25.02.2014

82 İNFİTÂR SÛRESİ

82-сүрө “Инфитар [1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он тогуз айаттан турат
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
  1. Асман жарылганда,
  2. жылдыздар чачылганда,
  3. деңиздер кошулганда,
  4. мүрзөлөр ачылганда,
  5. Ошондо (ар бир) жан өзүнүн мурда эмнелерди кылгандыгын, эмнелерди (кылбай) калтырганын ачык көрөт.
  6. Эй инсан! Сени өзүңдүн Жомарт Эгеңе эмне түрткү болуп, азгырды?
  7. Ал сени жаратып, анан сага келбет берип, тегиздеди эле.
  8. Ал сени өзү каалагандай келбетте курады.
  9. Жок! Балким силер Кыяматты «Жалган»- дейсиңер.
10.        Силердин үстүңөрдө көз салып карап туруучулар[2]  бар.
11.        (Алар) ардактуу жазуучулар.[3]
12.        Алар эмне кылганыңарды билип турушат.
13.        Акыйкатта, такыбалар Бейиште[4] болушат.
14.        Күнөөкөрлөр тозок отунда болушат.
15.        Ал күнү алар отто күйүшөт.
16.        Андан алар кутула да алышпайт.
17.    Кыямат күндүн кандай экенин сага ким билдирмек эле?!
18.    Жана да, (кайталайм) Кыямат Күндүн кандай экенин ким билдирмек эле?!
19.    Тигил күнү бирөө бирөөнүн нерсесине ээ болбойт[5]. Ал Күнү бардык иштер Аллага таандык. 




[1] Инфитар – жарылуу.
[2] Периштелер
[3] Байкоочулар (кайтаруучулар, күзөтчүлөр) — адамдардын жакшы-жаман амалдарын (иш-аракеттерин, сөздөрүн ниеттери менен кошо) жазып, аны эч бузбай сактоочу өзгөчө периштелер.                                                                                                                               .
[4] бейиш жыргалында
[5] колдоо көрсөтө албайт

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder