24.02.2014

3 ÂL-İ İMRÂN SÛRESİ

      3-сүрө «Аалу Имран[1]»
    Меккеде түшкөн. Эки жүз айаттан турат.
         Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

1.     Алиф, лам, мим[2].
2.     Алладан башка кудай жок!  Ал – Тирүү, Түбөлүк[3]!
3.     Ал сага Өзүнүн кол астындагынын[4] чындыгын тастыктоо үчүн Китепти[5] Акыйкат менен түшүрдү. (Ал) Тооратты жана Инжилди да түшүргөн.
4.     Андан[6] мурда адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн. Анан Ал Ажыратуучуну[7] түшүрдү. Чындыгында, Алланын белгилерине ишенбегендерге – катуу жаза (бар). Чындыгында, Алла –Ызаттуу, Өч алуучу.
5.     Чындыгында, Алла үчүн жерде да, асмандарда да жашыруун нерсе жок[8].
6.     Ал – силерге энеңердин курсагында[9] Өзү каалагандай келбет берген.  Алладан башка кудай жок! Ал – Ызаттуу, Даанышман!
7.     Ал – сага Китеп түшүрдү.  Анда өкүмдүү айаттар (бар).  Жана алар – Китептин өзөгү[10]. Калган айаттар – сырдуу. Кимдердин жүрөктөрүндө (Куран тууралуу) кара ниети болсо, андагы[11] сырдуу айаттарды  бурмалоо жана бузукулук кылуу максатында аңдышат. Анын[12] чечмелөөсүн Алла гана билет. Илимге бекем тургандар: “Биз ага[13] ишендик! Баары[14]Эгебизден[15]”! – дешет. Акыл-эстүүлөр гана өрнөк алышат.
8.     Оо, Эгебиз! Бизди туура жолго салгандан кийин биздин жүрөгүбүздү адаштырба. Бизге Өзүңдүн алдыңдагы Ырайымыңдан бер. Чындыгында Сен – Айкөлсүң!
9.     Оо, Эгебиз! Чындыгында, Сен күмөнсүз болуучу Күндө адамдарды чогултуучусуң. Чындыгында АллаӨз убадасына (эч качан) тескери чыкпайт[16]!
10.                       Чындыгында,  каапырлардын балдары да, мал-мүлкү да Алланын алдында[17] эч нерседен сактап кала албайт жана алар – Тозоктун отундары.
11.                       Алардын абалы Фараондун абалына жана андан мурдагыларга окшош:  Айаттарыбызды жалганга чыгарышкандыктан, Алла аларды күнөөлөрү менен (кошо) азапка салды. Алланын жазасы – катуу.
12.                       Ыймансыздарга[18]: “Силер жакында жеңилесиңер жана Тозокко чогуласыңар!” –деп айт. Ал[19]– абдан жаман орун!
13.                       Эки беттешкен тайпада  силер үчүн[20] белги бар: Бир тайпа Алла жолунда салгылашса, экинчиси – каапыр абалда (согушат). Мусулмандарды алар өздөрүнө караганда эки эсе көп көрүшөт. Алла каалаганын Өз жардамы менен колдойт. Чындыгында мында – акыл-эстүүлөр үчүн өрнөк бар.
14.                       Адамдарга – айалдар, балдар, алтын-күмүштөн жыйналган казыналар, күлүк аттар, мал-мүлк жана эгинзарлар кооз көрсөтүлүп, аларга болгон сүйүү менен шөкөттөлдү. Бул (аталгандар) – ушул дүйнөдө пайдалуу нерселер. Бирок Алланын алдында – кайтып бара турган кооз жай бар.
15.                       (Сен адамдарга:) “Мен силерге мындан да жакшыраагын айтып берейинби?” – дегин. Такыбалар үчүн Алланын алдында алдынан дарыйалар агып туруучу бакчалар бар. Ал жерде алар (мусулмандар) түбөлүккө калышат. Анда Алланын ыраазылыгы жана таптаза  жубайлар (болот). Албетте, пенделерин Алла Көрүүчү!
16.                       (Алар): “Оо Эгебиз, биз Сага ыйман келтирдик,  күнөөлөрүбүздү кечире көр, бизди  Оттон сакта” – дешкен.
17.                       Сабырдуу, чынчыл, Аллага баш ийүүчү, сарптоочу[21], таңда[22]  кечирим суроочуларды (Алла билет). 
18.                       Акыйкатта Өзүнөн башка кудай жок экенине адилеттүүлүктү орнотуучу Алла Өзү, периштелер жана илим ээлери күбөлүк берди. Алладан башка кудай жок. Ал – Ызаттуу, Даанышман!
19.                       Чындыгында, Алланын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам. Китеп берилгендер өздөрүнө маалымат келгенден кийин өз ара көралбастыктын айынан талашып-тартышууга түшүштү. Ким Алланын айаттарына каршы чыкса, албетте, Алланын эсеп-жазасы тез!
20.                       Эгер алар сени менен талашса: “Өзүмдү жана мени ээрчигендерди Аллага  толук тапшырдым[23]” –деп айткын.  Китеп түшүрүлгөндөргө жана наадандарга[24]: “Исламды кабыл аласыңарбы?” - деп айт.  Эгер Исламды кабыл алышса, анда, чындыгында туура жолго түшкөн болот. Ал эми кабыл кылбаса, анда... сага (эскертүүнү) жеткирүү гана (буйурулган). Алла – пенделерин Көрүүчү!
21.                       Алланын айаттарына ишенбегендер,  пайгамбарларды акыйкатсыздык[25] менен өлтүргөндөр жана адамдарды адилеттүүлүккө[26] үгүттөгөндөрдү өлтүргөндөргө  жан чыдагыс азап барын кабарла!
22.                       Мына ошолор  дүйнөдө да, акыретте да жасаган амалдары текке кеткендер. Алар үчүн жардамчылар жок.
23.                       Китептерден үлүш берилгендердин ортосунда өкүм  кылуу үчүн Алланын Китебине  (кайрылууга) чакырылгандарды[27] байкадыңбы? Алардын бир бөлүгү андан жүз үйрүп кетишти. Алар каршы чыгуучулар[28].
24.                       Алар: «Бизди эсептүү гана күн Тозок оту күйгүзөт» деп ойлошкондуктан ошентишти. Аларды өздөрү ойлоп чыгарган нерселер дин жолунан адаштырды.
25.                       Биз аларды болоору анык Күндө жыйнаганыбызда эч кимге адилетсиздик кылынбастан  (бул дүйнөдө кылган) эмгектери[29] толук берилгенде (абалы) кандай болот?
26.                       Айткын: “Оо, Өкүмдарлык Ээси болгон Алла! Сен Өзүң каалаган адамга бийлик берип, каалаган адамыңдан  (кайра) тартып аласың. Каалаган адамыңды ардактап, каалаганыңды кордойсуң.  Жакшылык – Сенин колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң!
27.                       Түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң[30]. Тирүүнү өлүктөн[31] чыгарып, өлүктү тирүүдөн чыгарасың[32].  Өзүң каалаганыңа эсепсиз ырыскы бересиң!
28.                       Ыймандуулар – ыймандуулардан башкаларды: каапырларды дос кылбасын.  Кимде-ким муну жасаса (дос кылса), анын  Алла менен эч кандай байланышы жок. Бирок, алардан[33] сактануу үчүн (жасасаңар күнөө эмес). Алла силерди Өзүнөн[34] сестендирет[35]. Кайтуу – Аллага гана.
29.                        [36]“Эгерде жүрөгүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ачык айтсаңар да, (баары бир) Алла аны билет. Ал – асмандагыларды да, жердегилерда да (жакшы) билет. Алла – бардык нерсеге Кудуреттүү”!
30.                       Ар бир жан өзү кылган жакшылыкты да, жамандыкты да[37] Кыямат Күнү даяр табат. Ошондо ар бир жан жасаган иши менен өзүнүн аралыгы абдан узак болушун тилейт. Алла силерди Өзүнөн сестентет[38]”. Ошондой эле, Алла – өз пенделерине абдан Ырайымдуу!
31.                       Анан дагы айт: “Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени[39] ээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет”. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
32.                       Айткын: “Алланы жана Анын элчисин[40] ээрчигиле”! Эгер жүз бурушса, албетте, Алла – каапырларды жек көрөт!
33.                       Чындыгында, Алла Адамды, Нухту, Ибрахимдин урпактарын  жана Имрандын  урпактарын бүт дүйнөдөн тандап алды.
34.                       Анткени бир уруу – экинчи бир уруудан (тараган). Чындыгында, Алла – Угуучу, Көрүүчү!
35.                       Имрандын айалы: “Эгем, мен курсагымдагыны[41] азат[42] абалда Сага гана арнадым[43]. Менден кабыл ал. Албетте, Сен – Угуучу, Билүүчүсүң!” – деди.
36.                       Ал төрөгөн кезде: “Эгем, мен кыз төрөдүм”-деп айтты. Ал эми Алла анын кимди төрөгөнүн жакшыраак Билүүчү.  Эркек – айал сыйактуу эмес. Анан: “Аны Марйам деп атадым. Аны жана анын урпактарын куулган шайтандан сактооңду Өзүңдөн сураймын”.
37.                       Анан Эгеси аны жакшы кабыл алды. Жакшы өсүү менен өстүрүп, Закарийаны ага кепил кылды. Ар качан Закарийа мечитке кирген кезде анын алдынан мол ырыскыларды көрчү. Ал[44]: “Эй, Марйам! Бул сага кайдан?” –деп сурачу. Ал[45]: “Бул – Алладан!” –деп жооп берчү. Чындыгында, Алла кимди кааласа ага сансыз ырыскы берет.
38.                       Закарийа Эгесине[46] кайрылып: “Оо, Эгем! Мага жакшы перзент бер. Анткени, Сен – дубаны[47] Угуучусуң!”- деди.
39.                       Ал (Закарийа) мечитте намаз окуп жаткан кезде периштелер айтышты: “Алла сага Алланын (Өзүнүн) сөзүн тастыктоочу, жетекчи, өзүн айалдардан калкалоочу, жакшылардан пайгамбар (кылып) Йахйа  аттуу перзент менен сүйүнчүлөйт”.
40.                       Ал айтты: “Оо Эгем, мен картайдым. Кантип менден бала төрөлсүн. Айалым да төрөттөн  калган”. Ал[48] айтты: “Алла эмне кааласа ошону жасайт!”.
41.                       Ал (Закарийа) айтты: “Оо Эгем! Анда мага бир белги бер”. Ал[49] айтты: “Белги – сен үч күн адамдар менен ымдагандан башкача сүйлөшө албай каласың. Эртели-кеч Эгеңди көп эсте жана аруула”.
42.                       Периштелер айтышты: “Эй, Марйам! Алла сени тандады, тазалады. Сени дүйнөдөгү айалдардын ичинен тандап алды.
43.                       “Эй, Марйам! Аллага мойун сунуп, Эгеңе сежде кыл. Намаз окуучулар менен чогуу намаз оку!”
44.                       [50]Бул – кайып байандардан. Биз аны сага айтып бердик. Алар кимиси Марйамды кепилдикке алаары тууралуу маселеде калемдерин ыргытышып, жаңжалдашкан кезде сен алар менен болгон эмессиң.
45.                       Периштелер: “Эй, Марйам! Чындыгында, Алла сени Өзү тарабынан бир сөз менен кубантат; анын ысмы Масих Иса Марйам уулу. Ал - дүйнөдө, акыретте, даңктуу жана Аллага жакындардан.
46.                       Ал бешикте  жана эр жеткенде адамдарга сүйлөйт.  Ал - жакшылардан.
47.                       Ал (Марйам): “Мага бир да адам жолобосо[51], менде кайдан бала болсун?” –деди. Ал[52] айтты: “Ушундай! Алла эмне кааласа ошону жаратат. Эгер бир иштин болуусун кааласа, анда Ал: “Бол!”-дейт, ал дароо ишке ашат.
48.                       Ага[53]  Жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт.
49.                       жана аны Исраил урпактарына элчи кылат.  “Чындыгында мен силерге Эгеңерден кереметтер менен келдим:  Мен ылайдан чымчык жасап, ага Алланын уруксаты менен дем салсам, ага жан кирет; Алланын эрки менен тубаса сокурларды, ала-пес оорулууларды айыктырып, өлүктөрдү тирилтем;  /йүңөрдө эмне жеп, эмне сактаганыңар тууралуу кабар берем.  Чындыгында, ушунда, эгер ыйман келтирсеңер –– силер үчүн белги бар.
50.                       “Силерге алдымдагы Тооратты ырастоо, Эгеңерден арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуучу белги  жана силерге Эгеңерден кереметтер менен келдим. Алладан коркуп, мага[54] мойун сунгула!”
51.                       “Чындыгында, Алла менин да, силердин да Эгеңер. Ага сыйынгыла. Ушул (анык) – туура жол.”
52.                       Иса алардан каршылык сезип: “Алла жолунда мага ким жардамчы болот?” –деди. Хаварийлер: “Биз Алла (үчүн) жардамчыбыз. Аллага ыйман келтирдик. Биздин (толук) мусулман болгонубузга күбө бол, –дешти[55], –
53.                       Оо, Эгебиз! Түшүргөнүңө (айанга) ыйман келтирип, элчини ээрчидик. Бизди күбө болуучулар менен чогуу кыл!”
54.                       Алар[56] амалкөйлүк-куулук кылышты[57]. Алла да (аларга каршы) амалдуулук кылды[58]Алла – амалкөйлөрдүн эң мыктысы.
55.                       Алла мындай деди: “Эй, Иса!  Сени Мен алуучумун жана өз тарабыма көтөрүүчүмүн. Андыктан каршы болгондордон сени тазартуучумун жана сени ээрчигендерди Кыйаматка чейин каршы болгондорго үстөмдүк кылып койом. Анан кайтаар жериңер – Мен тарап.  Силер талашкан нерселер тууралуу  ортоңордо[59] өкүм кыламын.
56.                       Ал эми ыйманга келбегендердин өздөрүн дүйнөдө да, акыретте да катуу азаптаймын. Алар үчүн эч бир жардамчы жок.
57.                       Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын сыйлыктары толук берилет. Анткени, Алла – заалымдарды[60] жек көрөт!
58.                       Мына ошону сага айаттардан[61] жана даанышман насааттардан окуп берүүдөбүз.
59.                       Алланын алдында Исанын өрнөгү Адамдын мисалы[62] сыйактуу. Аны топурактан жаратып, анан ага: “Бол!” - деп буйруду эле, болуп калды!
60.                       Чындык – Эгеңден. Мына эми,  күмөн саноочулардан болбо!
61.                       Ачык белги келгенден кийин Иса тууралуу сени менен талашкандарга: “Келгиле,  балдарыбызды, балдарыңарды, айалдарыбызды, айалдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакыралы. Жалбарып, Алланын каргыштарын  жалганчыларга[63] тилейли!” – деп айт.
62.                       Чындыгында, ушул байандар[64] – шексиз чындык. Алладан башка кудай жок! Чындыгында, Алла –  Мартабалуу, Даанышман!
63.                       Эгер алар жүз үйүрүшсө[65]...  Алла – бузукуларды Билүүчү!
64.                        “Эй, Китеп ээлери[66]! Ортобузду (түзөп), өз ара бир келишимге келели: “Жалгыз Аллага кулдук кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Ошондой эле,  Алладан башканы –  бири бирибизди[67] кудай кылып албайлы” – деп айткын[68]. Эгер алар[69] каршы болсо, анда :“Биздин мусулмандыгыбызга күбө болгула!” – дегиле. 
65.                       Эй, Китеп ээлери! Ибрахим тууралуу[70] эмнеге талашасыңар? Акылга келбейсиңерби: Чындыгында, Тоорат да, Инжил да андан кийин түшүрүлбөдү  беле?!
66.                       Эй, силер маалыматыңар болгон нерсе тууралуу го талашып жатасыңар[71]!  А эмне үчүн өзүңөр билбеген нерселериңер тууралуу дагы талашасыңар? Алла билет, а силер билбейсиңер.
67.                       Ибрахим иудей[72] да, христиан да эмес, нагыз мусулман болчу. Шерик тутуучулардан[73] да эмес эле.
68.                       Чындыгында, адамдардын Ибрахимге жакыны – аны ээрчишкендер; Ушул пайгамбар[74] жана ыймандуулар. Алла –ыймандуулардын Коргоочусу!
69.                       Китеп ээлеринин бир тобу силерди адаштырууну каалашты. А, бирок алар өздөрүн гана адаштырышат. Аны[75] өздөрү да сезишпейт.
70.                       “Эй, Китеп ээлери! Өзүңөр күбө болуп туруп[76], эмне үчүн Алланын белгилерине[77] каршы чыгасыңар?”
71.                       “Эй, Китеп ээлери! Эмне үчүн чындыкты бузукулук менен  алмаштырып,  билип туруп  Акыйкатты жашырасыңар.”
72.                       Китеп ээлеринин бир тобу (өз ара): “Ыймандууларга түшүрүлгөнгө[78] күндүн башында  ыйман келтирип,  анын[79] айагында каршы чыккыла!  “Балким алар кайтаар”[80],–дешет.
73.                       Силердин диниңерди ээрчигендерге Сен[81]: “Чындыгында, Алланын жолу – туура жол!” – деп айткын.  (Алар): “Эгер силер аларды[82] ээрчисеңер, анда силерге түшүрүлгөн нерселер[83] алардын бирөөсүнө да берилгендигине ишенбегиле, же алар Эгеңердин алдында силерге (күнөөнү) жаап салышат”, - деп айтышат.  (Сен): “Чындыгында, жакшылык – Алланын колунда, аны Өзү каалаганына берет”, – деп айт.  Чындыгында, Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү.
74.                       Ал каалаган адамына Өз ырайымын багыштайт. Алла – Улуу Ырайымдуулуктун Ээси!
75.                       Китеп ээлеринин кээ бирөөлөрүнө сен көп байлык[84] аманатка берсең , аны сага толугу менен кайтарат.  Ал эми айрымдары бир динар[85] аманатка берсең,  анын артынан[86] түшпөсөң кайтарып беришпейт.  Себеби алар: “Сабатсыз[87] адамдарга биздин күнүбүз түшпөйт”, –деп айтышат.[88]  Алар Алла тууралуу билип туруп жалган айтышат.
76.                       Андай эмес! Ким өз убадасын аткарса, Алладан корксо[89]... Чындыгында, Алла такыбаларды сүйөт!
77.                       Чындыгында, Аллага берген убадаларын жана анттарын арзыбас акча үчүн соодалашкандардын Акыретте эч кандай үлүшү жок жана Кыйамат Күнү Алла аларга сүйлөбөйт, карап да койбойт[90]. Аларды (күнөөдөн) тазартпайт, аларга – оорутуучу азап (бар).
78.                       Чындыгында, алардын арасынан  бир топ[91] Китепте[92] болбогонду (силер) Китепте бар экен деп ойлооңор үчүн тилдерин буруп[93] окушат.  “Бул – Алладан!” - деп айтышат. Бирок, ал – Алладан эмес! Алар Алла тууралуу билип туруп жалган айтышат.
79.                       Алла бир адамга Китеп, даанышмандык жана пайгамбарлык берсе, а тигил болсо адамдарга: “Алланы койуп, мага кул болгула!” – деп айтуусу туура эмес. Анын ордуна: “Китептен окуп үйрөткөнүңөрдөй жана сабак алганыңардай[94] Эгесине гана берилгендей болгула!” – (деп айтуусу керек эле). 
80.                       Ал[95] силерге периштелерди жана пайгамбарларды өзүңөргө кудай кылып алууга буйурбайт. Силерди[96] мусулман болгонуңардан кийин, (кайра) каапырлыкка буйурмак беле?!
81.                       Алла пайгамбарларга[97] : “Силерге  Китеп, даанышмандык бердим. Анан силерге берилген нерселерди тастыктоочу (башка) элчи[98] келет. Силер ага сөзсүз ишенип, ага жардам беришиңер керек!” – деп алардын убадаларын алган. Ал[99]: “Менин келишимимди[100] тастыктап, кабыл албайсыңарбы?” – деп айтты. Алар: “Тастыктайбыз!” – дешти. Ал[101]: “Күбө болгула[102]! Мен да силер менен бирге күбө болуучуларданмын”, – деди.
82.                       Мындан кийин[103] кимде-ким жүз үйүрсө – алар бузукулар.
83.                       Алланын дининен башка дин издешеби[104]? Ага асмандардагы жана жердин баары ыктыйардуу да, ыктыйарсыз да мойун сунат. Алар Ага[105] кайтарылат.
84.                        “Биз Аллага жана бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө, Мусага, Исага жана бардык пайгамбарларга, Эгебизден белек кылынганга[106] ыйман келтиребиз. Биз аларды бирин артык, бирин кем көрбөйбүз. Ага (Аллага) гана өзүбүздү тапшыруучуларданбыз[107]”, – деп айткыла.
85.                       Кимде-ким Исламдан башканы  дин катары тутунса, анын дини[108] кабыл кылынбайт. Ал Акыретте зыйанга учуроочулардан.
86.                       Аллага ыйман келтирип, чындыгында, элчинин[109]  акыйкаттыгына[110] күбө болуп, аларга[111] ачык далилдер келген соң, каапырлык кылган коомду Алла  кандай туура жолго салсын?! Алла заалым коомду туура жолго баштабайт.
87.                       Алардын жазасы – Алланын, периштелердин жана бардык адамдардын каргышы[112]!
88.                       Ал жерде (тозокто) алар түбөлүккө калышат. Алардын жазасы да жеңилдетилбейт, (жазалоо) мөөнөтү да артка кечиктирилбейт.
89.                       Бирок (ыйман келтирип), тообо кылгандар жана (амалдарын) түзөгөндөргө Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
90.                       Чындыгында, ыйман келтиришкенден кийин каапыр болгондор жана да каршылыктарын күчөткөндөрдүн тообосу эч (качан) кабыл болбойт. Мына ошолор – Жолдон адашкандар.
91.                       Чындыгында, каапыр бойунча өлгөндөрдүн ар бири жер жүзү толо алтын төлөсө да эч качан алардын (төлөмдөрү) кабыл кылынбайт[113]. Аларга жан чыдагыс азап (бар). Алар үчүн бир да жардамчы жок!
92.                       Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Алла жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар. Силер эмнеден кайрымдуулук кылган болсоңор, чындыгында аны Алла  Билүүчү!
        
            Төртүнчү бөлүк
93.                       Тоорат түшүрүлөрдөн мурда Исраил[114] өзүнө-өзү арам кылган нерселеринен башка бардык тамактар Исраил урпактарына адал болчу.  Аларга: “ Эгер айтканыңар чын болсо Тооратты алып келип окугула!” –дегин.
94.                       Ошондон кийин кимде-ким Алла жөнүндө жалган сөз таратса, – мына ошолор заалымдар!
95.                       Айткын: “Алла – Чындыкты Айтуучу!  Ибрахимдин таза динин кармангыла!” Ал – (Аллага) шерик кошуучулардан[115] эмес!
96.                       Чындыгында, адамзат үчүн Меккеде алгач курулган /й[116] – бүткүл аалам  үчүн ыйык жана туура жол!
97.                       Анда ачык белгилер жана Ибрахимдин орду бар. Кимде-ким ага[117] кирсе – тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алла (ырааазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү. Ким мындан жүз үйүрсө, чындыгында, Алла – ааламдагыларга Муктаж эмес!
98.                       “Эй, китеп ээлери! Алланын белгилерине эмне үчүн ишенбейсиңер?! Алла силердин кылып жаткан иштериңердин баарына Күбө!
99.                       “Эй китеп ээлери, өзүңөр тууралыгына күбө болуп туруп, эмне үчүн кара ниеттикти көздөп, ыймандууларды Алланын жолунан  тососуңар?! Алла силердин жасап жаткан ар бир ишиңерге кайдыгер эмес!” – деп айткын.
100.                  Эй,  ыйман келтирген момундар! Эгер силер ыйман келтиргенден кийин китеп ээлеринин кээ бир тобуна мойун сунсаңар,  алар силерди (кайра) каапырлыкка кайтарышат.
101.                  Силерге Алланын айаттары окулуп жатса, араңарда Алланын элчиси болсо, анан  кантип силер кайра артка (каапырлыкка) кайтасыңар?! Ким Алланын китебин бекем карманса, ал – туура жолго багыт алат.
102.                  Эй, ыйман келтиргендер! Алладан чыныгы коркунуч менен корккула жана мусулман абалда гана өлгүлө.
103.                  Баарыңар Алланын жибин[118] (гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-бириңе душман болуп турган учурда жүрөктөрүңөрдүн аралыгын жакындаткан, Анын[119] жакшылыгы менен бир тууганга айланганыңарды эстегиле! Тозоктун бир чуңкурунун жээгинде[120] турган кезиңерде, Ал[121] силерди андан куткарды. Силер туура жолго түшүшүңөр үчүн Алла Өз айаттарын ушундай кылып байандайт.
104.                  Силерден жакшылыкка чакырып, жакшылыкка үндөгөн жана жамандыктан тыйган бир  коом болсун! Ошолор – (азаптан) кутулуучулар.
105.                  Өздөрүнө ачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп-жарылып,  каршылашкандардан болбогула. Мына ошолорго – улуу азап (бар)!
106.                  Кыйамат Күнү айрым жүздөр агарып, айрым жүздөр карарат. Ошондо жүздөрү караргандарга: “Ыйман келтиргенден кийин каапыр болдуңарбы?! Ошол каапыр болгонуңар үчүн азабын таткыла!” (– деп айтылат).
107.                  Ал эми жүздөрү агаргандар Алланын мээриминде болушат. Алар анда түбөлүктүү калышат.
108.                  Ушулар – Алланын айаттары. Аны сага  чындык менен окуп берип жатабыз. Алла – ааламдарга зуулумдук кылууну каалабайт.
109.                  Асмандагылар да, жердегилер да Аллага таандык. Бардык иштериңер Аллага кайтат.
110.                  Аллага ыйман келтирген, жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар! Эгер китеп ээлери ыйман келтиришкенде, ал – өздөрү үчүн жакшы болмок. Алардын кээ бирлери ыймандуулар, ал эми көпчүлүгү бузукулар.
111.                  Алар силерге  кайгыдан башка эч бир зыйанын тийгизе алышпайт. Эгер силер менен  согушса,  артын карай качышат. Аларга  жардам[122] берилбейт.
112.                  Кайда болсо да, аларга кордук соккусу урулат.  Алла тараптан коргоо, же адамдар (мусулмандар) менен келишими болсо гана аларга сокку урулбайт. Алар Алланын каарына учурап, кедейчиликтин да соккусун тартышат. Анткени, алар Алланын айаттарына каршы чыгышты, пайгамбарларды адилетсиздик менен өлтүрүштү. Бул (азап) – алардын күнөөгө батып, чектен ашкандыгынан.
113.                  Китеп ээлеринин баары бирдей[123] эмес. Алардын түн мезгилинде тике туруп, Алланын айаттарын окуп, сежде кылуучу бир тайпасы[124] бар. 
114.                  Алар[125] Аллага, акырет Күнүнө ишенишип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуп, жакшылык иштерде атаандашат. Алар – жакшылардан.
115.                  Алар кандай жакшылык кылышпасын (Алла тарабынан) унутулуп[126] калбайт. Алла – такыбаларды Билүүчү!
116.                  Чындыгында, каапырлардын мал-мүлкү, балдары Алладан (келүүчү) эч бир нерседен[127] аларды куткарып кала албайт. Алар – тозок ээлери. Анда  түбөлүккө калышат!
117.                  Алардын бул дүйнөдө жасаган кайрымдуулуктарынын мисалы:   өздөрүнө зулумдук кылган коомдун эгин талаасынын түшүмүн кыйраткан айаздуу шамал сыйактуу. Алла аларга зулумдук (адилетсиздик) кылган жок! Алар – өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты!
118.                  Эй, ыймандуулар! Өзүңөрдөн башкаларды[128] дос тутпагыла. Алар силерге кастык кылуудан[129] тартынышпайт. Алар[130] силердин балээге кабылышыңарды каалашат. Алардын кектешүүсү оозунан (чыккан сөздөн) ачык-айкын көрүнүп турат. Жүрөктөрүнүн түпкүрүндөгү[131] тагы (кеги) абдан чоң. Чындыгында, силер түшүнүшүңөр үчүн Биз силерге белгилерди байан кылдык.
119.                  Силер аларды жакшы көрөсүңөр, (баары бир)  алар силерди жек көрүшөт. Силер Китептин[132] баарына ыйман  келтиресиңер, алар бетме-бет келген учурда: “Ишендик!” – деп, өздөрүнчө калган кезде ачууланып, бармактарын тиштешет.  “Кара ниетиңер менен кошо өлгүлө!” –  деп айт. Чындыгында, Алла – жүрөктөрдүн түпкүрүндөгүнү Билүүчү!
120.                  Силер кандайдыр бир ийгиликке жетсеңер, аларга жакпайт.  Ал эми силерге кандайдыр бир жамандык келсе, ага алар кубанышат.  Эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, алардын кара ниеттигинен эч зыйан тартпайсыңар!  Чындыгында, Алла – алардын кылып аткан иштеринин баарын Камтуучу![133]
121.                  [134]/йүңдөн эрте чыгып, момундарды согуш үчүн катарга тиздиң, Алла – баарын Угуучу, Көрүүчү!
122.                  Ошол учурда[135] силерден эки топ кайратынан тайа түштү. Алла ал экөөсүнүн[136] жардамчысы. Момундар Аллага гана тобокел кылышсын!
123.                  Чындыгында,  Бадрда[137] силерди ­­жеңишке жеткирген – Алла!  Ал кезде силер күчсүз болчусуңар. Алладан корккула! Мүмкүн (силер эми) шүгүр кылаарсыңар?!
124.                  Момундарга[138]: “Эгеңер силерге үч миң периште түшүрүп, жардам берди. Ошол жетишпейби?!” – деп айттың.
125.                  Ооба, эгер сабыр кылып, такыба болсоңор, Ал[139] силерге дароо келип, Эгеңер силерге бирдей[140] беш миң периште менен жардам кылат.
126.                  Алла аны[141] силерди сүйүнтүп, аны менен (кошо) жүрөктөрүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жардам – Мартабалуу, Даанышман Алладан гана!
127.                  Каапырлардын бир тарабын[142] кыйратуу жана аларды кордоп, ийгиликсиз[143] кайтуусу үчүн (ушинтти).
128.                  [144]Алла аларды[145]  кечиреби, же азаптайбы..[146]. Эч бир иш сенин эркиңде эмес!  Чындыгында, алар – заалымдар.
129.                  Асмандагылар жана жердегилер – Аллага таандык. Ал[147] каалаганын кечирип, каалаганын азаптайт. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
130.                  Эй, ыйман келтиргендер! Сүткорлуктун эсебинен жашабагыла! Алладан корккула! (Ошондо) мүмкүн[148] кутулаарсыңар!
131.                  Каапырларга дайардалган тозоктон сактангыла!
132.                  Алладан коркуп, элчиге[149] мойун сунгула!   Балким (ошондо) ырайым кылынаарсыңар!
133.                  Эгеңердин кечиримине, такыбалар үчүн дайардалган кенендиги асман менен жердей болгон бейишке умтулгула!
134.                  Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Алла жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар)! Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!
135.                  Ыпластык менен алектенгендер, өз жандарына зулумдук кылгандар,  билип туруп  жасаган (күнөө) иштерин улантышпаса, Алланы эстеп, күнөөлөрү үчүн кечирим сурашса... Алладан башка ким күнөөлөрдү кечире алат?! 
136.                  Алардын сыйлары – Эгесинен кечирим жана алдынан дарыйалар агып турган бейиштер. Ал жерде алар түбөлүккө болушат. Амал[150] кылуучулардын сыйлыктары кандай жакшы!
137.                   Силерден мурда ар түрдүү окуйалар өткөн. Жер жүзүн кезгиле. Жалганга чыгаруучулардын[151] акыбети эмне болгонун көргүлө!
138.                  Бул[152] – адамдарга эскертүү жана Такыбаларга  – жол көрсөтүүчү насаат!
139.                  Алсырабагыла жана кайгырбагыла, эгер момун болсоңор, силер албетте, (каапырлардан) үстөм болосуңар!
140.                  Эгер силер[153] жаралансаңар, тигил коомго[154] да ошол сыйактуу эле жарадарлык жеткен. Ушул күндөрдү[155] адамдардын арасында айлантып турабыз. Алла силердин ыймандууларыңарды аныктоо жана  силерден шейит алуу үчүн[156] (ушинтет). Алла – заалымдарды[157] жек көрөт.
141.                  Ошондой эле Алла момундарды тазалоо жана каапырларды кыйратуу үчүн (согуш чыгарат).
142.                  Же силерден Алла үчүн күрөшүүчүлөрдү жана сабырдууларыңарды (Эгеңер) аныктабастан туруп Бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы?
143.                  Мурда өлүмгө жолугууну эңсечү элеңер, эми  аны көрүп, карап турасыңар.
144.                  Мухаммед – Алланын элчиси гана. Андан мурун да элчилер[158] өткөн. Ал өлсө, же өлтүрүлсө силер артка кайтасыңарбы?![159] Ким артына кайтса ал – Аллага кымындай да жамандык кыла албайт. Алла – шүгүр кылуучуларды сыйлайт.
145.                  Алланын буйругу болмойунча эч ким өлбөйт!  Ал (ажал) – жазылуу[160] бир мөөнөт. Кимде-ким бул дүйнөнүн жакшылыгын кааласа аны ошого беребиз. Ал эми кимде-ким Акыреттин жакшылыгын кааласа – ага ошону беребиз. Шүгүр кылуучуларды – тез арада сыйлайбыз!
146.                  Канчалаган пайгамбарлар менен нечелеген Кудайга берилгендер[161] согушушту. Алар Алла жолунда тарткан азаптан алсырашып, мойун  сунушкан[162] жок. Алла – сабырдууларды сүйөт!
147.                  Алардын сөздөрү: “Оо Эгебиз! Күнөөлөрүбүздү, ишибиздеги ысырапкорчулугубузду кечиргин, биздин кадамдарыбызды бекем кылып, каапыр коомго каршы (күрөштө) жардам бер!”-дешти.
148.                  Ошондуктан Алла аларга дүйнө жакшылыгын берип, Акырет жакшылыгынын эң көркөмүнө бөлөдү. Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!
149.                  Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силер каапырларга мойун сунсаңар, силерди артыңарга кайтарат, ошондо силер зыйанга учуроочуларга айланасыңар.
150.                  Ооба! Силердин колдоочуңар – Алла. Ал – эң мыкты Жардамчы!
151.                  Ыймансыздардын жүрөгүнө Алла Өз Китептеринде кабарлабаган шериктерди кошкондугу үчүн коркунуч салабыз. Алардын бара турган жайы – тозок. Залымдардын[163] жайы –кандай жаман!
152.                  Силер аларды[164] Алланын каалоосу менен талкалаган кезде, Алланын убадасы ишке ашты. Качан гана силер[165] коркуп, буйрукка каршы чыгып, силер жакшы көргөн нерсени Алла өзүңөргө көрсөткөндөн кийин гана силер мойун толгодуңар. Силердин араңардан бул дүйнөнү каалоочулар жана акыретти каалоочулар да бар. Ал[166] силерди сыноо үчүн алардан жеңилүү менен кайтарды. Бирок, Ал силерди кечирди. Алла – момундар үчүн ырайым Ээси!
153.                  Мына силер эч кимге карабастан артка качтыңар. Элчи болсо силерди алга[167] чакырып жатты. Силердин кайгыңарга[168] кайгы[169] кошуп, өткөн нерсеге[170] жана кабылганга[171] өкүнбөшүңөр үчүн Алла силерди жазага кириптер кылды[172]. Чындыгында, Алла – силердин жасап жатканыңардан Кабардар.
154.                  Анан, Ал[173] силерге кайгыдан кийин, силердин бир бөлүгүңөрдү тынчтандыруучу уйку жиберди. Калган бөлүгүңөр өздөрү менен алек болуп, санаа тартып жатышты. Алар: “Бул иште[174] бизге бир нерсе[175] болбой калды”, – деп, Алла тууралуу адилетсиз наадандык ойлорго алдырышты. – “Бардык иштер –Аллага таандык”, –деп айткын. Алар дилдеринде сага ачык айтпаган нерселерди сакташат. Алар: “ Эгер бул иште биз үчүн бир нерсе[176] болгондо, биз бул жерде өлүмгө учурабас элек”, –деп айтышат. Айт: “Эгер силер өз үйүңөрдө жатып деле, кимдин маңдайына өлүм жазылган болсо, ачыкка чыкмак[177]. Алла силердин дилиңердегини сыноо жана жүрөгүңөрдөгүнү тазалоо үчүн (ушул окуйага кириптер кылды)”. Акыйкатта, Алла дилдердеги нерселерди Билүүчү!
155.                  Чындыгында эки тайпа бетме-бет келген кезде силердин араңардан артка кайткандар, алардын бузукулук аракетинен улам шайтан жаңылыштыкка түрттү. Алла аларды[178] кечирди. Анткени, Алла –Кечиримдүү, Жумшак!
156.                  Эй, ыйман келтиргендер! Сапарга, же согушка бара жатып, кайтыш болгон туугандар тууралуу: “Эгер алар биз менен чогуу болгондо, өлмөк да эмес, өлтүрүлмөк да эмес” – деп жолдошторуна айткан каапырлардай болбогула!  Акыйкатта, Алла – тирилтет жана өлтүрөт! Алла – силер жасап жаткан иштерди Көрүп туруучу!
157.                  Албетте, силер Алланын жолунда өлтүрүлгөн, же өлгөн болсоңор, – Алланын кечирими жана ырайымы алар жыйнап жаткан нерселерден[179] жакшыраак.
158.                  Эгер силер өлтүрүлсөңөр, же өлсөңөр, анда албетте Алланын алдына чогултуласыңар[180].
159.                  Алланын ырайымы менен сен[181] аларга жумшак мамиле кылдың. Эгерде сен катуу жүрөк, орой болгонуңда, анда алар сенин айланаңдан чачылып кетмек. Аларды кечир жана алар үчүн [182]кечирим сура. Бирок иш тууралуу алар менен кеңеш[183]. Эгер чечим кабыл алган болсоң[184], анда Аллага тобокел кыл! Алла Өзүнө тобокел кылгандарды сүйөт.
160.                  Эгер Алла силерге жардам берсе, анда силерди эч ким жеңе албайт. Ал эми Алла силерге жардам бербесе, анда Андан[185] башка ким силерге жардам берет?! Ыймандуулар Аллага гана тобокел кылышсын!
161.                  Алланын элчиси (кимдир-бирөөнү) алдоого тийиш эмес. Эгерде кимде-ким алдаган болсо,  ал Кыйамат Күнү Алланын алдына ошол алдаган нерсеси менен келет. Анан ар бир жанга өзү ээ болгон нерсесине жараша сый, же жаза берилип, аларга зулум[186] кылынбайт.
162.                  Алланын ыраазылыгына жетүүгө умтулган адам, кантип эле Алланын каарына калган адамга окшосун? Анын[187] бараар жери – Тозок. Ал жай – абдан жаман.
163.                  Алар Алланын алдында түрдүү даражаларда[188] болушат. Алла эмне кылгандарын көрүп турат.
164.                  Алла алардын өздөрүнүн ичинен элчи жиберип, момундарга ырайым кылды. Ал[189] аларга Анын[190] айаттарын окуп берет жана аларды (күнөөдөн) тазалайт. Аларды мурда анык адашууда жүрүшкөнүнө карабастан Китепти окууга жана даанышмандыкка үйрөтөт.
165.                    Силерге кырсык келгенде[191]: “Бул кайдан?” – дедиңер. Албетте, силер мындайдын[192] эки эсесине туш болгонсуңар. “Бул силердин өзүңөрдөн[193]”, –деп айт. Чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!
166.                  Момундарды аныктоо үчүн эки топ каршылашкан күнү силерге келген кырсык – Алланын каалоосу менен (болду)!
167.                  Ошондой эле (ал согуш) мунафыктарды[194] билүү үчүн да (буйрулду).  Аларга: “ Келгиле, Алла жолунда согушкула жана   коргонууга тургула!” – деп айтылса, алар: “Эгер согушууну билсек, силердин артыңардан ээрчийт элек!” – дешти. Алар ал күнү ыйманга караганда каапырлыкка жакыныраак болчу.  Алар жүрөктөрүндө болбогон нерсени ооздору менен айтышты. Алла алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.
168.                  Олтуруп алышып ага-инилерине: “Эгер биздин тилибизди алышса, алар өлүмгө дуушар болушмак эмес эле”, – деп айткандарга, “Айтканыңар чын болсо, өлүмдү өзүңөрдөн кайтарып көргүлөчү!” – деп айт[195].
169.                  Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү, өлүк деп атабагыла. Алар – тирүү жана Эгесинин алдында ырыскыга бөлөнүшөт.
170.                  Алар Алланын мээрими менен өздөрүнө (Бейиште) берилген нерселерине кубанышкан абалда, арттарынан эрчибей калгандарды[196] да: “Аларга коркунуч жок. Алар кайгырышпайт”, – деп сүйүнчүлөшөт.
171.                  Ошондой эле алар Алладан болгон жакшылыкты жана  ырайымдуулукту сүйүнчүлөшөт. Чындыгында, Алла – момундардын сообун текке кетирбейт.
172.                  Алар (согушта) соккуга кабылгандан кийин да, Алла жана Анын элчисинин чакырыгына жооп беришет. Жакшы иштерди жасап, такыба болгондорго    – улуу сыйлык (бар)!
173.                  Аларга адамдар: “Мына, силерге каршы эл чогулду. Алардан корккула!” – деп айтышканда, алардын ыйманы ого бетер күчөп: “Бизге  – Алла жетиштүү! Ал – кандай жакшы Колдоочу!”-дешкен.
174.                  Ошондуктан алар Алланын жакшылыгы жана айкөлдүгү менен эч бир жамандыкка кабылбастан, Алланын ыраазылыгына бөлөнүп кайтышты. Алла – Улуу берешендиктин ээси!
175.                  Чындыгында, шайтан өз досторун коркутат. Эгер момун болсоңор, алардан коркпогула, Менден  корккула!
176.                  Алардын каапырлыкка карай умтулуусу сени кайгыга салбасын. Анткени, алар Аллага эч зыйан келтире алышпайт. Алла аларга Акыретте эч кандай үлүш кылбоону[197] каалайт. Аларга улуу азап (бар).
177.                  Ыйманынын ордуна каапырлыкты сатып алгандар да Аллага эч кандай зыйан келтире алышпайт. Аларга оорутуучу азап (бар).
178.                  Алар жана алар сыйактуу каапырлардын мөөнөтүн[198] узартканыбызды – өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун. Алардын күнөөлөрү дагы көбөйүүсү үчүн мөөнөттөрүн[199] узартып койобуз. Алар үчүн[200] кордоочу азап бар.
179.                  Алла жакшыдан жаманды ажыратканга чейин гана (сынайт). Силерди – момундарды ушул абалда калтырбайт.  Алла силерге кайыпты[201] билдирбейт, бирок элчилеринен каалаганын тандап, ошого гана билдирет. Аллага жана Анын элчилерине ыйман келтиргиле! Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, анда силерге улуу сый (бар).
180.                  Алланын берешендигинен өздөрүнө берилген нерселерге сараңдык кылгандарды – алар үчүн жакшы деп ойлобогула!  Жок, бул – аларга (абдан) жаман! Кыйамат Күнү алар эмнеге сараңдык кылышкан болсо, ошол нерсеси алардын мойнуларына (от болуп) оролот. Андыктан, асман жана жердин (бардык) мурастары Аллага таандык! Алла – жасаган иштериңерден Кабардар!
181.                  Чындыгында: “Алла  кедей, а биз байбыз”, дегендердин[202] сөзүн Алла укту. Алардын айткандарын жана жазыксыз пайгамбарларды өлтүргөндөрүн жазып койобуз да,  аларга: “Куйкалоочу азаптын даамын таткыла!” – деп айтабыз.
182.                  Бул (азап) – силердин колуңардын жасаганынан улам. АллаӨз пенделерине адилетсиздик кылуучу эмес.
183.                  Алла бизге: “От жалмап кете турган курмандык алып келмейинче эч бир элчиге ишенбегиле”, –деген осуйат калтырган дегендерге[203] (минтип) айт: “Силерге менден мурунку элчилер ачык далилдерди, ошондой эле айтканыңарды келтирди. Силер чынчыл болсоңор анда эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр?!”
184.                  Сени алар “жалганчы” дешсе, чындыгында сага чейин далилдер[204], ачык Китеп жана барактар[205] менен түшүрүлгөн элчилерди да,  алар “жалганчы” дешкен.
185.                  Бардык жандар өлүм даамын татышат жана Кыйамат Күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу – азгырыктардан гана пайдалануу. 
186.                  (Эй, момундар!) Силер мал-мүлкүңөр  жана напсиңер аркылуу  сыноодон[206] өткөрүлөсүңөр,  силерге чейин Китеп түшүрүлгөндөрдөн жана мушриктерден[207] көптөгөн ыза кылуучу сөздөрдү угасыңар. Эгер сабыр кылып, Алладан корксоңор, анда бул – иштердин максатка жеткени.
187.                  Ошол убакытта Алла Китеп берилгендерге: “Аны[208] адамдарга түшүндүрүүгө, жашырбоого убада бересиңерби?!” – деп[209], алардын[210] убадасын алды. Бирок алар аны[211]  артына ташташып[212], арзыбаган акчага алмаштырышты. Алар сатып алган нерсе[213] кандай жаман!
188.                  Аткарган иштерине кубанып, өздөрү жасабаган иштер менен мактанууну сүйгөндөр азаптан[214] кутулат деп ойлобо. Аларга – оорутуучу азап (бар)!
189.                  Асмандар менен жердин кожойундугу – Аллага (гана) таандык. Алла –бардык нерсеге Кудуреттүү!
190.                  Асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер (бар).
191.                  Алар[215] Алланы турган абалда, отурган жана жамбаштаган абалда[216] да эстешет жана асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: “Оо, Эгебиз! Сен муну максатсыз[217] эле жаратканың жок. Сен Аруусуң! Бизди Тозок азабынан сакта!” (– дешет).
192.                   Оо, Эгебиз! Сен кимди Тозокко киргизсең, чындыгында аны кордойсуң. Заалымдардын[218] эч  бир жардамчысы жок.
193.                  Оо Эгебиз! Биз: “Эгеңерге ыйман келтиргиле”, – деп чакырган үн салуучуну  угуп, ыйман келтирдик. Оо, Эгебиз! Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, жамандыктарыбызды жашыр, жакшылар менен бирге өлүүнү насип эт.
194.                  Оо, Эгебиз! Бизге элчилериңе убада кылганыңды[219] бере көр! Бизди Кыйамат Күнү шерменде кылба. Чындыгында, Сен убадаңа каршы чыкпайсың!
195.                  Ошондо алардын тилектерин Эгеси кабыл кылып: “Чындыгында, Мен силердин – эркек, же ургаачы болсун –  амал кылуучуңардын амалдарын текке кетирбеймин. Силер бири-бириңерденсиңер. Көчкөндөрдүн[220],  мекенинен куулуп чыгарылгандардын, Менин жолумда азап тарткандардын, согушкандардын[221]  жана өлтүрүлгөндөрдүн[222] жамандыктарын кечип жиберем[223]. Аларды алдынан дарыйалар аккан Бейишке  киргиземин”, (– деди). Сыйлык – Алладан! Сыйлыктын жакшысы – Алланын алдында!
196.                  Каапырлардын шаарлар арасында айланып (сайакаттап) жүрүүсү сени азгырбасын.
197.                  Аз гана пайдалануудан кийин алардын орду – Тозок. (Ал–) кандай жаман орун!
198.                  Өз Эгесинен корккондорго – алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактары (тартууланат). Ошол жерде алар түбөлүккө калышат.  Алар – Алланын коноктору. Алланын алдындагы жакшылык – такыбалар үчүн!
199.                  Чындыгында, Китеп ээлеринен Аллага ыйман келтирип, силерге түшүрүлгөн жана өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге Алладан корккон абалда ишенгендер да бар. Алар – Алланын айаттарын арзыбас баага сатышпайт. Алардын сыйлыктары –Эгесинин алдында! Чындыгында, Алла – тез Эсептөөчү!
200.                  Эй, ыймандуулар! Сабырдуу[224] жана чыдамдуу[225] болгула, катарга тургула[226] жана Алладан корккула, мүмкүн кутулаарсыңар[227].






[1] Имрандын үй бүлөсү
[2] Бакара сүрөсүндө түшүндүрмө берилген
[3] Алланын бул сыпаттары Куранда үч сүрөдө келген: Ваакиа, Аалу Имран, То-ха.
[4] Забур, Тоорат, Инжилдин Алладан түшкөндүгүн
[5] Куран
[6] Курандан мурда
[7] Ак менен караны, адал менен арамды, жаман менен жакшыны, күнөө менен соопту ажыратып таанытуучу Куранды
[8] Алланын көрүү жана билүүсүнөн эч нерсе, эч ким жашынып, же ойун жашырып кала албайт!
[9] Жатынында жаткан кезиңерде эле
[10] Б.а. Курандын ошол айаттарында Курандын чыныгы маңыз-максаты камтылган
[11] Курандагы
[12] Сырдуу айаттардын түшүндүрмөсүн
[13] Куранга
[14] Курандагы бардык айаттар.
[15] Алладан
[16] Каршы чыкпайт, аткарбай койбойт
[17] Кыйамат Күнү
[18] Каапырларга
[19] Тозок
[20] пайдалуу
[21] Алла жолунда байлыгын
[22] Тахажжут, багымдат учурларында
[23] Аллага берилип сыйынабыз
[24] мушриктерге
[25] Өлтүрүүгө укугу жок туруп
[26] Ислам динине
[27] Жөөтөр менен христиандарды
[28] Алланын эркине
[29] Иштеринин сооп-жазалары
[30] алмаштырасың
[31] Уруктан
[32] Б.а. тирүүнү өлтүрүп, өлүктү тирилтесиң
[33] Алар тараптан келүүчү жамандыктан
[34] Өз каарынан
[35] Коркутат, эскертет
[36] Эй, Мухаммед!
[37] сурак берүүчү жайдан
[38] Өз каарынан
[39] Алланын элчиси Мухаммедди а.с.
[40] Мухаммедге а.с.
[41] Жатынымдагы перзентимди
[42] Дүйнө иштеринен эркин
[43] Сага сыйынууга жана Сага гана баш ийүүгө арнаймын
[44] Закарийа (а.с.)
[45] Марйам
[46] Аллага
[47] Чакырыкты
[48] Алла
[49] Алла
[50]Эй, Мухаммед!
[51]Колумду эч ким кармабаса
[52] Алла
[53] Исага Алла
[54] Иса алейхи саламга
[55] Хаварийлер – Исаны ээрчиген мусулмандар 12 адам болчу
[56] иудейлер
[57] Исаны өлтүрүү үчүн.
[58] Алла Исаны өлтүрүүнү каалагандардын бирин ага окшоштуруп койду эле, Исаны өлтүрөбүз дегендер өз досун өлтүрүп алышты
[59] Эмне туура, эмне туура эмес экенин ачыкка чыгаруучу өкүм
[60] адилетсиздерди
[61] Куран айаттары тууралуу сөз болууда
[62] Адам да, Иса да атасыз жаратылган
[63] Б.а. кеп Исаны  Кудайдын уул деп билип туруп жалган айтып, элди адаштыргандар тууралуу болууда
[64] Иса (а.с.)га байланыштуу окуйалар
[65] Алланы жалгыз деп таануудан
[66] Куранга чейин Алладан китеп түшүрүлгөн иудейлер жана христиандар!
[67] Мисалы, Исаны
[68] Эй Мухаммед!
[69] мушриктер
[70] Ошол кезде Ибрахимди  жөөт, же христиан деп талашышкан
[71] Ибрахимдин теги жана дини тууралуу тарсалар менен жөөттөр билбей эле талаша беришкен
[72] Еврей
[73] Аллага шерик кошуучу мушриктерден
[74] Мухаммед (а.с.)
[75] адашканын
[76] Курандын кереметтерин, Мухаммеддин (а.с.) анык пайгамбарлыгын ж.б. көрүп-билип туруп
[77] Кереметтерине
[78] Куранга
[79] күндүн айагында
[80] Мусулмандар да силерди ээрчип, Исламдан баш тартаар деген мааниде
[81] Эй, Мухаммед!
[82] мусулмандарды
[83] Пайгамбарлык жана Ыйык Китеп
[84] 1) Чексиз көп байлык; 2) миң динарга барабар алтын акча
[85] Акча бирдиги
[86] Тигилерден жогорураак даражаны ээлеп, ар дайым көзөмөлдөп
[87] Карапайым
[88] ойлошот
[89] Аларды Алла мыкты билет
[90] Б.а. Алланын назарынан калып, Тозокко ыргытылат
[91] Бирөөлөрү
[92] Забурда, Тооратта, Инжилде
[93] Өзгөртүп окушат
[94] өзгөртпөстөн
[95] Алла Таала
[96] Алланын жалгыздыгын таанып, Ага толук мойун сунуп
[97] Мухаммед (а.с.) пайгамбарыбызга чейин келген пайгамбарларга айтып жатат
[98] Мухаммед (а.с.) тууралуу сөз болууда
[99] Алла таала
[100] Оор милдетимди
[101] Алла Таала
[102] Өзүңөргө-өзүңөр
[103] Оор милдетти мойунуңарга алып, тастыктаганыңардан кийин
[104] жүз үйүргөндөр
[105] Алла тарапка
[106] Ыйык Китепчелерге жана Баракчаларга
[107] Ага гана толук баш ийип, Ага гана тобокел кылабыз, Ага гана ишенебиз
[108] Алланын алдында
[109] Алланын элчисинин
[110] Чыныгы пайгамбар экенине көздөрү жетип
[111] Мушриктерди ынандыра ала  турган
[112] Б.а. Алланын, периштелердин, бардык адамдардын каргышына калып, Тозокко ыргытылат
[113] Алла тарабынан, Кыйаматта
[114] Абдулла-(Йакуп)
[115] Мушриктерден болгон эмес
[116] Кааба
[117] Каабага
[118] Динин
[119] Алла Тааланын
[120] адашкан жолдо, Алладан башкага сыйынып
[121] Алла Таала
[122] Алла тарабынан эч кандай
[123] окшош
[124] Салам уулу Абдулла сыйактуу
[125] Китеп ээлеринин арасынан ыйман келтирген тайпа
[126] Эсепке кирбей
[127] Азап-тозоктон, кайгы-касыреттен…
[128] Мусулмандардан башкалардан, башка диндегилерден
[129] мүмкүн болгон ар бир учурда
[130] жүрөк түпкүрүндө, дил түбүндө, чыныгы ниетинде
[131] Мусулмандарга деген кара ниеттери
[132] Ичиндеги бардык айаттарга
[133] Толук билүүчү
[134]Сөз Мухаммед (а.с.) мусулмандарды Ухуд согушуна тизип жаткан кез тууралуу жүрүп жатат
[135] Ухуд согушунда
[136] Эки топтун
[137] Мекке жана Мадина шаарларынын ортосунда жайгашкан өрөөн. Мушриктер менен мусулмандар ортосундагы алгачкы согуш ал жерде болгондуктан, согуш ошол жердин аты менен айтылып калган.
[138] Эй, Мухаммед!
[139] Алла Таала
[140] Күч-кубат жагынан бирдей: күчтүү, кубаттуу,
[141] Аскер периштелерди түшүрүп жардам бергенди
[142] Бөлүгүн
[143] каапырлар
[144] Эй, Мухаммед!
[145] Мушриктерди, каапырларды ж.б.
[146] Ал – Алланын иши
[147] Алла Таала
[148] Тозок азабынан
[149] Мухаммед (а.с.)ге
[150] Жакшы амалдарды
[151] Алланын айаттарын, Куранды, Мухаммеддин (а.с.) пайгамбарлыгын
[152] Куран
[153] Ухудда
[154] Мушриктер
[155] Ооматты, жеңишти
[156] Б.а. ооматты кээде каапырларга, кээде мусулмандарга берип турабыз
[157] Зөөкүрлүрдү
[158] Элчи (Алланын элчиси),  пайгамбар
[159] каапырдыкка
[160] Лавхул Махфузда
[161] Кудайга берилип сыйынгандар
[162] Каапырлыкка, каапырларга
[163] каапырлардын
[164] каапырларды
[165] момундар
[166] Алла Таала
[167] Согуш майданына
[168] олжо
[169] Жеңилүү
[170] олжого
[171] Жеңилүүгө
[172] Ухуд согушундагы окуйа жөнүндө сөз болуп жатат. «Сираны» («Ислам тарыхын»)  караңыз.
[173] Алла
[174] Согушта
[175] «Алланын жардамы келбеди» (деген мааниде).
[176] «Мухаммед (а.с.) айткандай…»,  же «эгер бизде ыктыйар болгондо, согушка чыкпай коймокпуз, натыйжада өлүмгө дуушар болмок эмеспиз». Бул сөздү Ибн Убай ж.б. айтышкан (Тафсиир ал Байзавий).
[177] /йдө олтуруп деле өлүп калмаксыңар
[178] Ухуд согушунда артка качкан мусулмандарды
[179] Байлык; мал-мүлк
[180] Кыйамат Күнү Алланын астына кайра тирилип, чогултуласыңар
[181] Мухаммед(а.с.)
[182] Алладан
[183] Ислам дининде бир иш жасаар алдында жетекчиби,не карапайым адам болобу,  кеңешүү – милдет
[184] Кандайдыр бир ишти жасоого
[185] Алладан башка
[186] адилетсиздик
[187] Алланын каарына калгандын
[188] Абу Убайда менен Ар Кисаинин айтуусуна караганда, даражалар – бул орундар.  Ал орундар түрдүүчө болот: Б.а. Бейиштеги жогору карай кеткен орундар жана Тозоктогу төмөн карай кеткен орундар (Тафсир ибн Касиир). Демек, адам баласы кылган амалына жараша Бейиштин жогорку орундарынан жай алат. Бейиштин орундары улам жогорулаган сайын, ырахаты да жогорулап барат. Тозоктун адамдары кылган күнөөсүнө жараша Тозоктун төмөнкү орундарынан орун алат. Тозоктун орундары канчалык төмөн кеткен сайын, азабы да ошончолук күчөй берет.
[189] Мухаммед(а.с.)
[190] Алла Тааланын
[191] Ухуд согушунда 70 сахаба шейит кеткени тууралуу кеп болууда
[192] Бадр согушунда мусулмандар каапырлардын 70ин өлтүрүп, 70ин туткундашкан. («Сираны» караңыз)
[193] Күнөөңөрдөн улам
[194] эки жүздүүлөрдү
[195] Эй Мухаммед! (а.с.)
[196] Азырынча тирүү жүргөн мусулмандардын, туугандарын
[197] Бербөөнү
[198] Өмүрүн
[199] Өмүрлөрүн
[200] Тозокто
[201] Адамга белгисиз, бирок Аллага белгилүү болгон сырларды
[202] ……Ушул сөздү айткан адамдын атын жазуу керек
[203] Эй, Мухаммед!
[204] Кереметтер
[205] Ибрахим пайгамбарга түшүрүлгөн баракчалар сыйактуу
[206] Алланын сыноосунан
[207] Көп кудайчылар
[208] Забур, Тоорат, Инжилди
[209] талап койуп,
[210] Иудейлердин жана христиандардын
[211] Алланын Сөзүн
[212] Убадаларын унутушуп
[213] Тозокту
[214] Тозоктон
[215] Мусулмандар
[216] Ар кандай абалда
[217] Жөн эле, ойноп…
[218] Өз жанын өзү Тозокко салуу үчүн Алланын буйругун аткаруудан баш тарткандар
[219] Бейишиңе киргизе көр!
[220] Меккеден Мединеге пайгамбарыбыз менен кошо исламды өнүктүрүү үчүн жер которгондор
[221] Алла жолунда
[222] Ислам үчүн  күрөштө шейит болгондордун
[223] күнөөлөрүн кечиремин
[224] Ибадатка, кырсыктарга жана күнөөлөрдөн сабыр кылгыла!
[225] Каапырларга караганда сабырдуураак болгула!
[226] Согуш саптарына тизилгиле!
[227] Бейишке киргизилип

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder