25.02.2014

63 MÜNÂFİKÛN SÛRESİ

63- сүрө «Мунафикун[1]»  
Мединада түшүрүлгөн. Он бир айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Эгер сага эки жүздүүлөр келип: “Сен Алланын элчиси экениңе ишенебиз”, – дешсе, сенин Анын элчиси экениңди Алла билет жана Алла акыйкатта эки жүздүүлөр[2] жалганчы экендигине күбөлүк берет.
2.     Алар өздөрүнүн убада-анттарын калкан (өңдүү) кылып алышкан жана (адамдарды) Алланын жолунан тосушту. Акыйкатта алардын кылган иштери өтө жаман!
3.     Анткени алар (адегенде) ыйман келтиришкен, андан соң кайра каапыр болушту. Бул себептүү жүрөктөрүнө мөөр басылды, (андыктан) алар түшүнө алышпайт.
4.     Сен аларды көргөн кезиңде алардын (сырткы) келбети таңдандырат. Ал эми алар сүйлөсө кунт койуп угасың, (бирок) – алар кудум жөлөп койулган устун сыйактуу; ар бир катуу үндү өздөрүнө душмандык жасагандай эсептешет. Алар – сенин душмандарың, андыктан алардан кооптонуп – сак болгун. Аларга Алланын каргышы болсун! Алар кантип артка кетенчиктейт[3].
5.     Аларга: “Келгиле! Алланын Элчиси силер үчүн кечирим сурасын”, – деп айтылганда, алар баштарын чайкашат[4] жана жүз үйрүшүп, текеберленгендерин көрөсүң.
6.     Сен алардын күнөөсү үчүн кечирим сурайсыңбы, же кечирим сурабайсыңбы баары бир, Алла аларды такыр кечирбейт. Анткени, Алла бузуку коомду туура жолго баштабайт.
7.     Алар, мына минтип айтышат: “Алланын элчисинин жанындагыларга[5] жардам-кайыр бербегиле, ошентсеңер[6] алар тарап кетишсин.” Негизинен Асмандар менен жердин казыналары бир гана Алланын колунда, бирок эки жүздүүлөр муну түшүнүшпөйт.
8.     Алар: “Эгер биз шаарга кайра кайтып барсак, анда алдуу-күчтүүлөр алсыздарды ал жерден айдап чыгат”, – деп айтышат.[7] Негизи, ызат-урмат Аллага, Анын пайгамбары жана момундарга гана.[8] Бирок, эки жүздүүлөр аны билишпейт.
9.     Эй, ыйман келтиргендер! Силердин мал-мүлкүңөр жана балдарыңар Алланы эскерүүдөн силерди алаксытып койбосун. (Ал эми) ким ошондой[9] кылса, ал зыйанга[10] учурайт.
10.      Биз силерге берген ырыскылардан силердин бириңерге өлүм келгенге чейин сарптап калгыла! Ошондо ал: “Эгем, эгер менин өмүрүмдү бир аз узартсаң мен кайрымдуулук иштерди көп кылып, жакшылардан болор элем”, – дейт.
11.      Бирок, Алла тирүү жанга өлүм маалы жеткен кезде эч качан аны кечиктирбейт. Алла силердин эмне кылганыңардын баарысын билип турат.




[1] Мунафикуун – эки жүздүүлөр, мунафыктар
[2] Мунафыктар.
[3] Ыймандан оолак болот.
[4] Баш тартышат.
[5] Мухажирлерге.
[6] Аны таштап.
[7] Бул сөздү Мединалык эки жүздүүлөрдүн башчысы Абдулла ибн Убай деген айткан. Ал мында “алдуу-күчтүүлөр”, деп өзүн жана өз тобун, ал эми “алсыздар”, деп мусулмандарды айткан.
[8] Таандык.
[9] Дүнүйө, үй бүлө деп ибадаттан калса.
[10] Коромжуга.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder