25.02.2014

69 HÂKKA SÛRESİ

69-сүрө «Хааккат[1]»
Меккеде түшүрүлгөн. Элүү эки айаттан турат
             Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Акыйкатталуучу[2]!
2.     “Акыйкатталуучу”, – деген эмне?
3.     “Акыйкатталуучунун” эмне экенин кайдан билмексиң?
4.     …Самуд эли менен Аад эли Кыйаматты жалганга чыгарышкан.
5.     Самуд эли чектен ашканы үчүн катуу үн менен жок кылынды.
6.     Ал эми Аад эли болсо бороондуу шамал менен кыйратылды.
7.     Алла аларды үзгүлтүксүз бороонго жети түн, сегиз күн мойун сундуруп койду. Ошондо сен (алардын) көңдөй курма дарагынын сөңгөктөрү сымал сулап калышканын көрмөксүң
8.     Сен алардан аман калганын көрө алар бекенсиң?
9.     Фараон, андан мурдакылар  жана кырсыкка кабылган шаарлар[3] да күнөөгө батышкан.
10.  Алар өздөрүнүн Эгесинин элчисине мойун сунбагандыктан Алла аларды каардуу жазага кириптер кылды.
11.  Суу ташкындаган кезде Биз силерди кемеде[4] көтөрүп койдук.
12.  Ал окуйаны эскертүү катары сактоочу кулактарга[5] угузуп, сактап койдук.
13.  Сурнай бир жолу чалынганда;
14.  жер жана тоолор көтөрүлүп туруп, бир сокку менен талкаланганда…
15.  ошол Күнү Кыйамат Кайым болот
16.  Асман жарылат. Анткени ал ошол Күнү күчсүз болот.
17.  Ал Күнү сегиз периште Эгеңдин Аршын өз үстүлөрүнө көтөрүп, асмандын ар тарабында периштелер (болот)
18.  Ошол Күнү [6]келесиңер. Силер эч кандай сырыңарды жашыра албайсыңар.
19.  Мына, кимдин китеби[7] оң колуна берилсе, ал: «Мына, менин китебимди окугула!», – деп айтат.
20.  Чындыгында мен сөзсүз эсеп-кысабыма жолугамын деп ойлогонмун»,–дейт..
21.  Ал ыраазы болгон жашоодо (болот)
22.  бийик (Бейиш) багында[8].
23.  жемиштери салаңдап турат.
24.  Өткөн күндөрдө калтырган жакшылыктарыңар үчүн «жегиле, ичкиле, (тамагыңар) таттуу болсун!»
25.  Ал эми кимге китеби[9] сол тарабынан берилсе, ал: «Аттиң, китебим мага берилбей эле койсочу!» – дейт.
26.  «Мен эсеп-кысабымды[10] билбей эле койсомчу!
27.  Аттиң, ушул бүтүүчү болуп калсачы!
28.  Мага байлыгым да жардам бербеди.
29.  Далилим[11] да кыйроого учурады!» (–дейт)
30.  «Аны кармап байлагыла,
31.  анан Тозокко таштагыла!
32.  Узундугу жетимиш зираа[12] чынжыр менен таңгыла!
33.  Албетте, ал Улуу Аллага ишенген эмес!
34.  Жакырларга тамак берүүгө үндөгөн эмес![13]»
35.  Анын бүгүн арачалап калаар жакыны жок.
36.  Ириңден башка тамагы да жок.
37.  Аны күнөөкөрлөр гана жейт[14].
38.  Силер көрүп турган нерселер менен ант ичем!
39.  Жана силер көрбөгөн нерселер менен да[15]!
40.  Ал[16]  – улук элчинин сөзү.
41.  Ал[17] – акындын сөзү эмес! Силердин ишенгендериңер өтө эле аз!
42.  Ал – көзү ачыктын да сөзү эмес. Силер абдан эле аз эстейсиңер!
43.  Ал – Ааламдардын Эгесинен түшүрүлгөн.
44.  Эгер ал кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан кошуп айтканда,
45.  биз ага кудуретибизди көрсөтмөкпүз[18].
46.  Анан жүрөккө кеткен кантамырын[19] кесип салмакпыз.
47.  Силердин эч кимиңер андан[20] коргоно албайсыңар!
48.  Ал[21] – такыбаларга эскертүү.
49.  Чындыгында, Биз силердин араңарда[22] жалганчылар бар экенин (да) анык билебиз.
50.  Акыйкатта, ал[23]– каапырлар үчүн өкүнүч.
51.  Акыйкатта, ал[24] –  анык Чындык!
52.  Улуу Эгеңдин ысмын аруула[25]!




[1] Хааккат – Анык болуучу
[2] Бардык иштер, нерселер акыйкаттуулугу аныкталып, шексиздиги билинип, такталуучу Күн
[3] Содом жана Гоморра (Лут (а.с.) дын элинин шааралары)
[4] Кеме менен
[5] Эсте тутуму жакшы өнүккөн адамдарга
[6] Алланын алдына
[7] Амал китеби
[8] Бейиште
[9] амал китеби
[10] жазамды
[11] Бийлигим
[12] Адамдын колунун чыканагына чейинки өлчөм
[13] - деп Тозок калоочуларына Алла Таала буйрук берет
[14] ириңди
[15] ант ичем
[16] Куран – Элчинин оозу менен айтылган Алланын сөзү
[17] Куран
[18] Б.а. «Оң колун иштебей турган кылып коймокбуз» деген мааниде.
[19] артерийасын
[20] Ушундай жазадан
[21] Куран
[22] Куранга калп эле ишенимиш болгон эки жүздүүлөр
[23] Куран
[24] Куран
[25] Ар дайым тасбих тартып

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder