25.02.2014

48 FETİH SÛRESİ

48-сүрө «Фатх[1]»

Мединада түшүрүлгөн. Жыйырма тогуз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Акыйкатта Биз сени ачык жеңиш[2]  менен камсыз кылдык:
2.     Алла сенин мурунку жана кийинки күнөөлөрүңдү кечирүү, сага жакшылыктарын толуктоо жана сени туура жолго багыттоо үчүн;
3.     Жана да сага чоң жеңишке жардам кылуу үчүн;
4.     Анткени ал ыймандуулардын жүрөгүнө алардын ыйманы дагы да күчөөсү үчүн тынчтык салат. Асмандын жана жердин аскерлерине Алла гана ээлик кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман.
5.     Ал (Алла) момун[3] эркектер менен момун айалдарды алдынан дарыйалар агып турган жана алар анда түбөлүк болуучу Бейиш бактарына киргизүү үчүн, жана алардын күнөөлөрүн кечирүү үчүн. Бул Алланын алдында улуу ийгилик.
6.     Алла Өзү жөнүндө жаман ой-пикирлерде болгон[4] эки жүздүү эркек жана айалдарды, мушрик эркектер менен мушрик айалдарды жазалоо үчүн. Алланын каары аларга жаап түшөт. Алла аларга ачууланды, наалат кылды жана аларга тозокту дайардап койду. Кандай жаман жыйынтык!
7.     Асмандар менен Жердин аскерлери Аллага гана таандык, Алла Ызаттуу, Даанышман.
8.     Акыйкатта, Биз Сени күбө болуучу, жакшы кабар берүүчү жана эскертүүчү кылып жөнөттүк.
9.     Силер Аллага, Анын Элчисине ишенүүңөр, Анын динине жардам берүүңөр, Аны урматтооңор жана эртели-кеч Аны даңазалооңор  үчүн.
10.      Акыйкатта, сага ант бергендер – Аллага ант бергени. Алланын колу алардын колдорунун үстүндө[5].  Ким антты бузса ал өзүнө гана зыйан келтирет. Ким Аллага берген антын аткарса, Ал ага жакын арада зор сыйлыктарды тартуу кылат.
11.      Өз үйлөрүндө калгандар[6] сага (жакында) мындай дешет: “Биз өзүбүздүн мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөбүз менен алектенип калдык. Биз үчүн да кечирим сурап бер”. Алар ооздору менен жүрөктөрүндө жок нерселерди айтышат. Аларга: “Эгер Ал (Алла) силерге зыйан, же бир пайда келтирүүнү кааласа, анда Аны ким кайтара алат”, – деп айт. Жок. Алла силер жасап жаткан нерсеңерден кабардар.
12.      Албетте, силер пайгамбар менен ыймандуулар өз үй-бүлөлөрүнө эч качан кайтып келбейт деп ойлодуңар, бул силердин жүрөгүңөргө абдан жаккан жана да силер жаман ой-пикирде болдуңар. Силер жок болуучу коом болдуңар.
13.      Ким Аллага жана Анын Элчисине ишенбесе, Биз андай каапырлар үчүн алоолонгон тозок отун дайардадык.
14.      Асмандар менен Жердеги бийликтин баары Аллага таандык. Ал кимди кааласа кечирет жана кимди кааласа жазалайт. Алла – Кечирүүчү, Мээримдүү.
15.      Качан силер олжо алуу үчүн жөнөгөнүңөрдө үйдө калгандар: “Силер менен бирге барууга уруксат бергилечи”, – дейт. Алар Алланын убадаларын өзгөрткүлөрү келет. Аларга: “Силер эч качан биз менен бирге барбайсыңар, Алла мурун мына ушундай айткан”, – дегин. Анда алар: “Силер бизге көрө албастык кылуудасыңар”, – дешет. Жок, алар аз гана нерсени түшүнүшөт.
16.      /йлөрүндө калып калган чөлдүктөргө[7] мындай дегин: “Жакында силер чоң күчкө ээ болгон эл менен согушууга чакырыласыңар, силер алар менен согушасыңар, же алар исламды кабыл алышат. Эгер силер Аллага баш ийсеңер, Ал силерге сыйлыктарды берет, а эгер мурункудай эле баш тартсаңар, анда Ал силерди оорутуучу азап менен азаптайт.”
17.      (Жүрүшкө чыга албаган) сокурларга, аксактарга жана ооруларга кысым[8] жок. Ким Аллага жана Анын Элчисине баш ийсе, Ал аларды алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактарына киргизет. А ким баш тартса, Ал аны оорутуучу азап менен азаптайт.
18.      Алла алар дарактын түбүндө туруп ант бергенде аларга чындап ыраазы болгон. Ал алардын жүрөгүндө эмне бар экенин билген, аларга (жүрөктөргө) тынчтык салган жана аларды жакынкы жеңиш менен сыйлады.
19.      Жана алар көптөгөн олжону алышат. Алла  Кудуреттүү, Даанышман.
20.      Алла силерге көптөгөн олжолорду убада кылды, аны силерге нак берди, элдин колун силерден токтотуп турду[9], момундарга белги болуусу жана силерди Алла бекем жолго баштоосу үчүн.
21.      Дагы башка күчүңөр жетпегендер бар. Алла аны курчап[10] койгон. Алла бардык нерсеге кудурети жетүүчү.
22.      Эгерде каапырлар силер менен согушканда алар токтоосуз артка качып жөнөөр эле. Анан алар өздөрүнө досту да, жардамчыны да таба алышмак эмес!
23.      Мурунтан болуп келгендей эле – бул Алланын жолу[11]. Анткени сен Алланын жолунан[12] эч кандай өзгөртүүнү таба албайсың.      
24.      Мекке ичинде алардын үстүнөн силерге үстөмдүк бергенден кийин Ал (Алла) алардын колун силерден, силердин колуңарды алардан тыйып койгон. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп туруучу.
25.      Алар ыймансыз каапыр болуп силерди Ыйык Мечиттен, а курбандыкты да тосуп алып, өз ордуна жеткирүүдөн тыйгандар. Эгерде (Меккеде каапырлар менен бирге) момун эркектер менен бирге момун айалдар бар экенин билбестен, аларга баскынчылык кылып, билбестик күнөөсүнө кириптер болбошуңар (зарыл). Алла өзү каалагандарды өз ырайымына киргизүү үчүн. Эгерде алар[13] айырмаланып турганда эле, алардан болгон каапырларды оорутуучу азап менен азаптамакпыз.
26.      Каапырлар өз жүрөктөрүндө караңгылык мезгилиндеги текебердикти сактап турганда, Алла өз элчисине жана момундарга тынчтык түшүрдү, аларга такыбалык сөзүн милдеттүү кылды. Алар буга акылуу жана татыктуу болчу. Акыйкатта Алла бардык нерсени Билүүчү.
27.      Алла чындыгында Өз Пайгамбарынын көргөн түшүн[14] ишке ашырды: “Эгер Алла кааласа анда тынчтыкта башыңардын чачын алган жана кыскарткан абалыңарда, эч коркпостон Ыйык Мечитке[15] сөзсүз киресиңер. Алла силер билбегенди билет. Андан[16] сырткары, Ал силерге кыска убакытта жеңиш берди.
28.      Ал Өз Элчисин түз жолду жана чыныгы динди өзгө диндердин баарынан үстөм кылуу үчүн жөнөткөн. Алланын өзү күбө болуусу жетиштүү.
29.      Мухаммед Алланын Элчиси жана аны менен бирге болгондор каапырларга катаал, ал эми бири-бирине мээримдүү. Алар рүкү[17], сежде кылышып, Алланын ырайымын жана ыраазылык талап кылышканын көрөсүң. Алардын белгиси, маңдайларындагы сежденин изи. Алардын бул белгилери Тооратта да, Инжилде да берилген. Жерге ташталган урук сабагын чыгарып, анан бекемдей баштайт да, жоонойуп, сабагында бекем турат. Бул эгин сепкендерди таңдантып, каапырлардын ачуусун келтирүү үчүн. Алардын арасынан ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Алла кечиримин жана зор сыйлыктарды убада кылган!




[1] Фатх – Ачылыш, жеңиш
[2] Меккенин кайра мусулмандардын колуна өтүшү жөнүндө сөз болууда.
[3] Ыймандуу.
[4] Аллага шек келтиргендер.
[5] Алла алардын бардык амалдарын, ниеттерин көрүп, билип турат.
[6] Сенин жамаатыңа кошулбай калгандар.
[7] Көчмөндөргө.
[8] Күнөө.
[9] Душмандардын жүрөгүнө коркунуч салды.
[10] Жакында силердики болоорун дайындап койгон. Перси жана Рим империялары жөнүндө сөз болуп жатат.
[11] Тартиби, эрежеси.
[12] Эреже-тартибинен.
[13] Айтылган момундар.
[14] Мухаммед пайгамбардын түшүн.
[15] Харам мечити.
[16] Ыйык мечитке киришиңерден.
[17] Намазда тизени тайануу

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder