26.02.2014

109 KÂFİRÛN SÛRESİ

109-сүрөКаафирун[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Алты айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1.     Айткын[2]: “Эй, капырлар!
2.     Мен силер сыйынган нерселерге сыйынбаймын, [3]
3.     Силер дагы мен сыйынган[4] (Аллага) сыйынбайсыңар,
4.     Дагы да – мен силер сыйынган нерселерге сыйынбаймын,
5.     жана да силер мен сыйынган (Аллага) сыйынбайсыңар.
6.     Силердин диниңер өзүңөр үчүн, а менин  диним өзүм үчүн[5]”.





[1] Кафирун – Каапырлар.
[2] Эй, Мухаммед!
[3] Курейш каапырлары Мухаммед (а.с.)га: “Сен биздин кудайларыбызга бир жыл, биз сенин кудайыңа бир жыл сыйыналы”, – дегенде Алла Таала ушул айатты түшүргөн.
[4] Аллага.
[5] Акыркы айаттан ачык көрүнгөндөй, “дин” деген сөз ишенимди да, ага тушташ жашоо мүнөзүн да камтыйт. Ошентип, “динсиз” деген сөз (“жашоо мүнөзү жок” дегенди билдирет).    

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder