.      Көрбөйсүңбү:  Акыйкатта, Алла асмандан жамгыр жаадырып, аны жер бетиндеги булактарга кошту. Анан, ал аркылуу түрдүү-түмөн эгиндерди чыгарат. Анан алар куурап, саргайып калганын көрөсүң, анан аны Алла күкүмгө айлантат. Мында акыл ээлери үчүн – эскертүү бар.
22.      Алла кимдин дилин Ислам үчүн ачкан болсо, анда ал Эгеси тараптан нур үстүндө болбойт бекен? Жүрөктөрү Алланы эстөөдөн мерез болуп катып калгандарга азап болсун! Мына ошолор анык адашууда.
23.      Алла айаттары бири-бирине окшош (сыйактуу угулуп) кайталанып тура турган Сөздүн эң көркөмүн Китеп[25] түрүндө түшүрдү. Андан[26] Эгесинен корккондордун денелери титирейт. Анан[27] алардын терилери, жүрөктөрү Алланы эстөө аркылуу жибийт. Бул (Куран) –  Алланын туура жолу. Аны менен (Алла Өзү) кимди кааласа туура жолго багыттайт. Алла бирөөнү адаштырган болсо, анда ага башка туура жол көрсөтүүчү болбойт.
24.      Кыйамат күнү жүзүн жаман азаптан коргоого тырышкан адам кандай[28]? (Ошондо) заалымдарга[29]: “Кылган ишиңердин жазасын таткыла!”, –делинет.
25.      Алардан мурункулар да (Алланын Сөздөрүн) жалганга чыгарышкан. Ошондо аларга күтпөгөн жактан азап келген.
26.       Эгер алар билген болсо, акырет азабы андан да чоңураак. Алла аларга бул дүйнө тиричилигинин да кордугун (жетишээрлик) таттырды.
27.      Чындыгында Биз бул Куранда адамзатка  ар түрдүү мисалдарды, алардын насаат алуулары үчүн келтирдик.
28.      Бул кемчиликсиз араб тилиндеги Куран. Балким, алар коркушаар.
29.       Алла (силерге) бир мисал келтирет: Өз ара мамилелери келишпеген достордун кызматын кылган адам[30] жана жалгыз бир адамдын кызматын кылган адамдын мисалындай: экөө теңби[31]? Бардык мактоо Аллага  таандык. Бирок алардын көбү билишпейт.
30.      (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, сен да өлөсүң. Алар да өлөт.
31.      Ошондуктан силер кыйамат күнү Эгеңердин алдында талашып, тартышасыңар.

Жыйырма төртүнчү бөлүм
32.      Ал эми Аллага жалаа жапкандар..., өздөрүнө чындык келгенине карабай, жалган айткан адамдан заалымыраак ким бар? (Алланын айаттарына) каршы чыккандарга Тозокто орун бар эмеспи?
33.      Чындыкты алып келген жана аны тастыктаган адамдар – мына ушулар такыбалар.
34.      Аларга Эгеңердин алдында каалаган нерселер бар. Жакшылык кылуучулардын сыйлыгы ушул.
35.      Анткени Алла алардын иштеген иштеринин жаманын жойуп, өздөрү жасаган эң жакшы иштери менен сыйлайт.
36.      Алла пендесине Жетиштүү эмеспи? (Эй, Мухаммед!) Алар сени Алладан башкалар менен коркутат. Кимди Алла адаштырса, ага туура жол көрсөтүүчү жок.
37.      Ал эми Алла кимди туура жолго салса, аны адаштыруучу жок. Алла – Өч алуу ээси, Ызааттуу эмеспи?!
38.      (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, алардан: “Асмандарды, жерди ким жаратты?” – деп сурасаң, албетте, алар: “Алла”, – дешет. (Сен): “Айткылачы: Эгер Алла мага бир зыйан берүүнү кааласа, Алладан башка сыйынгандарыңар Анын кайгысынан арылта алабы? Же Алла мага бир жакшылык кааласа, алар Анын жакшылыгын тосо алышабы? Алла мага Жетиштүү! Тобокел кылуучулар Ага тобокел кылышсын[32]”, – дегин.
39.      (Эй, Мухаммед!) “Эй, элим! Өз алдынча иштей бергиле. Албетте, мен да иштеймин. Жакында билесиңер”, – деп айткын.
40.      “Кордоочу азап кимге келсе – үстүнө үзгүлтүксүз азап түшкөнү”.
41.      (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, Куранды сага акыйкат менен адамдар үчүн түшүрдүк[33]. Эми ким туура жолго түшсө, ал өзү үчүн. Ал эми ким адашса, адашканы – өз зыйанына. Сен аларга өкүл эмессиң[34].
42.      Өлөөр мезгилде жанды Алла алат[35]. Өлбөгөндөрдүн[36] жанын уйкуда (жатканда)  алат[37]. Ошондой эле, өлүүгө өкүм кылынгандардын[38] жанын (Алла Өз) алдында алып калат да, башкалардыкын[39] белгилүү бир мөөнөткө чейин кайра жиберет. Акыйкатта, мында түшүнгөн адамдар үчүн өрнөктөр бар.
43.      Болбосо алар Алладан башканы колдоочу кылып алыштыбы? (Эй, Мухаммед!) “Эгер алар эч нерсеге ээ болушпаса да, акылдары эч нерсеге жетпесе да (кудай кыла беришеби)?” – деп айткын.
44.      (Эй, Мухаммед!)  “Колдоонун баары – Аллага таандык[40]. Асмандар менен жердин ээлиги да Аныкы. Акыры Ал тарапка кайтасыңар”,– дегин.
45.      Алланын гана аты аталса, акыретке ишенбегендердин жүрөктөрү кысылат. Ал эми Алладан башканын аты (кудай катары) аталса, алар кубанышат.
46.      (Эй, Мухаммед!) “Оо, асмандар менен жердин Жаратуучусу, купуйаны да, ачыкты да билүүчү Алла! Талаш-тартышка түшкөн нерселерде пенделериңдин ортосунда (кимиси туура экени тууралуу) Сен гана  өкүм чыгарасың![41]”,– дегин.
47.      Эгер жер жүзүндө болгон бардык нерселер жана алар менен бирге дагы ошончо (көп байлык) заалымдардыкы болсо, Кыйамат күнүнүн катуу азабынан (кутулуу үчүн) ошонун баарын төлөөгө беришмек[42].  Алар (ошондо) эч ойлобогон нерселер[43] Алла тараптан көрүнөт.
48.      Аларга өздөрү жасаган жамандыктары (Кыйаматта көздөрүнө) көрүнөт[44]. Ошондой эле, алардын шылдыңдаган нерселери өздөрүн ороп алат.
49.      Инсанды кандайдыр-бир кыйынчылыкка кармаса[45], Бизге жалбарат. Анан ага Өзүбүздөн бир жакшылык  берсек, ал: ”Бул менин билгичтигиме берилди”, – дейт. Жок! Андай эмес. Ал[46] бир сыноо. Бирок, алардын көбү билишпейт.
50.      Чындыгында  алардан мурункулар да ошондой дешкен. Бирок алардын жасаган нерселери[47] (азаптан) куткарууга жараган жок.
51.      Ошондуктан, алардын жасаган нерселеринин жамандыктары өздөрүнө тийет. Алардан заалым болгондордун жаман иштеринин жамандыктары өздөрүнө жакында тийет. Алар (Алладан келген) ал азапты жок кыла алышпайт.
52.      Алар билишпейби: чындыгында, Алла кимди кааласа, ошонун ырыскысын  кеңири кылат, кимди кааласа анын насибин тар кылып койот. Ушуларда, ыйман келтирген[48] эл үчүн белгилер бар.
53.      “Эй, өздөрүнө зыйан кылып жаткан пенделерим! Алланын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө. Алла бардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер!”, – деп айткын.
54.      “Өзүңөргө жаза келгенге чейин Эгеңерге кайткыла! Ага мойун сунгула. Кийин[49] жардам ала албайсыңар”[50].
55.      “Силерге капилеттен, күтүүсүз азап келгенге чейин өзүңөргө  Эгеңерден түшүрүлгөн жакшы нерсени[51] ээрчигиле!”.
56.      Кимдир бирөө: “Аллага байланыштуу (маселелерде) чектен чыккандыгым  жана (момундарды) келекелегендерден болгонум үчүн мага өкүнүч”, – дегенге чейин[52] (шашылып калгыла).
57.      Же: “Эгер Алла мени туура жолго салса кана. Мен ошондо такыбалардан болмокмун[53]”, – дегенге чейин...
58.      Же  алар азапты (өз көздөрү менен) көргөн учурда[54]: “Аттиң! Мага (дүйнө жашоосуна) кайра кайтууга мүмкүнчүлүк болгондо,  ошондо мен (жалаң гана) жакшы иштери жасаган адамдардан болоор элем”, – дегенге чейин.
59.      (Ошондо аларга): “Андай эмес! Чындыгында, сага айаттарыбыз[55] келгенде, аны жалганга чыгардың да, менменсинип, каапырлардан болдуң!”– деп айтылат.
60.      (Эй, Мухаммед!) Кыйамат күнү Аллага жалаа жапкандардын беттери капкара болгонун көрөсүң. Менменсинген текеберлердин орду Тозокто эмеспи?
61.      Алла такыбаларды (Алладан) өздөрүнүн ийгилиги менен (оттон) куткарат.  Аларды от кармабайт[56]. Алар кайгырышпайт.
62.      Алла – бардык нерсенин Жаратуучусу! Алла – бардык нерсеге Өзү өкүл[57].
63.      Асмандар менен жердин ачкычтары Анын ээлигинде. Алланын айаттарына каршы чыккандар, мына ошолор – (Кыйаматта) зыйанга учуроочулар.
64.       “Эй, наадандар!  Мага Алладан башкага сыйынууга буйругуңар келеби?!”, – деп айткын[58].
65.      Акыйкатта, сага да, сенден мурункуларга да: “Эгер Аллага шерик кошчу болсоңор, албетте, (кылган) амалыңар жоюлуп кетет да, чыныгы зыйанга учуроочулардан болосуңар”,– деп  айан берилген.
66.      Жок! Андай эмес. Аллага гана сыйын жана шүгүр кылуучулардан бол.
67.      Алар[59] чындыгында эле Алланы чыныгы кадырлоо менен кадырлай алышпайт. Ырасында, Кыйамат күнү бүткүл жер бети Анын уучунда (экенин көрөсүң). Асмандар да Анын  колуна[60]  жыйналат. Ал[61] алардын кошкон шерктеринен Аруу  жана Бийик!
68.      Сурнай тартылганда Алланын каалаганынан башка асмандардагы[62]  жана жердеги жан ээлери[63] (баары)  өлүшөт. Андан соң экинчи жолу сурнай тартылганда, алар (тирилип) күтүп[64] калышат.
69.      (Ошондо) жер жүзү Эгеңдин нуру менен жарыйт.  (Амал) китептер коюлат. Пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинет. Алардын[65] ортолорунда Акыйкаттык[66] менен өкүм чыгарылат. Аларга[67] зулумдук жасалбайт.
70.      Ар кимге кылган амалына жараша  (жазасы) берилет. Алла – алардын эмне кылгандарын жакшы Билүүчү!
71.      (Алланын айаттарына) каршы чыккандар топ-топ кылынып, тозокко айдалат. Ага жетишкенде эшиктери ачылат. Аларга анын күзөтүүчүлөрү: “Силерге өзүңөрдөн (чыккан) жана силерге Эгеңердин айаттарын окуп берүүчү, ушул Күнгө жолуга труганыңарды эскертүүчү элчи келбеди беле?”, – дейт. Алар: “Албетте, келген[68]. Мына эми азап өкүмү каапырлар үчүн акыйкатка айланды”, – дешет.
72.      Аларга: “Ичинде түбөлүк кала турган Тозоктун эшиктеринен киргиле”, – делет. Текеберлердин жайы кандай жаман!
73.      Эгелерине каршы чыгуудан сактангандар топ-топ кылынып, Бейишке жөнөтүлөт. Ошондо алар ага барышканда анын эшиктери ачылат. Аларга анын сакчылары: “Силерге тынчтык болсун! Тазаландыңар! Түбөлүк кала турган жайга[69] киргиле”,–дешет.
74.      Алар: “Бизге берген убадасын чынга чыгарган  жана бизди Бейиштин жерине мураскор кылган Аллага мактоо! Эми Бейиштен каалаганыбыздай орун алабыз. (Жакшы) амал кылуучулардын акысы кандай жакшы!”, – дешет.
75.      (Эй, Мухаммед!) Периштелерди Арштын айланасын курчап, Эгелерин мактап, аруулаган абалда көрөсүң. Алардын арасында Акыйкаттык менен өкүм чыгарылат. (Алар тарабынан): Ааламдардын Эгеси  Аллага мактоолор!, – делет.



[1] Зумар – тайпалар
[2] Курандын
[3] /стөмдүк кылуучу
[4] Ислам динин
[5] Сыйын, табын
[6] “Кудайдын баласы бар”, – деп
[7] Адам атанын кабыргасынан
[8] Төөдөн экөөнү, койдон экөөн....
[9] 1) Курсактын караңгылыгы, 2) жатындын караңгылыгы, 3) түйүлдүктүн тургунунун (чел кабыктын) караңгылыгы (Тафсир ал Табарий).
[10] Бир калыптан
[11] Оболу урук, анан уйуган кан, анан бир үзүм эт түрүндөгү баскычтардан өткөрүп
[12] Мисалы: «Мен акылдуулугумдан бактылуу болдум» , – деп, Алланын жардамын унутуп, өзүнүн алсыз акылын Кудуреттүү Алага шерик кылат
[13] Текеберленип, Алланын жакшылыгын чанган каапырга
[14] Тозокко түшүүчүлөрдөн
[15] Каапырлар
[16] Акырет азабынан
[17] Ислам динин бир гана Алланын ыраазычылыгына жетүү үчүн карманам жана мусулмандарды да ошондой
[18] Мусулмандардын
[19] Кыйаматтын
[20] Сыйынам, табынам
[21] Дини, руху зыйанга учурагандар
[22] Бейиш
[23] Бул жерде «жакшысын» деген сөз эки мааниге ээ: 1) Бир каапыр мусулманга зыйан келтирсе, ага да ошол даражада зыйан келтирүүгө болот, бирок аны кечирип койуу андан да сооптуу иш. Мындай учурда кечирип койуу – эки чечимдин «жакшысы» болот.
[24] «Сенде андай укук  кайдан болмок эле. Сен алар өздөрүн тозоктон сактоосу үчүн эскертүүчү ганасың да. Ошол үчүн көбүрөөк эскерт! Алар Аллага сыйынуу аркылуу өздөрүн өздөрү сакташсын” деген мааниде
[25] Куран
[26] Курандагы Тозок тууралу айаттардан
[27] Алланын ырайымынын кеңдигин эстешкенде (зикир чалган учурларында)
[28] Оттогу адамды элестетип көрбөйсүңбү!
[29] Аллага сыйынуудан баш тартып, өздөрүнө өздөрү зулумдук кылгандарга
[30] кул
[31] Маселен, христиандар эки-үч кожойун(дар)га сыйынышса, мусулмандар бир эле Аллага сыйынышат. Кимисинин абалы жакшы? Албетте,  жалгыз Аллага сыйынган адамдын абалы жакшы!
[32] тайанышсын
[33] Кымындай да жалганы жок.
[34] Мажбурлай албайсың
[35] Бардык жан-жаныбарлардын жандарын
[36] Азырынча өлө электердин
[37]  «Уктап жатканда баардык сезим-туйумдарын, ой жүгүртүүлөрүн өлүк сыйакту кылып токтотуп койот.
[38] Уктап жаткан кезде ажалы жеткендердин
[39] Өмүр суусу түгөнө электердин
[40]  Акыретте, шапаат кылуучулар (колдоочулар) өздөрү каалагандарга эле колдоо көрсөтө алышпайт. Анткени шапааттын ээси – жалгыз Алла Таала. Ал кимди кааласа Өзү шапаат кылууга уруксат берет.
[41] Акыркы чечимди чыгарасың
[42] Бирок баары бир азаптан кутула алышмак эмес
[43] жазаларды
[44] маалымдалат
[45] Дуушар кылса
[46] жакшылык
[47] Буд-сөлөкөттөр
[48] Аллага ишенген
[49] Өлгөн соң, дароо сурак башталат жана тооболор кабыл кылынбайт
[50] Тирүүлүктө жасаган  тооболоруңар жана ибадаттарыңар гана кабыл болот.
[51] Куранды
[52] Кыйаматка
[53] Кыйамат күнү каардуу сурак башталганда көптөгөн адамдар ушинтип арман кылышып, бармактарын тиштешет....
[54] Кыйамат күнү
[55] Куран
[56] Тозок күйгүзбөйт
[57] Ал  Өзү каалагандай чечет. Анын чечимине эч ким жана эч нерсе – эч качан тоскоолдук кыла албайт!
[58] Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда
[59] каапырлар
[60] Алланын буйругу менен
[61] Алла Таала
[62] периштелер
[63] Адамдар жана башка жан-жаныбарлардын бардыгы
[64] Эмне болоорун
[65] адамдардын
[66] Алланын Куранда эскертилген Улуу Акыйкаты
[67] Алла Таала тарабынан
[68] Бирок биз ага ишенген эмеспиз
[69] Бейишке

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder