25.02.2014

87 A'LÂ SÛRESİ

87-сүрөА`лаа[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Он тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!!
1.     Жогору даражалуу Эгеңдин атын аруула!
2.     Ал баарын  жараткан жана тең кылган.
3.     Ал баарын өлчөп жана багыттап койгон.
4.     Жана да Ал жайыт чөптөрүн өстүргөн.
5.     Андан соң Ал аны карарган куурайга айландырат.[2]
6.     Биз сени окутабыз, анан сен такыр унутпайсың, –
7.     Бирок, Алла каалагандардан башкаларын. Албетте, Ал[3] ачыкты да, жашыруунду да билип турат.
8.     Биз сага жеңилдикти оңой[4] кылабыз.
9.     Эгер эскертүү пайдалуу болсо анда эскерткин.
10.  Ким корккон болсо ал насаат-сабак ала берет.
11.  Ал эми эскертүүдөн бактысыз гана баш тартат.
12.  Ал Акыреттеги алоолонгон чоң отто күйөт.[5]
13.  Ал анда өлүп да калбайт, (же) тирүү жашап да калбайт.
14.  Ким тазаланса,[6] ал ийгиликке жеткени.
15.  Эгесинин атын эстеп анан намаз окуса.
16.  Жок, кантсе да силер бул дүйнөнүн жашоосун артык көрөсүңөр.
17.  Бирок Акырет жашоосу эң жакшы жана түбөлүктүү.
18.  Акыйкатта, бул[7] мурунку барактарда да бар.
19.  Ибрахим менен Мусанын барактарында.




[1] Аала – Эң жогору (даражалуу).
[2] Өстүрүп, кайра кууратат.
[3] Алла.
[4] Ислам, шариат.
[5] Тозок отуна.
[6] Күнөөдөн, каапырлыктан.
[7] Айтылып – байандалгандар.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder