25.02.2014

45 CÂSİYE SÛRESİ

                 45- сүрө, «Жаасийа[1]»
          Меккеде түшүрүлгөн. Отуз жети айаттан турат.
      Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын аты менен!
1.           Ха, Мим[2].
2.           Китептин түшүүсү – Өкүмдар, Даанышман Алладан.
3.           Чындыгында асмандарда да, жерде да момундар үчүн белгилер[3] бар.
4.           Силердин жаралууңарда да, жандыктардын таралуусунда да чындап ыйман келтирген эл үчүн белгилер бар.
5.           Түн менен күндүн алмашуусунда, Алланын асмандардан жамгыр жаадырып, өлгөн жерге ал аркылуу жан бергендигинде жана шамалдарды башкаруусунда акыл калчаган эл үчүн белгилер бар.
6.           Ушулар Алланын айаттары. Сага буларды акыйкат менен окуйбуз. Эми алар Алланын айаттарынан кийин кайсыл сөзгө ишенишет?
7.           Бардык жалганчы күнөөкөргө азап болсун!
8.           Алара окулган Алланын айаттарын тыңдашат да,  менменсинип, эч нерсени укпагандай текеберленишет. Эми аларга оорутуучу азапты сүйүнчүлө.
9.           Эгерда ал айаттарыбыздан бир нерсе билсе, аны келекеге айлантат. Мына ошолорго кордоочу азап бар.
10.      Алардын артында[4] Тозок дайар. Алардын жасаган иштери да, Алладан башка жасап алган (сөлөкөт) достору да эч бир пайда бербейт. Аларга зор азап бар.
11.      Бул[5]– туура жолго баштоочу. Эгеңдин айаттарына каршы чыккандар үчүн оорутуучу азаптын эң жаманы бар.
12.      Алла деңизди (пайдаланууну) силерге багындырды. Анын буйругу менен деңизде кемелерди жүргүзүп, Анын жакшылыгынан ырыскы издейсиңер. Балким, (Аллага) шүгүр кылаарсыңар.
13.      Ошондой эле, Ал Өзү тараптан силер үчүн асмандар менен жердеги бардык нерселерди силерге багындырып койду. Чындыгында, ушуларда ой жүгүрткөн эл үчүн белгилер бар.
14.      Ыйман келтиргендерге айткын[6]: Алланын оор күнүн үмүт кылбагандарды кечирип койушсун. Анткени, Алла ар бир элдин жасаган иштеринин жазасын берет.
15.      Эгер ким жакшы иштерди жасаган болсо, ал өзү үчүн. Ал эми ким жамандык жасаган болсо, ал да өзүнө. Андан кийин Эгеңерге кайтасыңар.
16.      Чындыгында, Исраил урпактарына китеп, өкүмдарлык, пайгамбарлык жана таза ырыскы берип ааламдарга артык кылган болчубуз.
17.      Ошондой эле дин иштеринде аларга даана далилдерди берген болчубуз. Бирок аларга (Мухаммед алейхи саламдын пайгамбарлыгы жана адал менен арам ж.б.у.с. тууралуу) маалымат келгенден кийин өз ара ичи тардыктан улам, бүтпөс талаш-тартышка түшүп кетишти. Чындыгында, Эгең Кыйамат күнү ортолорундагы талашка түшкөн нерселер тууралуу өкүм чыгарат[7].
18.      Сени[8] шариат ишине койдук[9]. Эми ушуну менен жүр. (Исламды) билбегендердин сөздөрүн ээрчибе.
19.      Анткени алар сени Алладан эч качан коргой  алышпайт. Чындыгында, заалымдар бири-бири менен дос. Алла болсо – такыбалардын досу.
20.      Бул Куран инсандар үчүн даана далилдер менен чындап ыйман келтирген элге жол башчы жана ырайым.
21.      Же жаман иштерди жасагандар, өздөрүн –ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган адамдар сыйактуу эле биз да жашоодо, өлүмдө алар менен бирдейбиз деп ойлошобу? Алардын (өздөрүнчө) чыгарган чечимдери кандай жаман?
22.      Чындыгында, Алла асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Ар кимге кылган ишинине жараша берилет[10]. Алар адилетсиздикке учурашпайт.
23.      Каалоосун[11] кудай кылып алган адамды жана Алла Өзү билип туруп адаштырып, кулагына, жүрөгүнө мөөр басып, көзүн парда менен тосуп койгон адамдарды көрдүңбү[12]? Эми, Алла адаштыргандан кийин аны туура жолго ким салат? Эсиңерге келбейсиңерби!?
24.      Алар: “Жашообуз – ушул гана дүйнөдө. Өлөбүз, өмүр сүрөбүз. Бизди мезгил гана өлтүрөт”,– дешет. Чындыгында, алардын буга байланыштуу[13]  маалыматы жок. Алардыкы болжол гана.
25.      Аларга айаттарыбыз  түшүнүктүү кылынып окулган кезде: “Эгер сөздөрүңөр чын болсо, ата-бабаларыбызды тирилтип, алып келгилечи кана!” – дештен башка далилдери болбойт.
26.      (Сен): “Силерди тирилтет, анан өлтүрөт. Анан кайра силерди шексиз болуучу Кыйамат күнү жыйнайт. Бирок адамдардын көбү (муну) билишпейт”, – деп айткын[14].
27.      Асмандар менен жердин ээлиги – Аллага таандык. Кыйамат болгон кезде бузукулар[15] зыйанга учурашат.
28.      (Эй, Мухаммед!)  бардык коомдордун (ошондо) эңкейип турганын көрөсүң. Ар бир коом   амал китебине чакырылат да: “Бүгүн (тирүүлүктө) кылган иштериңердин акылары берилет”.
29.      “Бул Китебибиз силерге чындыкты гана сүйлөйт. Анткени силердин кылган иштериңерди жаздырып алганбыз” – делинет.
30.      Ал эми ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарды Эгелери Өз ырайымына бөлөйт. Мына ошол анык ийгилик!
31.      (Алланын айаттарына) каршы чыккандарга: “Силерге айаттарым окулбады беле!? Ошондо текеберлендиңер. Силер күнөөкөр эл элеңер”.
32.      “Чындыгында, Алланын убадасы – Акыйкат жана Кыйаматтын келишинде шек жок” – делген кезде: “Кыйаматтын эмне экенин билбейбиз[16]. Муну жөн эле болжол деп ойлойбуз. Биз ынангандардан эмеспиз” (–дечү элеңер).
33.      Кылган жамандыктары ашкереленип, алардын келекелеген нерселери өздөрүнүн баштарына түштү.
34.      Аларга: “Силер ушул күндө жолугууну унуткандай, эми Биз да силерди[17] унутуп койобуз. Орундарыңар – От. Силер үчүн бир да жардамчы табылбайт”, – деп айтылат.
35.      Бул (азап) – силер Алланын айаттарын келекелегендигиңердин айынан (болот). Силерди дүйнө тиричилиги азгырды. Ошондуктан алар бүгүн Тозоктон чыгарылбайт, тооболору да кабыл кылынбайт.
36.      Бардык мактоо – Эгебиз, асмандардын Эгеси, Жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси – Аллага таандык.
37.      Асмандарда да, жерде да улуктук – Ага таандык. Ал – Мартабалуу, Даанышман!




[1] Жаасия – эңкейүүчү
[2] Маанисин бир Алла билет
[3] Алланын жалгыздыгын даңазалап, тастыктап турган
[4] Тозок тигил дүйнөдө болгондугу үчүн ушуинтип айтылууда
[5] Куран
[6] Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда

[7] Ошондо Акыйкат Мухаммед (а.с.) тарапта экенин көрүшөт!
[8] Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда
[9] Дин иштеринин жолуна салдык
[10] Демек, албетте, капыр менен момун окшош бааланбайт
[11] Көңүлү самаган нерсени
[12] Алар каапырлар
[13] Өлүм менен кошо инсандын жашоосу толук бүтөбү, же жашоо чексизби, ал тууралуу...
[14] Алла Таала Мухаммед (а.с.)га кайрылууда
[15] каапырлар
[16] Билгибиз да келбейт...
[17] Отко таштатып койуп

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder