25.02.2014

76 İNSAN SÛRESİ

76-сүрө «Инсан»
Мединада түшүрүлгөн. Отуз бир айаттан турат.
Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын аты менен!
1.           Албетте, кылымда инсан болбогон[1] убакыт да өткөн.
2.            Биз адамды бир тамчы аралашма суйуктуктан жараттык. Аны сыноо үчүн Биз ага көрүү жана угуу жөндөмүн бердик. 
3.           Албетте биз аны, же момун, же каапыр абалда жолго салдык.
4.           Биз каапырлар үчүн чынжырлар, кишендерди жана жалындуу От дайардап койгонбуз.
5.           Жакшылар[2] болсо чөйчөктөрдөн жыпар жыттуу «каафуур»  аттуу суусундуктарды ичишет.
6.           Алланын пенделери ал булакты каалаган жерден чыгарып алышып ичишет.
7.           Алар убадаларын аткарышып, жамандыгы жайылган күндөн коркушат.
8.           Алар[3] өздөрү ачка болуп турса да жетимдер, туткундар жана жакырлар менен ырыскыларын бөлүшүшөт:
9.           «Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алланын ыраазычылыгы үчүн гана тойгузабыз,
10.      Биз Эгебизден  жана беттерди бырыштыруучу оор Күндөн[4] коркобуз», – (дешет).
11.       Алла аларды ал Күндүн жамандыгынан сактап, анан аларды нурдуу жана кубанычтуу кылды.
12.      Алардын сабырдуулугу үчүн Бейиш жана жибек[5] менен сыйлады.
13.      Алар Бейиште, орундуктарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабын да, ызгаарды да көрүшпөйт.
14.      Аларга көлөкө да жакын болуп, жемиштери ылдый  салаёдап турат.
15.      Аларга  тамактар тунук күмүш чөйчөк-идиштер менен алып келинет.
16.      Суусундуктар (болсо) күмүштөн айнектей жука чөйчөктөр менен керектүү өлчөмдө гана ичилет.
17.      Аралашмасы «занжабил» аттуу суусундукту чөйчөктөрдөн (ичишет).
18.      Жана ошол жерде агып турган «Салсабил» аттуу булактан суу ичишет.
19.      Алардын айланасында түбөлүк жаш  боз уландар кызмат кылышат. Силер аларды  көргөн кезде чачып жиберилген бермет маржандарыбы[6] деп ойлойсуёар.
20.      Качан гана (Бейишке) карасаё түгөнгүс жакшылыктарды жана зор байлыкты көрөсүё.
21.      Жука жана калыё, жашыл жибек кийимдерди кийип жүрүшөт. Колдорунда – күмүштөн билериктер. Алла аларды Бейиштин суусундуктарына кандырат.
22.      Анткени бул силердин аракетиёер (Алла тарабынан) кабыл болгондуктан жана Кудайдын мындай сыйына сооп иштериёерден улам татыктуу болдуёар.
23.      Биз сага[7] Куранды бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк.
24.      Сен Эгеёдин буйруктарын сабырдуулук менен аткар. Алардын күнөөгө баткандарынын  жана каапыр болгондорунун тилине кирбе!
25.      Эртели-кеч Жаратканыёды даёкта!
26.      Түндө[8] болсо Ага сежде кылып, узак убакыт (Аны) аруулагын.
27.      Албетте,  алар[9] (убактылуу) дүйнөнү сүйүшөт, оор Күндү болсо артына ташташат[10].
28.      Биз аларды[11] жаратканбыз, дене-бойун кубаттуу кылганбыз. Бирок  Биз кааласак аларды өздөрүнө окшоштор[12] менен алмаштырып койобуз.
29. Албетте, бул сүрө – силерге насаат! Эгер ким кааласа, Алланын жолуна түшсүн.
30.  Бирок Алла кааламайынча, силер каалай албайсыёар. Алла баарын билип туруучу улуу Даанышман!
31.  Ал Өзү кимди кааласа Өзүнүн мээримине киргизет,  ал эми заалымдарга жан чыдагыс жаза камдап койгон.




[1] Инсан жаралбастан мурун.
[2] Момундар.
[3] Момун мусулмандар.
[4] Кыйамат.
[5] Бейиште мусулмандардын пайдаланган бардык кийим-кече, төшөнчү-буйумдары жибектен болот.
[6] Алардын сымбаттуулугу жана тунуктугунан улам.
[7] Эй, Мухаммед!
[8] Түндүн үчтөн бир бөлүгүн.
[9] Каапырлар
[10] Эстешпейт.
[11] Каапырларды.
[12] Каапыр муундар менен.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder