26.02.2014

105 FÎL SÛRESİ

105-сҮрөФил[1]
Меккеде тҮшҮрҮлгөн. Беш айаттан турат.
МээримдҮҮ, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Сенин Эгең пил ээлерин эмне кылганын көрбөйсҮңбҮ?
2.     Ал алардын арам ой-максаттарын ойрон кылбадыбы?[2]
3.     Ал аларга тобу менен куштарды жөнөтпөдҮбҮ?
4.     Ал куштар тигилердин ҮстҮнө бышкан чопо таштарды ташташты.
5.     Ошентип, аларды чайналган эгиндей кылып салды.




[1] Фил – пил.
[2] Йемендин Абраха Ал-Ашрам деген падышасы Сана шаарында ал курган чиркөө ажылыкка эл келбегенин көрҮп, ажылыктын борбору Каабаны толук кыйратайын деп жакшы куралданган  жоокерлерди, аскер кызматтагы пилдерди топтоп, жҮрҮшкө чыгат. Ага каршы турууга меккеликтерде кҮч да, куралданган жоокерлер да жетишсиз болгон. Бирок, Меккеге жакын калганда пилдер алга жылбай койушат, ҮстҮлөрҮнөн чабалекейлерге окшогон куштар учуп келишип, бышкан чопо таштарды ҮстҮлөрҮнө жаадырган. Натыйжада таш тийген адамдар чайналган чөп сыйактуу эттери былжырап, өлҮмгө дуушар болушкан. Падыша да ( денесинен териси, булчуң эттери чирип тҮшҮп, оор азап менен) ҮйҮнө келип өлөт. 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder