25.02.2014

61 SAFF SÛRESİ

61-сүрө «Сафф[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Он төрт айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Алланы асмандардагылар менен жердегилердин баары Аруулады. Ал – Ызааттуу, Даанышман.
2.     Эй, момундар! Силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?
3.     Алланын алдында, өзүңөр кылбаган нерсени айтканыңар өтө жек көрөрлүк!
4.     Акыйкатта, Алла Анын жолунда, бекем дубал өңдүү катар, тыгыз туруп салгылашкандарды жакшы көрөт.
5.     Муса өз элине мындай деди: “Эй коомум! Силер эмне себептен мени Алла жиберген элчи экенимди билип туруп мага зыйан берип, ыза кыласыңар?” Алар[2] четтеген кезде Алла алардын жүрөгүн туура жолдон адаштырды. Алла адашкан бузукуларды туура жолго салбайт.
6.     Марйам уулу Иса[3]: “Эй Исраил уулдары![4] Мен силерге мага чейин жөнөтүлгөн, Тооратта айтылгандардын чындыктыгын тастыктоо жана менден кийин келе турган Ахмад аттуу[5] элчи тууралуу сүйүнүчтүү кабарды угузууга жиберилген Алланын элчисимин” – деди. Качан ал[6] айкын далилдер менен келген кезде, алар: “Бул – анык сыйкыр”, – дешти.
7.     Аны исламга чакырып жатканда жалганга чыгаргандан[7] да өткөн кандай адашкан неме болсун?! Алла адашкан коомду туура жолго салбайт.
8.     Алар Алланын Нурун[8] өздөрүнүн оозу[9] менен үйлөп өчүрүп койууну каалашат, бирок Алла каапырлар жаман көрүшсө да өз нурун[10] толуктай берет.
9.     Ал (Алла), мушриктер жек көрсө да, бардык диндерден жогору кылуу үчүн чыныгы дин, туура жол менен элчисин жиберген.
10.      Эй, ыймандуулар! Силерге өзүңөрдү катуу азаптан куткара турган соодалашууну көргөзөйүнбү?
11.      (Бул) Аллага, Анын элчисине ишенесиңер, Алла жолунда байлыгыңар жана өз жаныңар менен күрөшкө чыгасыңар. Эгер билсеңер мына ушул  өзүңөр үчүн эң жакшы.
12.      Ал (Алла) силердин күнөөңөрдү кечирет жана силерди алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына жана Бейиштеги түбөлүктүү көркөм (кооз, таза) орундарга киргизет. Бул өзү улуу жеңиш (ийгилик).
13.      (Эй, ыймандуулар!) Силер сүйгөн дагы бир нерсе: Алладан келген жардам жана жакында болуучу жеңиш (бар). Сен аны момундарга сүйүнчүлөгүн.
14.      Эй момундар! Алланын динине жардамчы болгула. Марйам уулу Иса өз сахабаларына (шакирттерине) айткандай: “Алланын ишинде мага ким жардамчы болот?” Шакирттери: “Аллага биз жардамчы болобуз”, – дешти. Ошондо Исраил уулдарынын бир тобу ишеништи[11] да, экинчи бир тобу танышты. Ошондо Биз ишенген ыймандууларды кубаттуу кылдык, анан алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишти. 




[1] Сафф – сап, катар
[2] Алланын түз жолунан.
[3] Ыйса пайгамбар.
[4] Ыйса өз элине, б. а. иудейлерге Алла тарабынан жөнөтүлгөн.
[5] Мухаммеддин (а.с.) бир аты.
[6] Мухаммед (а.с.)
[7] Каапырлар: Куранды:  “Ойдон чыгарылган”; пайгамбарды:  “Сыйкырчы”, - деп жамандашкан.
[8] Шариатын, айаттарын.
[9] Жаман сөздөрү менен.
[10] Исламды, Куран айаттарын, дин илимин.
[11] Исага жана анын айткандарына.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder