25.02.2014

36 YÂSÎN SÛRESİ

36-сүрө  “Йа-син[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Сексен үч айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Йа-Син.
2.     Даанышман Куранга ант!
3.     Ырасында, сен элчилерденсиң,
4.     туура жолдогу[2].
5.     Бул – Ызааттуу, Мээримдүүнүн түшүргөнү,
6.     Аталары эскертилбей калган[3] жана алар бейкапар болгон коомду эскертүүң үчүн,
7.     Сөз[4] алардын көпчүлүгүнө (небак) бекемделген, а алар ишенишпейт.
8.     Биз алардын мойундарына, ээктерине чейин богоо[5] койгонбуз,[6] алар керкейип жүрүүгө аргасыз.
9.     Биз алардын[7] алдынан да, артынан да тосмо койдук. Аларды ороп салдык, алар көрө алышпайт.
10.       Аларды[8] сен эскертесиңби, же эскертпейсиңби, баары бир ыйман келтиришпейт.
11.       Сен эскертүүгө ээрчигендерди жана Мээримдүүдөн жашыруун корккондорду гана эскерте аласың. Аларды – кечирилгендиги жана зор сыйлык менен сүйүнчүлө!
12.      Акыйкатта, Биз өлгөндөрдү тирилтебиз, алардын эмне кылгандыгын, өздөрүнүн артына эмнени калтыргандыктарын жана бардык нерселерди айкын жол башында тактап койгонбуз[9].
13.      Аларга[10] Биздин элчилер келгендеги айылдын жашоочулары жөнүндөгү мисалды келтир:
14.      Биз аларга экөөнү жөнөттүк. Аларды жалганга чыгарышты, Биз экөөн үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар: “Акыйкатта, биз силерге (жөнөтүлгөн) элчилербиз”, – дешти.  
15.      (Алар): “Силер бизге окшогон эле адамсыңар. Мээримдүү[11] эч нерсе түшүргөн эмес. Силер жалган айтып жатасыңар”, – дешти.
16.       (Элчилер) айтышты: “Биздин силерге жөнөтүлгөндүгүбүздү Эгебиз албетте билет.
17.       Бизге ачык-айкын кабарларды жеткирүү гана (жүктөлгөн).”
18.       Алар: “Биз силерден жаман жышаандарды[12] көрүп жатабыз, эгерде тыйылбасаңар[13] биз силерди таш бараңга алабыз, силерге бизден оорутуучу азап жетет”, – дешти.
19.       (Элчилер): “Силердин жаман жышаандарыңар өзүңөрдөн. Силерге эскертилип жатабы? Ооба, силер чектен чыккан коомсуңар”, – дешти.
20.       Шаардын четинен бир киши шашып келди да: “Эй, элим! Элчилердин артынан ээрчигиле, – деди.
21.       Силерден эч кандай акы сурабагандарды[14] жана туура жолдо жүргөндөрдү ээрчигиле.
22.       Эмне үчүн мен өзүмдү жаратканга жана бүт баарыңар кайрылып бара турган Ага[15] сыйынбаймын?
23.       Чын эле мен Андан башка кудайларга табынамынбы? Эгерде Мээримдүү мага жамандык кааласа, алардын колдоосу менден эч нерсени тосо албайт жана мени куткара да албайт”.
24.       Акыйкатта, анда мен анык адашууда каламын.
25.       Аныгында мен Эгеңерге ишендим жана мени уккулачы[16].”
26.       (Ага): “Бейишке кир!” – делинди[17]. Ал айтты: “Аттиң, эгер элим билсечи,[18]
27.       мени Эгем кечиргенин жана мени ардактуулардан кылганын.”

Жыйырма үчүнчү бөлүм
28.      Биз андан соң анын элине асмандан аскер түшүргөнүбүз жок. Биз аскер[19] түшүрбөдүк.
29.      Болгону бир гана катуу үн угулду, ошентип алар жалп өчтү.[20]
30.      Элчи келип, алар анын үстүнөн шылдыңдашкан Менин пенделериме[21] өкүнүч!
31.      Чын эле Биз аларга чейин канчалаган муундарды ойрон кылганыбызды жана алар буларга кайрылып келбесин[22] көрүшпөйбү?
32.      Акыйкатта, баарысы Бизге жыйналышат[23].
33.      Өлүк жер силер үчүн бир белги: Биз аны тирилттик, андан дан өндүрүп чыгардык. А силер андан жейсиңер.
34.      Биз анын үстүнө курма менен жүзүм бактарын өндүрдүк жана булактарды чыгардык.
35.      Алардын[24] мөмөлөрүнөн жана алар колдору менен[25] кылынгандарынан жеши үчүн. Шүгүр кылбайсыңарбы?
36.      Алар өздөрүнүн,[26] жер өстүргөн нерселердин жана алар билбеген нерселердин[27] бардыгын жуп кылып жаратканга[28]  аруулук!
37.      Аларга бир белги – түн. Андан күндүздү ажыратабыз, анда алар караңгылыкта калат.
38.      Күн (да) өзү үчүн белгиленген орунда жүрөт. Бул /стөмдүк кылуучу, Билүүчүнүн өлчөгөнү.
39.      Айды куураган эски бутактай болгонго чейин орундарга[29] өлчөп койдук.
40.      Күндүн Айга жетүүсү мүмкүн эмес, түн да күндүздөн илгерилебейт, ар бири көктө сүзөт.    
41.      Алардын урпактарын ичи толтура кемеде[30] ташыганыбыз алар үчүн бир белги.
42.      Тигил сыйактуу[31] минип жүрө турган нерселерин[32] жараттык.
43.      Кааласак, аларды чөктүрөбүз, анда аларга жардамчы да жок.  Алар куткарылбайт.
44.      Бирок, (Бизден) ырайым жана белгилүү мөөнөткө чейин узартуу (гана болот).
45.      Аларга: “Алдыңарда болуп өткөндөрдөн[33] жана артыңарда боло тургандардан корккула. Балким, мээримге бөлөнөөрсүңөр” – делинсе,
46.      аларга Эгеңдин белгилеринен бир белги келгенде, алар ал белгиден жүз үйрүүчү болушту.
47.      Аларга: “Алла силерге берген ырыскылардан сарптагыла” – делинсе, ыймансыздар ыймандууларга: “Силерди биз тамактандырмак белек? Алла кааласа силерди Өзү тамактандырмак. Силер анык адашуудасыңар”, – дешет.
48.      Жана айтышат: “Эгер чынчыл болсоңор, бул убада качан (аткарылат)?”
49.      Талашып жаткан учурда, аларды алып кете турган бир гана катуу кыйкырыктан[34] башка эч нерсени көрө алышпайт.
50.      Алар осуйат да калтыра албайт жана өз үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт[35] .
51.      Сурнай тартылганда[36], алар мүрзөлөрүнөн Эгесине карай шашып чыгышат.
52.      Алар: “Оо, биз куруп калалык!  Бизди жаткан жерибизден ким тургузду? Бул – Мээримдүү убада кылган нерсе жана элчилер чындыкты айтышкан экен”, – дешет.
53.      Катуу бир кыйкырыктан башка эч нерсе болгону жок.  Мына алардын баары Биздин алдыбызга келип турушат.
54.      Бүгүн бир да жанга зулум кылынбайт. (Анткени), силер кылганыңар үчүн[37] гана жазаланасыңар.
55.      Акыйкатта, Бейиш ээлери бүгүн өз иштери менен жыргап-ырахаттанышат.
56.      Алар жубайлары[38] менен көлөкөдө, мамыктарда сүйөнүп, жазданышат (жатышат).
57.      Аларга анда (түрдүү) жемиштер жана каалагандары бар.
58.      Боорукер Жараткандын сөзү – “Салам!” (болот).
59.      “Эй күнөөкөрлөр! Бүгүн ажырагыла[39]!” (делинет).
60.      “Эй адам урпактары! Мен силерге: “Шайтанга сыйынбагыла, акыйкатта, ал силер үчүн анык душман” – деп буйрубадым беле?
61.      “Мага гана сыйынгыла – бул эң туура жол!”
62.      Ал силерден көптөгөн муундарды жолдон адаштырган. Акыл жүгүрткөндөрдөн болбойсуңарбы?
63.      Мына бул силерге убада кылынган тозок.
64.      Каапыр болгонуңар үчүн бүгүн ага киргиле!
65.      Бүгүн Биз алардын ооздоруна мөөр басабыз[40]. Бизге алардын колдору сүйлөп берет. А буттары алар эмне кылгандары тууралуу күбөлүк берет.
66.      Эгер Биз кааласак, алардын көздөрүн сокур кылып койор элек. (Ошондо) алар бир-биринен озуп, жолду карай жөнөөр эле, бирок кантип көрө алышат?[41]    
67.      А эгер Биз кааласак, алардын турпатын үйлөрүндө эле өзгөртмөкпүз.[42] Алар алдыга да, артка да жыла алышмак эмес.
68.      Кимге Биз узак жашоо берсек, аны жаралыш турпатын алсыз кылып койобуз.[43] Акыл калчашпайбы?
69.      Биз ага[44] ыр үйрөткөнүбүз жок жана бул ага ылайык да эмес. Бул эскертүүчү жана ачык-айкын Куран.
70.      – Тирүүлөрдү эскертүү, каапырлардын үстүнөн сөзүбүз чын болсун үчүн.  
71.      Биздин өз кудуретибиз менен жараткандарыбыздын ичинен Биз алар үчүн жаратып берген малдарыбызды жана аларга ээлик кылышаарын көрүшпөйбү?
72.      Буларды (малдарды) аларга баш ийдирдик, алар кээ бирлерин минишет, кээ бирлеринин (этин) жешет.
73.      Мында алар үчүн пайда жана суусундуктар бар. Бул үчүн алар шүгүр кылышпайбы?
74.      Алар өздөрүнө Алладан башка кудайларды жардам берет  деп алышты.[45]
75.      Алар дайар аскер[46] болуп келишсе да, аларга жардам кыла алышпайт.
76.      Сени алардын сөздөрү кайгыртпасын. Биз алардын жашыргандарын да, ачыкка чыгаргандарын да билип турабыз.
77.      Биз аны бир тамчы суудан жаратканыбызды инсан көрбөдүбү? Ошентсе да, ал ачык жаңжалчы!
78.      Ал өз жаралышын унутуп, Бизге: “Бул чириген сөөктөрдү ким тирилтет?” – деп мисал келтирет.
79.      “Аны алгач жараткандай эле тирилтет. Ал бардык жаралгандарды Билүүчү”, – дегин.
80.      Ал силерге жашыл дарактан от кылды, андан силер от жагасыңар.
81.      Асмандар менен жерди жараткан Ал аларга окшогондорду жарата албай калмак беле? Ооба. Ал – Жаратуучу, Даанышман.
82.      Ал бир нерсенин (болуусун) каалаганда, Анын иши тек гана “Бол!” – деп айтуу, (ал) болуп калат.
83.      Колунда баардыгынын үстүнөн бийлиги болгонго[47] аруулук! Силер Ага кайтарыласыңар.     



[1] Мааниси бир Аллага маалым.
[2] Алланын туура жолундагы.
[3] Өтө алыс эмес убакыттан бери карай (анткени мурунку заманда пайгамбарлар жөнөтүлүп турган).
[4] Азапка алынуусу жөнүндөгү сөз.
[5] Кишен – моюнтурук.
[6] Каймана түрдө каапырлардын ал-абалына, кулк-мүнөзүнө карата айтылууда. Алар өз жаңылыштыктарын, ой-пикирлерин гана туура деп эсептешип, бой көтөргөн, текеберденген, кекирейген абалда жүрүшөт. Эгерде алар оңолбосо, Алла алардын жаңылыштыгын ого бетер күчөтө тургандыгына ишаарат берүүдө.
[7] Ыйман келтирүүнү каалабаган каапырлардын, мушриктердин.
[8] Ыйман келтирүүнү каалабаган каапырларды, мушриктерди.
[9] Лавху Махфуз – тагдыр жазылган китеп.
[10] Меккелик каапырларга, сөлөкөттөргө табынгандарга.
[11] Алла.
[12] Жалган кудайларга табынган каапырлар элчилердин айткандарынан өздөрүнө ылайык келбеген жаман жышаандарды көргөндөй сезишти. Башкача айтканда, эч кандай жаман жышаан эч кайдан көрүнбөсө да, алар өздөрү жамандыкка жорушуп, элчилер тууралуу жаман ойлорду ойлой башташты.
[13] “Эгер бизге сүйлөгөнүңөрдү, чакырууңарды токтотпосоңор”.
[14] Ушул элчилерди.
[15] Аллага.
[16] Силер да мен сыйактуу ишенип, Аллага сыйынгылачы.
[17] Каапырлар аны ошол жерден тепкилеп өлтүрүп ийишкен соң, Алла Таала тарабынан: “Бейишке кир”, – деп айтылып, Бейишке киргизилди.
[18] “Менин туура иш кылганымды, Алланын ыраазылыгын таап, Бейишке кирип, ырахат-жыргалда экендигимди, өздөрүнүн адашууда экендиктерин элим билсечи”.
[19] Талкалап-кыйратуучу периштелерди.
[20] Алла Тааланын кырсыгы аларды бир заматта ойрон кылды. Алла Таала кааласа периште аркылуу, кааласа башка жол менен заалымдарды жылас кылат.
[21] Каапырларга.
[22] Көпчүлүк учурда мурунку элдердин кыйроосунан кийинки элдер эч кандай мисал, же сабак албаганы байкалат.
[23] Кыйамат күнү.
[24] Алла Таала өстүргөн бак-дарак, жемиштердин.
[25] Пенделердин колу менен иштелип, сугарылып, өстүрүлгөн...
[26] Айал-эркектен тукум улаштырып.
[27] Атомдун йадросу оң зарйад, ал эми аны айланган электрондор терс зарйадда экендиги кийинки замандарда гана белгилүү болуп, б.а. энергийанын бири-бирине карама-каршы болгон эки жуп формасы бар экендиги аныкталды.
[28] Алла Таалага.
[29] Ар бир айда жыйырма сегиз түндөгү кубулуш. Ай отуз күн болсо, анда эки түнү көрүнбөйт. Ал эми жыйырма тогуз күн болсо, анда бир түнү көрүнбөйт. Тафсир Ал-Жалаалайн.
[30] Нух (а.с.)дын кемесинде.
[31] Нух (а.с.)дын кемеси сыйактуу.
[32] Нух пайгамбардын убагынан бери карай ушул күндөргө чейин жасалып жана колдонулуп келе жаткан сууда, кургакта жана асманда жүрүүчү көлүктөр.
[33] Мурунку ойрондолгон ыймансыз коомдордун тагдыры башыңарга түшүүдөн.
[34] Катуу үн менен коштолгон кыйроо аркылуу жок болушат.
[35] Мураскор калтыруу мындай турсун, Алланын кырсыгы келген кезде, оозунда жеп жаткан тамагын жутууга үлгүрбөйт.
[36] Кыйамат күнүндө кайра тирилгенде.
[37] Күнөө, же сооп иштериңер үчүн.
[38] Бейишке кирген ыймандууларга жуп-жары, аялы боло турган келишкен сулуу үр кыздары жана ошондой эле алардан эч кем калбагандай сулуу абалга келтирилген өздөрүнүн айалдары ж. б.
[39] Момундардан бөлүнгүлө делинет.
[40] Бүтөп салабыз.              
[41] Көздөрү сопсоо кездеринде ааламдагы Алланын белгилерин көргүлөрү келбей, ага ишенбей жүргөндөр, көздөрүнөн айрылса кантип көрмөк?
[42] Маселен дарак кылып.
[43] Карып, ал-күчтөн, ден соолугунан ажырай электе Аллага сыйынуу, илим үйрөнүү, жакшылык иштерди кылуу зарыл нерселер.
[44] Мухаммед (а.с.)га.
[45] “Кудайларынан”.
[46] Кыйамат күнүндө, акыретте, сөлөкөттөр өздөрүнө сыйынып жүргөндөргө каршы душман болуп чыга келишет.
[47] Алла Таалага.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder