25.02.2014

94 İNŞİRÂH SÛRESİ


94-сүрө “Инширах[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Сегиз айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.     Биз сенин көкүрөгүңдү[2] ачпадыкпы?
2.     Жана сенин үстүңдөгү оор жүктү алып салбадыкпы?
3.     Ошол жүк сенин жонуңду басып турган эле.
4.     жана сенин атыңды көтөрбөдүкпү?[3]
5.     Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик (келет).
6.     Аныгында, кыйындыкты улай жеңилдик[4] (келет).
7.     Эгерде (намаздан) бошосоң, (дубага) кириш.
8.     Жараткан Эгеңе жалбар!






[1] Инширах – ачуу.
[2] Жүрөгүңдү.
[3] Пайгамбарлык жана башкалар менен. Мисалы: Азанда эки шахадат келмесинде Алла Тааланын аты менен кошуп койду... (Тафсир Ал-Байзавий).
[4]

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder