25.02.2014

67 MÜLK SÛRESİ

Жыйырма тогузунчу бөлүм

67- сүрө «Мүлк[1]»

Меккеде түшүрүлгөн. Отуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Колунда Бийлиги барга[2] Аруулук! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
2.     (Ал) силердин кимиңер жакшы амалдарды жасаарыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Ал – Ызааттуу, Кечиримдүү!
3.     Ал жети кабат асманды как-кат кылып жараткан. Мээримдүүнүн[3] жаратуусунда эч бир иретсиздикти көрө албайсың! Кайра-кайра[4] көз чаптырсаң да кынтык таба албайсың!
4.     Дагы да эки мертебе көз салчы: Көз карашың чарчап, кор болуп кайра өзүңө кайтат.
5.     Чындыгында, дүйнө асманын чырактар [5]менен кооздодук. Биз ал чырактарды шайтандарды уруучу кылып жараттык. Жана Биз алар[6] үчүн жалындаган азап дайардап койдук.
6.     Эгесине каршы чыккандарга[7] – Тозок азабы бар! Алардын бараар жери кандай жаман!
7.     Тозокко ыргытылган кезде алар[8] Тозоктун кайнап жаткан үнүн угушат.
8.     Ачуусу[9] акыркы чегине жетип, [10]топ-топ кылып ага[11] ыргытылган сайын Тозоктун кайтаруучулары алардан: «Силерге эскертүүчү келбеди беле?!» – деп сурашат.
9.     Алар: «Ооба, бизге чындыгында, эскертүүчү келген, бирок биз алардын сөзүн жалганга чыгарып: «Алла эч нерсе түшүргөн эмес. А силер  абдан чоң адашуудасыңар, дегенбиз», ­– деп айтышат.
10.       «О, эгерде биз алардын сөзүнө кулак салып, акылга келгенибизде, анда биз азыр Тозок ээлеринен болбойт элек!» –дешет.
11.       Ошентип алар күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозок ээлери алыс болсун[12]!
12.       Кайыптан[13] Эгелеринен корккондорго  кечирим жана чоң сыйлык (бар).
13.       Сөздөрүңөрдү ачык, же купуйа айтсаңар да, чындыгында, Ал –жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү.
14.       Алла өзүнүн жараткандарын билбейби?! Ал – Кылдат[14] жана Кабардар.[15]
15.       Ал – жерди силерге мойун сундуруп койду. Силер анын[16] чар тарабында басып, Анын ырыскысынан жегиле. Кайтуу[17] – Ага.
16.       Жер титиреген кезде Асмандагы[18] силерди жер менен кошо көмкөрүп салса, аман калабыз деп ойлойсуңарбы?
17.       Же Асмандагы[19] силердин үстүңөргө таш жөнөтүүсүнөн сестенбейсиңерби? Жакында Менин эскертүүм кандай экендигин[20] билесиңер!
18.       Чындыгында, силерден мурдакылар да жалганга чыгарышкан[21]. Эми Менин чануум кандай оор болоор экен?!
19.       /стүлөрүндө катарлашып, канаттарын жайып учкан чымчыктарды көрүшпөдүбү?! Аларды жалгыз гана  Мээримдүү кармап турат. Чындыгында Ал бардык нерсени Көрүүчү!
20.       Мээримдүүдөн[22] артык силерди жеңишке жеткирүүчү аскер ким[23]? Каапырлар жалаң алданууда! 
21.       Ырыскысын тыйып[24]  койсо, силерге башка ырыскы берүүчү ким?  Жок! Алар[25] балким мойу жоондук кылып, жийиркенип кашайышууда[26].
22.       Жүзүн жер каратып баскан туура жолдобу, же  туура жолдо[27] түз басканбы?
23.       [28]Айткын: «Ал силерди жоктон бар кылып, силерге угуу, көрүү жана туйууну жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар!»
24.       [29]Айткын: «Ал силерди жерге таратты, жана Ага[30] чогуласыңар!».  
25.       Алар: «Эгер силер чынчыл болсоңор, ал убада[31] качан келет?» – деп айтышат.
26.       [32]Айткын: «Албете, аны билүү[33] Аллага гана таандык. Мен бар болгону ачык эскертүүчүмүн».
27.       Алар[34] аны жакындан  көргөн кезде  жүздөрү карарып бузулат жана аларга: «Мына силердин тилегениңер[35]!» – деп айтылат.
28.       [36]Айткын: «Силер билесиңерби: Эгер Алла мени жана мени менен бирге болгондорду жок кылса, же бизге ырайым кылса, анда каапырларды оорутуучу азаптан ким куткарат?»
29.       Айткын: «Ал  – Мээримдүү, биз Ага ыйман келтирдик, Ага гана тобокел кылдык. Жакын арада ким анык адашууда экенин билесиңер!»
30.       (Аларга): «Айткылачы, эгерде силердин сууңар куруп калса, ким силерге аккан суу келтирет?» – деп айткын.




[1] Мүлк - Ээлик
[2] Аллага
[3] Мээримдүү– Алланын ысым сыпаттарынын бири
[4] Өтө көңүл буруп, жакшылап, терең ой жүгүртүп…
[5] Жылдыздар
[6] шайтандар
[7] Анын буйруктарын тоотпой ж.б.у.с.
[8] Тозоктон
[9] Тозоктун кайтаруучулары
[10] каапырлар Тозокко
[11] Тозокко
[12] Алланын ырайымынан алыс болсун!
[13] Эч ким жок жерде
[14] Араб тилинде «Латииф»
[15] Алла бардык нерселерден кабардар
[16] Жердин
[17] Б.а. бардык жандар (өлүп тирилүү аркылуу) Аллага гана кайтып келишет
[18] Алла
[19] Алла
[20] Канчалык чындык экендигин
[21] Алланын айаттарын
[22] Алладан
[23] барбы?
[24] Алла адамдардын ж.б. ырыскысын бербей койсо
[25] Каапырлар
[26] Текеберленип (Алладан) алыстоодо
[27] катар
[28] Эй, Мухаммед!
[29] Эй, Мухаммед!
[30] Алланын алдына чогуласыңар
[31] Кыйамат
[32] Эй, Мухаммед!
[33] Кыйаматтын качан болоору тууралуу илим
[34] каапырлар
[35] Кыйамат
[36] Эй, Мухаммед!

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder