25.02.2014

41 FUSSİLET SÛRESİ

                41-сүрө «Фуссилат[1]»
     Меккеде түшүрүлгөн. Элүү төрт айаттан турат.
              Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын аты менен!
1.     Ха, мим[2].
2.     Түшүүсү[3] – Ырайымдуу, Мээримдүү Алладан.
3.      Бул Китеп[4] түшүнгөн[5] эл үчүн айаттары ачык-айкын байандалган арабча Куран.
4.     Кубандыруучу, эскертүүчү. Бирок, алардын[6] көбү баш тартты[7]. Ошондуктан алар кулак салышпайт.
5.     (Эй, Мухаммед!) алар: «Сен бизди чакырган нерсеге[8] (каршы) жүрөгүбүздө бир парда, кулактарыбызда болсо оордук[9] бар. Биз менен сенин ортобузда тосмо бар. Ошондуктан сен өзүңчө иш кыл, а биз өзүбүзчө иш кылалы»,–дешет.
6.       «Мен да силер сыйактуу эле адаммын. Мага: Кудайыңар бир гана Алла экени (Анын жалгыздыгы) тууралуу кабарлар келүүдө. Ошондуктан ошол багытта бекем болгула да, Андан кечирим сурагыла. Аллага шерик кошкондорго азап болсун!»,– дегин[10].
7.     Зекеттерин бербегендер – акыретке да каршы (чыгуучу адамдар).
8.     Чындыгында, ыйман келтирип, жакшылык жасагандар үчүн түгөнбөс сыйлыктар бар.
9.     Аларга: “Силер жерди эки күндө Жаратканга[11] каршы чыгасыңарбы? Ага шерик кошууну каалайсыңарбы? Ал (Алла) – бардык ааламдардын Эгеси!”,–дегин[12].
10.                       Жер үстүнөн тоолорду жаратып, берекелүү кылып, жер жүзүндөгүлөрдүн ырыскыларын төрт күндө тегиз бөлүштүрдү. Бул суроочулар үчүн (туура жооп).
11.                       Анан (Алла) асманды жаратууну максат кылды. Ал (асман) – түтүн болчу. Ошондо (Алла) асман менен жерге[13]: “Экөөң тең ыктыйардуу жана ыктыйарсыз  абалда (Мага) келгиле!”,–деди. Экөө: “Мойун сунган түрдө (Сага) келдик”,–дешти.
12.                       (Алла) аларды жети асман кылып эки күндө[14] жаратты. Анан, ар бир асмандын милдетин алардын өзүнө билдирди. (Биз[15] жерге) жакынкы асманды жылдыздар менен кооздоп, коргоого алдык[16]. Ушул – /стөмдүк кылуучу, Билүүчү Алланын өлчөгөнү.
13.                       Алар жүз үйрүсө: “Силерге Аад, Самуд элдеринин башына келген чагылгандай  апааттын келишин эскертемин”, – дегин[17].
14.                       Ошол мезгилде аларга мурда алдыларынан да, аркаларынан да элчилер келип: “Аллага гана сыйынгыла” –дегенде, алар: “Эгер Эгебиз кааласа (пайгамбар кылып) периштелерди жибермек. Чындыгында биз силер аркылуу жиберилген нерсеге каршыбыз”, – дешкен.
15.                       Ошондо Аад эли жер жүзүндө укугу жок туруп: “Бизден артык күчтүү ким бар?” – дешкен болчу. Алар өздөрүн жараткан Алланын аларга карганда күчтүүрөөк экендигин билишкен жокпу? Алар айаттарыбызга каршы чыгышты.
16.                       Аларга бул дүйнөдө кордук азабын таттыруубуз үчүн коогалуу күндөрдө суук бороон жибердик. Албетте, акырет азабы – андан да  катуу кордойт. Аларга жардам берилбейт.
17.                       Ал эми Самуд элин алсак, аларга туура жол көрсөттүк. Бирок алар тууралыктан көрө  сокурлукту жакшы көрүштү. Ошондуктан аларды өз кылыктарынан улам кордук азабы менен кошо чагылган алды.
18.                       Ал эми (Аллага) ыйман келтирип, такыба болгондорду (ал азаптан) куткардык.
19.                       Ошол күнү Алланын душмандары Тозокко айдалууга жыйналып, ошондо алар айдалышат[18]  .
20.                       Акыры алар ага[19] жеткен кезде[20], аларга өздөрүнүн кулактары, көздөрү жана терилери алардын (бул дүйнөдө) эмне иш кылгандыгына күбөгө өтүшөт.
21.                       Алар терилерине: “Эмне үчүн бизге күбө болдуңар”, – дешет. (Терилери): “Бизге баарын  сүйлөткөн Алла. Силерди алгач ирет жараткан Алла жана Ага кайтарыласыңар”,– деп айтышат.
22.                       Силердин өзүңөргө (Кыйамат күнү) кулактарыңар, көздөрүңөр жана терилериңер күбө болушунан жашырына албайсыңар. Алла жасаганыңардын көбүн билбейт деп ойлочу элеңер.
23.                       Мына ошо Эгеңер тууралуу ойлогон ойлоруңар өзүңөрдү кыйратып, зыйанга учуроочулардан болдуңар.
24.                       Эгер алар, эми чыдашса ордулары – отто. Алар (Алладан) ыраазылык сурашса да, кабыл кылынбайт.
25.                       Аларга жандоочу[21] дайардап койдук[22].  (Шайтандар) аларга алды-артындагы нерселерди кооз кылып көрсөтүп койду. Ошондуктан алардан мурун өткөн жин жана адамдардан болгон элдерге берилген азап буйругу алардын да башына келди. Анткени алар зыйанга учуроочулардан эле.
26.                       Каапырлар: “Бул Куранды укпагыла. Окулганда (башкаларга) угузбай алжактагыла. Балким жеңишке ээ болорсуңар”, – (деди).
27.                       Албетте, каршы чыккандарга катуу азап таттырабыз. Кылган жамандыктарынын эң жаманынын азабын беребиз.
28.                       Алланын душмандарынын жазасы – От. Алар үчүн ал жерде түбөлүктүү орун бар. Айаттарыбызга каршы чыккандардын жазасы (ушул).
29.                       Каршы чыккандар[23]: “Эгебиз жиндерден да, адамдардан да бизди адаштырган экөөсүн көрсөтчү. Аларды тамандарыбыздын астында тебелеп салалык. Алар эң төмөндөгүлөрдөн болсун!” – дешет.
30.                       Чындыгында: “Эгебиз Алла”, – деп, бекем тургандарга[24]  периштелер түшүп: “Коркпогула! Кайгырбагыла! Силерге убада кылынган Бейиш аркылуу кубанычка бөлөнгүлө.
31.                       Биз дүйнө тиричилигинде да, акыретте да досуңарбыз. Силерге Бейиште көңүлүңөр көксөгөн нерселер бар. Эмне талап кылсаңар баары бар”, – дешет.
32.                       Бул – Кечиримдүү, Боорукер Алла тарабынан (момундарга ыйгарылган) сый орун.
33.                       “Акыйкатта, мен – мусулмандарданмын” – деп, (адамдарды) Аллага чакырып, өздөрү да жакшы иштерди жасаган адамдан жакшы сөздүү ким бар?
34.                       Жакшылык менен жамандык тең эмес. Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун. Ошентсең сени менен анын ортосунда душмандык болгон адам да өтө жакын достой болуп кетет.
35.                       Бул касиет сабыр кылгандарга гана берилет. Мындай сыпатка[25], зор ийгиликке жетүүчүлөр гана ээ.
36.                       Ал эми сага шайтандан азгырык келсе, Алла менен сактан.  Албетте, Ал – Угуучу, Билүүчү!
37.                       Түн менен күндүз  жана Күн менен Ай – Алланын далилдеринен (гана). (Ошондуктан) Күнгө да, Айга да сежде кылбагыла! Аларды жараткан Аллага сежде кылгыла[26], эгер Ага сыйына турган болсоңор.
38.                       (Эй, Мухаммед!) Эгер алар[27] текеберленишсе... Эгеңдин алдындагылар[28]  Аны[29] күнү-түнү аруулаштан тажашпайт.
39.                       (Эй, Мухаммед!) Чындыгында, жердин кургап калганын көрөсүң. Анан биз ага жамгыр жаадырган мезгилде кулпуруп, көөп чыгышы да – Алланын далилдеринен. Акыйкатта, аны тирилткен – Алла.  Ал өлүктөрдү да (ушинтип) тирилтет. Анткени, Ал – баардык нерсеге Кудуреттүү.
40.                       Чындыгында, айаттарыбызды кимдер бурмалап жатканы Бизге жашыруун эмес. Отко ташталган адам жакшыбы, же Кыйамат күнү аман-эсен калган адам жакшыбы?[30]  Каалаганыңарды кыла бергиле[31]. Алла эмне жасап жатканыңарды толук көрүп турат.
41.                        Чындыгында, аларга Куран келген кезде да, ага каршы чыккандар[32] бар. Акыйкатта, ал ардактуу  Китеп.
42.                       Анын алдынан да, артынан да[33] кур бекер сөз айтылбайт (жана жазылбайт). (Ал) –  Мактоо ээси жана Даанышман Алла тарабынан түшүрүлгөн.
43.                       (Эй, Мухаммед!) Сага, сенден мурунку элчилерге айтылгандар  айтылды. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, оорутуучу азап Ээси.
44.                       Эгер аны башка тилдеги Куран кылып түшүргөн болсок, албетте, алар: “Айаттары эмнеге ачык-айрым байандалбаган? (Куран) башка тилде, а (пайгамбар) араб (болобу)?” – дешмек. (Сен): “Бул Куран ыйман келтиргендер үчүн туура жол жана шыпаа[34]”,– дегин. Ал ыйман келтирбегендердин кулактарында оордук[35] бар. Ошондуктан аларга – Ал[36] бир сокурлук[37]. Аларга узак жерден үн салынгандай (сезилет).
45.                       Ырасында, Мусага Китеп бергенбиз. Ошондо ал[38] тууралуу да талаш чыккан. Эгеңден бир өкүм болбогондо[39], араларындагы талаш  бүтмөк[40]. Чындыгында, алар шек ичинде калышууда[41].
46.                       Ким  жакшы иштерди жасаса, ал – өзү үчүн. Ал эми ким жаман иштерди жасаса (да) өзүнө. Эгең – пенделерине зулумдук кылуучу эмес.
Жыйырма бешинчи бөлүм
47.                       Кыйамат күнүнүн маалыматы – Аллага гана таандык[42]. Анын билиминен тышкары жемиштердин эч бири чанагынан чыкпайт. Эч бир ургаачы жүктүү болбойт, туубайт. “Менин шериктерим кайда?”, – деп аларга үн салынган күнү, алар: “Сага гана сыйынганбыз. Бизден ага[43] күбө болуучу жок экенин сага кабарлаганбыз”,–дешет.
48.                       Мурунку сыйынгандары (Кыйаматта) көздөн кайым болуп кетет[44]. (Ошондо мушриктер)  качаар жайы жок экенин анык билишет.
49.                       Инсан жакшылык суроодон тажабайт, бирок  ал бир жамандыкка дуушар болсо, ошондо (Алладан) үмүтүн үзүп, үмүтсүздүк кылат.
50.                       Эгер кайгылуу мүшкүлдөн кийин, жаныбыздан жакшылык жиберсек, ал:”Бул менин акым. Кыйамат кайым болот деп да ойлобоймун[45].  Эгер Эгеме кайтарылсам да сөзсүз мен үчүн Анын жанында мындан да жакшыраагы бар”, – дейт. Албетте, ошондо каапыр болгондорго эмне кылгандарынан кабар беребиз. Ошентип, аларга катуу азапты таттырабыз.
51.                       А эгер инсанга бир жакшылык берсек, (Алладан) жүз үйрүп,  (Эгесинен) оолактайт[46]. Аны бир жамандык кармаса, ал көп дуба ээси болуп калат[47].
52.                       (Эй, Мухаммед!) “Көрдүңбү: Бул Куран Алладан келген, кийин силер ага каршы чыктыңар (ишенбедиңер). Акыйкаттан алыс болуп тескериленгенден катуу адашкан ким бар?” (–дегин).
53.                       Курандын толук чындык экендиги айкындалганга чейин ааламдагы жана өздөрүндөгү белгилерибизди толук көрсөтөбүз. Чындыгында, Эгеңдин бардык иштерге күбө экендиги сага жетиштүү эмеспи?
54.                       Акыйкатта, алар Эгелерине жолугуудан шектенүүдө.  Көңүл бургула!  Албетте, Алла бардык нерсени камтуучу!





[1] Фуссилат  – ачык байандалды
[2] Маанисин бир гана Алла билет
[3] Куран тууралуу сөз болууда
[4] Куран
[5] Арабдар
[6] адамдардын
[7] Курандагы Алланын буйруктарын аткаруудан
[8] Шариат буйруктарына
[9] дүлөйлүк
[10] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
[11] Алла Таалага
[12] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат
[13] Асман менен жерге
[14] Алланын алдындагы эсеп бойунча биздин жердеги элүү миң жыл – ал жактын бир күнүнө тете.
[15]  «Биз» деп Алла Таала айтууда
[16] Шайтандардын периштелерден маалымат убадасы үчүн
[17] Алла Таала пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат

[18] Периштелердин айдоосунда жөнөшөт
[19] Махшар майданына
[20] Алланын каардуу сурак-соту башталып
[21] шайтандардан
[22] Алардын ар бир күнөөсүнүн көбөйүшүнө жардам берүүчү  жана арамдан тамак таап берүүчү кылып
[23] каапырлар
[24] Бул дүйнөдө такыбалыктын чегинен чыкпай бекем жана мыкты тургандарга
[25] Сабырдуулукка
[26] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[27] каапырлар
[28] периштелер
[29] Алланы
[30] Өзүңөр ой жүгүрткүлө
[31] «Жасаган иштериңерге жараша, же жазага, же сыйга ээ болосуңар. Эмне кылсаңар да өзүңөр үчүн.  Отто түбөлүккө куйкаланууга чыдай алам десеңер, анда  Биз берген өмүрүңөр түгөнгөнгө чейин күнөө кыла бергиле» , – деген мааниде.
[32] Аллага каапырдык кылгандар
[33] Эч жерин эч ким оңдой албайт. Кара ниет менен оңдогондун колу сынат.
[34] Ооруп калган мусулмандарды айыктыруучу касиетке да эгедер
[35] дүлөйлүк
[36] Куран аларга алыстыктан араң угулган үндөй болуп, жүрөктөрүнө жетпейт. Анткени алардын жүрөктөрүндө кулпу бар..
[37] караңгылык
[38] Тоорат
[39] Каапырларга да өмүр сүрүү үчүн бөлүнгөн мөөнөт тууралуу  Лавхул Махфузда жазылуу турган Алланын өкүмү
[40] Кыйаматтын келишин тездетип, алар азыр Тозокто болуп калышмак. Бирок Алланын убадасы сөзсүз аткарылат.
[41] Кыйаматтын болоруна ишенээр-ишенбесин билишпей, ыргылжың, арсар абалда. Анткени аларда ыйман жок
[42] Анын качан болорун Алла гана билет.
[43] Сенден башкага сыйынганыбызга
[44] Анткени эч качан андай кудайчалар болгон эмес
[45] Кыйаматтын сөзсүз болорунан шек санап, динден чыгып кетет
[46] Кыргызча айтканда: “Кудайын тааныбай манчыркап калат”
[47] Алла Таалага көп жалбарып калат

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder