25.02.2014

85 BÜRÛC SÛRESİ

85-сүрөБуруж[1]
Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма эки айаттан турат.
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен.
1.      Жылдыздуу асманга ант!
2.      Убада кылынган Кыйамат күнүнө ант!
3.      Күбө болуучу жана күбөлөнгөнгө ант[2]!
4.      Чуңкур ээлерине өлүм болсун![3]  
5.      (Ал) отундуу от.
6.      Алар (капырлар) отту айланта (тегерете) олтурушкан эле.
7.      Алар момундарды эмне кылып (отто кыйнап) жаткандарына күбө болуп (турушкан).
8.      Мактоого татыктуу, Ызааттуу Аллага ыйман келтиргени үчүн эле аларды (Капырлар) азаптап жатышкан.[4]
9.      Асман жердин мүлкү Ал[5] үчүн, Алла өзү бардык нерсеге күбө.
10.      Анткени Аллага ишенген момун эркек жана момун айалдарды азаптап жаткандар кийин тообо келтиришпесе алар үчүн тозок азабы бар, ал куйкалоочу азап.
11.      Аллага ишенип жакшылык иштерди кылгандарга сыйлык катары алдынан дарыйалар агып турган Бейиш бактары берилет. Ал өзү чоң сыйлык!
12.      Акыйкатта Эгеңдин азапка салуусу айабай катуу.
13.      Ырасында Ал башшында жаратат жана кайра тирилтет.
14.      Ал кечиримдүү жана сүйүүчү.
15.      Ал улуу арштын Ээси,
16.      Өз каалаганын жасоочу.
17.      Сага[6] аскерлери жөнүндө кабар келдиби?
18.      Фараондун жана Самуд коомунун,
19.      каапырлардын баары жалган деп четке кагат.
20.      Алла аларды  арка тарабынан[7] курчоочу.
21.      Балким ал Ыйык Куран!
22.      (Ал) сакталган тактайда.[8]





[1] Буруж – топ жылдыз.
[2] Күбө болуучу — жума күнү, күбөлөнгөн — Арафат күнү (Тафсир Ал-Жалалайн)
[3] Мусулмандарды дининен айруу үчүн чоң аңгектерди казып, ага от жагышып, мусулманчылыктан баш тартпагандарды аңга ыргытышкан.
[4] Каапырларга алар эч кандай зыйан беришкен жок. Алар болгону Жалгыз Жаратканга ыйман келтиришип, Ага сыйынышып жатышкан.
[5] Алла.
[6] Эй, Мухаммед!
[7] Ар тарабынан
[8] Лавху Махфууз – бардык нерселер жазылган шайтандардан жана өзгөртүүдөн сакталган китеп. 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder