25.02.2014

83 MUTAFFİFÎN SÛRESİ

83-сүрөМутаффифун[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Отуз алты айаттан турат.
                                Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.            Таразадан алдагандарга азап!
2.            Алар адамдардан өлчөп алышканда - толук алышат да,
3.            Башкаларга таразалап, өлчөп беришсе кемитип беришет.
4.            Алар тирилүүлөрүн анык экенин байкап билишпейби?!
5.            Улуу күндө[2]
6.            Дал ошол Күнү адамдар ааламдардын Эгесине туруп келишет.
7.            Жок! Ыплас-бузукулардын китеби «Сижжинде»  (жазылып коюлган).
8.            Сен «Сижжин[3]»  эмне экенин билесиңби?
9.            Мөөрдөлгөн китеп.
10.        «Ошол күн жалган»  – дегендерге азап.
11.        Алар Кыйамат күндү жалган дешет эле.
12.        Чектен ашкан күнөөкөр гана аны жалган дейт.
13.        Биздин айаттарыбыз аларга окулса, алар: «Мунун баары мурункулардын уламыш-жомогу»  – дешет.
14.        Жок-жок! Жасаган иштери себептүү алардын жүрөктөрүн кара так каптап калган.
15.        Акыйкатта ошол Күнү алар өз Эгесинен тосулуп калат[4].
16.        Андан ары алар алоолонгон отко киришет.
17.        Анан аларга: «Мына ушулар, силер жалганга чыгарган нерсеңер»-,-делинет.
18.        Акыйкатта такыбалардын китеби «Иллиййинде» сакталат.
19.        Сен «Иллиййин[5]» эмне экенин билесиңби?
20.        Мөөрдөлгөн китеп.
21.        Алар үчүн Аллага жакын (периштелер) күбөлүк беришет.
22.        Акыйкатта такыбалар Бейиште болот.
23.        Бийк орундуктарда көз салып турушат.
24.        Сен алардын жүзүнөн Бейиш жыргалын байкайсың.
25.        Аларга мөөр басылган суусундук берилет.[6]
26.        Анын бүтүшү жыпар жыттуу.
27.        Анын ширеси «Тасним».[7]
28.        Аллага жакындар гана мөлтүр булактан ичишет.
29.        Күнөөкөрлөр момундардын үстүнөн (шылдыңдап) күлүшчү.
30.        (момундар) алардын жанынан өтүп баратканда алар (шылдыңдап) бири-бирине көз ымдашчу эле.
31.        А качан өз кишилерине кайтып барганда (өз кылыктарына) маашырлана кайтычу.
32.        Аларды[8] көргөн кездеринде: «Аныгында булар-адашкандар» ,-дешчү эле.
33.        Бирок бул күнөөкөрлөр(момундарга) көзөмөлчү кылып жөнөтүлгөн эмес.
34.        Ал Күндө момундар капырлардын үстүнөн шылдыңдап күлөт.
35.        (Бейиште) бийик мамыктардын[9] үстүндө көз чаптырышат.
36.        Каапырлар өз кылгандары үчүн сооп алмак беле?!






[1] Мутаффифун – таразадан кымтып калуучулар.
[2] Кыйамат күндө.
[3] Каапырлардын амалдары жазылган китеп (Тафсир Ал-Байзавий)
[4] Жаратканды көрө албай калышат.
[5] `Иллиййин — асмандын жетинчи кабатында (кол жетпес бийикте) сакталуучу, момундардын иш-аракеттери жазылган китеп.   
[6] Эч ким ичкен эмес
[7] Кошулманын, ширенин аты 
[8] момундарды
[9] орундуктардын

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder