26.02.2014

100 ÂDİYÂT SÛRESİ

100-сүрө`Адийат[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
!
1.        Дүбүрттүү күлүк аттарга ант!
2.        (Туйактарынан) от чачыраган (күлүк) аттарга ант!
3.        Таңда (казатка) чабуул койучу аттарга ант!
4.        (Ошол күлүк аттар) чаңды обого уюлгутат.
5.        Топту жарып ортого кирет.[2]
6.        Ырасында, инсан өз Эгесине капырлыгы (менен) чектен ашкан.
7.        Буга ал[3] өзү да күбө.
8.        Акыйкатта инсандын ырахат-жыргалды жакшы көрүүсү өтө күчтүү.
9.        Билишпейби?! Эгерде мүрзөлөрдүн ичиндегилер чыгарылса,
10.    жана да жүрөктөрдөгү (катылган) нерселер ачылса,
11.    аныгында алардын Эгеси ошол күнү тигилер жөнүндө толук кабардар.[4]





[1] Адийат – дүбүрттүү күлүк.
[2] Ошондой эле тиги күлүктөр.
[3] Инсан.
[4] Алла Таала Кыйамат күнү пенделеринин ар биринин амалдарын ийне-жибине чейин билип турат.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder