25.02.2014

62 CUM'A SÛRESİ

62- сүрө «Жума[1]»
Мединада түшүрүлгөн. Он бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Асмандар менен Жердегилердин баары Падыша, Ардуу, Кудуреттүү, Даанышмандык ээси болгон Алланы аруулашат.
2.     Ал (Алла) караңгы элге[2], алардын өздөрүнүн эле ичинен Пайгамбар жиберди, ал тигилерге Анын айаттарын окуп берет, аларды тазалайт, окууга жана акылман даңкка үйрөтөт: алар бир аз эле мурда анык адашкан, караңгы (эл) болушса деле,
3.     Жана алардын арасындагы тигилерге алиге чейин кошула элек башкаларга дагы[3]. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.
4.     Ал Алланын ырайым-мээримдүүлүгү. Ал аны каалаганына (пендесине) берет. Анткени Ал – Улуу Ырайым ээси.
5.     Тоорат[4] берилип, анан ага амал кылбай койгондордун мисалы китептерди көтөрүп жүргөн эшектер[5] сыйактуу. Алланын айаттарын жалган дегендер кандай жаман коом. Алла адашкан элди туура жолго салбайт.
6.     (Мухаммед!): “Эй, иудейлер![6] Эгер силер өзүңөрдү башка элдердин арасынан биз гана Аллага жакынбыз деп билсеңер анда (өзүңөргө) өлүмдү каалагыла! Эгер силер чын болсоңор”, деп айт.
7.     Алар өз колдору менен кылган иштеринин[7] себебинен эч убакта (өлүмдү) тилей алышпайт. Алла адашкандарды Билүүчү.
8.     “Силер кутулуу үчүн качып жаткан өлүм силерге жолугат[8]. Андан соң силер жашыруундарды да жана ачыктарды да Билүүчүгө кайра кайтарыласыңар, ошондо Ал кылыгыңарды өзүңөргө кабарлайт.  
9.     Эй, ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылса, Алланы эскерүүгө[9] шашылгыла. Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула![10]  Эгер билген болсоңор бул силер үчүн эң жакшы!
10.      Качан намаз айактаса жер бетине[11] таралгыла жана Алланын ырайымын издегиле. Анан да Алланы көбүрөөк эстегиле; мүмкүн ийгиликке жетесиңер.
11.       Ал эми алар соода-сатыкты, же (көңүл ачуучу) ойун-зоокту көрөр замат сенин үгүт-насаатыңды таштап, баары ал тарапка жөнөшөт. (Аларга): “Алланын алдындагылар[12] ойун-зоок жана соодадан көрө жакшы, Алла ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы”, деп айт. 




[1] Жума – Апта күндөрүнүн төрөсү
[2] Исламга чейинки динсиз жана сөлөкөттөргө сыйынып келген элдерге.
[3] Араб эмес элдер.
[4] Мусага (а.с.) жана анын коомуна берилген китеп.
[5] Иудейлердин (йахудийлер) ал Китепке кандай мамиле кылганына карата салыштыруу иретинде айтылган.
[6] Тооратты тутунган иудейлер.
[7] Жасаган күнөөлүү иштеринин.
[8] Баары бир бир күн өлөсүңөр.
[9] Намазга.
[10] Ошол жума күнү  түш оой намазга азан айтылар менен соода-сатык арам болот, намаз бүткөнгө чейин.
[11] өз ишиңер менен ар тараптан.
[12] Анын бере турган эки дүйнөдөгү ырыскы, ийгилик, сыйлыктары.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder