26.02.2014

98 BEYYİNE SÛRESİ


98-сүрөБаййина[1]
Мединада түшүрүлгөн. Сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Китеп ээлеринен[2] жана мушриктерден[3] болгон ишенбөөчүлөр өздөрүнө ачык-айкын кабарлар[4] келген кезге чейин, өз жаңылыштыктарынан[5] ажырай алышпады.
2.     Алладан келген элчи[6]  аларга таза кабарларды окуду (айтып берди).
3.     Аларда[7] туура өкүмдөр бар.
4.     Китеп ээлеринен болгондор[8] качан гана аларга ачык-айкын кабарлар[9] келген кезге чейин (бир-биринен) ажырашкан жок;
5.     Аларга чыныгы динди таза, бекем кармап, бир гана Аллага сыйынууга жана намаз окуп, зекетти (тиешелүү) орундарга берүүгө буйрук кылынды. Мына ушул гана – акыйкат жолунда адамдардын тутунган дини.
6.     Акыйкатта, Китеп ээлеринен жана мушриктерден чыккан ишенбөөчүлөр  - алар Тозоктун алоолонгон отунда түбөлүккө болушат. Алар - адамдардын эң жаманы.
7.     Акыйкатта, ыйман келтирип – Аллага ишенгендер жана жакшылык иштерди кылгандар, алар – адамдардын эң жакшысы.
8.     Аларга Жараткан тарабынан төмөн жактарында өзөн-дарыйалар агып турган бейиш бактары түбөлүккө сыйлык үчүн берилет. Алла Таала аларга ыраазы болот жана алар да Аллага ыраазы болушат. Бул[10] өз Жаратканынан корккон такыбалар үчүн гана.



[1] Байина – ачык-айкын кабар.
[2] Иудейлер жана христиандар.
[3] Көп кудайга сыйынгандар.
[4] Куран жана Ислам Пайгамбары
[5] Жаратканга шек келтирүүдөн.
[6] Мухаммед (а.с.).
[7] Китептерде.
[8] Иудейлер жана христиандар.
[9] Куран айаттары.
[10] Сыйлыктар.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder