25.02.2014

38 SÂD SÛRESİ

38-сүрө  “Сод[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Сексен сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Сод. Эскертме ээси болгон Куранга ант!
2.     Ооба, каапырлар текеберленүүдө жана каршы чыгууда.
3.     Биз аларга чейинки канчалаган муундарды жок кылдык. Алар жалбарышты, бирок калкаланчу убакыт эмес эле[2].
4.     Алар өздөрүнүн арасынан эскертүүчү[3] келгенде таң калышып, каапырлар: “Бул сыйкырчы, жалганчы” – дешти.
5.     “Чын эле ал кудайларды[4] бир кудайга айлантабы? Чынында бул шумдуктуу нерсе!”
6.     Алардын арасынан бир тобу: “Баргыла жана кудайларыңарга бекем болгула. Чындыгында бул (ал) каалаган нерсе[5].
7.     Акыркы динде[6] биз бул тууралуу эч уккан эмеспиз; бул ойдон чыгарылган нерсе.
8.     Биздин арабыздан ага гана кабар түшүрүлгөнбү?” (дешет). Ооба, алар Менин кабарыма шектенишүүдө. Балким алар Менин жазамды али татыша элек.
9.     Же аларда сенин Даңктуу жана Кайрымдуу Эгеңдин ырайым казынасы барбы?
10.       Же алардан асмандар менен жердин жана алардын ортосундагылардын үстүнөн бийлиги барбы? Кана, анда алар асманга көтөрүлүп көрүшсүнчү!?
11.       Алар болгону ошол жерде жеңилген аскерлердин бир бөлүк тобу.
12.       Аларга чейин муну Нух, Аад жана казыктар ээси Фараондун коомдору жалганга чыгарышкан.
13.       Самуд, Луттун коому жана Айканын ээлөөчүлөрү[7] - мына ушул топтор:
14.       Баардыгы элчилерди жалганга чыгарышкан. А Менин жазам акыйкатталды.   
15.       Аларга сурнайдын[8] үнүн күтүү гана калат. Ага кайтуу жок[9].
16.       Алар[10]: “Эгебиз, биздин китебибизди[11] эсеп күндөн алдын эртелетчи?” – дешет.[12]
17.      Алар айткандарга чыдагын жана күч кубат ээси, Менин пендем  Даудду эсте. Ал (Аллага) кайтуучу[13] эле.
18.      Анткени, Биз ага тоолорду багынттык. Алар аны менен биргеликте кечинде жана эртең менен (Алланы) даңазалашчу эле.
19.      Куштарды да (багынттык), (анын жанына) чогулуп, баары (Кудайды) даңазалашчу эле. Баары Ага кайтуучу эле.[14]
20.      Биз анын бийлигин бекемдедик жана ага даанышмандык менен туура, чечкиндүү сүйлөөнү ыроолодук.
21.      Сага каршылаштар жөнүндө кабар жетти беле? Алар коргон аркылуу михрабка[15] чыгып барышкан.
22.      Алар Даудга кирип барганда, ал алардан коркуп кетти. Алар: “Эки каршылаштан коркпо, биздин бирибиз экинчибизге жамандык кылганбыз. Бизге акыйкаттык менен өкүм чыгар. Чектен чыкпа. Бизди туура жолго алып бар”, – дешти.
23.      “Бул менин тууганым, анын токсон тогуз койу бар, а меники бирөө гана; жана ал аны да менин карамагыма өткөр деп, жаңжалда мени жеңип койду”, – (деди биринчиси).
24.      “Ал сенин (жалгыз) койуңду өзүнө өткөрүп алууну суроо менен сага зулум кылды. Анткени ыймандуулардан жана жакшылык иш кылгандан башка  жолдоштор бири бирине жамандык көздөшөт. Алар (ыймандуулар) аз” – деп айтты да, (Дауд) ойго түштү.[16] Биз аны сынаганыбызды билип, Эгесинен кечирим сурады, эт-бетинен[17] кетип, чөгөлөй (Аллага) кайтты.
25.      Биз мунусу үчүн аны кечирдик. Бизде ал үчүн жакындык жана сонун кайтуучу жай бар.
26.      Эй, Дауд! Биз сени жер үстүнө орун басар кылдык. Адамдардын ортосунда адилеттүүлүк менен өкүм кыл, каалоо-кумарын ээрчибе, антпесе ал сени Алланын жолунан адаштырып койот.  Акыйкатта, Алланын жолунан адашкандар, Кыйамат күнүн унуткан үчүн катуу азапка татыктуу!
27.      Биз асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды жөн эле жаратканыбыз жок. Каапырлар гана ушундай деп ойлошот. Ыймансыз каапырларга тозок азабы болсун!
28.      Биз ыйман келтиргендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер үстүндө бузук иштерди кылгандар өңдүү кылмак белек, же такыбаларды бузукулардай кылмак белек?
29.      Сага түшүрүлгөн – анын сөздөрүнүн үстүндө ой жүгүртүү жана эскерүүлөрү үчүн акыл ээлерине жөнөтүлгөн куттуу Китеп.
30.      Биз Даудга кандай сонун пендени – Сулайманды ыроолодук. Акыйкатта, ал Бизге кайтуучу.
31.      Анан кечинде ага мыкты күлүк аттар көрсөтүлдү.
32.      Ал[18] – караңгылыкка, ал[19] далдааланганга чейин: “Мен Эгеме сыйынууга караганда бул дүйнөнүн жыргалын артык көргөн экенмин”, – деди.
33.      “Аларды мага кайра алып келгиле!” Алардын шыйрактарын жана мойундарын сылай баштады.
34.      Биз Сулайманды сынап, денени анын тактысынын үстүнө койдук. Андан соң ал Бизге кайрылды:
35.      “Оо, Эгем! Мени кечир жана мага менден кийин эч кимде болбогондой бийлик бер. Анткени Сен Берешен-тартуулоочусуң” – деди.
36.      Биз ага шамалды багынттык, ал анын буйругу бойунча кайда кааласа мээлүүн гана агып жөнөйт.
37.      Жана да шайтандарды[20], түрдүү курулушчулар менен суучулдарды[21],
38.      жана башка чынжырга байлангандарды.
39.      Бул Биздин белектер. Соопчулук иштерге сарп кыл, же эсепсиз  өзүңө тут.
40.      Аныгында ал үчүн Биздин кашыбызда жакындык жана сонун кайтуучу жай бар.
41.      Биздин пендебиз Айупту эскер. Мына – ал Эгесине кайрылып: “Мени шайтан азгырып, азап жана кыйналууга учуратты”, – деди.
42.      “Бутуң менен жерди теп. Мына жуунууга жана ичүүгө муздак (суу)”.
43.      Биз ага анын үй-бүлөсүн жана алар менен бирге эле ал сыйактууларды Өз ырайымыбыз менен акыл ээлерине эскертүү катары бердик.
44.      “Колуңа боо чыбык алып, аны менен ур; антыңды бузба[22]!” –                     (делинди). Биз аны сабырдуу абалда таптык. Кандай сонун пенде. Акыйкатта ал кайтуучу.[23]
45.      Ибрахимди, Исхакты жана Йакупту – күч жана акыл ээлери болгон Биздин пенделерибизди эсте.
46.      Анткени Биз аларды келечек жай жөнүндө ыклас кылуучулардан кылдык.   
47.      Алар Биздин алдыбызда тандалма, жакшылардан.
48.      Ысмайылды, Алйасаны жана Зул-Кифлди эсте. Баарысы жакшылардан.
49.      Бул эскертүү. Албетте такыбалар үчүн сонун кайтуучу жай бар,
50.      Адн бактары. Анын эшиктери ачылган абалда.
51.      Алар анда жөлөнүп алышып, көптөгөн мөмө-жемиштерди жана суусундуктарды чакырышат (кызматчыларына буйрушат).
52.      Аларда көздөрүн төмөн салган[24] курбалдаштары болот.
53.      Мына, силерге эсеп күнү үчүн убада кылынгандар.
54.      Акыйкатта, бул Биздин ырыскылар. Ал эч түгөнбөйт.
55.      Мына чектен ашкандар үчүн эң жаман кайтуучу жай!
56.      Тозокко киришет. Бул кандай жаман орун. 
57.      Мына! Эми алар кайнак суу жана ириңди татышсын!
58.      Жана башка ушул өңдүү[25] түрлөр.
59.      Бул силер менен бирге кирүүчү топ[26]: “Силер үчүн орун[27] жок. Албетте алар тозоко кирүүчүлөр”.
60.      (Алар)[28]: “Жок, силерге орун жок[29]. Ушул азапты бизге силер дайардагансыңар! Кандай жаман орун”, – дешет.
61.      (Алар): “Эгебиз! Муну бизге дайардагандардын оттогу жазасын эки эсе көбөйт”, – дешет.
62.      (Тигилер[30]):  “Бизге эмне болду? Биз “жаман” деп эсептеп жүргөн кишилерди көрө албай жатабыз.    
63.      Биз аларды шылдыңга алганбыз. Же биздин көзүбүз (азыр) алардан тайып баратабы?” – дешет.
64.      Албетте, бул чындык тозок ээлеринин талаш-тартышы. 
65.      Айткын: “Мен силерге эскертүүчү ганамын. Жалгыз, Каардуу Алладан башка кудай жок.
66.      Асмандар менен жердин жана алардын арасындагылардын Эгеси – Ызааттуу[31], Кечирүүчү”.
67.      Айткын: “Бул улуу кабар.[32]
68.      Силер андан баш тартуучусуңар.
69.      Менде алар талашып жаткан учурда улук периштелер тууралуу илим болгон эмес.
70.      Албетте, мен ачык-айкын эскертүүчү экендигимден башка мага эч кандай жашыруун кабар берилбеди.
71.      Эгең периштелерге (мындай) деди: “Мен инсанды ылайдан жаратамын.
72.      Качан аны жасап бүтүп, ага өз рухумдан[33] (үйлөп) киргизгенимде, ага сежде кылган абалыңарда ийилгиле!”
73.      Периштелердин баары чогуу сежде кылышты,
74.      Иблистен башкасы. Ал текеберленди жана каапырлардан болду.
75.      Ал[34]: “Эй Иблис! Мен өз колум менен жасаганга сежде кылууңдан сени эмне тосту? Сен текеберлендиңби, же улуктардан болдуңбу?” – деди.   
76.      “Андан мен жакшыраакмын. Мени оттон жараттың, а аны ылайдан”, – деди[35].
77.      Ал[36] айтты: “Мындан чык! Анткени сен куулдуң.
78.      Менин каргышым сага Кыйамат күнгө чейин (болот)”.
79.      “Эгем! Алар[37] кайра тирилүүчү күнгө чейин мага мөөнөт бер”, – деди.
80.      Ал[38] айтты: “Албетте, сен мөөнөт берилгендерденсиң,
81.      белгилүү бир убакытка чейин.”
82.      Ал[39] айтты: “Сенин Улуулугуңа ант! Мен алардын баарын азгырамын,
83.      ыкластуу пенделериңден башкаларын”.
84.      Ал[40] айтты: “Акыйкат чындыкты гана айтамын,
85.      Тозокту сени жана сенин артыңдан ээрчигендердин бардыгы менен толтурамын”.
86.      Айт: “Мен[41] силерден бул үчүн[42] акы сурабаймын жана өзүмдүн күчүм жетпей турганды албаймын.
87.      Бул[43] бүткүл ааламдар үчүн эскертүү гана.
88.      Албетте, убакыт өткөндөн соң билесиңер.”




[1] Мааниси бир Аллага маалым.
[2] Алланын каары жеткен кезде жалбарса да, жалбарбаса да баары бир кеч болуп калган.
[3] Алланын элчиси.
[4] Сөлөкөттөрдү, жалган кудайларды.
[5] Меккенин каапырларынын арасынан: “Мухаммед биздин баарыбызга башчы болууну көздөп, ушундай кылып жатат”, – дегендер болгон.
[6] Каапыр мушриктер сөлөкөттөргө жана жалган кудайларга табынууну ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан акыркы дин деп билишкен.
[7] Тургундары. Булар Шуайп (а.с.)дын эли.
[8] Кыйаматта кайра тирилүүнүн алдында тартылуучу сурнайдын үнү.
[9] Ал үн келбей койбойт.
[10] Каапырлар.
[11] Амалыбыз жазылган китебибизди.
[12] Бул алардын шылдыңдуу сөзү.
[13] Жаратканга катуу берилген эле.
[14] Жаратканга алар тасбих менен ибаадат кылышчу.
[15] Дауд (а.с.)дын мечитине.
[16] Талашкандар кеткенден кийин.
[17] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А.Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
[18] Сулайман.
[19] Күн.
[20] Жин-шайтандарды.
[21] Суу түбүнө түшүп бермет, коралл ж.б.у.с. кымбат баалуу таштарды алып чыгуу үчүн.
[22] Айуп (а.с.) айалы жай кыймылдаганы үчүн ачууланып жүз балак алам деп ант ичип койгон. Ошол жөнүндө сөз болууда.
[23] Жаратканга кылган тообосу бекем.
[24] Өтө татынакай, сулуу жубайлары. Алар өз күйөөлөрүнө гана көңүл бурушат. Башкаларды карабаган.
[25] Кайнак суу, ириң сыйактуу.
[26] Бул дүйнөдө бири бирин жакшы көрүп, учурашып жүргөн ыймансыз кишилер жана алардын тобу акыретке барганда таптакыр тескерисинче бир-бирин көргүлөрү келбей - жек көрүшөт. Анткени, бирин бири жолдон чыгарууга себеп болушкан.
[27] Күнөөгө жетелегендердин тигил күнү жетеленгендерге айтаар сөзү.
[28] Алсызыраактары өздөрүн азгырган алдуу-күчтүүлөрүнө айтышат.
[29] Жетеленгендердин сөзү.
[30] Бул дүйнөдө алдуу-күчтүү болуп жүргөндөр.
[31] /стөмдүк кылуучу.
[32] Айаттардан, Алладан келген кабар, буйруктардан.
[33] Жан.
[34] Алла.
[35] Иблис.
[36] Алла.
[37] Адамдар.
[38] Алла.
[39] Иблис.
[40] Алла.
[41] Мухаммед (а.с.).
[42] /гүт-насаат кылып, ыйманга чакырганы үчүн.
[43] Куран, айаттар, кабарлар.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder