25.02.2014

78 NEBE' SÛRESİ

78-сүрө “Набаа[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Кырк айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.

1. Алар бири-биринен эмне жөнүндө сурашат?
2. Улуу кабар жөнүндө[2]...
3. Алар ал тууралуу түрдүү талаш-тартышта.
4. Оо жок! Алар жакында билишет.
5. Дагы да бир ирет,жок! Алар жакында билишет!
6. Биз жерди төшөп койдук.
7. Тоолорду казык кылдык.
8. Силерди жуп кылып жараттык.
9. Уйкуңарды эс алуу үчүн жасадык.
10.  Түндү жамынчы кылдык.
11.  Тиричилик үчүн күндүздү жараттык.
12.  Силердин үстүңөргө жети кабат бекем асманды куруп койдук.
13.  Жаркыраган чырак[3] жасадык.
14.  Булуттардан нөшөрлөгөн жаан жаадырдык,
15.  дан, өсүмдүктөрдү чыгаруубуз үчүн,
16.  чырмалышкан дарактарды да (өстүрүү үчүн).
17.  Акыйкатта ажыратуучу күн[4] белгиленген убакыт эле.
18.  Сурнай тартылган күнү силер топ-топ болуп келесиңер.
19.  Ошондо (асман) ачылып, каалгаларга айланат.
20.  Тоолор ордунан жылдырылып закым[5] болот.
21.  Акыйкатта тозок көз тутуучу болот.
22.  (Ал) чектен ашкандар үчүн бара турган жай.
23.  Алар анда түбөлүккө калышат.
24.  Алар анда салкынды да, эч кандай суусундук да тата алышпайт,
25.  кайнаган ысык суу менен ириңден башка.
26.  (Бул алар үчүн) татыктуу жаза.
27.  Акыйкатта алар эсеп-кысапты күтүшкөн эмес эле.
28.  Биздин айаттарыбызды чындап жалганга чыгарышкан.
29.  Биз баарысын эсептеп, жазып койгонбуз.
30.  Таткыла! Биз силерге тозоктогу азапты улам күчөтө беребиз.
31.  Албетте, такыбалар үчүн ийгилик орун,
32.  Бак-дарактар жана жүзүмзарлар,
33.  Бирдей курактагы үр[6] кыздар,
34.  Жана да толтура идиштер (бар).
35.  Алар анда пайдасыз жана жалган сөздөрдү угушпайт.
36.  Бул сенин Эгең тарабынан аларга берилген мол сыйлык.
37.  Асман менен Жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Эгеси,Мээримдүү. Ошондо алар Ага[7] кайрылып сүйлөй алышпайт.
38.  Ошол күндө Рух[8] жана (башка) периштелер топ-тобу менен тизилип турушат жана Мээримдүү[9] тарабынан уруксат берилген гана сүйлөй алат, ошондо да чындыкты гана айта алат.
39.  Бул – чындык Күн. Ким кааласа, Эгесине, бара турган ордуна кайтат.
40.  Акыйкатта Биз силерди жакында болуучу азаптар тууралуу эскерткенбиз! Ошол Күнү ар бир адам өз колу менен жасаганын көрөт. Ал эми каапыр: «Аттиң, топурак болуп кетсемчи!»- деп айтат.







[1] Набаа-Кабар
[2] Сурашат.
[3] Күндү (Тафсир Ал-Жалалайн).
[4] Ак – караны, жаман – жакшыны ажыратуучу (Тафсир Ал-Насафий)
[5] Күн ысып турган учурдагы көзгө байкала турган дай болуп леп-леп соккон абанын толкуну
[6] Хур-Бейиш кыздары
[7] Алла Таалага.
[8] Жебреил(а.с.).
[9] Алла Таала

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder