26.02.2014

101 KÂRİ'A SÛRESİ


101-сүрөКоори’а[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.         Каккылоочу[2].
2.         Ал катуу каккылоочу нерсе.
3.         Ал каккылоочу эмне экенин кайдан билесиң?
4.         Ал адамдар чачырап, башаламан болгон көпөлөктөр сымал боло турган күн.
5.         Ошондой эле[3] тоолор тозуган жүн сымал болот.
6.         Демек, ошол күнү кимдин таразасы[4] оор болсо,
7.         анда ал ыраазы боло турган жашоодо (болот).
8.         Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо,
9.         анда анын бара турган жери жар болот.
10.    Анын[5] эмне экенин кайдан билет элең?!
11.    Ал ысык от!





[1] Коори`а – каккылоочу.
[2] Кыйамат күн.
[3] Тигил күнү.
[4] Сооп амалдары.
[5] Жардын.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder