24.02.2014

1 FÂTİHA SÛRESİ

Биринчи бөлүм
1- сүрө «Фатиха[1]»
Меккеде түшкөн. Жети аяттан турат.

1.     Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен[2]!
2.     Ааламдардын эгеси болгон Аллага[3] мактоо!
3.     Ал Мээримдүү, Ырайымдуу.[4]
4.     Кыямат Күндүн падышасы.[5]
5.     Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз.[6]
6.     Өзүң бизди туура жолго баштагын,
7.     (ошол) Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жол эле.[7]





[1] Фатиха - бетачар.
[2] Ар бир сүрөнүн башындагы «Бисмилла» Абу Ханифа (р.а)нун мазхабында айаттан эсептелбейт (бирок, «Бисмилла» өзү Курандын ичиндеги айат). Ал эми Шаафий (р.а.)нун мазхабында ар бир сүрөнүн башындагы «Бисмилла» да айат деп эсептелет. Ошондуктан алар намазда «Бисмилланы» да жарыя окушат. (Тафсир Ал-Наcафий).
[3] «Алла” – Кудайдын арабча аталышы. Бирок, арабчада “Аллах” деп сөздүн аягында кыргыз элинин түштүктүк диалектиндеги “h” тыбышы менен айтылат. Демек, “Алла” деген сөздүн аягында “h” – тамактын түпкүрүнөн чыгуучу жумшак “х” тыбышын колдонууга милдеттүүбүз.
[4] Булар Алланын эң улуу сыпаттарынын экөөсү. Алланын Мээрими менен Ырайымында чек жок!
[5] Кыямат күнү бийлик жүргүзүүчү Ал өзү гана. 78-сүрөнүн 38-39-40-аяттарын караңыз.
[6] Ушул сөздү намаз окуган адам кеминде 32 жолу кайталайт. Бирок ага маани береби?! Ал бир Аллага маалым. Биз эмнеге муктаж болсок да, дароо Аллага кайрылууга тийишпиз. Ушул күндө адамдарга сыйынуучулар көбөйдү. Мисалы: бир жумушун бүтүрүү үчүн тааныш издөө, пара бермей, кошомат кылуу ж.б.у.с.
[7] “Алланын каарына калгандар – Иудейлер, адашкандар христиандар – деп да айтылат(Тафсир Ал-Байзавий).

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder