26.02.2014

114 NÂS SÛRESİ

114-сүрө “Нас[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Алты айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Айткын[2]: “Сактанам адамдардын Эгеси менен,
2.     (Ал) адамдардын падышасы,
3.     (Ал) адамдардын Кудайы.[3]
4.     Жашырынган азгыруучунун жамандыгынан,
5.     Ал адамдардын жүрөктөрүн азгырат,
6.     (Алар) жиндер жана адамдардан (болот)”.[4]




[1] Наас – Адамдар.
[2] Эй, Мухаммед!
[3] Бул айат Алланын жалгыз экенин, андыктан сыйынуу ага гана таандык экенин кабарлайт. Бардык эле Кудай деп, ага ишенгендер, Кудай бүткүл ааламдардын Эгеси, кожойуну экенин талашпайт. Ал эми сыйынууга келгенде эле бөлүнүп кетишет. Жалгыз Аллага сыйынбай ширк кылышат.
[4]   Бул жерде айтылгандай азгыруулар биз көрө алган адам баласынан да, биз көрө албаган жин-шайтандардан да болот. Бирок биз Аллага ишенип, Андан коргоону сурасак, жамандыктар бизди жеңе албайт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder